Ал жөнүндө эмнелер гана айтылып келбейт. Бири көкөлөтүп мактаса, экинчиси шилекейи кургагыча каргайт. Улуу адамдын тегерегинде ар дайым ар түрдүү уламыштар, ойдон чыгарылган окуялар, чыныгы болгон нерселер менен аралашып жүрүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Төмөндө кээси документтер аркылуу далилденген, кээ бири аны көрүп-билип чогуу жүрүшкөн  замандаштарынын оозунан жазылып алынган, айрымдары кошмолонуп кооздолгон Сталиндин жашоосунан алынган кызыктуу окуяларды сунуш кылабыз.

Сталиндин тамашалары

Британдык жазуучу жана физик Чарльз Перси Сноу архивтер менен иштегенден кийин Сталин жөнүндө мындай бир кызык оюн билдириптир: «Ал өз заманында жашаган мамлекеттик ишмерлердин кимисинен болсун, билим деңгээли бийик болуптур. Аны англис юморунун үлгүсү десек да болот».

Иш-чара

Бир жолу Сталиндин чакыруусу менен СССР жазуучулар Союзунун төрагасы Фадеевдин ордуна анын жардамчысы Тихонов келет.

— Фадеев өзү кайда? — деп сурайт Сталин.

— Жолдош Фадеев аңчылыкка кеткен боюнча келе элек болчу.

— Бизде Николай Шверник да аңчылыкты жакшы көрөт. Бирок ал алтынчы күнү кетип, дем алышта башын жазып, биринчи күнү жумушка чыгат.

Экинчи жолку “аңчылыктан” кийин Сталин Фадеевден кайда жоголуп жүрөсүң деп сурайт.

— Ичип жаттым, — деп жооп берет тиги да большевиктик ачыктыгы менен жаап-жашырбай.

— Канча күнгө чейин ичесиң?

— Он күнгө барат, жолдош Сталин.

— А сиз коммунист катары бул иш-чараны үч-төрт күнгө чейин кыскарта аласызбы?

Эмнеден баштоо керек?

Согушка чейинки тарыхый-революциялык окуялар жөнүндө тартылып жаткан фильмде Сталиндин ролун аткарып жаткан артист Михаил Геловани, Сталиндин Риц көлүндөгү дачасында жашоосуна уруксат сурайт. Ал жөнүндө Сталинге билдиришкенде:

— А эмне үчүн Геловани Рицте жашагысы келип жатыптыр?— деп сурайт.

— Сиздин образга мыктылап киргизи келет экен.

— Андай болсо Туруханскийдеги сүргүндөн баштасын, – деген экен.

Сөгүш

Согуштун алдыңкы жылдарында жумуштан 20 мүнөт ашык кечиккендерди жазалоо тууралуу токтом чыгат. Ал указ чыккандын эртеси МХАТ театрынын артисти Василий Качалов жумушка 1 саат кечигип келет. Театрда ызы-чуу түшүшүп, театрдын башчысы жазуу түрүндө Сталинге билдирүү жасайт. Ал жактан Сталиндин колу менен мындай жооп келиптир: “СССРдин эл артисти Василий Качаловко СССР Жогорку Кеңешинин Токтомун өз убагында жеткирип, түшүндүрбөгөндүгү үчүн МХАТ театрынын башчысына сөгүш жарыялансын.”

Сталин жана Засядько

Бир жолу көмүр өнөр жай министрининин кызматына шахталардын биринин жетекчиси Засядько деген адам сунушталат. Бирок анын каршылаштары ал аракты көп ичерин айтышып, бул милдетти аткаралбайт деген пикирлерин билдиришет.

Сталин Засядькону өзүнө чакыртат.

— Ичесизби? – дейт ал шахатанын башчысына, бир аз сүйлөшүп олтургандан кийин столдун үстүнө бир бөтөлкө аракты алып чыгып.

— Эмне үчүн болбосун. Сиздин ден-соолугуңуз үчүн жолдош Сталин! – деп бир стаканды толтура куюп туруп алып жиберет.

Бир аз убакыттан кийин Сталин “кайталоону” сунуш кылат. Бул жолу да эч тартынбастан экинчи стаканды толтура куюп, бир тамчысын калтырбай алып жиберет.

Анын ар бир кыймылын көз жаздымынан кетирбей байкап олтурган Сталин ага үчүнчү жолу кайталоону сунуш кылат. Бул жолу шахтер стаканды четке  жылдырып, сылык жооп берет:

— Болду, рахмат, Засядько өз чегин билет.

Бул аңгемелешүүдөн кийин, кеңешмеде министрдин кызматына дайындоо тууралуу маселе көтөрүлүп, кандидаттын арак ичээри тууралуу айып сөздөр кайрадан айтыла баштаганда Иосиф Виссарионович мындай дептир:

— Засядько өз чегин билет.

Ошондон кийин ал киши көп жылдар бою СССР көмүр өнөр жайын ийгиликтүү башкарыптыр.

Баарын алдаптыр

Башка өкүмдарлардай эле Сталинди да узак жашоо маселеси кызыктырган. Академик А.А. Богомолец, ушул маселе боюнча көп изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимге чоң салым кошууну убада кылган экен. Анысы аз келгенсип ал адамга 120 жылдан кем эмес өмүр берилген деп жарыялап жиберет. Кыскасы, көрүнүктүү окумуштуунун илимий ачылышынан үмүт кылышып, жол башчынын колдоосу менен анын изилдөөлөрү үчүн бир институт ачып беришет. Бирок Богомолец 65 жашында өлүп калат.

— Баарыбызды алдап кетти! – дептир узак жашоонун адиси өлгөнүн уккан Сталин.

Чөктүрүш керек

Улуу Ата Мекендик согуштан жеңгенден кийин жолдош Сталин Черчилль менен немистердин флотун эмне кылуу керектиги жөнүндө талкуулашат. Иосиф Виссарионович аны жеңген өлкөлөрдү бөлүп алалык деген сунуш киргизет, ал эми англис башчысы аны деңизге чөктүрүп жиберүү керек деген оюн катуу карманат десе,

— Өзүңөрдүн бөлүгүңөрдү чөктүрө бергиле, – деп кесе айткан экен Сталин.

Эки жолу

Сталин тамашалаганды жакшы көргөнү тарыхта жакшы белгилүү. Болгондо да ал курч тамашаларын элдик массанын ой жорууларынан эмес, реалдуу турмуштан алганын анын элдешкис душмандары да моюнга алышкан.

Кыскасы, 30-жылдары эгин төгүү планын сезилерлик санга көбөйтүү маселеси кабыргасынан коюлат. Областардын биринин жетекчиси өз оюн курч айтылган тамаша менен түшүндүрүп, планды азырак алуунун амалын жасайт:

— Жолдош Сталин, өзүңүз билесиз, француздар айтышат ко, эң сулуу аял да өзүндө болгон нерседен ашык бере албайт эмеспи.

— Бирок ал эки жолу бере алат, – дептир жол башчы.

Болгону болгондой

Сталин Көркөм театрга барып, улуу режиссёр Станиславский менен биринчи жолу кантип жолугушкандарын аңыз кылып айтып жүрүшөт. Бир аз толкунданып алган режиссёр жол башчыга колун сунуп, өзүнүн чыныгы фамилиясын айтып таанышат:

— Алексеев.

— Джугашвили, – деп жооп бериптир Сталин, анын колун кыса кармап.

Кимди алабыз

Глинканын «Иван Сусанин» операсы коюуга даяр болуп, аны  Большаков башында турган комиссия кабыл алат. Комиссия операнын  “Даңкка бөлөн, орус эли” деген саптары бар финалын “эски нерселер” жыттанып жатат деп алып салууну чечишет.

Бул жөнүндө билип калган Сталин мындай дептир:

— Туура, биз алабыз, бирок финалды эмес, Большаковду, финалды болсо калтырабыз.

Аялдама

Сталин өз өмүрүндө көп эле кинофильмдерди көргөн. Ал убакта кинону көбүн эсе өлкөнүн жетекчилери көрүп, карапайым элге жеткиликтүү эмес эле. 1939-жылы «Поезд чыгышка барат» атту кинонун бет ачары болуп, ага Сталин да катышып олтурат. Кино аябай начар, зериктирме болуп чыгыптыр. Сюжет боюнча поезд токтоп калат.

— Бул кайсы станция? – деп сурайт Сталин жанында олтурган өзү менен чогуу жогорку чиндеги көрүүчүлөрдөн.

— Никитовка.

— Мен ушул станциядан эле түшөт окшоймун, – деп олтурган ордунан туруп, залдан чыгып кетиптир.

Родина  канча турат?

Легендарлуу советтик автомобилди кабыл алып жаткан комиссия бир добуштан аны «Родина» деп атоону чечет. Бул жөнүндө Сталинге айтышканда Сталин суроо бериптир: «Ошондо Родинабыз канча сомго сатылат?» Ошол эле замат машинаны «Победа» деп аташкан экен.

Полковник

Сталиндин майдачыл адамдарды жактырбай мамиле кылганы талашсыз чындык болгон. Ал өзү да  бир эле кителин бир нече жыл алмашпай кийип жүргөн. Бул жагынан ал император Веспасианга окшош эле.

Бир жолу генерал-полковник башкы командачыга өзүнө тапшырылган иштер боюнча кенен баяндама жасайт. Ал сөзүн бүтүп, буйдала калганын    байкаган Сталин андан сурайт:

— Сиз дагы бир нерсе айтайын дедиңиз беле?

Бир аз толкунданган генерал тез-тез сүйлөй баштайт:

— Ооба, жолдош Сталин. Мен Германиядан өзүмдү кызыктырган бир нече буюмдарды алып келаттым эле, бирок текшерүү пунктунда ал буюмдарды алып коюшту. Мүмкүн болсо ошол буюмдарды кайтарып берилсин деп көрсөтмө берип коёсузбу.

— Рапорт жазыңыз, — деди  кабагы бүркөлө түшкөн жол башчы, — мен резолюция коюп берейин.

Рапорт жазылып, ага кол койдуруп алган генерал Иосифа Виссарионовичке ыраазылыгын билдирип жатты. Бирок: «Полковниктин ыпыр-сыпырын кайтарып бергиле» дегенин окуган генерал ага кайрылып: “Кечириңиз жолдош Сталин, бул жерде ката кетип калыптыр. Мен полковник эмес, генерал-полковникмин да”.

— Ал жерде баары туура жазылган, жолдош полковник, – деп кесе айткан экен Сталин.

Алардан башка жок

Советтик жазуучулардын ишмердигине байланыштуу иштерди көзөмөлдөгөн органдын жетекчиси Поликарпов деген киши жазуучулар башаламан жашоо өткөзүп, көп ичишерин, дегеле советтик коомго жат адаттарды көп жасашарын айтып даттаныптыр.

Аны уккан Сталин:

— Жолдош Поликарповго мен башка жазуучуларды таап бере албайм, ал эми жазуучуларга башка Поликарповду таап бере алабыз.

Каңшаар

1936 г. Капиталисттик батышта Сталин катуу оорудан кийин каза болуптур деген каңшаар тарайт. Ал каңшаардын чын-төгүнүн билүү үчүн белгилүү журналист Чарльз Ниттер өзү келет. Ал бул маалыматты тактап беришин өтүнүп Кремлге кайрылат. Сталин ушул сыяктуу кайрылууларга өмүрүндө көп эле жооп берген экен. Бул жолу да ал көпкө күттүрбөй төмөндөгү мазмундагы жооп жазыптыр:

«Урматтуу өкүмдар! Мага жеткен маалыматка караганда, чет элдик прессада менин бул жалган дүйнөнү эчак эле таштап, тиги дүйнөдөн орун алганымды жазып жатышыптыр. Эгерде сиз, бийик цивилизациялуу адамдардын тизмесинен чыгып калууну каалабасаңыз, анда чет элдик прессага ишенбей коюуга болбой турганын билсеңиз керек, ошондуктан ал маалыматка ишениңиз жана менин одүйнөдө тынч жатышыма тоскоол болбоңуз.

26-октябрь 1936. Урматым менен И. Сталин

Жазып жаткандыр

С. Злобин «Степан Разин» деген романын жазып бүткөндө аны Сталиндик сыйлыкка көрсөтүшөт. Сталин Фадеевден эмне себептен анын кандитатурасын колдобой жатканына кызыгат.

— Жолдош Сталин, — деп жооп берет ал, — Злобина коомдук турмушка катышпайт, биз өткөзгөн иш-чаралардын бирине да келбейт.

— Балким ал ошол убактарда жазып жүрбөсүн? – дептир Иосиф Виссарионович.

Өзүңүз жакшы билесиз да

Акын Мандельштам камакка алынып сүргүнгө айдалганда Борис Пастернактын үйүнө телефон чалышат. Ага азыр аны менен жолдош Сталин сүйлөшөт деген үн угулат телефондон.

— Бул жолдош Пастернакпы? – белгилүү акцент менен берилген суроо угулду.

— Ооба, жолдош Сталин, – деп калтаарый түштү Борис Леонидович.

— Мандельштам жөнүндө кандай оюңуз бар? Аны эмне кылсак болот?

— Аны өзүңүз жакшы билесиз да, жолдош Сталин, – деди калтаарыганын билдирбеске тырышкан Пастернак.

— Өз убагында биз досторубузду кантип коргошту жакшы билчүбүз, – деди да Иосиф Виссарионович телефонду коюп салды.

Осип Мандельштам ошол бойдон түрмөдөн чыкпай өлөт. Б.Пастернак өмүрүнүн акырына чейин анын өлүмүнө өзүн күнөөлөп жүрүп өтүптүр.

Ал жакшы билет

Ждановдун жакшы көргөн композитору Голубевди Сталиндик сыйлыкка көрсөтүшкөндө, ал сыйлыктын тагдыры чечилип калгандай болот.

Чындыгында эле комиссия мүчөлөрү добуш беришкенде Голубевге биринчи даражадагы Сталиндик сыйлык ыйгарылсын деп чечим чыгарышат.

Качан ал чечимди бекитиш үчүн Сталинге алып келишкенде ал бир өзгөчөлөнгөн нерсеге көңүл буруптур.

— Голубев… бардыгы «Макул», бирөө «Каршы». А каршы болгон ким? – деп кызыкты жол башчы.

— Композитор Шостакович.

— Демек, ал жакшы билет, музыканы ал бизден жакшы түшүнөт, — дейт да, Шостаковичти жакшы тааныган Сталин Голубевдин фамилиясын чийип салыптыр.

Ичибиз күйөт да

Армиянын генералы Черняховскийге (башка маалымат боюнча Рокоссовскийге) кимдир-бирөө аны каралаган маалыматтарды чогултуп, ал маалыматтар Сталинге чейин жетет. Ал арызда көбүнчө генералдын аялдарга көп барганына басым жасалыптыр.

— Эмне кылабыз, жолдош Сталин? – деп сурайт генералиссимустан Василевский.

— Эмне кылабыз,эмне кылабыз… – дейт Сталин. – Ичибиз күйгөндөн башка эмне кылмак элек.

Кимден коркосуң

Бир жолу Москвага жаш чагында Тифилистеги семинарийде Иосиф Джугашвили менен окуган дин кызматкери келет. Бир кездеги чогуу окуган курбусу, азыркы өлкө башчысынын чакыруусун алып, ага жолугушууга эмне кийим менен барсам деп кеңеш сурайт: диний кийим менен барганым туурабы же жөнөкөй адамдардай кийинсем туурабы?

Ага кадимки адамдардай эле кийинип барыңыз деп кеңеш беришет.

Сталин аны жакшы маанай менен тосуп алат. Учурашкандан кийин тигинин кийимин кармалап, тамашалаптыр:

— Кудайдан коркпой, менден корктуңбу?

Өрттөп жибергиле

Сиздердин алдыңыздарга 1938-жылдын 16-февралында Бүткүл Союздук Лениндик Комсомолдор Союзунун Борбордук Комитетинин Балдар басмасы басууга даярдалып жаткан “Сталиндин бала чагы жөнүндө” деген китебине карата И. В. Сталиндин пикирин билдирип жазган катын сөзмө-сөз келтиребиз.

Мен “Сталиндин бала чагы жөнүндө” деген китептин басылып чыгышына чечкиндүү түрдө каршымын. Китеп үстүртөдөн алынган, бурмаланган маалыматтарга, көбүртүп-жабыртып мактоолорго толуптур. Авторду жомокчулар, жалганчылар (балким, “жаман ойсуз” калп айткандар) менен кошоматчылар оң жолдон чыгарыптыр.

Автордун эмгеги бекерге кеткени өкүндүрөт, бирок факт деген факт. Бирок бул башкысы эмес. Башкысы – китеп советтик балдардын (дегеле жалпы адамдардын) акыл-эсинде жол башчыларды жаңылганды билбеген баатыр кылып, жеке адамга сыйынуу тенденциясынын тамыр алышына жол берет. Бул коркунучтуу жана зыяндуу көрүнүш. “Баатырлар” жана “Сүрмө топ” теориясы большевиктерге тиешелүү эмес, бул эсерлердин теориясы.

“Баатырлар сүрмө топту элге айландырышат”— дешет эсерлер.

“Баатырларды эл жаратат”- деп жооп беришет эсерлерге большевиктер.

Ушул сыяктуу китептер биздин большевиктердин жалпы ишине зыян келтирет.

Китепти өрттөп жибергиле деп кеңеш берем.

И. Сталин

Тарых шамалы

В. М. Молотов менен А. Е. Головановдун айтымында, 1943-жылы Сталин мындай деген экен:

— Мен өлгөндөн кийин мүрзөмдүн үстүнө какыр-чикир, таштандыларды толтурушарын билем, бирок тарыхтын шамалы аны эч бир аябай күкүмүн калтырбай учуруп кетет.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.