Кыргыз Республикасынын Президентине

караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук

комиссиянын төрагасы Н. Ишекеевге

Ачык кат

Быйыл мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышынын 30 жылдыгын белгилейбиз. Чейрек кылымдан ашык мезгилдин ичинде бул тармакта чоң өзгөрүүлөр болду. Коммунисттик идеология өкүм сүрүп, улуттук аң-сезим, ар-намыс басмырланып турган мезгилде унутулуп бараткан улуттук тилибиз Советтер Союзундагы демократиялык өзгөртүүлөрдүн, кайра куруу саясатынын шарданы менен эркиндикке чыгып, мамлекеттик тилдин статусун алганда кыргыз өлкөбүз эгемендикке жеткендей эле кубанганбыз.

Бул фактыны улуттук кайра жаралуу фактысы катары баалап, сыймыктанганбыз, элибиздин чоң Жеңиши катары салтанаттуу майрамдаганбыз. Кийин мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия түзүлгөндө андан бетер сүйүнүп, бул институтка зор ишеним артканбыз. Тилекке каршы, мамлекет башчыларынын коркоктугунан, парламент менен өкмөттөрдүн чоркоктугунан, патриоттук сезимдеринин мококтугунан мамлекеттик тилибиз жумурай журт күткөндөй өсүп, өнүкпөй, улам бир тоскоолдуктарга учурап келди, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам талаптагыдай аткарылбай, анын абдан маанилүү ченемдеринин аткарылышы улам кийинкиге калтырылып, бут тосулуп жатты. Албетте, бул үчүн мамлекеттик бийлик бутактарынын башында тургандарды эле күнөөлөө калыстык болбос. Күнөө ошол мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды аткарууга түздөн-түз тиешеси бар институт, түзүмдөрдө дагы бар экени талашсыз. Бул айтылгандар биринчи кезекте мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга тиешелүү.

Аталган улуттук комиссия түзүлгөндөн бери аны 10дон ашык адам жетектеген экен. Сизге чейинки жетекчилердин тушунда мыйзамды, Президент Жарлыгы менен бекиткен улуттук комиссия тууралуу жободо каралган иш-милдеттерин аткаруу боюнча аздыр-көптүр иш-чаралар жүргүзүлүп келгенин, арымы анча кенен болбосо дагы “тил кербени” сапарын улап турганын танууга болбойт. Сиздин Төрагалыкка дайындалганыңызга 2 жылдан ашык убакыт өтүптүр. Бул мезгил ичинде кандай маанилүү иштерди жасадыңыз? Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын, улуттук комиссия тууралуу жободо каралган иш-милдеттердин канча пунктун канча пайызга аткардыңыз? Кандай чоң иш-чараларды, долбоорлорду жүзөгө ашырдыңыз? Сизге жүктөлгөн мамлекеттик жооптуу кызматтын, мамлекеттик саясый кызмат ордун ээлеген жетекчинин ыйгарым укуктарын кандай аркалап жатасыз? Республикалык бюджеттен бөлүнгөн миллиондогон акча каражаттарын эмнеге, кайсы максаттарга жумшап келатасыз? Улуттук комиссияны натыйжалуу башкарып жатам деп эсептейсизби? Ай сайын алган маянаңызды актагандай иш жүргүзүп жатасызбы?

Мамлекеттик мекеменин жетекчисине эле эмес, ар бир мамлекеттик кызматчыга берилүүчү, Сиз канааттандырарлык жооп бере албай турган эң жөнөкөй, бирок Сиз үчүн өтө татаал суроолорду Сизге багыттаганыма, Сиздин дарегиңизге олуттуу сын – ачуу чындыкты айтканыма таарынбаңыз. Башкалар сыяктуу эле мен Сизди илимпоз, педагог катары эмгегиңизди, дараметиңизди баалайм. Бирок мамлекеттик мекеменин жетекчиси катары Сиз өзүңүздү оң жагынан көрсөтө алган жоксуз. Менин баамымда, улуттук комиссиянын төрагаларынын ичинен бул мекемени эң натыйжасыз башкарган, орустун улуу сатирачысы Антон Чеховдун каарманындай “кутудагы” төрага Сиз болдуңуз. Өзүңүз эле кутуда камалбай, бүтүндөй комиссияны кутуга камадыңыз.

Өткөн жылы мен Сиздин эски таанышыңыз, терминологиялык комиссиянын 1996-жылдан берки мүчөсү катары Сиз менен үч жолу атайын жолугуп, кээ бир сунуштарымды айткан элем. Алардын бири улуттук комиссиянын алдында дүйнөгө белгилүү түрколог, атактуу академик К.К.Юдахин атындагы котормо борборун уюштуруу маселеси эле. Мен авторлош болгон “Котормо өнөрү” китепте бул тууралуу жана улуттук комиссиянын ишине байланыштуу дагы башка сунуштар бар экенин айтып, ал китепти Сизге белекке бергем. Сиз ал сунуштарга макул болуп, колдооруңузду, а тургай тийиштүү чараларды көрөрүңүздү убада кылгансыз. Бирок бир дагы чара көрбөгөнүңүз, аракет дагы кылбаганыңыз мени абдан өкүндүрдү. Бул маселелерге кайдыгер мамилеңизге, балким, “бюрократтык кылды” деп кол шилтеп деле коймокмун. Себеби менин ал сунуштарым Сиз үчүн майда-барат маселе болушу да мүмкүн. Анда Сиз үчүн кайсы маселелер орчундуу болуп эсептелет?

Өткөн жыл кыргыз журтчулугу, кыргыз маданияты, адабияты үчүн эле эмес, бүт дүйнө элдери, адамзат цивилизациясы үчүн тарыхый жыл болду б.а. Улуу жазуучу, даанышман инсан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейин бүткүл жер жүзү белгиледи. Бул окуяны белгилөөдө, ага байланыштуу иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия локомотив болбосо да, алдыңкы саптардын биринде болуп, өзүнүн татыктуу салымын кошууга милдеттүү эле. Себеби элибиздин улуттук кайра жаралуусуна, кыргыз тилинин мамлекеттик тилдин статусун алуусуна Чыңгыз Айтматовдун сиңирген эмгеги баа жеткис.

Залкар калемгерибиз адабий тилибиздин өсүп, өнүгүүсүнө, котормо өнөрүнүн калыптануусуна дагы зор салымын кошконун эч ким танбас. “Эне тил жана Айтматов” деген темада мамлекеттик тилдин үч айлыгында өткөрүлгөн иш-чаралар маани-мазмуну боюнча дагы (б.а. концепциялуу, даректүү, олуттуу илимий баяндамалар орун алган жок), масштабы боюнча дагы (республикалык же эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулган жок), жигердүү катышуучулардын сапаттык курамы боюнча дагы (белгилүү, аттуу-баштуу илимпоз, окумуштуулар тартылган эмес) айырмаланбады. Өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу сайтта кыскача гана маалымат берилип, алардын контенти ачылбады, эмгектер, илимий баяндамалар ж.б. жарыяланбады, жеңүүчүлөргө кандай көрсөткүчтөрдүн, критерийлердин негизинде байгелүү орундар берилгени, алардын үч айлыкта башкалардан өзгөчөлөнгөн салымы (эмгеги) коомчулук үчүн белгисиз бойдон калды. Кыскасы, бул тарыхый окуяда дагы Сиз жетектеген улуттук комиссия пассивдүүлүгүн айгинеледи.

Мамлекетибиздеги көйгөйлүү маселелердин бири – бул мыйзам, ченемдик укуктук актыларды чыгаруу ишиндеги сабатсыздык. Парламент кабыл алган, баш-аягы он чакты электен (инстанциядан) өтүп, Президент кол койгон ар бир мыйзамда ондогон, а түгүл жүздөгөн каталар орун алууда, расмий тилде “бээ” десе, мамлекеттик тилде “төө” деген мыйзамдарыбыз аз эмес (бул тууралуу жогоруда аталган китепте кеңири сөз болгон). Бирок буга улуттук комиссия бир жолу реакция жасадыбы? Жок. Долбоорлордун демилгечилери же депутаттар капысынан кайрылса, жооп бермей, кайрылбаса, “сен мага тийбе, мен сага тийбейин” деген мамиле.

А тургай, кыргыз тилин мыкты билем деп ойлогон кээ бир депутаттар кесиптештерине тигил же бул сөздүн маанисин бурмалап түшүндүрсө, улуттук комиссия тымпыйып, ооз ачпаган учурлар кездешет. Мисалы, “бүттүм”, “бүтүрдүм” деген сөздөр өзүнчө эле анекдотко айланып, көп депутаттар аларды колдонгондон чочуп, калтырап “төрт аяктаганы” калышты. Бийликтин бир органынын мүчөсү болуп эсептелген бир депутат, балким, кесиптештерин “аяктатаар”, бирок Кыргыз эл акыны, сөздүн мыкты чебери Шайлообек Дүйшеевдин “бүттүм, бүттүм, бүттүм, жалжалым жалгыздыктан жадап бүттүм” деген саптарын эч качан “аяктата” албайт.

Мындай анекдоттор башка тармактарда да аз эмес. Телерадио каналдардагы жарнамаларда “чыныгы айым ойгонгон”, мурутунун ордуна сакалын алдырганы тууралуу сабатсыз котормолор бир нече айдан бери саат сайын эмес, беш мүнөт сайын кайталанууда. Борборубуздун көчөлөрүндөгү жарнамалардын кыргызча которулушундагы сабатсыздык тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып да, жазылып да келатат. Мамлекеттик тилдин беделин түшүргөн, кыргыз аудиториясын сыйлабаган мындай фактылар менен улуттук комиссиянын иши да жок.

Элибизде “эшигин көрүп, төрүнө өт” деген накыл кеп бар. Белгилүү режиссер Константин Станиславский “театр кийим илгичтен башталат” деген экен. Интернетсиз саат өтпөгөн азыркы учурда өзүн сыйлаган ар бир уюм, мекеменин “эшиги” да, “кийим илгичи” да сайты болуп саналат. Менимче, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сайтындай “туруктуу” сайт Кыргызстанда жок болуш керек. Андагы көп материалдар аса байлап койгон аттай башкы беттен козголбойт. Материалдар оңой менен жаңыланбайт, көпчүлүгү эскирген, динамика, ыкчамдык жок. Маселен, сайтта акыркы жалгыз жаңылык-маалымат 2018-жылы 20-декабрда жарыяланган. 20 күн бою жаңылыгы жок сайт сайтпы?! Бул улуттук комиссиянын ишинде мамлекеттик кызматтын ишинин негизги принциптери – ачыктык, айкындуулук, ыкчамдык жок экенинен, дагы эле кутудан чыга албаганынан кабар берет.

Байкаган адамга мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мамлекеттик тил күнүнө — майрамга байланыштуу АЙЛЫКтарды гана өткөрүүчү убактылуу же коомдук башталышта иштеген түзүмдөй таасир калтырат.

Сиз мурдагы Президент А. Атамбаевдин ал өзү мойнуна алгандай кадр саясатындагы чоң каталардын бири болдуңуз. Экс-президент кадр саясатынын рулун көздөй шефи бийликке келгенге чейин кадрлар бөлүмүндө же мамлекеттик кызматта бир күн иштебеген шопуруна тапшырса, улуттук идеологияны жүргүзүүнү мамлекеттик тилди билбеген дилетанттын мойнуна жүктөсө, мамлекеттик тил комиссиясын башкарууну менеджердик сапаты, жетекчилик жөндөмү жок Сизге ишенип, чоң жаңылыштык кетирген.

Көрүнүктүү саясатчы Уинстон Черчилль жетекчини өтө оор жүк тарткан атка салыштырган экен. Өзгөчө мамлекеттик кызматта даражасы канчалык бийик болсо адамдын жүгү – иши, жоопкерчилиги ошончолук жогору болот.

Сиз, Назаркул Ишекеевич, ошондой жүктү тарта да, көтөрө да албай, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын беделине, анда иштеген жамааттын аброюна шек келтирип жатасыз. Коомчулук Жобосунда каралган иш-милдеттеринин чейрек пайызын да аткарбаган мындай араң жан, кудуретсиз мекемени жоюп салууну бийликтен талап кылууга акысы бар. Бирок “чылпакты алам деп көздү оюп” салбаш керек. Оор мезгилде кыйынчылык менен жаралган улуттук комиссия өлкөбүзгө суудай зарыл. Бирок анын башында Сизге окшогон алсыз жетекчи туруш керекпи?!

Назаркул Ишекеевич, жогоруда айтылгандардан туура жыйынтык чыгарганга эркиңиз жетет деп ишенем. “Мамлекет башчысы өзү чечсин” деп күтүп отура берүү мамлекеттик тилибиз үчүн маанилүү убакытты текке кетиргендик болуп саналат.

P.S. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын статусу көп суроолорду пайда кылууда. Кезегинде мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруу Кыргызстанда Мамлекеттик катчы кызмат ордун ээлеген адамга жүктөлүп, кийин ал институт жоюлганына карабастан, улуттук комиссия салт боюнча эле Президентке баш ийип келатат. Сынды көтөрө албаган А. Атамбаевдин доорунда парламенттин мүчөлөрү да бул түзүмгө карата кескин сөз айткандан айбыкчу. Менимче, ыйгарым укуктары боюнча да, иш-милдеттери боюнча да улуттук комиссия аткаруу бийлигине – Өкмөткө караштуу түзүм болууга тийиш.

Жыргалбек Турдукожоев, публицист

10.01.2019

Kyrgyz today.org/ Кыргызстан бүгүн.11.01. 2019. 15.08

 

2 Replies to “Назаркул Ишекеевге ачык кат же улуттук комиссия кутудан качан чыгат”

  1. Ооба, мен буга кошулам. Закондор иштеши керек, кадрлар алмашып, жаштар келиши керек. Тилибиз унутта калбай, муундан муунга калышы зарыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.