Олжобай Шакир: Ажонун саясый эрки

“Эл – бул талаадагы чөп, падыша болсо – шамал: шамал кайда ыргаса, чөп ошол жакка жапырылат”. Конфуций Эң жаманы олку-солкулук эмеспи. Болгондо да өлкө тагдырын чече турган ажонун учурдагы саясый эркинин бошоңдугу. Тарыхый мүмкүнчүлүгү колунда турса да аны пайдаланууга эрки жетпей, чечкиндүү кадам шилтөөдөн кылчактап, өлкө тагдыры үчүн батылдык мүнөзүн көрсөтө албай турганы кейиштүү. Убакыт-мезгил кечеңдикти кечирбейт. Оомат – оома… Агер ала кушту атынан атасак, Сооронбай Шариповичтин буга чейинки саясый сапарындагы тажрыйбасынан карасак деле; сүрмө топ көпчүлүктөн алдыга суурулуп чыгып, […]

Моңгол эл жомогу: Шайтан менен адам

Жолдо аял менен эркек келатса шайтан жолугуп калат. — Салам, адам баласы. Катыныңды ээрчитип каякка? – деп салам айтып алик албай эле сурап турат шайтан акең. Анын бул жосуну адамдын кыжырын келтирет, анткени жанындагы аялга анын бул орой сөзү катуу тийген эле. — Арам шайтан! Эмне деп былжырап турасың? Бул мага эч кандай аял эмес! — Анда бул аял сага ким анда? — Тууганым болот. — Кандайча тууган, түшүндүрчү? Тууган деген ким болот билбейт экенмин. — Андай болсо угуп тур, […]

Валерий Карышев: Александр Солоник – мафиянын киллери

1-2-главалары>>>> 3-4-главалары>>>> 5-6-7-главалары>>>> 8-9-главалар>>>> 10-глава Кгбышник куратор кол алдындагы адамдын ишине абдан ыраазы эле. Мунусу Солониктин айткандарын кунт коюп угуп отуруп, ыраазы боло жылмайганынан көрүнүп турду. — Так мына ушул жерден кененирек айтып берсеңиз, Титенков менен Гавриловдун сары изине кантип түштүңүз? Саша жооп бергенге ашыкпады, шашпай терезеге басып келди да парданы ачып, ылдый карап койду. Керек болсо күтө турат деди ичинен. Анткени кудуреттүү сезилген бул адамды өз эркине багындырганга каалоосу бар эле, ансыз да ал Сашаны тизелетип, анын калган өмүрүн […]

Иосиф Сталин – эл ичинде карама-каршы пикирлерди жараткан улуу инсан

Ал жөнүндө эмнелер гана айтылып келбейт. Бири көкөлөтүп мактаса, экинчиси шилекейи кургагыча каргайт. Улуу адамдын тегерегинде ар дайым ар түрдүү уламыштар, ойдон чыгарылган окуялар, чыныгы болгон нерселер менен аралашып жүрүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Төмөндө кээси документтер аркылуу далилденген, кээ бири аны көрүп-билип чогуу жүрүшкөн  замандаштарынын оозунан жазылып алынган, айрымдары кошмолонуп кооздолгон Сталиндин жашоосунан алынган кызыктуу окуяларды сунуш кылабыз. Сталиндин тамашалары Британдык жазуучу жана физик Чарльз Перси Сноу архивтер менен иштегенден кийин Сталин жөнүндө мындай бир кызык оюн билдириптир: «Ал өз […]

Владимир Крупин: Капты ташта! (конкурска №17)

АҢГЕМЕ Кыз кезимде аябай күчтүү элем, балдар менен кошо жүк түшүрчүмүн. Атам мени аячу, бирок анын аянычын үйдө тамак деп сукулдап отурган он ооз басып кетчү. Бир жолу биржада картөшкө жүктөгөнүбүз такыр эсимден кетпейт. Түшкө маал жүктөп баштаганбыз, кечинде буттарым тартпай калды. Жигиттер мага кичирээк каптарды бергенге аракет кылышса да, баары бир суй жыгылганча чарчадым. Кечке жаан жаап, чоло жерим калбай суу болдум, титиреп үшүп, ушундай турмушту ичимден каргап-шиледим. Кечке жуук жамгыр басылды. Салмактуу капты көтөрүп баратсам атам (ал дагы […]