Молдова эл жомогу: Чабан менен боярин

Бир боярин чабанга эки кой берип башка бояринге жеткизип коюуну өтүндү. Эки кой жибергенин жазган кагазын кошо берди. Жолдон чабан бир койду союп сатып жиберди да, жалгыз кой менен калды. Бояринге жалгыз койду жетелеп келди да кагазын кошо берди. Боярин кагазда жазылганды окуп, бир эле койду көрүп, чабандан сурады: — Кой кайда, чабан? — Мынакей кой, барин, —  деп жооп берет. — Бул эмес берки кой кана? — Берки кой ушул. — Ай чабан, мен мунун жанындагысын сурап атам. — […]

Президент кол койгон ар бир мыйзамда ондогон, жүздөгөн каталар орун алууда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А. Жумабековго Урматтуу Дастанбек Артисбекович! Быйыл мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл болот. Чейрек кылымдан ашык убакыттын ичинде бул мыйзам талаптагыдай жүзөгө ашырылбай, анын абдан маанилүү ченемдеринин аткарылышы улам кийинкиге калтырылып келди. Мамлекеттик тилибиз улам бир тоскоолдуктарга учурап, кыргыз эли күткөндөй өсүп, өнүкпөй жатканы – факт. Анын мындай абалга дуушар болгонуна, албетте,  мамлекеттик бийлик бутактарынын башында тургандар дагы түздөн-түз тиешеси бар экени талашсыз. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын […]

Уильям Жейкобс: Үй-бүлѳгѳ кам кѳрүү (конкурска №16)

АҢГЕМЕ Соода токтоп калганынан пайдаланып, бир фунттук шекерди пакеттерге таразага тартып жаткан Жерншо мырза колдорун ушалап, жаңы эле дүкѳнгѳ кирген бою узун, күнгѳ күйгѳн мырзанын буйрутмасын күтүп калды. Бырыштарга баткан кѳк кѳздѳрүнѳн улам кырк жаштардагы жакшы сакталган киши экен деп ойлоду. — Харри сенсиңби! –Жерншо кыйкырып жиберди. – Харри Баррет! — Ооба, менмин! – деди тигиниси кучагын жайып. Толкунданган Жерншо кол алышып, дүкѳндүн аркасындагы чакан конок бѳлмѳгѳ жолдоду. — Он беш жыл, – Баррет отургучка отуруп атып айтты, – баары […]

Айсулуу Мусабекова: Айырмасын билбей адал-арамдын (конкурска)

ЭНЕ ТИЛДИН АРМАНЫ! Мен көргөндү сен көрбөдүң кыргызым. мына бүгүн жанып турат жылдызың. Ата-бабаң сүйлөп келсе аздектеп, бүгүн мени унутууда уул-кызың. Кээде туруп мен өзүмө капамын, Өз жеримде аздектелбей жатамын. Кыйын кезге, улуту жок калтырбай, кыргызымды сактап келе жатамын. Кытай, чет тил жана түрк, орусун мекениме кенен жайды конушун. Капаланам бирок мейли деп коём, башка тилде чыгып жатса добушуң. Көргүм келди кыдырып мен дүйнөнү, кызыгышып миңдин бири сүйлөдү. Алсыз болдум таканчыктап тура албай, Ар кимиси өз тилине ийледи. Өсүп-өнүп жайгым […]

Унсуралмаали Кайкавус: Кабуснаме (Акылмандыктын кенчи)

<<<<< Башы ДАРЫЛОО ИЛИМИНИН ТАРТИБИ Уулум, билгин, кокус дарыгер болсоң, дарылоонун негиздерин теориялык жана практикалык жактан жакшылап үйрөн, тулку бойдо анын табиятына таандык жана табиятына жат эмнелер болорун бил. Денеде табигый үч нерсе бар: Анын биринчиси, тулку бойду туруктуу жана бекем кылат, экинчиси, тулку бойдун туруктуулугунан жана бекемдигинен келип чыгат, үчүнчүсү, денени бир абалдан экинчи абалга өтүүгө мажбурлайт. Эмне денеге табияттынан жат болсо, денеге өз аракети менен же түздөн түз, же кыйыр таасир этет, өзү да дене үчүн зыяндуу болот. […]

Казат Акматов: Тоо бөксөрбөйт

1975-жылы Түкөмдүн Т.Усубалиевге жазган арызы боюнча “Көк асаба” романы КП БКнын атайын түзүлгөн комиссиясында талкууга алынып калды. Комиссия башчысы, КП БКнын үчүнчү катчысы К.Кулматов, токтом жазып отура турган комиссиянын жооптуу катчысы, КП БКнын инструктору мен элем. Романды китеп кылып чыгаруу же чыгарбоо жагдайындагы алгач маалыматты Жазуучулар союзунун ал кездеги биринчи катчысы Теңдик Аскаров жасап, жыйынтыгында “Көк асаба” кыргыздын Енисей тарыхын илимий негизсиз ашыра чаап мактаган, согушту даңазалаган чыгарма. Китеп кылып басууга болбойт”- деген бүтүм берди. Андан соң К.Кулматов комиссия мүчөлөрүнө […]