Чыгыш жак алтын нурга чөмүлдү. Акырын козголуп күн чыкты. Күн шооласы Кызыл-Бел жайлоосуна чачырады. Түнү бою жайкы шүүдүрүмгө бастырылган жайлоонун майышкан жаш чөптөрү баштарын күнгө ийди, сергиди, гүлүн чыгарды. Коктуга, жыбытка, таштын кычыктарына түнөгөн жайлоодогу жапан аңдар күнгө жылынды. Ордунан туруп, жыргап, оттой баштады. Бирок жалгыз гана бир аксак суур оттогон жок. Ал булактын жанында эмгектенип ийин казып жатат.

Суурдун былтыр эки баласы бар болучу. Ошол эки баласына тамак издеп, чыкпаган тоосу, кечпеген суусу, барбаган жери калган эмес. Байкуш, ошентип жүрүп, бир бутун ташка кыпчытып алып, чолок болуп калган.

Суур турган жерде, суур менен коңшулаш бир түлкү бар эле. Ал суурдун жаңкы эки баласын билгизбей былтыр жеп койгон. Бул гана эмес, суурдун балдарын түлкү жыл сайын жей турган. Суур шектенип сураса:

— Жегеним жок, башка бирөө жеген чыгар. Бир тилекте, бир жолдо коңшулаш болуп отуруп, сенин балдарыңды жесем, мен жакшылык көрөмбү?— деп түлкү каргыш кылуучу.

Суур түлкүнүн ал сөзүнө ишенбей:

— Башка ким жемек эле? Ушунун эле колунан келди, качайын, бир жерге барып оокат кылайын, минтип жүрө берсем, дүйнөдөн тукумсуз өтөт экемин,— деп изин жашырып, ушул булакка келген.

Суур булактын жанынан ийин казды. Ийинин күндүз казды. Таңга маал ага кышкы жей турган тамагын ташыды. Ийининин оозун экөө кылды. Бир жагын булакка жакын жерден, экинчи жагын чөптүн калың жеринен чыгарды. Ийиндин ортосун кенен казды. Буга кышкы жей турган тамагын чөптүн гүлүн, тамырын жыйнады.

Аксак суур даам татпай, эс албай эмгек кылып жатып, ийинин казып бүтүрдү. Ийининин орто жерине куу бетеге төшөп, жумшак кылып алды.

— Эми эс алайын,— деп суур ийининин оозуна жатты. Бир мезгилде аксаңдап балдак таянып келе жаткан түлкүнү көрдү. Ал түлкү — баягы өзүнө тааныш түлкүсү.

Түлкү аксаңдап жакын келип:

— Амансыңбы, аксак суур! Бул жакка көчүп келдиңби? — деди.

— Ооба, аманчылык! Сен эмне аксап калгансың?— деди суур.

— Э, сураба! Сенин балдарыңды жеген түлкүнү таптым эле, ошону айтайын деп сени издеп жүрүп, тоодон учуп кетип, бутум ташка тийип сынып калды,— деди түлкү ыйламсырап.

Түлкүнүн бул кебетеси аксак суурга аянычтуу болду. «Байкуш, мен үчүн бутунан ажыраган экен» — деп түлкүгө боору ооруду.

— Кантейин, мен да сен сыяктуу аксак болуп калдым. «Эки бакыр — бир тукур»—деген, экөөбүз сенин ийиниңде туралык. Бириктешип оокат кылалык. Кыш да түшүп келе жатат,— деп түлкү дагы ыйламсырап ылдый карады.

Суур түлкүнүн бул сөзүнө же бар, же жок деп ачык айта албай бир аз турду. Атасынын өлөрүндө: «Түлкү аттуудан жакшылык жок»— деп айтып кеткен керээзи эсине түштү.

— Жок, башка тур, мен сени менен бирге туралбайм!— деди суур.

— Эмесе, жакшы болот, сен мага жардам кыл! Жок дегенде кыштан чыккандай ийин казышып бер. Жалгыз өзүм каза албайм: алым жок, чабал, аксакмын. Сенин ал кызматыңа айылдан took уурдап келип берем. Коён, кекилик, чил да кармап келип берем,— деди түлкү.

— Суурга эт тамак болбойт. Биз чөптөн башканы жебейбиз. Кет, мага жакын жолобо!— деди суур.

Бул сөзгө түлкү ачууланып:

— Жакшылык менен ийин казып бербедиң, сени карап тур, ийиниңден кубалап чыгармын. Ушуну унутпа!— деп түлкү кетип калды. Түлкү калп эле анткорсуп аксаган экен. Ийинден мындай чыкканда аксабай эле соо болуп калды.

Түн кирди. Асманда жылдыздар көрүндү. Канаттуу куштар менен аңдар кызык уйкуга кирди. Жалгыз гана суур уктаган жок. Ал, түлкүдөн коркуп, былк этпей, таң аткыча жатты. Таң аппак атканда гана ийининен башын чыгарып: «Капыр түлкү кетти бекен?»— деп эки жагын карады.

Түлкү жок. Көрүнбөйт. Кетип калган… Айланасы жымжырт… Теке маңдайындагы белестен күн кылтайып көрүндү. Булактын шылдырап агып жатканы билинди. Суур чөп жыйноого баштык көтөрүп ордунан турду. Чуркап булакка барды. Андан канганча суу ичти. Ары жүгүрүп баштыгына чөптүн тамырын, бүрүн жыйнай баштады. Тынбай жүрүп чөп жыйнады. Бирок ал жыйнагандары баштыгына батпады. Анын үстүнө, батпаганы бир жерде болбой, ар кайсы жерде болуп калды. Анын бардыгын бир жерге жыйнай алган жок. Себеби, күн көтөрүлүп, чоң шашке болуп калган. Ошондуктан, ал өзүнө душман айбандардан коркуп, экинчи күнү келип жыйнап алармын деп, ийинине кайтты. Суур ийинине келип кирмекчи болгондо, ийининин жыттанып калганын сезди. Ал жыт түлкүнүкү сыяктуу. Ийинине башын салып карады эле, түлкүнүн жыты буруксуп кетти.

Суур түлкүнүн кетпей эле жашынып жатып, өзү кеткенден кийин ийинине келип киргенин билди. Коркту… Түлкүнүн бир жамандык кыларына көзү жетти. «Зордукчулга амал барбы?»—деп ыйламсырап, башка жактан ийин казууга кетти. Ийинди түлкү ээлеп калды.

Кийинки күнү бир койчу коюн жайып, ит ээрчитип, ушу булакка келди. Ийинди көрдү. Ийинге жакын агып жаткан булакты көрдү. «Эригип келе жатканымда бет алдымдан бул суурдун ийини жакшы табылды. Коюмду жуушатып коюп, буга суу бурайын. Суурун алып калсам, териси жок дегенде бир керекке жарар. Ага базардан көйнөк алдыртып алайын, семиз чыгар, майына аялым шакар көөлөсүн. Этин даңгыт жесин»,— деп чечинип ийинге суу бурду. Ийиндин бир оозун мыктап бекитти. Өзү суу кирип жаткан оозунда таягын көтөрүп карап турду.

Суу коркурап ийинге кирип жатты. Бир мезгилде ийиндин берки бекитилген оозунан суу оргуштап атып чыкты. Ийинге коюлган таштар да калдырап калды.

«Ал жактан чыга албассың, курган суурум, бул жактан чыксаң, мээңди жара чабармын»,— деп койчу таягын белендеди.

Аңгыча болбой койчу турган ийиндин оозу да кулдурап калды. Бирдеме тырмышып, чыгып келе жаткандай болду. Койчу кийинчерээк боло берди. Ал жактан бир кызгылтым неме булактап чыга келди. Койчу карап турчубу, так маңдайга тартып жиберди. Анын арт жагы ийинде, көкүрөгү тышта, кыркырап жатып калды. Караса — түлкү.

«Мына олжо! Суур албай, түлкү алганмынбы? Күндө ушундай болсочу! Деги эле жакшы болду» — деп койчу күлүңдөдү.

Койчу түлкүнү көтөрүп алып, коюн айдап, үйүнө жөнөдү.

Башкага кылган кастыгы — түлкүнүн өз башына жетти. Аксак суур түлкүдөн кутулуп, ээн-эркин жанын багып жатып калды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.