*     *     *

Билбептирмин бул өмүрдүн
Өз ченеми бардыгын.
Сезбептирмин бул дүйнөнүн
Ушунчалык тардыгын.

Он жети жыл өтүп кетти,
Ак-Буурадай тез агып,
Балалык да өттү, кетти,
Эскерүүгө айланып.

Поэзия деген сулуу,
Бир бийкечке жолуктум.
Ак сүйүүмө башын ийер,
Ал кыз болор колуктум.

БАЛАЛЫГЫМ ЖАРЫК АСМАНЫМ

Балалыгым жарык асманым,
Жүрөктөгү эң аруу сезим.
Кубанычка толо мезгилим,
Балалыгым бактылуу кезим.

Балалыгым аруу жылдарым,
Толуп аккан мөлтүр булагым.
Апакемдин сөздөрүнө, эх,
Кулак салбай жүргөн убагым.

Балалыгым жарык асманым,
Кубанычка бөлөнгөн кезим.
Балалыгым дартка дарманым,
«Апа» деген алгачкы сөзүм.

Балалыгым карындашымдын,
Мээрим толо, кара көздөрү.
Балалыгым ата-апамдын,
«Балам» деген асыл сөздөрү.

Балалыгым — жарык асманым,
Жүрөктөгү эң аруу сезим.
Кубанычка жана бакытка,
Махабатка бөлөнгөн кезим.

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

 

2 Replies to “Мухаммадамин Хожакбаров: Махабатка бөлөнгөн кезим (конкурска)”

  1. Facebook да аябай эле таанымал жаш акын үч тилде жазат, бирок конкурска мектепте жазган ырларын жөнөтүптүр. Мен эжекеси болом. Жаңы ырларын окудум эле. Аябай жакшы жазган эле. Бирок неге аларды жөнөтпөдү мухаммад.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.