Тянь-Шань кыргыздары жөнүндөгү мен жыйнаган маалыматтар «Жети-Суу дубанынын эстелик китепчесинде» 1898-ж. эле жарыяланган «Жети-Суу тарыхынын очерктеринде» чогултулган. Негизги дареги— мырза Хайдердин 1540-жылдары жазылган «Тарйх-и Рашйдй» (перс тилинде, экинчи бөлүгү биринчисинен мурда 1541—1544-ж. жазылган) деген эмгеги; андан кийинки мезгилдер жөнүндө көбүнчө Кашкардын тарыхы боюнча чыгармаларда айтылат, алардын ичинен эң башкысы— Исма’ил хандын (1670—1682) тушунда перс тилинде жазылган Махмуд Чурастын эмгеги. «Жети-Суу тарыхынын очерктерин» жазып жаткан убакта бул эмгек мага али белгисиз болучу.

Адегенде Иле дарыясынын түндүк тарабындагы аймактар гана Жети-Суу аталган; Иленин түштүк тарабындагы тоолуу аймак орустар келгенден кийин гана ушундай атала баштаган. Моңголдор бийлеген доордогу бул тоолуу аймактын жана анын калкынын тагдыры жөнүндө дээрлик эч кандай маалымат жок; ал Орто Азияда түзүлгөн моңголдор мамлекетинин курамына кирген, XIV кылымдын башында анда Чыңгызхандын экинчи уулу Чагатайдын тукумдарынын үстөмдүгү биротоло орногон; чагатай деген ат мамлекеттин өзүнө, анын аскер күчүн түзгөн көчмөндөргө жана Чагатай хандарынын бийлиги жоюлгандан кийинки ошол эле мамлекетте абдан өнүккөн орто азия-түрк адабий тилине өткөн. Кыязы, 1309-жылдан 1318-жылга чейин хандык кылган Чагатай хандарынын бири Эсен-Буканын ошол эле тоолуу өлкөдө—Ысык-Көлдө кышкы ордосу болгон; ушул хандын жайкы ордосу сыяктуу эле бул ордону да Кытай менен Моңголияны ээлеп турган улуу хандын (Тулуй тукуму) аскерлери чаап алган.

1340-жылдары Чагатай мамлекети өз алдынча эки — батыш (Түркстандын дыйканчылык аймактары Бухара, Самаркан жана башка шаарлары менен кошо кирген) жана чыгыш мамлекетке бөлүнгөн. Анык же жалган Чагатай тукумунан чыккан хандар чыгыш мамлекетин башкарышканы менен батыш мамлекети жана анын калкы Чагатай аталышын сактап калган. Батыш бөлүгүндө XIV кылымдан XVI кылымдын башына чейин Темир жана анын тукумдары бийлеп турган, кийин бийлик батыштан келген өзбектерге өткөн. Чыгыш мамлекетинин калкы өздөрүн моңголдор же Орто Азияда жашагандардын айтымы боюнча моголдор, ал эми өлкөсүн Моголстан деп аташкан.

Моголстандын түштүк чет жакасын Фергананын чыгыш чек арасынан Турпанга чейинки Кытай Түркстанынын дыйканчылык аймактары, түндүк чет жакасын Балхаштан чыгышты көздөй кеткен талаалар ээлеген. «Та’рйх-и Рашйдйнин» кээ бир жерлеринде Моголстандын чек арасы түндүктү карай андан ары жылдырылат, анткени Моголстандын дарыяларына ал түгүл Иртыш да киргизилген. Түштүктө Кашкардын дыйканчылык аймактарын дайым эле Моголстанга кошушпайт жана Кашкардан Моголстанга же андан Кашкарга каттап турушкандыгы жөнүндө көп айтылгандыгын көрөбүз.

Жети-Суунун Ысык-Көлдөн түштүктү карай кеткен бир бөлүгү Ферганадан тартып Куча менен Черченге чейинки Кытай Түркстанынын аймактары менен кошо моңголдордун түрктөшүп кеткен дуглат (бул ат менен азыр казактардын дулат уруусу белгилүү) уруусуна таандык Маңглай-Субэ аймагынын курамына кирген. Өзү дуглат төбөлдөрүнүн үй-бүлөсүнөн чыккан «Та’рйх-и Рашйдйнин» автору анын бабасы Маңглай-Субэни Чагатайдан алган деп ырастайт.

Дуглат бектери моңгол хандары менен бирге Темирге каршы аянбай күрөшүүгө тийиш болгон; Темирдин кол салууларды жөнүндө бизге бир кыйла толук баяндар жеткен, бирок бул баяндарда да, Улугбектин жана Темирдин башка тукумдарынын жортуулдары жөнүндө баяндарда да кыргыздар жөнүндө маалымат жок. Кыргыздар биринчи жолу 1503— 1504-ж. кышында болгон окуялар жөнүндөгү баяңда аталат. Ушул кышта Ак-Суу шаарында моңгол ханы Ахмед дүйнөдөн кайткан; анын ордуна уулу Мансур такка отурган; ага бир тууганы Султан-Халил касташып, Моголстанга кетип калат жана ал жердин «жапайы арстандары» аталган кыргыздарга кошулган; кыргыздар аны өздөрүнүн акими кылып алган. Кийинчерээк ошол эле жакка анын башка дагы бир тууганы, мурда Фергананын чыгыш чек арасында, Ясы ашуусуна баруучу жолдун боюндагы Жетикентте жашаган Султан-Са’ид келет (1508-ж.). Бул эки бир тууганды Мансур-хан талкалайт; Султан-Халил ал кезде өзбектерге таандык Ферганага качып барат; Султан-Са’ид көп окуяларды башынан кечирип, ошол эле жылы Кабулга кетет.

1511-ж. перстер жана алардын колдоосунан пайдаланган Темир тукуму Бабур өзбектерди бир аз убакытка Самаркандан жана башка аймактардан сүрүп чыгарганда Бабур Султан-Са’идди Ферганага жиберген, кийин ал Кытай Түркстанын каратып алган.

Мансур-хан кыргыздарды Кара-Шаарга жана Турпанга көчүрүп кеткендиги айтылат; Моголстанда болгон бардык тополоңдордун күнөөкөрлөрү катары кыргыздардын көпчүлүгүн кырып салышат; бир азы гана Моголстанга кайтып келишкен. Мансур-хан дуглаттардын кысымынан улам Кара-Шаар менен Турпанга кеткен, дуглаттардан чыккан мырза Абу Бекр ал кезде (1480—1514) Кашкарды башкарып турган. Анын бийлигинин акыркы жылдарында анын аскер күчтөрүнүн кол башчысы Мир Вали Моголстан менен Ак-Суудан моңголдор менен кыргыздарды сүрүп чыккан; кийин кыргыздарга Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн конуш алууга уруксат берген. Бул маалымат Мансур-хандын куугунтугунан Кара-Шаар менен Турпандан качып чыккан кыргыздарга тийиштүү болсо керек.

Мырза Хайдердин пикири боюнча кыргыздар менен моңголдор бир элге кирген, кийин кыргыздар моңгол хандарына каршы тез-тез көтөрүлүшкө чыга берип, моңголдордон бөлүнүп кеткен; мындан тышкары моңголдор мусулман динин кабыл алып, кыргыздар бутпарас дининде кала беришкен, ушунун өзү да алардын ортосунда касташууну пайда кылган. Акыркы маалымат анчалык так эмес; бир канча убакыт кыргыздардын башында турган элдин өзүнүн чөйрөсүнөн чыккан акимдин ысымы Мухаммед болгондугун көрүп турабыз. Бирок башка бардык маалыматтарга караганда кыргыздар ошол убакта жана андан кийин көп мезгилге чейин мусулман болуп эсептелишкен эмес; алардын сырткы түспөлү да мусулмандарга окшобосо керек.

Ушундан улам мусулман динин жан аябастан таркатуучулар болгон XV кылымдагы моңгол хандарынын, өзгөчө өзүнүн букараларынын бардыгын селде чалынып жүрүүгө мажбурлаган, көнбөгөндөрдүн башына мык кактырган (1416-ж.) Өлгөн Мухаммедхандын аларга колу жеткен эмес деген жыйынтык чыгарууга болот. Анын үстүнө Мухаммед-хандын ээликтерине кийин кыргыздар жашаган жерлер да кирген; ЧатырКөлдүн түндүк жээгиндеги Таш-Рабат имаратын ошол курдурган делет.

Мырза Хайдер кыргыздардын журт которуп келгендиги жөнүндө эч нерсе билген эмес, ошондуктан өзү көргөн өлкөдө алар эчактан бери, жок эле дегенде моңголдор келген убактан бери жашап жатышат деп божомолдойт. Темирдин жортуулдары жөнүндө баянда кыргыздар жөнүндө маалыматтын таптакыр жоктугуна карабастан «түрк урууларынын жана элдеринин этникалык курамы» жөнүндөгү изилдөөлөрдүн автору Н. А. Аристов «’Тарихи Рашиди» боюнча, бул эл XVI кылымдын башында жергиликтүү калк катары Батыш Тянь-Шанды ээлеп турган, ошондуктан кара кыргыздардын да (XIV кылымда) өздөрүнүн азыркы жерлеринде тургандыгы эч шек туудурбоого тийиш» экендигине ишенген. Аристов дагы арылайт жана «кыргыз уруусуна» усундардан тартып батыш Тянь-Шанды мекендеген мурунку уруулар да киргендигин далилдөөгө аракет кылат, анын пикири боюнча алар «Христос төрөлгөнгө чейинки III жүз жылдыкта Танну-ола менен чыгыш Тянь-Шандын аралыгында» көчүп жүрүшкөн…

«Хунндар каратып алган усундар бул жерден Христос төрөлгөнгө чейинки II кылымдын орто ченинде БатышТянь-Шанга сүрүлгөн». Аристовдун пикири боюнча усундардын «чыныгы элдик аты» «ар дайым кыргыз болгон».

XVI кылымга чейин Батыш Тянь-Шандагы кыргыздар жөнүндө маалыматтын таптакыр жоктугунан сырткары, бул кыргыздарга XVI кылымда деле мусулман дини жана маданияты жат болгондугунун өзү мындай пикирдин туура эместигин айгинелейт. Ушундан улам алардын XVI кылымда Батыш Тянь-Шанда турушу кыргыздардын улуу мамлекети доорундагы окуяларга байланышы жок деген тыянак чыгарууга болот, бул кезде чынында кыргыздардын таасири Батыш Тянь-Шанга чейин таркаган; кыязы, кыргыздар улуу мамлекет катары кубаттуулугунан ажырагандан кийин түштүк-батышта эч бир кыргыз калбаса керек. Орто Азиядагы моңголдор мусулман динин кабыл алган доордо бул жерде кыргыздардын болушу чындыкка коошпойт. Кыргыздар өздөрүнүн түштүктөгү коңшулары бутпарас динин тутушкан ойроттор же калмактардын батышка жасаган жортуулуна катышкан деген маалымат чындыкка көбүрөк жакын.

Та’рйх-и Рашйдйден жана башка даректерден көрүнүп тургандай; калмактардын Моголстанга жортуулу 1420-жылдары башталган жана 1470-жылдарда убактылуу токтогон, бул убакта калмактар Моголстанды тазалап, өз өлкөсүнө кайтып келишкен; Кара-Шаар менен Турпанга сүрүлгөн Мансур-хан гана калмактар менен кайрадан согушууга тийиш эле. Балким, калмактардын жортуулуна кыргыздардын кээ бир уруулары катышкан жана ал кыргыздар калмактар кеткенден кийин батышта, Тянь-Шанда калып калышкан, бирок бул жөнүндө даректерде эч нерсе айтылбайт.

1514-ж. Султан-Са’ид-хан Кашкарды басып алып, мырза Абу Бекрдин бийлигин жойгон; бул күрөштө ага кыргыз Мухаммед зор кызмат көрсөткөн, бул үчүн ал хандан баалуу белек алган жана Моголстанга жиберилген, ал жерде ага кыргыздардын бардыгы баш ийген. Мухаммед Түркстанга, Сайрамга жанаТашкенге кол салып турган.

Түркстанга жасаган жортуулунда ал өзбек ханзаадасы, ошол кезде Самарканды бийлеп турган Кучкунчи хандын уулу Абдулланы туткунга алып, бирок бошотуп жиберген; ошон үчүн Султан-Са’ид-хан Мухаммедге ачууланып, 1517-ж. күзүндө кыргыздарга жортуулга чыккан; Та’рйх-и Рашй-дйнин дагы бир жеринде хан мусулман катары кыргыздарды мусулман шаарларын талап-тоногондугу үчүн жазалагысы келген деп айтылат. Барскоон суусу Ысык-Көлгө куйган жерде Мухаммед талкаланып, туткунга алынган жана аны Кашкарга алып кетишкен, ал жакка хан кыштын башында жетет.

Андан бир аз мурдараак ошол эле өзбек ээликтерине (Сайрам, Талас жана Ташкендин чет жакалары) казак ханы Касым кол салып турган, анын кышкы ордосу Караталда болгон. Ушундан улам кыргыздар белгилүү бир мезгилге чейин күч менен же макулдашуу аркылуу (бул жөнүндө даректерде айтылбайт) конуштарын казактардын жерлерине чейин жеткирген деп корутунду чыгарууга болот; кубаттуу Касым-хан бул убакта али тирүү болучу (ал 1518-ж. өлгөн). Кыргыздарга окшобой казактар мусулмандардын, өзбектердин чөйрөсүнөн чыккан жана өзбек ханы Абулхайрдан (1468-ж. өлгөн) бөлүнүп, моңгол ханы Эсен-Буканын (1431—1462-ж.) колдоосуна таянып, Чүй боюна журт которуп келишкен. Ошентип, адегенде казактар менен кыргыздардын ортосунда жалпы эч нерсе болгон эмес, андан кийин бул эки эл кыска мезгил жалпы саясый турмушта жашаган.

Султан-Са’ид-хан Моголстанга өзүнүн бир тууганы Султан-Халилдин уулу Бабасултанды жибермекчи болгон (1508-ж. атасы өлтүрүлгөндө бул ханзаада али кичине болучу), ханга бул ойду ханзааданын тарбиячысы кожо Али-Бахадур айткан; бирок кожо өлгөндөн (өзүнүн диний наамына карабай, ичкиликти көп ичкенден) кийин Бабасултандын ордуна 1522-ж. хандын өз уулу Рашид (толук ысымы Абд ар-Рашид) Моголстанга жөнөтүлгөн. Аны менен бирге туткундан бошотулган жана өз элине кайра хандыкка коюлган Мухаммед жиберилген. Ал кыргыз элинин көпчүлүк бөлүгүн өзүнүн бийлигине бириктирген. Бирок 1524-ж. кыргыздардын өлкөсүнө казак ханы Тахир (Касымдын аталаш иниси) келген. Тахир адегенде Рашид менен союздаш болуунун жолун издеген, Рашиддин Кочкардагы ордосунда кабыл алынган жана ага өзүнүн карындашын берген, бирок кийин Тахир кыргыздардын бир бөлүгүн өз тарабына тартып кеткендиктен, алар араздашып калышкан. Казактар менен алакасы үчүн Мухаммед да айыпталып, аны кайрадан Кашкарга алып кетишкен; Султан-Са’идхан өлгөндөн кийин (1533-ж.) ал туткундан кайра бошотулган, бирок анын өз элине кайтып келген-келбегендиги белгисиз. Кыргыздар зулумдугу үчүн өз ханын таштап, Тахир-хандын букаралары болуп кала берген, алар атүгүл казактарга караганда кыйла ишенимдүү болушкан.

Кыргыздардын Тахирге кошулууга үлгүрбөй калган бөлүгүн моңголдор Ат-Башыга айдап кеткен; 1526-ж. моңголдор Тянь-Шанды таштаганда, өздөрү менен кошо кыргыздардын 100 000 коюн айдап кеткен; ошол себептен бул «кой жортуулу» (кой черики) аталып калган, XIX кылымда 1866-ж. 5-апрелдеги МырзаРабат иши (Романский башкарган орустардын короо-короо койлорду айдап кетиши) да ушундай эле себеп менен «кой жортуулу» аталган. 1527-ж. жазында Тахир Ат-Башыга келип, ал жерден кыргыздарды моңгол ханы калтырып кеткен жылкылар менен кошо кайра алып кеткен.

Атасынан хандыкты мураска алган Рашид-хан (1533-жылдан 1559- же 1560-жылга чейин хандык кылса керек) Кашкардын түндүк тарабындагы тоо аймагында моңголдордун үстөмдүгүн калыбына келтирүүгө аракеттенген, бирок туруктуу ийгиликке жетишкен эмес, 1537- же 1538-ж. ал Тахирдин бир тууганы, казак ханы Тугумду талкалаган; Тугум менен бирге казактын 37 төрөсү өлгөн. Ушундан бир нече жылдан кийин эле жазган мырза Хайдер казак эли бири да калбастан бүт өлгөн деп эсептеген. Рашид Моголстанда өзүнүн уулу Абд ал-Лятифти калтырган, бирок ушундан көп өтпөй моңголдорду казактар менен кыргыздардын ханы Касымдын уулу Хакк Назар талкалаган; Махмуд Чурастын баянына караганда ханзаада Абд ал-Лятиф жарадар болуп, туткунга алынган жана жеңүүчүнүн ордосунда кадыр-барк менен кабыл алынган, бирок кеп өтпөй жараатынан каза болгон. Тез эле ийгилик кайра Рашид-хан тарапка өткөн; Рашид-хан ташкендик Науруз-Ахмед-хан менен союздаш болуп, Артыштын жанында Хакк-Назарды талкалаган, мында Хакк-Назар жана аны менен кошо «асабалуу алты төрө» өлгөн, ушундан кийин казактар асаба көтөрбөй калышкан деген маалымат (кашкардык авторлордун биринде) бар. Бул факт жөнүндө өзбек автору (XVI кылымда Балхта жазган) да эскерет, анын айтканына караганда казактардын башында башка адам (Тахирдин бир тууганы Буйдаш-хан) турган жана салгылаш башка жерде (Ысык-Көлдө) өткөн; бул баянга караганда жеңишке жетишкендер тогуз асабаны колго түшүрүшкөн. Башка бир дарекке караганда Рашидхандын Ысык-Көлгө жортуулу жана ал жерде ташкендик Науруз-Ахмед менен жолугушуусу 951/1544-45-ж. болгон; башка маалыматтарда дата жок. Хакк-Назардын Рашид-хан менен болгон согушта өлгөнү жөнүндө Махмуд Чурас бир аз башкача баяндайт. Бул баянда хан жортуулга чыгаардын алдында өзүнүн диний насаатчысы Мухаммед-Шериф менен бирге бир нече ыйык жерлерге, анын ичинде Кашкардын биринчи мусулман ханы Сатук Богра-хандын күмбөзүнө барган; ошондон кийин ал казактар менен кыргыздарга каршы жортуулга чыгып, үч ай өткөндөн кийин гана душманды Эмилден жолуктурган, ал жерде душмандын бекемделген чебин чабуул коюп басып алган, Хакк-Назар-ханды жана башка төрөлөрдү туткунга түшүргөн. Хандын буйругу боюнча баары өлтүрүлгөн (Рашид-хандын бул жоругу Абд ал-Лятиф жеңилгенден кийинки Хакк-Назардын айкөлдүгү менен салыштырууга себеп болгон).

Рашид-хан Эмилде үч күн жүрүп, ал жактан жети асаба алып келген, ошондон кийин казак хандарында асаба болгон эмес. Буйдаш-хандын талкаланышы жана өлүмү жөнүндө Чусттан чыккан ферганалык шайык Лутфулланын (бул шайык 979/1571-72-ж. өлгөн) өмүр баянында айтылат; бул даректин маалыматына караганда Буйдаш өзбек Түркстанына жортуулда 967/1559-60-ж. каза болгон. Бирок казактар да, кыргыздар да бул жеңилиштен көпкө чейин начарлаган эмес.

1558-ж. Түркстанда болгон Женкинсон ошол убакта казактар Ташкенге, ал эми кыргыздар Кашкарга кайрадан коркунуч туудуруп тургандыгын уккан. Бул сөздөн улам Хакк-Назар өлгөндөн кийин казактар менен кыргыздар эми бир мамлекет болбой калган деп корутунду чыгарууга болот; белгилүү болгондой, ошондон бери бул эки эл эч качан бир хандын бийлигине бириккен эмес.

Кыргыздар Кашкардан башка Ферганага да кол салып турушкан. Жогоруда айтылган Лутфулла шайыктын өмүр баянында кыргыздар Ахсикет жергесине жасаган жортуулдарынын биринде дербиштерге тиешелүү койлорду айдап кетишкени, бирок кийин кечирим сурап, малын кайрып беришкендиги жана «кудаанын адамдарын» ферганалык мусулмандардан да көбүрөк урматташаарын кошумчалагандыгы айтылат. Башка шайыктар сыяктуу эле Лутфулла шайык көчмөндөрдүн арасында мусулман дининин таралышына камкордук көргөн; анын шакирти казак Мухаммед казактардын арасында гана эмес, кыргыздардын арасында да динди үгүттөгөн.

Мындай үгүтчү дербиштер соңку мезгилге чейин талааларга барып турган; алардын таасири менен көчмөндөр диний ырым-жырымдарын кабыл алуу менен мусулман гана болбостон, алар шайыктарды урматташкан, дин үчүн дүйнөнүн жыргалынан кечкен адам жана олуя катары эсептешкен.

Убактылуу бир бийликке бириккендигине карабастан, XVI кылымдын экинчи жарымында деле кыргыздар эч болбосо казактардын деңгээлинде мусулман деп эсептелинген эмес. Осмон түркү Сейфинин Орто Азия жөнүндө чыгармасы 1582-жылга туура келет; анын сөзүнө караганда казактар ханифит багытындагы мусулмандар болушкан, ал эми кыргыздар «капыр да, мусулман да» болушкан эмес. Мырза Хайдер сыяктуу эле, Сейфи кыргыздарды моңголдордун туушкандары деп эсептеген.

Кыргыздар адам оңой жетпегендей жерлерде жашаган; душман кол салган учурда алар өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн тоонун кокту-колотторуна жашырып, өздөрү капчыгайлардын оозун тосуп турушкан; алар жай ташка (камен яда) дуба окуп, кар жаадырышкан жана катуу суук чакырышкан, колу-буту сууктан кыймылдабай калган душмандар жеңилишкен. Өлгөндөрдүн сөөгүн табытка салып, бийик дарактардын бутактарына илип коюшкан (бул кабар, сыягы Енисей кыргыздары жөнүндөгү бир кыйла илгерки жазуу жүзүндөгү маалыматтардан алынса керек). Кыргыздарда падыша (хан) болгон эмес, аларда кашка (бул титул көбүнчө калмактарда кезигет) деп аталган бектер гана болгон.

Ал түгүл XVII кылымда перс тилинде жазган өзбек тарыхчысы Махмуд ибн Вели кыргыздарды капырлар деп атайт. 12 000 түтүндөн турган бул кыргыздар хижранын 1045-жылынын ражабында (1635-жылдын 11-декабрынан тартып 1636-жылдын 9-январына чейин) Каратегин аркылуу Хисарга келишкен; алардын 12 кол башчысы болгон (кыязы, 100 түтүнгө бирден), аларды кийинки ша’бан айында (10-январдан 7-февралга чейин) Балхтагы өзбек ханы кабыл алган; мурда алар ишенимсиздикте, адашууда жана наадандыкта күндөрүн өткөрүшкөн (сыягы, алар өлкөгө өзбектер келгенден кийин мусулман динине өтүшкөн). Кыргыздардын Каратегинге көчүп барышы ушул окуяга байланыштуу болушу мүмкүн, бул жерде бир аз сандагы кыргыздар ушул мезгилге чейин жашап жатышат. Каратегин узак мезгил бою кыргыздарга таандык болуп, аны жакында эле тажиктер кайра ээлеп алган деген уламыш бар, азыр болсо кыргыздар ал жерде азчылыкты түзөт (акыркы маалыматтар боюнча алар 8000ден бир аз ашыгыраак, ал эми тажиктер 173 488, б.а. кыргыздар болгону 4%).

Махмуд Чурас XVII кылымда кыргыздар менен моңголдордун ортосунда болгон бир нече кагылыштар жөнүндө баяндайт. Мухаммед-хан өлгөндөн кийин (1610-ж. ченде) Кашкариядагы тополоңдордун учурунда Тилеке бий менен Бай-Бото Кара башкарган 5000 кишиден турган кыргыз колу Уч менен Ак-Сууга кол салган. Жортуул учурунда алар бөлүнүп кетишкен; Тилекеде 2000 адам, Бай-Бото Карада 3000 адам болгон. Бай-Бото Кара-Темир-султандын (Мухаммед-хандын небереси) аскерлеринен талкаланып, 2000 адамынан ажыраган, калган 1000 адамы саадактарын мойнуна илип, багынгандыгын билдирип султанга келишкен. Тилеке да кечирим сурап, тартуу алып келген. Султан баарына кечирим берип коё берген. Бул Мухаммед-хан өлгөндөн кийин тез эле болгон, анткени султан өзүнүн чоң атасынын өлгөндүгүн кыргыздардан эми эле уккан. Башка бир маалыматтарга караганда кыргыздар Учту талап-тоноого үлгүрүшкөн жана аларды моңголдор Яңги-Арт ашуусунун этегинде кууп жеткен.

Моңголдор менен кыргыздардын ортосундагы жаңы кагылыш 1620-жылдары Анак-хан аталган Абд ал-Лятиф хандын (1037/1627-28-ж өлгөн) тушунда болгон. Кыргыздар Шахназ айылын талап-тоноп кетишкен; хан аларды куугунтуктоо үчүн артынан кошуун жиберген, бирок кыргыздар бул кошуунга буктурма уюштуруп, ага чоң зыян келтирген.

1630-жылдардын башында Кашкариядагы ичара чыр-чатактардын учурунда тактыны алууга талапкерлердин бири, кийин Кылыч-хан аталып кеткен Махмудсултанга кыргыздар жардам көрсөткөндүгү жөнүндө айтылат.

Абдулла-хандын узак мезгилге созулган падышалыгынын (1048—1080/ 1638-39—1669-70) тарыхында кыргыздар бир нече жолу эскерилет. Өзүнүн падышалыгынын башталышында хан Ошко ийгиликтүү жортуул жасаган. Кайра кайткан ханды кыргыздар артынан кууп, жетпей калган, анын эсесине Беш-Буйнак деген жерде бир нече моңгол акимдерине катуу сокку беришкен. Кыргыздардын Уч менен Ак-Сууга жасаган чабуулунун мизин кайтарышкан. Кийинки жылы хан Ак-Сайдагы кыргыздарга жортуул жасаган; ал жердеги кыргыздардын башында Тилеке уулу Койсары жана Жолболду турган; жортуул Ак-Сай жортуулу (Ак-Сай черики) аталган; кыязы ал ийгиликсиз болгон өңдөнөт, анткени анын натыйжалары жөнүндө эч нерсе айтылбайт.

Мына ушундан кийин кыргыздар кайрадан жортуулга чыгышкан жана моңгол аскерлерин талкалаган, кийин өздөрү талкаланган, бирок бир тууганы Ибрахимдин баатырдыгынын аркасы менен гана алардан кутулуп кеткен ханга коркунуч туудура беришкен. Андан ары Абдулланын Анжиянга жасаган эки жортуулу жөнүндө баяндалат, биринчисинде ийгиликке жетишип, экинчиси ордунан чыкпай калган; экинчи жортуулга кыргыздар катышкан.

Хан өзүнүн мамлекетинде бейкуттукту орноткондон кийин, кыргыздар гана тынчы жок эл бойдон кала берген; төрөлөрдүн кеңеши боюнча хан аларды кырмак болгон (хан кызматындагы кыргыздар жөнүндө сөз болуп жатса керек); 10 000дей адам өлтүрүлгөн. Мында кыргыздарды Моголстан токойлорунун арстандары (бул сөз Та’рйхи Рашйдйден алынган) деп аташкан, бирок ошол эле убакта кыргыздар туруксуздугу менен айырмаланышкан. Хандын эмки Ат-Башы менен Ак-Сайга жасаган жортуулу жөнүндөгү баянда калмактар гана айтылган, ал кезде кыргыздар ал жерде калбай калган көрүнөт. Кыргыздарды кыргандыгына карабастан хан аларды кайрадан кызматка чакырат, кыргыздар Кашкар менен Ак-Сууда кайрадан кадыр-баркка ээ болгон; эгерде алар болбогон бир нерсе үчүн бирөө менен араздашып кетсе, хан аларга андай адамды өлтүрүп, анын мүлкүн алып коюуга уруксат берген. Хандын уулдары Нур аддин менен Йолбарстын ортосундагы (атасынын көзү тирүүсүндө) күрөш убагында хан кызматында Чумакбек деген кыргыз болгон. 1680-ж. ченде хан Мекеге жөнөгөн; бул кезде анын жан-жөкөрлөрүнүн көпчүлүгү кыргыздар болгон. Атасы менен касташкан жана ал кеткенден кийин Кашкарияны бир жыл бою бийлеп турган Йолбарсты куугунтуктоого ал 200 кыргызды жиберген. 1680-жылдардагы жаңы тополоңдун учурунда кыргыздар Кашкарды басып алышкан, бир аз убакытка Яркендди да ээлеп турушкан, бирок кийин андан кетүүгө аргасыз болушкан. Аны кайра ээлеп алууга жасаган алардын аракеттери ордунан чыккан эмес. Көп өтпөй Кашкариядагы жана дегеле Орто Азиядагы үстөмдүк калмактарга (ойротторго) өткөн. Калмактардын тарыхында алардын буруттар (калмактар кыргыздарды ушундай аташкан) менен кагылыштары жөнүндө 1683-жылдын күзүндөгү окуяларды баяндаган аңгемеде айтылат. Калмактар кыргыздар менен Енисейде да кездешишкен, XVII кылымдын башында Енисейге орустар келген, мунун натыйжасында Енисей кыргыздары жөнүндө айрым маалыматтарды алабыз, кыргыздардын XIV, XV жана XVI кылымдардагы тагдыры жөнүндө биз билгенден бир дагы тарыхый даректе бир дагы сөз жок.

One Reply to “Василий Бартольд: 16-17-кылымдардагы Тянь-Шань кыргыздары”

  1. Кыргыз элинин тарыхында ислам дини күч менен орнотулганы чындык. Исламдын баскынчылары жазма маданиятыбызды талкалап, өздөрүнүн динин кылычтын мизи менен тааныткандыктан ата-бабаларыбыздан бери динге ашыкча ооп кеткен эл эмеспиз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.