АҢГЕМЕ

СОКУР: — «Күзгү?! Ал эмне? Кушпу, сайрайбы?.. Сен, досум, анын үнүн кулагыма угузчу, суранам. Бир эле жолу угузчу, кийин мен аны дапдаана, так өзүңдү тааныгандай таанып калайын. Мен сени деле өмүрүмдө эч качан көргөн жок элем го. Бирок эми кайдан болбосун, качан болбосун дароо тааныйм. Кирпиктериң тике, көздөрүң бакыракай. А меники… меники, тигилип коюлгансып жабышып турушат, чынбы?!

— Кү-күк, кү-күк!

Бул — күкүк. Ал, кыялдуу кыздай чымчык болсо керек?

Таранчы — «чик-чик» деп сайрайт. Мен аларды угар замат эле үндөрүнөн айрып, дароо тааныйм.

А бул — күзгү дегениң эмне? Кушпу, буюмбу? Мен ал жөнүндө, эмнеге эмдигиче уккан эмесмин. Кыязы, кишилер колдонушпас буюм болсо керек?.. Же биздин калаада жок, башка жерлик — кушпу?

Эмнеге унчукпайсың, Мамбет? Сен менден бирдемени жашырып, катып жатат окшойсуң: чөнтөгүң шуудурап жатат. Кана, бери мага жакындачы, чөнтөгүңдү аңтарайын. Кана?! Качпа. Мен сени баары бир кубалап жетип кармап алам. Көп болсо терекке чыга качып кутуласың, же тамга далдаланып, же атка минип чаап, же чоң арыктагы суунун наркы өйүзүнө секирип кетип карматпай коёрсуң. Мен сени баары бир машкедей эле жытыңан издеп табам.

Жок. Актанбай эле кой. Мына сен, колдоруңду бачым чөнтөгүңө итерип, бирдемени ала койдуң да, жерге таштап жибердиң. Эмнени жашырып, эмнени катасың менден?.. О, Мамбет. Баары бир, акыры билип алам го. Күзгүбү?.. Ал эмине экенин сен айтпасаң, Нааматтан сурайм, Наамат айтпаса, Айкадан сурайм…

Ал жакшынакай сулуу кыз-э?.. Эч качан кишинин көңүлүн калтырбайт. Же сенчилеп, бирөөнү аяп, бой көтөргөн жан эмес…

Билесиңби, Мамбет, эгер Айка, мендей сокур болсо, мен ага сөзсүз үйлөнүп алат элем. Кап!.. Бирок Айканын сокур эмеси жакшы. Жакшы! Кокус, экөөбүз тең сокур болгонубузда, күнүбүз кантип өтмөк. Сага окшогон айбандар аны кайдагы бир күзгү дегендин сырын айтпай кордоосун каалабайм. Угуп жатасыңбы, каалабайм.

Мамбет, Айка мага турмушка чыкпайт. Билем. Сунуш кылсам, балким, макул болмок. Бирок… мен антпейм. Атайылап сунуш кылбайм. Балким, мага Айка өзү сунуш кылар-а? Ошентеби? Анын үнүн угамбы, кандай дейсиң, Мамбет?..»

*     *     *

ТҮРҮ СУУК: «Күзгү?!. Жок, сураба. Айтпайм. Күзгүнүн эмне экенин сага айтпайм, Сокурум.

Күзгү — бул кебетеси сууктардын шору…

Сен бактылуусуң, сокурум, сен күзгүдөн өзүңө карабайсың, демек бактылуусуң.

Сен бактысызсың, Мамбет, сен күзгүдөн өңү суук өңүңө карайсың, отко күйгөн жүзүңү көрүп, зээниң кейийт, тагдырыңа нечен ирет наалат айтып, көзүңөн жаш чууруйт, демек, бактысызсың. Көз жаш бактысыздыктын белгиси.

Бир күнү сарайдан өрт кетти. Караңгы түн кызыл жалынга алоолонуп, жер жүзүндө кызыл этектүү көйнөк кийген жин-шайтандар бийлеп жүргөнгө окшоду. Атам-апам чочуп ойгонушуп, сыртка учуп чыгышты. Кудуктан суу сузуп чакалап ташып, кар себишти. Атам бир убакта короонун дарбазасын ачты, түтүндөн бурч-бурчка тыгылышып дүпүрөшкөн аттар, ызы-чуу бышкырынышып, сеңселген жалдарын кежир чулгушуп, тикесинен секирише эркиндикке атырылышты. Анда менин тентек бала чагым. Апамын чапанын жамынып, четте титиреп коркуп турам. Саат да. Эмне болуп, бир кезде аттардын туягы алдында бөжүрөп, сарайдын ичине кирип кеткенимди билбейм. Өрттөнүп жаткан чатырдын устундары качырап күйүп, менин үстүмө кулап түштү.

Эсиме келгенимде… күзгү колумда экен. Тирүү калганыма сүйүнөм. Бул дүйнөдө сокурум дем алып, аба жутуу өзүнчө бактылуулук. А мен мунжу-чолок болсом да, атка мингенге жарайм. Бакача эмгектеп, сага жеткизбей арыктан секирип, буйтай качам. Отун терем. Ошентсе да…

Ошентсе да…

Ошентсе да сокурум, күзгү экөөбүздүн тең алсыздыгыбызды келекелеп, мазактап, шаттанып күлчү ачуулуу күч. Күзгүгө мен каранбайм, тагыраак айтканда, күзгүгө биринчи болуп мен каранбайм. Биринчи…

Күзгүгө биринчи болуп Айка каранат. Ал ырас эле сулуу. Сен сокур болсоң да, кээ бир көздүүлөрдөн артык көрөсүң. Мисалы, Нааматтан. Эх, койчу аны!.. Сенин жүрөгүң таза, оюң тунук, сокурум.

Айка күзгүнү бет алдына коюп, чубалжыган коюу кара чачтарын наздана тарап, күзгү менен аңгемелешип отурганын күнүгө көрөм. Ал талаадан жумуштан келип, апасына үй оокатын камдашууга жардамдашат. Анан ошол эле убакта, өзү: «Келбесең өзүң, мен барам,

Акыры издеп, таап алам»— деп ырдай берет.

— Келбесең өзүң, мен барам,— деп мен да аны ичимен коштоп ырдайм.

— Акыры издеп, таап алам!—: деп сен да ичиңен сызып коштоп ырдайсың, сокурум.

Эки үн кошулуп, бир ырды ырдайт. Үч үн кошулуп, бир ырды ырдайт. Биздин ырыбыз шамал минип илгери жүткүнөт.

Мына ушундан кийин гана экинчи болуп мен күзгүгө карана баштайм. Экинчи…

Бирок менин, өзүнөн кийин экинчи болуп күзгүгө каранарымды Айка билбейт. Күзгүнү мен ага көргөзбөйм. Кокус билип калса, экинчи күзгүгө жолобой, «мен эле эмес, ушундай өңү суук неме, Мамбет да күзгүгө каранат тура!»— деп тагдырына таарынып калабы?! Мүмкүн, мунжу-чолок болсом да менин киши экенимди билсе, көңүл буруп имерилер?! О, замана! Мен аны сүйөм, Сүйөм! Канчалык кудуреттүү сезим, бул — сүйүү.

Бирок… бирок мен анын мага колукту болуусун каалабайм. Каалабайм. Айка андан жогору Адам. Жогору Адам!..

Уктуңбу, сокурум, Биздин оорубуз бир.

Биз экөөбүз тең, бактылуу адамбыз, анткени – сүйөбүз!

Биз экөөбүз тең, бактысыз адамбыз, анткени — сүйүүбүзгө жетпейбиз. Көз көрүнө жетпейбиз!

Күзгү? Сен анын эмне экенин билбей эле кой, сокурум!..»

*     *     *

— Куш,— деди Мамбет.

— Куш?! Куштун күзгүгө эмне тиешеси бар? — деп таңгалды сокур,— жинди болуп баратсаң керек сен, Мамбет… Эмнеге эмеле күзгү дедиң?

— Көп билсең, бат карыйсың.

— Ошентсе да, мен сенден көп билем. Күбөөгө түшөлүкпү?

— Ха-ха! Кешиги жогум. Билсең, күзгү деген эмне, айтчы?!

— Куш,— деди Сокур.

Күлүштү.

Узакка дейре күлүштү

*     *     *

СУЛУУ: «— Күзгү!.. Сен мени бошотпой, колумду чырмачу болдуң го. Ай-ай!.. Мына эмесе деп жерге сындыра чаап, экинчи сага каранбас болормун, шоруң кайнар. Киши өзүнө өзү эмне үчүн алымсынбайт? Эмненидир күтөт, эмнегедир жетүүгө үмүттөнүп, ал жокту өзүнүн кимдигинен көргүсү келет. Эмне үчүн?!

Буга сен жооп берүүгө тийишсиң, күзгү, анткени, сен бирди — эки, экини — төрт, төрттү — сегиз, сегизди он алты кылып чагылтып, так өзүндөй көргөзөсүң. Качанга сенин тулку боюңа батпай, четте калганга дейре баарын тең көргөзө бересиң…

Бирок мен сени бир күнү талкалап таштагым келип жүрөт, күзгү!.. Бир күнү бырын-чырын сындырып, анан сындырып туруп, тигил бей-бечаралардын жанына барып, үчүнчү соо бечара болуп жашап алгым келип жүрөт. Каалайсыңбы сен ошону, күзгү?!

Менин сулуулугумду кишилер айтышат. Бирок Наамат мени көрбөйт да? Мен аны сүйөм, ал сүйөр-сүйбөс жообун билгизбейт да?! Сулуу болсом Наамат мени сүйбөйт беле-ыя?!.

— Келбесең өзүң, мен барам.

Акыры издеп, таап алам!..

Таап алам, таап алам!

Издеп акыры таап алам, сени — Наамат!..

Жок. Мен сени тапкам. Тапкам!.. Чогуу иштейбиз: сен трактор айдайсың, мен тукум сээп, тырмоону тартам. Сен чөп чабасың, мен артыңан чөбүңү чогултуп үйөм.

Сен, күзгү, эми эс ал, кетүүгө убактым жетти.

А көрөкчө Наамат бүгүн клубга киного келгей эле. Бүгүн?!»

*     *     *

Сулуу кыз Сокур менен Түрү сууктун жанынан өтүп баратып, алардын башынан сылады. Же мунун бөлүшкөнү, же кубанычын бөлүшкөнү белгисиз, бирок минтип ал ар дайыма экөөнүн баштарынан сылайт.

— Мырзалар, айткылачы, эмнеге күлүп жатасыңар?

Сокур дароо жооп кайтарды:

— Кушка. Кайдагы бир жок кушка, Айым!..

Кайрадан экөө эле калышты.

Мамбет каткырды:

— Куш!.. Ха-ха-ха-ха-а-а!..

— Мен (аны көрүп турам. Ал учуп баратат.— Сокур жигит Айка кеткен тараптан көзүн тартпай, узакка карады.

Жака-белде болсо турмуш мурдагысындай эле уланып жатты.

Жогоруда учу-кыйырсыз мейкиндик, токтогон мезгил. Жылдыздар сансыз жымыңдашып, жарты ай шоолалап күйдү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.