1-2-главалары>>>>

3-4-главалары>>>>

5-глава

Москванын чок ортосундагы анчалык чоң эмес особняк анын кожоюнуна карата урматтоо сезимин ойготот. Анын ички жасалгасы, байлыгы, салабаттуулугу жана ыңгайлуулугу жагынан тышынан кем калбайт: жумшак италиян эмереги, көргөн көздүн жоосун алган, басканда үн чыкпайс жумшак килемдер, жайнаган компьютер, принтер жана башка техника мындагы эң аялуу сырлардын баарын катканга, сактаганга, иштеп чыгып көбөйткөнгө  мүмкүнчүлүк берет.

Кабинеттердин биринде кымбат баалуу телефондун туткасын кармаган улгайып калган киши отурду, кебете-кешпирине караганда бул имараттын эки тизгин, бир чылбырын кармаган киши кыязы. Ал буйрук берип гана көнгөн адам эле: кагазды окуганы, шыңга боюнунун аскердик турпаты кабинеттин ээси болгон бул адамдын узак жылдар бою мамлекеттин кызыкчылыгына иштегенинен кабар берип турду.

Чынында эле ошондой болчу. Бул киши биз жогоруда кеп кылган баягы Координатор. Лубянкада иштеп жүргөн жылдары ал өзүнүн мына ушул лакап атына ушунчалык көнүп калган экен, эс алууга чыккандан кийин деле аны ушул ат менен чакыра беришерин каалагандыктан, бир кезде жабышкан лакап аты анын чыныгы атын артка сүрүп таштагандай болду.

Адам пендеси улгайган сайын анын көз карашы эскиргенден эскире берет. Арийне, турмуштан алган тажрыйба деле оңой нерсе эмес дечи, бирок бир нерсеге жетишкен менен адам пендеси башка жагынан уттурат тура.

Акыркы мезгилдерде Москвада көп нерселер өзгөрдү. Таң калыштуусу, бул өзгөрүүлөр россиялык атайын кызматтарга да желаргысын тийгизбей койгон жок. Анда иштегендердин бир бөлүгү бизнесмендер менен банкирлерге ооп, башка бирөөлөрү “ысык точкелерге” аттанып кетишти.

Координатор башкарган күзөт фирмасы мурдагы комитетчиктерди, гручуларды, тажрыйбасы ташкындаган мурдакы тергөөчүлөрдү, тыңчыларды чогултуп, башын кайрадан бириктирди.

Бир нече күн мурда кыркы аңгемелешүүлөрдүн биринде азыркы учурда иштеп жаткан генерал ага баягы аңгемени кайрадан эстетти, кыраакы Координатор иштин чоо жайын айттырбай түшүндү – кылмыштуулуктун арааны катуу жүргөн азыркы мезгилде криминалитеттин анабашыларын физикалык жактан жок кылуу кыязы өйдө жактагылар тарабынан түшүнүү менен кабыл алынган экен. Эми сөздөн ишке өтүү керек эле. Үстөлгө үңүлгөн Координатор анда жаткан иштерди жайбаракат барактап кирди, бул ликвидаторлук ролго талапкерлердин жеке иштери.

ИИМдин грифи басылган, атамекендик мафиянын келечектеги күрөшүүчүлөрүнүн кебете-кепширлери да сүрөттөрдөн жырткычтык жапайычылык менен карап турушкандай: үнкүйгөн жүздөр, сак көз караштар бул адамдардын жашоодо кубанычтан көрө кайгы кусаматты арбын тартканынан кабар берип турду. Анфас жана профилдеги (маңдайынан, капталынан) тартылган мындай сүрөттөргө нормалдуу киши эч качан өз ыктыяры менен туруп бербейт эмеспи. Мында таң кала турган деле эч нерсе жок болчу, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшө турган булардын баары абакта отуруп чыккан же азыр деле отурган немелер эле.

Координатор деле кысылган жок – ал иштерди дыкаттык менен барактап, анда   сараң казыналык тил менен жазылган маалыматтарды шашпай окуп жатты: “Катуу тартиптеги колонияда жазасын өтөө менен жети жылга эркинен ажыратылган”, “администрацияны жана режимди жек көрөт”, “өзгөчө ырайымсыздыгы менен айырмаланат” ж.б.

Кокусунан столдогу телефон шыңгырап калды.

— Алло, — деди трубканы көтөргөн Координатор нараазыланган үн менен. Чалып аткан катчы кыз экен, орун басар анын чакыруусу боюнча келип кабылдамада күтүп отурганын кабарлады.

— Кире берсин.

Бөлмөгө жапалдаш бойлуу, жашы өйдөлөп калган, муруттары мышыктыкындай тегерек бет  киши кирди. Бул борбордук кылмышкерлерди издөө тобунун мурдагы полковниги эле. Ал өлкөдөгү криминалдын кыбыр эткен кыймылынан өйдө жакшы биле турган.

Алдыда боло турган кептин негизги максаты – ойлонулган ишти аткарар талапкерлер туурасында болмокчу.

— Мен сиз сунуштаган адамдардын баарысынын иштери менен таанышып чыктым, — сөз баштады Координатор.

— Контигентти сиз мага өзүңүз буйрутма берген боюнча тандоого аракет кылдым, — деди тиги. – Мындай адамдарды башкарганга жеңил, баарынын психикасы талкаланган, коркуу сезими күч, тил албаганга аргасы жок, анткени мунун кесепети кандай болорун булар жакшы билишет.

— Ошондою ошондой дечи, — макулдук билдирди Координатор.- Бирок буларыңдын баары аша чапкан кылмышкерлер экен. Күмөн санап турам. Мен мындайлар менен иштеп көргөн эмесмин.

— Мында түк ойлоно турган эч нерсе жок. Темир тор артына отуруп чыккандардын баары менен эле каалагандай сүйлөшсө болот, эмне айтсаң да аткарууга даяр булар. Анүстүнө булардын криминалитетке болгон маанайы да терс.

— Балким ошондойдур, — башын ийкеди кабинеттин кожоюну.

— Кечиресиз, мен мындай материалды колдонуунун ыңгайлуулугун түшүнүп турам, бирок бир нерсеге башым жетпейт. Бизде толгон-токой байланыштарыбыз бар, алардын жардамы менен бул ишке нукура профессионалдарды “Альфадан” же “Вымпелден” тартсак болор эле. Андай болсо эмнеге сырттан киши тартып убара болобуз, алардын баарын окутуш керек, даярдаш керек, анын баары акча. Бул куру убара эмеспи.

— Муну мен да ойлодум, — Координатор жайбаракат сүйлөдү. – Күч түзүмдөрүндө иштеген адамдар, спецназда кызмат кылгандар андан бетер, мыйзам алдында ныпым тагы жок таптаза адамдар, демек аларды тизгиндеп болбойт… Ар нерсени атынан эле айталычы. Алардын ичинен кимдир бирөө мыйзамга каршы иштегиси келеби, келбейт албетте. Бизге жүрүм-туруму башкача, өзүн абдан жакшы көргөн адам керек. Андайды болсо кызыл менен чийилген мына бул папкадагылардын арасынан тапса болот.

-Эмне үчүн жүрүм-туруму башка болушу керек? Дегеле ликвидатордун ким болушу бизге ошончолук маанилүүбү, бизге натыйжасы болсо болду да? Айырмасы кайсы?

— Айырмасы чоң. Эртедир кечтир “С-4” жашыруун бөлүгү туурасындагы маалымат ачыкка чыгат. Бул бир. Экинчиден, ызы-чуу чыкпай койбойт. Баса, сиз Гофманды окудуңуз беле?

— Жанагы неонацизмдин негиздөөчүлөрүнүн бири беле бул?- полковник тактап койду.

— Жок, немистин ушундай классик-жазуучусу болгон. “Крошка Цахес” деген мыкты китеби бар. Бизге да дал ошол Цахестей бирөө керек болуп турат – уюшкан кылмыштуулук менен аянбай, тайманбай кармаша турган идеялык күрөшкер. Жазалоочу кол. Уламышка айлана турган киши айтор. Атын укканда башкалар сийип жиберчү адам керек

Ушул жерден орун басар жылмайып алды:

— Ал көзөмөлдөн чыгып кетет деп чочулабайсызбы?

— Мындай контигент менен иштенге оңой деп өзүңүз айтпадыңызбы эмеле.

— Аа, анда мына ушундай кишини табыш эле калган турбайбы, — полковник бул иш өзүнө жүктөлөрүн сезгендей. Жаңылбаптыр.

— Муну менен сиз алектенесиз. Фактураны, материалды менден жакшы билесиз. Мына мен маселен, мобулардын ичинен Солоник Александр Сергеевич дегенди сунуштаар элем. Милициянын мурдакы сержанты экен, 117-чи менен соттолуптур, иштин материалынан ачык эле жасалма экени, атайлап анын мойнуна илгени көрүнүп турат. Мындай статья менен айыпталып кесилген мурдакы милиция кызматкерин абакта эмне күтүп турганын билесиз да. Муну да сындырабыз деп аракет кылышкан экен, бирок колдорунан келбептир, баарын талкалаптыр. Чылым чекпейт, ичпейт, спорттук формасын кармайт. Башка зэктер аны жактыра беришпейт, бирок чочулап турушат. Лагердин администрациясы менен эч кандай байланышка түк барбайт. Бирок бизге бул негизги нерсе эмес, бизге маанилүүсү – жалпы билими тайкы, бирок дымагы бийик, жашоодон эмне кааларын өзү деле жакшы билбейт. Азыр анын абалы түзүк эмес, бурчка камалып, аргасы кетип турган чагы. Ахыбалынын чатак экенин өзү да жакшы билет. Учурда Ульяновск областындагы абакта отурат.

Аңгемелеш угуп турду да ийнин куушуруп койду.

— Макул, мен аны менен сүйлөшүп көрөйүн, жаныңды бизге бер деп айтайын. Мейли ал макул болсун дейли. Бирок чычкан жөрмөлөп чыгалбаган абактан аны кантип сууруп чыгабыз? УДОго да, амнистияга да илинбейт. Ишин кайра тергейбизби? Бул да мыйзамга туура келбейт, качканы – далилденген факты.

Координатор дымаксына жылмайып койду.

— Биздин ким үчүн жана эмне үчүн түзүлгөнүбүз, артыбызда кимдер турганы эсиңизден чыкпасын. Кептин ток этер жерин айтканда, биз мыйзамсызбыз. Бирок бизге укуктар да кенен берилген. Сиз өзүңүз милицияда кызмат өтөгөнсүз, кандай коркунучтуу абактан болбосун, качып кетүүгө болорун жакшы билесиз. Эгерде тыштан жардам болсо албетте. – Столдун кожоюну сөз бүттү дегенсип ордунан турду. Орун басар эшикке жетип калганда кошумчалап койду: — Ишке ашса жакшы, ашпаса корко турган эч нерсе жок. Убакыт күтө турат, бизде тандап алганга талапкер толтура…

Столдо отурган улгайып калган тегерек жүздүү киши абактын купайкесин кийген жапалдаш бойлуу зэкти кунт коюп карап отурду. Теше тиктегени ушунчалык, кишини эмей эле биолог микроскоптон кандайдыр бир майда курт-кумурсканы карап аткандай эле.

Абакта отурган неме сактанып, столдо отурган кшинин көзүнө тике карабаганга аракеттенип жатты. Турпатынан бул жерден бат эле чыгып кетсем деген каалоосу сезилип турду. Бирок антүү кайда, ага аргасы жок, анткени абакка кесилген адам үчүн азаттыкта жүргөн ким болбосун – баары начальник. Унчукпай теше тиктеп, сынап отурган мобул немеден эр болсоң качып көр…

— Кана, кел, отурчу, — акыры үн катты тиги.

Зэк бир буту сынык табуреткага көчүк басты.

— Чеккенге сунуштабайм, анткени тамеки тартпасыңды билем, — столдо отурган киши жанынан тамеки алып чыгып тутандырды. – Сен кыйын жигит экенсиң, Саша… Билесиңби, мен сага атайын, Москвадан иш боюнча келдим. Баса, документимди да көрсөтүп коёюнчу, — кеп баштаган неме чөнтөгүнөн кызыл мукабалуу күбөлүгүн алып чыгып көрсөтүп койду.

— Менден эмне керек, гражданин начальник?- атайлап орой сурады Солоник.

— Эч нерсенин кереги жок, — ийин куушуруп койду тиги.

— Эгер стукач болууну сунуштасаңыз, анда берер жообум – андайга өлсөм да барбайм, — зэктин добушу бекем эле.

— Туура кыласың, — жарк эте кашкайды москвич. – Кебетеңди карачы, сенден кантип сөз ташыгыч чыксын? Менттерден алыстапсың, бирок башка жээкке барып турбапсың. Анткени сендейди ким кабыл алмак эле. Анүстүнө көйгөйүң да толтура, алар алдыда андан бетер көп болот.

— Сиз атайын Москвадан мага ушуну айтайын деп келдиңиз беле? – деди зэк табалаган үн менен.

— Жалаң гана муну эмес, сага айта турган кеп толтура, — кызыл күбөлүктүн ээси тигинин үнүндөгү чакырыкты алдыртан сезгени менен түк капа болгон жок. – Сен туураңда, мындан ары кантип жашай турганың жөнүндө сүйлөшсөмбү деп келдим.

Саша кеп нугу кайда бурулуп баратканын туюп турду, аңгеменин мындай башталышы, “мындан ары кантип жашамакчысың?” деген жөнөкөй суроо баягы лагердин авторитети Корзубый менен болгон сүйлөшүүдөй сезилди. Ошондуктан берген жообу да так эле ошондогудай болду:

— Мурда кантип жашасам, ошентип жашай берем.

— Эми андай болбойт, — начальник мырза тамекисинин күлүн күбүп койду. – Эми аны көрө жатарбыз. Андан көрө сен туураңда сүйлөшөлү. Жоопту күтпөй эле андан ары улады: — Таржымалың чыгып баткан күндөй жөнөкөй. Жакшы шаарда өскөнсүң, балалыктын алтын доорун көргөнсүң, анан техникум, аскерге чакырылгансың. Дембель болуп келгенден кийин милицияга ишке киргенсиң. Анда эмне жоготтуң эле?

— Жаш экенмин, акмакчылык болгон, кылмыштуулук менен күрөшсөм деген ой болгон, — чынын айтты Солоник бул соболдо кандай сыйыртмак катылганын түкшөмөлдөп.

— Анан эмне болду?

— Накта кутургандар ошол милициялардын өзү экен. Формасы гана болбосо, кадимки бандиттерден түк айырмасы жок, курал алып жүрүү да аларга мыйзамдаштырылып берилген экен да, — бул адам чын дилинен жооп берип атканы сезилип турду.

— Мына, мына, — макул болду аңгемелеш. – Алардын баары жеткен бетпактар, мусур деп бекеринен аташпаган да. Та-ак, сени ал жактан кууп чыгышкан, анан кайра алышкан, кийин биротоло кууп чыгышкан экен, туурабы? Катын зордуктады деген статьяны мойнуңа илишкен да темир тор артына айдашкан, туурабы? Эми эмне кылайын деген оюң бар?

— Эмне кылмак элем, отурам да, — деди Солоник кайдыгер, бул оюнду тиги эмнеге баштап атканын дагы эле түшүнбөй.

— Өзүңө крест коюп койгон экенсиң да?

— Крестти кабырыма коюшат.

— Мына, мына, ал күн деле алыс эмес… Бул жердеги абактын көрүстөнүнө көөмп салышат, өлүктү туугандарыңа беришпейт.

— Маалыматыңыз үчүн ракмат, — Саша жек көргөн көзү менен акырая карап.

— Ракмат айтканга али эрте. Мен сага башка иш менен келгенмин…Сунушум бар сага…

— Ал кандай сунуш экен? – сактана калды зэк, аңгеменин жетер жерине жеткенин сезгендей.

-… сенин жашооңду өзгөртсөм дейм, — жыйынтыктады начальник.

— Менин жашоомду Жогорку сот гана өзгөртө алат.

— Койчу, ар бир адамдын тагдыры өз колунда. Эркиндикке чыкканды каалайсыңбы?

Зэк мындай жапайы сунуш айткан адамга таң кала карады:

— Аны ким каалабасын…

— Мен сенден сурап атам, каалайсыңбы?

— Каалайм дечи, бирок… Мунун баары жөн эле эместир?!

— Акылыңа баракелде. Бекерге куш гана сайрабаса… Мен сага ишти айтып жатам. Анда жакшылап ук.

Ортодо узак сөз жүрдү, тагыраагы, бири сүйлөп, экинчиси угуп гана отурду.

Гражданин начальниктин сунушунун жөнү мындай эле. Камактагы Александр Солоник мында көпкө тирүү калбайт, тиш кайрап калган блатнойлор баары бир аны жан тындым кылышат, анын жолу толтура. Мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошонуп да кете албайт, амнистияга да илинбейт, ал жагы турган иш. Кыскасы, Солониктин көрөр күнү ушул жерден биротоло бүтөт. Узак саймедиреп сүйлөдү начальник, алдын ала баарын көрүп билип тургандай сүйлөдү. Анан акырында кыска гана айтып сөзүнө чекит койду:

— Сага бир гана нерсе жардам берет, бул жерден качып чыгышың керек.

— Бул жерденби? Кантип? Бул мүмкүн эмес, — зэк бир чети таң кала эриндерин кымтыды.

— Ойлонуп көрдүң беле?

— Качканды ким ойлобосун?

Кийинки суроо асман жер аңтарылып кеткендей күтүүсүз болду:

— Эгерде биз сага жардам берсекчи?

Зэк уккан кулагына ишенген жок.

— Жардам беребиз деп атам, мен чын айтам. Сен минтип караганыңды токтотчу деги!

Сашанын ойлору куюндап сапырылып турду. Бул эмнени айтып атат, чынбы деги, оюнда эмне бар, качкандын жакшы жагы канча болсо, жаман жагы да ошончо экенин туюп турду. Жакшы жагы бир эле да, эңсеген эркиндик эмеспи. Качырабыз деп аткан буларга кул болушу керек, анткени бул жерден качып чыгуу менен ал өзүн биротоло мыйзамдан тышкары коюп атпайбы. Ага эркиндикте кандай иш даярдап турушканы да белгисиз.

— Ойлонууга сага туптуура бир сутка берем, — өктөм айтты москвич, ным тактайга ныгыра мык кагып аткансып. – Ойлоно турган деле жөнүң жок. Бул тагдырдын сага берилип жаткан жападан жалгыз белеги. Мындай учур башка жолу болбойт.

— Мен эмне деп жооп айтарымды билбей турам, ойлонуп көрүшүм керек, — деди титиреген добушу араң чыккан Солоник.

— Ойлон, ойлон… Анда бүттү. Биздин сүйлөшкөндү албетте, бир да жан билбесин, айрыкча администрациядан. Эсиңде болсун, мен аларга аскер прокуратурасынын тергөөчүсү экенимди, сенин армиядагы командириңдин иши менен алектенип атам деп айттым. Протоколдор түзүлүп коюлган, ме ал да көрсөтмө бербейм деп колуңду коюп кой. Туптуура бир суткадан кийин айтаар жообуңду камдап кой, — гражданин начальник саатын карап койду. – Убакыт кетти…

6-глава

Поволженин кара көк токой үстүнөн жайбаракат көтөрүлүп келаткан күңүрттөнгөн өлүм сарык күнү мунара башында соройгон күзөтчүнүнүн караанын даана көрсөтүп турду. Бул айыпталган Солоник эртең мененки разводдордо нечен жолу көрүп көнгөн көнүмүш: тегеректин баары чытырман темир тор, карарган бушлатчан сереңдеген зэктердин бозоргон жүздөрү… Буюрса, мунун баарын ал бүгүнкү ичиркенткен суук таңда акыркы жолу көрүп отурат, эч качан кайра көрбөстүр…

Анткени кача турган күн так ушул күн. Баары сүйлөшүлүп чечилген, башкысы – ойдогудай өтсө экен…

Алтургай кача турган убакыт так дайындалып эсептелген. «Промкада» кимдир бирөө ширетүүчү аппаратты калтырып кетет, аны менен канализациянын капкагын кесиш керек, андан ары ылдый түшүп, коллектордун ичи менен жүрүп отуруп зонанын аймагынан чыгып кетиш. Ойго келбеген эч кандай кокустук болушу мүмкүн эмес, анткени жанагы борбордон келген чоң начальник баарын алдын ала байкаштырып койгон.

Жумуштун алдынан Солоник бригадасын чогултуп буларды айтты:

— Кечеки эптеп арыдан бери жасай салган жумушуңарды кабыл албайм. Эми дагы бир жолу муну кайталачу болсоңор анда иштен баш тартты же жумушка чыккан жок деп жазып салам.

Ульяновскидеги бул №8 абакта ага болгон мамиле тиги Пермьдегиден таптакыр башкача болчу. Анын блатнойлор менен өлө тала-согушуп, бир үйүр зөөкүрдүн бирин калтырбай талкалаганы абактын жазылбаган таржымалына кошул-ташыл болуп киргени качан, эми мужиктердин көзүнчө Саша уламыштан кем эмес баатыр болуп чыга келген: ал урганда баштар чирик дарбыздай туш-тушка чачырайт, колу-буттар ширеңкенин талындай сынат, бири эмес ону келсе да баарын жайлай турган алы бар. Ошондуктан аны менен эч ким талашып-тартышчу эмес, аны сыйлагандан көрө андан көбүрөк коркуп турушчу.

Ошондуктан анын айтканы айткан, дегени деген. Мужиктер ичтеринен жек көрүп турушса да унчукпай айткан жагына – кечеки иш ордуна тарап кетишти.

Эки жакты карап алган Саша кичинекей туюк коридорчого кирди. Жүрөгү торго түшкөн куштай тырпырап согуп атты. Мына азыр… Тетиги эшикке жетсе гана болду… Андан ары канализациянын капкагы болушу керек… Жанагы москвалык начальник алдабаптыр…

Эшик күтүлгөндөй эле ширетилген экен, бирок анын жанында сварканын аппараты жатыптыр, алтургай маскасына, мээлейине чейин даярдап коюптур…Кичинекей лом да бар экен…

Кудай жалгап, капкак кол менен ача албагыдай кылып, эки жеринен гана карматылган экен. Тез эле капкакты ачты да ылдый эңкейе берди, ылдыйдан саңырсыган адам чыдагыс сасык жыт мурунга бур дей түштү. Бул абактын негизги канализациясы болучу.

Саша ойлонгонго чамасы жок эле, үстүндөгү бушлатын чечип ыргытты да, көкүрөгүнө терең дем ала аба толтуруп, бок-сийдик аралаш агып турган сасык агымга мойнуна чейин кирди…

Бул маалды боорунда «Рыбнадзор» деген жазуусу бар «УАЗ» машине бир айлампа жасап келип, бозомук дайрачанын жээгине токтоду. Эшиктери ачылып, ичинен эңгезердей бойлуу эки адам түштү. Булар абактан качып чыга турган Солоникти күткөндөр эле.

Резинке өтүкчөн бирөөсү жардын ным топурагына жылмыша ылдый түшүп, куркуйган темир трубанын оозун буту менен тээп көрүп:

— Омии-ий энең, сасыгы кантет? – деп койду бетин тырыштырып.

— Туура. Бул канализациянын сыртка чыккан коллекторлорунун бири эмеспи. Анан эмне дейсиң, бок деген майдагы розадай жыттанат дедиң беле?

— Көпкө күтөбүзбү? — деди берки.

Экинчиси колундагы аттиш менен трубанын оозуна жабылган темир торду кести да саатына карады:

— Ал зонадан беш же он мүнөт мурда чыкты, эгерде эч нерсе жолтоо кылбаса. Эсептик убакыт он мүнөт минус пилусу менен кыркы беш мүнөт. Башкысы, ал багытты алмаштырып албаса болду. Биз туптуура эки саат күтөбүз, андан ары күтүү кажетсиз.

Так ушул учурда кайдан жайдан келе калганын ким билсин, тыртылдаган мотороллер минген карыган абышка пайда боло калса болобу, берки экөө каткан жеринде катып калгандай болду. Жанына жакын айдап келип токтотту да купшуңдаган абышка экөөн шектүү карап суроо ыргытты:

— Кимсиңер, эмне кылып жүрөсүңөр бул жерде?

— Кете берсеңчи, абышка биз менен эмне ишиң бар?

— Бул машине силердики? Документиңер барбы? – кыраакы абышка кепке келе тургандай эмес.

— Абышка, көзгө көрүнбөй кетип кал деп атам го, — деди экөөнүн бири өктөм кайталай.

— Эй силер эмне?! Деги силер менин ким экенимди билесиңерби? Мен деген жыйырма жыл милицияда иштеген кишимин, азыр да ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөсүмүн! — деди ызасына туталанган абышка.

— Ой, биз Ульяновскиден келдик, «Рыбнадзордон» болобуз, браконьерлерди кармап жүрөбүз. Мына менин документим.

— Ошентпейсиңерби анан, — күбөлүктү көргөн абышка жоошуй түштү. — Кечирип койгула анда. Сылыгыраак болсоңор болмок корчоңдобой..

— Абышка эми кетип кал, антпесең браконьер деп өзүңдү кармап кетишибиз да мүмкүн. Ошондо сенин ДНДыңда арачалай албай калат сени!

Тиякта канализация ичинде болсо көрдөй караңгылыкты, бок менен сийдикти жиреп, сасыктан тумчуккан качкын эптеп жылып келатты. Төрт бурулуштан кийинки бешинчисинде солго кетиши керек, алмаштырып албаса болду. Бул шайтан алган канализациянын деги акыры көрүнбөчүдөй. Бир, эки, үч, он, токсон, жүз кадам…Тигине шаңгалат жарык көрүнгөндөй… Кайратына келе түштү, эми бир нече кадам, андан ары эркиндик…

Жарык улам чоңоюп, ага жеткенде кылайган көпкөк асмандын үзүмү көрүнүп, жогору жактан кимдир бирөөлөрдүн басып жүргөн дабышы угулгандай сезилди. Же бул дүкүлдөп соккон жүрөктүн добушубу?…

— Эй, сенби бул?

Качкын бирдемелерди күбүрөдү, ошентсе да тигилерге угулду.

— Арканды карма да байлан, азыр сени өйдө тартып алабыз…

Жанталаша аркандын жылма учун кармап колуна ороп байлады да, акырындап тартып отуруп Солоникти сыртка чыгарып алышты. Качкын булар кимдер экенин, кантип чыкканын унутуп салып, суудан кургакка ыргытылган балыктай чабалактап, оозун улам ачып, көптөн эңсеген эркиндиктин чөп, топурак жыттанган таза абасын жандалбас соруп жатты.

— Кана, эс алдыңбы? – деген добуш угулду кулагынын түбүнөн. – Келе, батыраак кийимиңди алмаштыра сал, убакыт жок бизде…

Абактан качкынды кечирек эстеп калышты: кечки текшерүүдө бригадир Солоник жок болуп чыкты.

Адегенде аны жайлап салышкан экен деген ой кетти баарына. Анткени ага тиш кайрагандар жетишерлик эле. Өндүрүштүк кырсык же коопсуздук эрежесин сактабай ушуга кириптер болду деген бүтүм чыгарышат да, өлгөн зэкти чийип салышат, ошону менен иш тамам.

Бирок бул жаркын үмүт акталган жок. Көп өтпөй промзонадан анын өлүгүн эмес, чечип ыргытып кеткен Солоникке таандык эски бушлатты таап келишти. Ширеткич аппарат маскасы менен, лом, айтор, качып кеткенге колдонгон бардык шайман куралды кошо табышты.

Абактын чоңдору тикесинен тик турушту, мындай шумдук бул жерде эзели болуп көргөн эмес. Дароо сапсыйган иттерин ээрчиткен кинологдор жетип келишти, бирок иттер жыт ала алышпады. Сасыган канализациянын оозуна жеткенде кыңшылап туруп калышты, мындай жерден ит кантип жыт ала алсын…

Изин суутпай кармашка деле болбочудай. Эми мындагылардын калаймакан түшкөнүн көрүп ал. Качуу жууса кеткис так болуп начальниктердин погонуна келип жабышат, топураган текшерүү туш-туштан басат, бул үчүн эч ким чекеден сылабайт, нечендердин башы ыргыр бекен… Нечендер наамынан, кызматынан кол жуур бекен..

Качкынды өз күчтөрү менен таба албагандан кийин ИИМдин областтык Башкармалыгына билдирүүгө аргасыз болушту. Кесепетин билип болбогон тоодой жаңжал ушул жерден чыкты. Режим күчөтүлүп, абак бир сыйра кайрадан тинтүүгө алынды, капкак атмайдын бирин калтырбай ширетип чыгышты, жадагалса, блатнойлорду да тегиз жумушка кууп чыгышты.

Область боюнча «Перехват» операциясы жарыя кылынып, жетекчилик канализациянын ар бир чыга турган жерине сакчы орнотту, болгон күбөлөр суракка алынды, бирок мунун бири да натыйжа берген жок. Качкын Солоник жер жутуп кеткендей күм жам болуп кетти.

Анын бригадасындагылар ошол күнү шектүү эч нерсени байкашпаганын бир айтпай эки айтып, алакан жайышса да ичтеринен кыбыңдап кубанып турушту, анткени мурдагы мусурдун басмырлаган өкүмүнөн кутулушканына жетине албай турушту. Баса, Ульяновскиден келген тергөөчү «Рыбнадзор» деген жазуусу бар шектүү «УАЗиктин» ошол күнү абактын аймагына жакын жерде жүргөнүн айткан ППСтын старшинасын суракка алды, бирок мындан да майнап чыккан жок, чынында эле ошол күнү аталган машине жанагы айтылган жерде болгону аныкталды.

7-глава

Жоокердин күнгө күйүп өңү өчкөн гимнастеркасындай төбөдө асман, кагырап күйгөн кургак талаа, ордунда катып калгансып дымыган үп аба, тиштин кычыгына илешип кычыраган майда кум – жайдын орто чениндеги Борбор Азия деген мына ушул.

Табы лаулдаган ысыктан баш калкалап качаарга жай жок, шалдыраткан ысыктан тилиң салаңдап, эмне кыларды билбейсиң.

Учу кыйырына көз жетпей талыган казактын даркан талаасы өзүнчө бир керемет. Мына ушул кереметтин чок ортосунда тегереги кунарсыз боз, бийик тосмо менен курчалган казармалык-административдик типтеги имарат көзгө урунат.

Бетон забордун ички чегин кыдырата байкоо салчу видеокамера деле жок, сымбаты заңкайган күзөтчү деле көрүнбөйт, тегеректин төрт бурчун тарткан параболикалык антенналар, кире бериште кымбат баалуу машинелер да жок. Болгону, караган көзгө комсоо алакандай тактайчадагы жазуу бул тосмонун артында баланча номурлуу чек ара кайтарган түкүнчө аскер бөлүгү бар экенин кабарлап турат.

Андан башка бул ээн талаада кыбыр эткен жан байкалбайт да көрүнбөйт. КППга алып барчу жападан жалгыз жол качан караба, ээн турганы турган.

Алматынын тегерек жакасындагы атайын машыгуучу лагерге келген Координатор адегенде мына ушуларды байкады.

Күндүн табы кантет, анын ысыгынан тынбай чимирилген жапондук желдеткич да куткара албачудай.

Куйкалаган ысыкка карабай борбордон келген конок — Координатор кыкыйта галстук байланып, расмий жолугушууларда кийчү боз кастюмун кийип алыптыр, анысы бул жерде түркүн-түс шорта, майкечен жүргөн курсанттарга, инструкторлорго түк коошпой турду.

Бул жолугушуу таң каларлык эле, кырдаал да демейдегиден башка учурга эч бир окшобой турду. Кызматын аткарып жаткан полковник граждан кийимчен улгайган кишиге «конторада» саналуу адамдарга гана белгилүү нерселерди ачыктан ачык, аки-чүкүсүн калтырбай доклад кылып жатты. Тиги киши кээде баш  ийкеп, кээде тунжурап угуп, ара чолодо суроо ыргытып коюп атты.

— Жетишет, түшүнүктүү. Жаңы келген контингент кандай экен? – деп сурады мурдагы кгбэшник генерал желдеткичке жакыныраак отуруп.

— Дене чыдамкайлыгы жагынан кээ бири чабал, кай бири мыкты. Жомоктогудай баатырды кайдан табасың, — деди кабинеттин кожоюну кыска сүйлөп.- Көпчүлүгү абакта жатып ден соолугунан ажыраган, арасында бир нече түбүнө түшкөн наркоманы да бар, аны өзүлөрү да жашырбайт. Биздин адистер иштеп жатышат баарысы менен. Алгачкы дене тарбиялык даярдыктын нормаларын бири да толтура алган жок. Жок, баса, бирөө гана аткарды…

— Ким экен ал?

— Александр Сергеевич Солоник, алтымышынчы жылы туулган, милициянын мудагы сержанты, жүз он жетинчи статья менен анан ага качкандыгы кошулуп кесилген. Абакта отурган мурдакы милиционерге дегеле окшобогон кызык неме: чекпейт, ичпейт, анаша туурасында кеп да жок. Ой жүгүрткөнү так, бирок турмуштук багыты бүдөмүк. Адилеттүү, көйрөңдүк жагы бар, ичимден тап, саресепетүү. Лидер болсом деген умтуулуусу ачык көрүнүп турат, бирок аларды көргөзгүсү келбейт сыягы. Курсанттар менен бир кылка мамиледе, эч кимиси менен достошуп же коюн колтук алышып кеткен жери жок. Мунун таржымалы да кызык, — полковник сылыктык менен иш тигилген папканы алдыга түртүп койду.

Мына ушул ирмемде мурдагы лубянкалык начальник Александр Солоник деген тааныш фамилияны эстей калды, — анткени жардамчысын жиберип, аны менен жолугуштурбады беле. Бирок мунун фамилиясы кандайча эсинде калды экен?

Кабинеттин кожоюну дагы кебин улады:

— Албетте, азырынча булардын арасынан колго илинери жок деңизчи, бирок мен айткан неме бул жердеги башка киши сөрөйлөрдөн баары бир айырмаланып турат.

Жеке маалыматтар камтылган папкени бир сыйра көз чаптырымыш эткен Координатор муну айтты:

— Албетте, азырынча бирдеме деш оор. Физикалык даярдык менен тест деген эчтемени билдирбейт. Кеп экстремалдуу кырдаалда ал өзүн кандай кармай алат, ошондо. Анүстүнө мындагылардын отуз пайызы табигый түрдө ыргып кетет, андан калса, өзүңүз билесиз…

Координатор ушул жерге келгенде кеп таппай мукактана түштү, катуу ойлонуп атканы сыртынан байкалып турду. Кабинеттин кожоюну да аны ыңгайсыз абалга калтыргысы келбегендей папкеге үңүлүп бирдемелерди окуп жаткандай түр көрсөттү. Ортого чөгө түшкөн тынчтыкты конок өзү бузду:

— Солоник дедиңизби?

— Так ошондой, Александр Солоник, — маектеш кайталады.

Бир топ ойго чөгүп кеткен Координатор акыры унчукту:

— Мен анда мына ошол, кандай дедиңиз, Александр Солоник менен жолугушуп сүйлөшсөм болор бекен?

— Азыр ал машыгууда жүрөт, он мүнөттө бүтөт, ошо замат чакырып келейин. Күтүп турасызбы, жолдош генерал?

Узун аралыкка кросстон маарага биринчи болуп келген Солоник бактын көлөкөсүнө кулап жата кетти. Саатына караса бир жарым экен. Аткыч болом деген кишиде дем алуу мына ушундай мыкты болууга тийиш. Кайдан күч кайраты ташкындап келип жатканына өзү да таң. Эртең мененки төрттө турмай, жеңил завтрак, анан үч чакырымдык кросс, экинчи тамактануу. Андан кийин спорт залга бармай, ал жакта инструкторлор кол менен салгылашуунун ыкмаларын үйрөтүшөт. Андан кийин он чакырымдык азыркыдай дагы бир кросс, кичине эс алгандан кийин окуу каналарга кирип кетишет да теориялык сабактар башталат. Атайын курс деген ушул. Кудайдын куттуу күнү кайталанган көнүмүш адат ушул.

Бул курстарга «Моссаддын», ЦРУнун, АНБнын агенттери, баарын кошо алганда, суктанарлык эле. Угуучуларга карабашыл адамды кантип жок кылганды (аны жасагандардын бири да табылбайт), дүкөндө эле сатылган кадыресе тиричиликке колдонулуучу химиялык заттардан кантип жардыргычтарды жасаганды, капустанын жалбырагынан, картон кагаздан кантип тапанчага глушитель жасаганды жана башка толгон-токой нерселерди үйрөтүшчү. Сабактардын көбү чеберлик менен тартылган фильмдер менен коштоло турган.

Бирок мындай илимди үйрөнүү да оңой иш эмес.  Курсанттардын теңинен көбү узун кроссторго чыдабай оозунан өжөк-өжөк кан кусуп, жөткүргөн көк жөтөлдөн боо түшүп кулагандары канча. Булар мыйзам сыйлаган адамдар эмес экени ачык, анткени бутунан башына чейин чегилген көгүш татуировкалар алардын ким экенин айтып турат. Жогеле дегенде курсанттардын жарымы блатной дүйнөгө таандык адамдар.

Бир гана нерсе шексиз – булардын баары кай бир даражада «контора» менен кызматташ. Ошондуктан аларды кыңк дедирбей бийлегенге жеңил. Бул жер деле түрмө, бирок режими гана таптакыр башкача. Сыртка бир жан чыгарылчу эмес.

Кээде курсанттарды бирден тестке чакырып кетишчү. Көзүндө томпойгон калың көз айнеги бар, аппак халатчан жанда жок сылык абышка жайнаган суроолорду жаят да, четинен алып эч бир ойлонбой жооп бер деп талап кылат. Жооптор тыкырлык менен кагазга жазылат. Ал суроолор келесоо чалыш суроолор боло турган. Мисалы: «Ким болгуң келет, токойчубу же драмтургбу?», «Ким болгон жакшы, бай жана ооруубу же кедей анан аман-соо болгонбу?» жана башка толгон-токой апенди суроолор. Андан кийин абышка балдардын сүрөт дептериндегидей кызыл-тазыл шариктер тартылган кагаздарды жаят да, курсанттан муну карап туруп эмнени элестетесиң деп кыйнайт.

Абышка ишин аткарып кеткенден соң кезек улгайып калган аялга келет. Ал лам деп ооз ачпай туруп, курсанттын денесине түркүн түз зымдуу микроскоприкалык датчиктерди тагат, анан кийин алар аркылуу алсыз ток жиберип, экранга үңүлөт да бирдемелерди жаза берет, жаза берет. Бул процедуранын эмнеге керек экенин курсанттардын бири да түшүнчү эмес, бул ачылбаган сыр бойдон калар эле.

Келгенден үч айдан кийин аларды окуу топторуна бөлө башташты. Саша түшүнгөндөй, аларды аймактык таандыгына карата бөлүштү, кавказдыктарды өзүнчө, ортоазиялыктарды өзүнчө, ал эми саны жагынан эң басымдуулук кылган славян тобун бир нече өзүнчө топторго бөлүп жиберишти. Топтор ар кимиси өз алдынча программалар менен окутула баштады, бул алдыдагы аткара турган милдетке жараша эле.

Бирок бул кандай милдеттер?

Бул суроону Саша да бир нече жолу өзүнөн сураган. Бирок «контора» аны бул жерге келип ден соолугун чыңдасын деп абактан качырбаса керек. Качканы үчүн да, башкасы үчүн да баары бир эсептеше турганы айдан ачык эле.

Ушул ойлорду көңүлүнөн сыдырган Солоникти бир маалда:

— Курсант Солоник, — деп заңк эткен, камчы менен чапкандай кескин үн чочутуп ийгендей болду. Караса, маңдайына дене чыңдоо жагынан даярдаган инструктор келип туруп калган экен.

— Мен, — уставка жараша жооп узатты ал.

— Административдик корпуска бар, ал жакта сени начальство күтүп жатат.

Эшикке жакындай берип Саша буга чейин өзүнө нечен жолу берип, бирок жооп табалбаган суроолордун баарына жоопту азыр ала турганын туйгансыды. Баарына болбосо да алардын көбүнө жооп алаар, балким…

Уландысы>>>>>

Которгон Бахтияр Шаматов

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.