1-2-главалары>>>>

3-4-главалары>>>>

5-6-7-главалары>>>>

8-9-главалар>>>>

10-глава

Кгбышник куратор кол алдындагы адамдын ишине абдан ыраазы эле. Мунусу Солониктин айткандарын кунт коюп угуп отуруп, ыраазы боло жылмайганынан көрүнүп турду.

— Так мына ушул жерден кененирек айтып берсеңиз, Титенков менен Гавриловдун сары изине кантип түштүңүз?

Саша жооп бергенге ашыкпады, шашпай терезеге басып келди да парданы ачып, ылдый карап койду. Керек болсо күтө турат деди ичинен. Анткени кудуреттүү сезилген бул адамды өз эркине багындырганга каалоосу бар эле, ансыз да ал Сашаны тизелетип, анын калган өмүрүн бүт баш ийдирип, сценарий жазгандай жазып койбодубу, эми бир аз күтүп тургандан өлүп кетпес.

— Сизди угуп жатам Александр Сергеевич, — эстетти куратор дагы бир жолу.

— Баары жөпжөнөкөй эле болду, — ага бурула жооп берди Саша. – Адегенде Ржавыйдын Никита аттуу баласы менен сүйлөштүм. Мага Тюменден аман-сооңдо чыгып кет дешти. Артыман аңдышабы дегем, вокзалга барып Курганга билет алдым да биринчи эле станциядан түшүп кеттим, байкасам артыман аңдыган киши жок экен…

— Анан, — деди куратор кызыга.

— Станциядан кайра Тюменге кайтып бардым да Космонавттар көчөсүндөгү запастык батириме көчүп өттүм. Эртеси Титенковдун артынан түшүп, качан, ким менен кайда барарын толугу менен аныктап алдым. Аны жансакчысы Кубик дегени тартып жүрөт экен, машинеден түшүрүп коюп эле кайра кетет экен, эч убакта Ржавыйды батиринин эшигине чейин узатып барбасын билдим. Калганын сиз жакшы билесиз.

Башка суроом жок дегендей баш ийкеди да:

— А Гавриловдун эсебин кантип таптыңыз?- деп кызыга сурады.

Саша аны карап муну түшүндү: аны кечеки опурталдуу иште чын эле калкалашканбы жокпу, азыр билсе болот. Аңгеме айтып жатып бир жерден атайын кенедей так эместикти кошуп айтат, ошондо тигинин реакциясына карап эле баарын билип койсо болот…

— Гавриловго келсек, — деп улантты бир аз тыныгуудан кийин Солоник. – бул жерде да баары эсептелген. Тюмендеги криминалдык карым-катышты мен деле жакшы билчүмүн. Титенков менен Гавриланын мамилесинин суук экенин өзүңүз деле айтпадыңыз беле. Шек жок, Ржавыйдын өлүмү анын бирден бир каршылашкан касы Гаврила колдуу болду катары кабыл алынды. Жетим калган Титенковдун балдары андан өч алууга милдеттүү болчу. Анткени алардын паханын элди каратып туруп көзүн тазалап атышса мындан өткөн кордук барбы аларга? Ошондуктан куула турган кун да эл көзүнчө болушу шарт эле.  «Беспределщиктин» өлүмү андай болбосо анда өч алуунун деги кандай мааниси бар?

Гаврила шаардагы жападан жалгыз «Корона» казиносунда эс алганды жакшы көрчү экен. Казинонун схемасы менде бар болчу. Ишти аткаруу анчалык татаал болгон жок, кирдим, көрдүм, анан…- киллер ушул жерден сөөмөйүн алдыга суна ишара кылып калды. Анан кураторго карады да абайлагандай акырын кошуп койду:

— Гаврила мени көргөн да жок, өлөрүнүн алдынан ал кайсы бир кыз менен сүйлөшүп турган.

— Баары туптуура, — көңүлү жай коштоду куратор кгыбшник анын аңгемесин угуп болуп. – Чынында сиз Александр Сергеевич, өлөрүнүн алдынан Геннадий Евгеньевич (эмнегедир кримавторитетти ушинтип атады куратор) эмне менен алектенгенин бир аз байкабай калыпсыз, башына үч ок жээр алдынан ал карта ойноп аткан. Жолдуулугун айтпайсызбы, Гавриловго Блэк Джек үч жетилик ачылып бербедиби…

Куратор кол алдындагы бул кишиге жылмая карап турду. Мунусу: сенин эмнеликтен бир жерден так эмес айтканыңды мен жакшы билип турам, же мени айттыргың келип турабы дегени эле. Жакшы, мен сага бир эки ашыкча мүнөт коротсом коротормун, андан бир жерим кемип калбайт. Анүстүнө мамлекет мага бул иш үчүн акча төлөп атпайбы. Бирок сени бизди текшербе, анын кереги жок… Мына ушундай ойлор сыдырылды куратордун башынан.

Ооба, Алматыдагы жанагы лагерде ага калп айтышпаптыр. Чын эле аны калкалап, көрсөтпөй башкарып турушкан экен. Бирдеме болуп жолу болбой калса аны сактап калышмак тура…

— Эмне дейли, алгачкы сыноодон сиз мыкты деген баа менен өттүңүз, — жыйынтыктады куратор тамекисин күл түшүргүчкө баса өчүрүп. – Эми башка иштер туурасында сүйлөшөлү. Эс алгандай болдуңуз окшойт, эми сизди башка жакка жөнөтүү керек деп ойлойм.

— Кайда?

— Москвага, — деген жооп айтылды. – Эми мени жакшылап угуп туруңуз…

Эртеси эле Солоник поездге отуруп жол тартып чыкты.

Терезени телмире тиктеп отуруп санаасы санга бөлүнөт. Тетиги сырттагы чексиз орус мейкиндиктеринде таптакыр башкача жашоо кайнап атканы, андай жашоодон Сашанын кеткени качан, эми ага кайрылып да бара албас… Ал жакта турмуштун казаны кайнап, адамдар сүйүшүп, кубанып, капаланып, жакындарына кабатыр болуп жатышкандыр…

Алардыкындай жашоо эми анда болбойт.

Сүйө турган кими бар? Күн сайын бир түнөгөнгө алып кетчү баланын жалаягын алмаштыргандай улам бирине секирген жалаптарды сүйөбү… Кубанары, кайгырары эмне… Таянары, эш тутары ким…

Ал эми бул кең ааламдар жападан жалгыз, ал – мамлекеттин кызматындагы айдактаган жагына барбаска аргасы жок ит, жашыруун, бетпак кызмат аткарган бир шордуу…

КГБнын чеберлери анын баш сөөгүн ачып мээсин алып чыгып, анын ордуна кыйтыр бир механизмди орнотуп салышкан. Мээси менен Саша жан дүйнөсүнөн да ажырады, акыркы кездерде кайда барбасын, эмне кылбасын, көөдөнүндө каңгыраган боштукту дайыма сезчү болду.

Минтип ойлонуп келатканда поезд чаканыраак бекетке токтоп туруп калды да, купеге бою бастек бейтаныш жолоочу кирип келди. Үстүндө кымбат, бирок табити жок тандалган кийими бар, корулдап сүйлөгөнү ишенимдүү, отуруп турганынан жасалма мартабалуулук байкалып турат. Кербезденген кебетесине караганда майдараак бир ишкер өңдөнөт. Болгон иши Москвага кетип баратат, ал жактагы чоң базардан жарыбаган бирдемелерди алат да анан апкелип райборбордогу дүкөнүнөн сатат чыгар, башка кылган иши эмне, ошол эле да.

Жолоочу андан бирдемелерди сурагандай болду, Саша жүүнү бош жооп берип, аны менен сүйлөшкөнгө куштар эместигин көрсөттү. Бирок ошол эле убакта аны кунт коюу менен тиктеди.

Карачудай деле көркү жок экен, мойну жоон, шымынын илгичинен бир азы салаңдап турган курсагы бар, таз башында калган сейрек чачын аспеттеп тарап алыптыр, курагы кырктардын чамасында го кыязы, кышылдап-бышылдап алганына караганда саламаттыгы деле анча эместей.

Кызык, мына ушу кишини атып өлтүргөнгө буйрутма алса кандай болор эле?

Титенковдой кылып подъездден атып салар беле?

Же ваннага чөктүрөр беле?

Ээн жерден оор машине менен тебелеп кетеби?

Сашанын көздөрүндө кадимки жырткычтай кызыгуу пайда болду. Жок, муну ок коротуп атып олтурганга арзыбайт, тапанча менен атуу болсо чымынды гранатамёт менен аткандай эле кеп…

Мындай немени табыгий өлүмү менен өлдү дегенге эле жеткире салыш оңой болор эле. Мисалы, жүрөгү кармап же катуу инсульт болсо жарашмак. Же кадимки эле көчө мушташында хулигандардын колунан мерт кеткени оң эмеспи.

Саша ага ушунчалык кунт коё карап калган экен, андан тиги да чочуп кетти:

— Сен эмне…- коркконун жашыра кобурады жолшерик.

— Жөн эле, — деген жооп узатты анын кайсы жерине сокку урса ошол замат тынчырын да көз жаздымда калтырбаган киллер.

Терезенин сыртында түн коюуланып, узатуучу аял вагонго чай таратып өттү, көп өтпөй вагондогу жарык өчтү да шыптагы алсыз жарыгы үлдүрөгөн күңүрт чырак гана калды.

Эчак жатып алган Саша гезит окумуш этти, бирок тамгаларды гана көргөнү болбосо анда эмне жазылганына маани берген жок. Акыры гезитти ары таштады да оор күрсүндү. Мындан ары адамдар ага адамдардай болбой калганын түшүндү, алардын ар биринен келечектеги курмандыкты көрүп, аны кантип жантындым кылуунун жолдорун гана ойлоп калат деген эмне шумдук…

Солоник Москвада мурда болгон, бирок тийип-качып эки үч күндөн ашык жүргөн эмес.

Бирок борборго кыска мөөнөткө келген башкача да, мында узакка калам деген ой жашаган таптакыр башка эмеспи.

Борборуң курусун, бир караганга үрөй учурган түштөй көрүндү: кыжылдаган элдин тынымсыз агымы, баары кайдадыр шашканы шашкан, бири бирине карышкырдай заар караган, түртмөлөшкөн эле адамдар. Албетте, Курган менен Тюменде деле адамдар ушундай дечи, бирок ал жакта сөгүнсө да жаман көргөндөн эмес, адатка айланып калган үчүн бирин бири аягандай аярлап сөгүнүшөт.

Мындай айырмачылык көзгө оркоюп көрүнүп туру, Кутузовдогу, Твердеги, Ленин, Жаңы Арбаттагы жылтыраган кымбат баа машинелерден көз тайгылат. Көчөнүн четинен болсо шелпилдеген, эптеп жан баккан карапайым салык төлөөчү калк агылат, бул шордууларда «мерс» минмек тургай, жадагалса метрого түшкөнгө да тыйыны барбы да, жокпу…

Москвада болсо акча деген саман. Солоник кийин түшүнгөндөй, борбордун бардык жаманчылыгы мына ошондон тура.

Жолу болбой калган гыкычыпы жапайы капитализмге кенен жол ачып бергенден соң Москвада доллар миллионерлер дегениң жаандан кийинки козу карындай жайнап чыкты го. Банктардан, трастык компаниялардан, брокерлик кеңсе, чет элдик өкүлчүлүк, биргелешкен ишкана дегендерден баш айланат. Мында кара таман калктын түшүнө да кирбеген, өлкөнүн бардык аймактарынан — приморьелик балыкчылардан, Воркутанын шахталарынан, Урал менен Норильскинин металлургдарынан, Батыш Сибирдин газчылары менен нефтичилеринен келип турган шумдук акчалар айланат болушу керек…

Мында мыйзам деген кайдан иштесин, баштапкы капитал чогултуу менен алек заманда кайсы мыйзам туурасында кеп болушу мүмкүн?

Саша алдын ала даярдалып коюлган батирге кирип жайгашкан күндүн эртеси эле ага шаарды көрсөтүштү. Таң калыштуусу, аны менен жанагы кебетеси серт кгыбшник Москвага кошо келиптир. Эгерде киллерди Айга жиберишсе аны да артынан ошол жакка кетиришмек окшойт.

Адегенде Сашаны ар кайсыл көчөлөр менен тааныштырып алып жүрүштү: мына бул бензин куйчу жерди «долгоптун», башкача айтканда Долгопрудненскинин балдары кармашат, метронун жанындагы чакан базар болсо люберецкиликтердики, мына бул казинону болсо мазуткиндиктер «чичиктерден», чечендерден тартып алышкан. Тетиги жаркырап көрүнгөн Лужники, ири базары да жанында, бул солнцевскилер эзелтен байырлап ээлеп алган жер.

Андан кийин теориялык «сабак» башталды. Куратор кримтөбөлдөр туурасындагы менттердин иштерин түшүндүрмөсү менен окуп жатты: кимдин ким менен кандай мамилеси бар, дымагы кандай, табити, кызыгуулары, чеккен тамекисине, жакшы көргөн арагынын маркасына чейин тактыктап баяндап өттү. Тартып алынган оперативдик тасмалар айландырылып, сүрөттөр көрсөтүлдү. Айрым көңүл сатып алынган менттер жана прокурордук чиндегилер менен салт болуп калган байланышка бурулду, токсонунчу жылдардын башында Москвада алардын дээрлик бардыгы сатылып алынган болчу.

Куратор болгонун болгондой айтып жатты: Башкы прокуратуранын өзгөчө иштер боюнча мына бул тергөөчүсү баумандык кылмыштуу топко сатылган, мына бул СИЗОдо жооптуу иштеген кызматкер подольскилик бандиттердин колунан жем жегенине эки жылдай болуп калды. А мобереки болсо… ооба, ооба, сен да билет экенсиң, апта сайын телевизордон түшпөй бакылдап келатпайбы! – айлык маянасын ореховскилик бандиттердин колунан алган неме.

Уккан сайын көңүлү чөгүп баратты Солониктин. Борбор дегениң жалаң көмүскө структураларга, «крышаларга», «бригадаларга», «общактарга» айланып калган тура. Мунун баарынын как төбөсүндө мыйзамдагы уурулар – россиялык криминалитеттин каймактары, элитасы өкүмүн жүргүзөт экен. Баса, алардын арасы да тынч эмес дейт ушу тапта, эски, непмандык же босяктык муундан чыккан мыйзам уурулары коронациясын акчага сатып алышып, кийинкиле чыга калган «апельсиндерди» көрөргө көзү жок имиш. Түбү непмандардан же босяктардан тараган славяндар кавказдыктарды кысканга аракет кылышат дейт. Токсонунчу жылдардын башында Бутырка абагында отурган грузин мыйзам ууруларынын саны бүткүл Тибилисидегиден да ашып түшүптүр.

Бизнесмендер кайтарымсыз кредиттер жана жасалма финансылык документтер менен банкирлерди уйдан бетер саап атышкан экен, банкирлер болсо карап турбай алар да жолу менен бири бирин жайлап атышса, МММ сыяктуу жалган пирамидалар катардагы кара тамандардын акчасын каратып туруп согуп атышыптыр. Баса, булардын баарын тегиз шылыган бандиттер болсо кудайын тааныбай кеткен ошол МММ кожоюну Сергей Мавроди дегенге гана тие албайт имиш, анткени аны калкалаган «конторанын» өзү дешти.

Ооба, салттуу «бригадалардан» тышкары Москвада дагы бир күч пайда болду: жаңы экономикалык саясаттын арааны жүргөн заманда тышкы жазуусун ФСБга алмаштырган КГБ криминалитетке оппонент гана болбой, атаандаш да болуп чыга келди.

Москвадагы бир жарым миңдей банктардын чейреги «контораны» калкалагыч катары пайдаланып атканда, калганына не дейсиң.

Борбордо эч кимге багынбаган, эмне кыларын алдын ала билип болбогон дагы бир күч – чечендер бар эле, аларды «чехтер» деп да атап коюшат, карамүртөздүгү, ырайымсыздыгы менен таанылган мына ушулар эле. Авторитет дегенди булар уруп да ойночу эмес, аларга албетте, тейпанын аксакалдарынан башкасын айтпаганда, авторитет деген жок болчу.

Мунун баары отузунчу жылдардын башындагы Чикагону элестетип турду. Жапайы капитализмдин үңкүр мыйзамдарына баш ийген, сатылгандын баары акча менен ченелип чечилген, бапыраган, дуулдаган ири бай калаада, иши кылса, алаамат жашоо өкүм сүрүп турду. Эбегейсиз акча чогулган, анан да ал акчалардын басымдуу бөлүгү криминалдык структураларда айлангандыктан опурталы артыкча кырдаал ар кандай учурда тарс жарылып кетиши турган кеп болчу…

— Александр Сергеевич, мүмкүн сизге бул жердеги кырдаал абдан чаташкандай сезилип жаткандыр? – деп суроо узатты куратор таанышуу курсун аяктагандан соң.

Солоник ийнин куушуруп, чекесин тырыштырды…

— Билбейм… Маалымат абдан көп экен, тимеле баш айланат.

Кгыбшник жылмайып койду.

— Коркунучтуу эчтеке жок мында. Бул жерде баардыгы бири бирин жек көрүшөт. Бир авторитет өлчү болсо анын ордун ону ээлегенге жүткүнүп турушат. Демек ар кандай өлүмдү атаандаштарга арта салса болот. Тюменде деле Ржавый менен Гаврила ушундай болбоду беле. Менин оюмду түшүнүп жаткандырсыз?

Аны айтпаса деле Солоник эң сонун түшүнүп турду, анткени мындай акчалар айланган шаарда кантип кан төгүү болбосун…

11-глава

Саша килейген эки кишилик диванда жалгыз жатты, жанындагы экинчи жаздык менен жуурканга караганда азыр эле бул жерден аял туруп кеткендей. Чынында ошондой болчу.

Саша кечээ кечинде буту узун сары чач тотуну кайырмакка илген, кыязы фотомоделмин же манекеншицамын деди окшойт өзү. Алка-шалка кара тер төгүлгөн түн болду экөөнө. Уйку көрбөгөн Саша эми бир гана нерсени – кана уктап алууну каалап турду. Бирок будильниктин шыңгыраганы уктаткан жок, анүстүнө бүгүн аткара турган да иштери көп. Шак тура калып төшөгүн жыйнады да ваннага кирейин десе ал жактан суунун шаркыраганы угулду.

— Наташа, сен дагы көпкө жуунасыңбы? – чыдамы кете эшикти черткилеп сурады Солоник.

— Азыр, азыр, мына…

Көп өтпөй эшик ачыла берди да ичкериден жапжаш кыз чыга келди. Бетине калыңдап чаптаган упа майы жок эле жүрсө алда канча сулуу экен деп койду ичинен.

Жуунуп чыкса Наташа кофе кайнатып күтүп отурган экен. Сашанын адаты – түндө чогуу жаткан жалаптарды эртеси көрөйүн деген көзү жок. Бир жолу алып келип жаткан неме менен эмнени сүйлөшмөк. Апкелди, сокту, моокумун кандырды, тамам, бара гой деп эшикке чыгарып койгондон өтөрү барбы… Ургаачыларың деле мал эмес да, айрымдары муну дароо түшүнүп жолуна түшсө, башкалары көз жашын көлдөтүп дагы бир жолу кезигишкенге суранат, кимдир бирөөлөрүн орой күчкө салып эле батирден кууп чыгууга туура келет.

Наташа болсо тимеле Сашага өткөрүп койгондой келбээрсий сүйлөп койкоюп отурат, анысы менен ого бетер итиркейин келтирди. Анүстүнө тарткан тамекиси Сашанын чекпеген өпкөсүн кычышытырып, ого бетер итатайы кармады.

— Олег, — деди чоюлган сары чач (Саша эч качан өз атын айтып таанышчу эмес), — мени үйгө таштап коёсуңбу?

— Жо, сага таксиге акча берем, — деди Саша улам күчөп келаткан жек көрүүсүн араң тыйып. Кофесин ичти да уктоочу канага кирип кийине баштады.

— Кечээ ошентип убада бербедиң беле.

— Кечирип кой, убактым болбой калды.

— Биз дагы жолугабызбы? Сенин телефонуңду алсам болобу? – кенедей жабышты сары чач.

— Жок!- шарт кести Солоник. – Мен айтпадым беле, батир меники эмес, досумдуку деп.

— Телефончу?

— Телефонум да жок менин.

— Анда мен өзүмдүкүн таштайын…

— Кааласаң таштап кой.

Наташа алчу акчасын алып чыгып кеткенден кийин аны менен кантип таанышканы эсине кылт этти. Шаар көчөсүнөн жапжаңы кымбат машине «Альфа-Ромеосу» менен зуулдатып баратса аялдамада үшүп тоңуп турган кызды көрө калып токтоп, машинесине салып алган. Адегенде аны Борбордук телеграфтын атырабында айланчыктап жүргөн көпөлөктөрдүн бири го деген, бирок сүйлөшө кетип байкаса айылдан келген студент кыз болуп чыкты. Биринчи курста окуйт экен, бирок кебетеси айылдан келгендей болуп турганы менен чоёктоп, өзүн тимеле «крутой» кыз кылып көрсөтүп койгон… Фотомоделмин деп тимеле шумдук кызматта иштегенсип таанышып атпайбы.

Шак эле машинеге түшүп алды. Кымбат ресторанга чакырат ко деп ичинен кымылдап турган кызды батирине алып барарын айтканда, «фотомодель» калп эле кылыктана баш тартымыш этти, бирок машинеден түшүп кеткен жок.

Кечээ күнү кайырмагына иле турган ургаачы фотомоделби, манекеншицабы же сатуучубу, ким экени ага баары бир эле. Апкелди да муздаткычта турган көбүргөн шампандан сыйлап ичирди да, түз эле ваннага айдап кирди…

Наташа орой, ачкөздүк менен айылдыктарчасынан «беришет» экен, иши бүткөндө кубанганынан тимеле тамагын бирөө устара менен кесип жаткансып акыштана кыйкырганын кантесиң. Саша оозун жаздык менен акырын жаап да көрдү, болбой эле бакырат шуркуя. Таң атканча неметсе уйкусу качкан кошуналар чуркап келип ызы-чууну ойда салышмак экен…

Ашканага кирди да кыз телефонун жазып кеткен баракты тытты да, челекке ыргытты.

Сашанын Москвада жашап жатканына төрт айдын жүзү болду. Куратор менен аптасына бир жолу Ленин проспектисиндеги жашыруун батирден кезигишип турду. Сабактар тынымсыз уланды: Москванын криминалдык структураларын үйрөндү, атаандаш «бригадалардын» башчылары, алар көзөмөлдөгөн банкирлер, компаниялар жана фирмалардан өйдө маалымат алып жатты.

Аны анчалык түйшүккө салбай эркине коюшту, борбордун жашоосуна көзү канып, башкысы – өзүн жергиликтүү тургун катары сезсин дешти. Саша аптасына эки жолу спорт залга барып турду, ал жакта атлетизм, сүзүү, кол урушу менен машыгып жүрдү. Күн алыс үч чакырымдык кросско жүрдү. Жадагалса, аяз жыйырмадан ашып кеткен кечээ күнү да кросско чыккан.

Эки аптада бир жолу шаар четиндеги тирге барып куралдын болгон түрүнөн атып машыгып жүрдү. Алар негизинен «ТТ», «ПМ», «зауэр», «таурус», «глок» тапанчалары эле, алардын ичинен айрыкча жакканы он жети заряды бар, батыш мамлекеттеринин полициясы колдоно турган тапанча болду, Саша андан эки колу менен тең атканга машыгып көндү.

Инструктор тирге жаңыдан келе баштаган бул жигитке таң калып жүрдү, анткени ага чейин эч ким мынчалык атып машыккан эмес. Атуу ыкмасы да башкача мыкты, мындайды «македонскийчесинен атуу» деп коюшат. Жетимишинчи жылдардын ортосунда «Кырк төртүнчү жылдын августунда» деген хитке айланган шумдук тасма чыкпадыбы, ошондогу башкы каарман – капитан так ушундай ыкма менен атканды жакшы көргөн неме эле.

«Александр Македонский!» деп угуза айтып калды бир жолу өзүнөн өзү инструктор. Мектептеги тарых китебин, анан өмүрү жеңилүү дегенди билбеген кол башчынын ысмын эске салган бул сөз айкашы Солониктин өзүнө да абдан жакты. Анын «Александр Македонский» деген атактуу каймана аты ошол бойдон жабышат да калат.

Машыгуулардан кийин колу-жолу бош, каалаганын кылат, ал негизинен аялдар. Наташага окшогон ургаачылардын көптүгүнөн баш айланат. Ошондуктан ал кылаң этип кыймылдаган ургаачынын бирин калтырбай четинен кыра берди, бир жолу бир айда канча катынды жайлаарына кызыгып аларды күндөлүк ачып, тизмелеп да жүрдү, кырк элүүдөн ашып кеткен соң жазгандан тажап таштап койду. Чын да, жаткан ургаачылардын саресебин алгандан көрө алар менен жатып кете берген алда канча жагымдуу эмеспи.

Чыны кээде кайсы бири менен жаткандан кийин маңдайындагы ургаачыга башкача кадала тигилип, кокус мына ушуну атып өлтүр деген буйрук болсо, кантип жайлаарын ойлой калчу. Мындай учурларда анын көздөрү кутурган иттикиндей ойноктоп, адамдан башкача болуп кетер эле, муну сезген катындар денеси дүркүрөп, акырын андан алыстап кеткенге шашышчу…

Туруп телевизорду койду. Алып баруучу Россияны мүңкүрөткөн көйгөйлөрдү айтып аткан экен. Уюшкан кылмыштуулук эң башкы маселе аталып, андан ары кайталана берип элди тажаткан баягы эле жалпы сөздөр чубурду.

— ИИМ менен ФСБнын басма сөз борборлорунун өкүлдөрү жакында эле маалымдагандай, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы милдетке айланды, ошондуктан укук коргоо органдары бул күрөшкө болгон күчүн мобилизациялоого жана улам арааны ачылып бараткан бандитизмди, криминалдык элементтерди ооздуктоого жумшоого тийиш, — деп билдирди диктор. – Мындан ары Президенттин жарлыгы боюнча милиция органдары башка күч түзүмдөрү менен биргеликте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен алектенмекчи…

Муну угуп жаткан Саша мыйыгынан мыскыл күлүп койду.

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш, күрөшпө – жөнөкөй каражаттар пайдасыз. Ким ким, бирок маалыматты толук билген Саша муну эң сонун түшүнүп турду. Ошондуктан аны мыйзамсыз каражаттарга үйрөтүп, эми бул жакка, Москвага алып кетип отурушпайбы.

Эми ал киллер экенин Саша толугу менен аңдап сезди.

Ал – желдет, профессионалдуу жаналгыч жана анын кесиби башкалардыкынан эч нерсеси менен кем эмес.

Анын иши деле кадимки бизнес. Кимдир бирөө нефти сатат, бирөө жашылча-жемиш сатат, ал болсо өнөрүн сатат, эмне экен…

Анын чече турган маселеси да опоңой, тимеле мектептин төртүнчү сыныгында өтүлчү арифметика сабагы. Мисалы, Х аттуу кримавторитетке эч ким жакын бара албайт, ал баарын сатып алып койгон. Жансакчылары, куралы бар. Анын сөөкөчтү душманы Ү аргасы кеткенде ага S деген киллерди жиберет. Бул чыныгы атаандаштык күрөштө кимиси жеңет? Болгону мына ушул. Аны даярдаган мекеме андан түк аянган жок, акча деген анда саман боло турган, каалаганыңды сатып ал да, каалагандай ойноп күл.

Чын-чынына келгенде тээ орто кылымдарда деле желдеттин ишине абдан жакшы төлөшкөн, анткени анын желкесинде өмүрү жууса кеткис иблистин мөөрү бар.

Саша кийинип чыга берейин дегенде телефон шыңгырап калды.

— Алло…

Куратор экенин үнүнөн тааныды. Бул таң калыштуу эле, анткени экөө шерттешкен: кураторго Саша гана телефон чалмак, чалганда да көчөдөгү телефондон, анык бир белгиленген маалда чалып турмак.

Демек шашылыш, пландан тыш бирдеме болгон экен да.

Кайра буйрутма бекен? Ошол эле да, андан башка эмне болмок…

— Жолугушуубуз керек, — маалымдады кгбышник. – Бүгүн кечки алтыда, үчүнчү номердеги точкеде.

— Макул.

Машинени от алдырып жатып Саша эртең мененки жаңылыктарды дагы бир жолу эстеди. Демек, күч органдары уюшкан кылмыштуулукка күрөш баштап атышкан экен да. Андай болсо демек, бул күрөштө негизги ролдордун бирин ага, Александр Македонскийге ыйгарышаарында шек жок.

12-глава

Москванын чок ортосундагы эски особняк чакыйган ачык, аяздуу январь күнүндө жомоктогу үйдөй көрүнөт. Бала кездеги уккан жомоктордо мындай үйдө ак көңүл фея же колу март сыйкырчы жашайт, алардан каалагыңды сура, баарын аткара беришет. Бирок бул жерде таптакыр башка сыйкырчылар отурушчу, алар бирөөлөрдүкүн эмес, тескерисинче өз каалаганын башкаларга аткартып көнүшкөн.

Атайын жыйын өткөрүүчү бөлмөдөгү айтыла турган кепти эч ким уга алгыс жана эмне болуп жатканын жан көрө алгыс кыйтыр техника менен жабдылган столдо үч киши отурду.

Негизинен бир эле киши – Координатор сүйлөп, берки эки офицер унчукпай гана угушту.

— Маселенин майда-баратына алаксып отурбайын, акыркы окуяларды жакшы билесиздер, кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратат, — Координатордун кырылдаган үнү өктөм эле. – Өкмөт тарабынан ийгиликтүү башталган экономикалык реформалардын бир жаман жери – бүткүл Россия боюнча бандитизмдин толкунун жаратты. Жетекчилик түзүлгөн кырдаалга абдан кыжырданып турат. Президенттик, парламенттик шайлоолор ана мына башталганы турат, ошондуктан криминогендик кырдаал оппозиция тарабынан негизги күзүр катары пайдаланылышы мүмкүн. Сиздер да мен сыяктуу эле абдан сонун билип турасыздар, бул толкунду кадимки мыйзамдуу ыкмалар менен токтотуп болбойт. Иш жүзүндө «органдардын» курамынан чыгып калган «С» бөлүгү узак мөөнөттөн бери ишсиз калды. Биздин оюбузча мына ушул бөлүк гана кырдаалды түп-тамырынан өзгөртө алат. Муну өзүмө да көп жолу айтышты. Мен ким туурасында айтып жатканымды түшүнүп турсаңыздар керек. Баса, — Координатор офицерлердин бирине кайрылды, — биздин досубуздун ахывалы кандай?

— Мыкты формада, машыгууну улантып жатат, тирге тынымсыз барууда. Башка дублерлор менен эле чогуу.

— Дублерлор демекчи, — кабинеттин кожоюну тартманы тартып, бир нече кагазды сууруп чыкты, алардын бирин үңүлө карап чыкты да анан жылмайып кебин улады. – Ликвидациялана турган кримавторитеттердин баарын бир эле… ким эле ысмы, Солоникпи, ошол жайлоого тийиш эмес. Дублерлорду да ишке салыш керек, бирок алардын баары биздин каарманга гана илине берет. Мындай даражадагы адамдарды жок кылуу абдан чоң чуулганды жаратат. Андай болгон соң эртедир кечтир мунун сыры ачылат, бирок ал биз каалагандай ачылышы керек. Эми талапкерлер туурасында сүйлөшөлү.

Куратор айткан үчүнчү точка шаар четиндеги анчалык чоң эмес машине коюучу ээн жай эле.

Куратор жолугушууга кочкул-жашыл «копейка» менен келди, кебетесин карап туруп мындай машинени эчак темир таштандыга ыргытса болмок деп ойлойсуң. Бирок бул оперативдик машине эле, сыртынан өлөсө көрүнгөнү менен, ичинде керек болсо Солоник тээп жүргөн  «Альфы-Ромеонукунан» кубаттуу мотор орнотулган.

Машинени утурлап чыккан Солоник дароо эле анын ичине кирип кетти.

— Кандайсыз эми Александр Сергеевич, сизге жумуш чыгып атат, — саламдашкан соң дароо ток этер жайын айтты куратор, анан папке алып чыкты да Солоникке узатты.

Киллер үңүлө карады. Чынында атып өлтүрө турган кишиси жанагы Ржавый менен Гаврилага караганда алда канча олуттуу экен.

Кримчөйрөдө Глобуз деген аты менен белгилүү Валерий Длугач Москвадагы эң таасирлүү адамдардын бири. МУРдун оперлеринин түзгөн рейтинги боюнча ал борбордогу мен-мен деген эң коркунучтуу жана кудуреттүү беш мафиоздун катарына кирген.

Далай жолу каракчылык, кол салуу сыяктуу олуттуу статьялар менен соттолуп, анын кесепети катары ар кайсы режимдеги темир тор артына «сапарга» барып келгени менен Длугач эч качан уурулук түшүнүктүрдү карманчу эмес. Ошондуктан ал мыкаачы «беспредельщик» катары атагы чыккан. Өзү көзөмөлдөгөн Наро-Фоминский районун борбордун ортосундагы башка соода жана финансы ишканаларындай эле өлө катуу кармачу, бирөө баш көтөрүп, мыңк этчү эмес. Акча төлөө кенедей кечиксе бүттү, жаза абдан катуу. Длугач кимдин фирмасы болбосун карачу эмес, түз эле капшыра кирип барып мойнуна акча жүктөп кете турган, мындан ары мага төлөйсүңөр деп койсо эле жетиштүү. Эгерде кимдир бирөө каршылык көрсөтсө дароо балдарын жиберет, автомат, тапанча менен куралданган балдар барат да баарын кырып, объектиге гранаталарды ыргытып, күлүн көккө сапырат.

Эгерде акчасы менен куралы көп болбогондо кесиптеш бандиттер Длугачтын акесин эчак Анжияндан таанытышмак да уурулук түшүнүк боюнча эсине келтиришмек. Бирок минткенге эч кимдин алы келбейт, Длугачта жоокери, куралы, анан акчасы эбегейсиз болгону менен таянган дагы бир кудуреттүү кожолору «лаврушниктер», башкача айтканда, кавказдык мыйзамдагы уурулар. Орустун «беспредельщигин» тымызын колдооо менен байкатпастан борбор калаадагы өз позицияларын да чыңдап атышкан болчу булар.

Саша жаңы кардардын өздүк ишин он, он беш мүнөттөй изилдеп карап чыкты.

— Длугач көбүнчө жолугушууларын Селятино поселогундагы «Меркурий» кафесинде өткөрөт, — эриндерин үнсүз кыймылдаткан Саша окуп жатты. – Кафенин жанында машине коюучу жайды кайтарган «Стоик» күзөт кооперативи бар, бирок бул чынында Длугачка таандык бандиттик фирма, ал негизинен Длугачтын өзүн кайтарат.

— Мен сизге буйрутманы так ошол жерден аткарууну сунуштабайм, — кгбышник тамекисин тутандыра. – Поселок кичинекей, ар бир бейтааныш адам көзгө түшүп турат. Анан ал жерден из жашырып кетиш да кыйын, мүнөткө жетпей сизди кармап баса калуулары толук мүмкүн, анын «өгүздөрү» сизди ошол эле жерден тытып ташташат.

— Мени башка жерден басып калышпайт деген кепилдик барбы? – киллер суроо ыргытты.

Чекист кытмыр жылмайды:

— Сиздин кабатырыңызды абдан жакшы түшүнүп турам. Албетте, сизди издешет, бандиттер милицияга караганда батыраак да издеп башташат. МУРдагылар болсо дагы бир бандиттен арылдык деп алакан ушалап кубанып отуруп калышат. Длугачтын өлүмүн анын кесибине такап коюшат, бүттү. А бирок бандиттер…

Ушул жерден куратордун кебетеси сурдана түштү – Солоник эч качан анын мындайын көргөн эмес.

— Бандиттер эмне экен?

— Билесизби, Александр Сергеевич, — деди куратор окуучуга жадыбал түшүндүрүп жаткан математика профессордой салабаттап, — биз баарын кылдаттык менен тыкыр эсептеп чыктык. Глобустун душмандары бар экенин, алар абдан эле көп экении сиз билесиз да?

Солоник кайра папкеге карап койду:

— Албетте. Мына бул жерде минтип жазылыптыр: олуттуу стрелкага (жолугушууга) кайсы бир жалаптарды кошо ала келип, тил угуптур. Общактын акчасына Парижге барып ойда кутуруптур. Жалаптарды вертолетко, анан кайыкка салып алып, аларга чочогун ошол жерден соргонго мажбурлаптыр!

Куратор муну укканда өңү-башы бырышат түштү:

— Анын душмандары да оңой кишилер эмес.

— Албетте, турган кеп…

— Азыр аны тегеректеп жүргөн адамдар адегенде аны ким өлтүрдү деп ойлошу мүмкүн?

Жооп күтпөй куратор уланта берди:

— Ким болбосун ойлойт да, орустардан чыккан, Длугачты көрөйүн деген көзү жок таасирлүү мыйзамдагы уурулар, анын пахандарды, авторитеттерди сыйлабай, алардын банктарын, ишканаларын тартып алганын эч качан кечирбей тургандар, кыскасы, кимдин жолунан кыя өткөн болсо ошолордун баарын ойлошот өлтүрдү деп…

Куратор улам бир жүйөөлөрдү келтирип, аңгемесин бир калыпта уланта берди. Саша болсо аны карабай машиненин терезине үңүлө чурк этпей угуп гана отурду: сыртта, жайдак жайда бир нече жолбун иттер каңгып жүрүптүр. Алардын бири кокусунан кыңшылай отуруп калды эле калгандары ошол замат туш-туштан чеңгел салып, тытмалап киришти. Дагы бир аз болсо тирүүлөй жеп коюшмакпы, аз жерден курмандыкка чалынып кете турган шордуу эптеп жанталашып суурулуп чыкты да артын карабай качып жоголду.

Ал жашап жаткан дүйнө деле ушундай жапайы мыйзамдар менен жашаган дүйнө эмеспи. Бирөө бирөөнү өлтүрөм, жок кылам деп кубаласа, башкасы курмандык болгонго аргасыз. Бирок кубалаган неме эртедир кечтир барып өзү да азыр эле сыртынан өкүм кылынган Глобустай курмандыкка айланат. Бул дүйнөнүн мыйзамы мына ушундай.

— Аткарыла турган объекти абдан олуттуу болгондуктан сизге даярдык үчүн жетишерлик убакыт берилет, — улантты чекист. – Төрт ай жетет деп ойлом. Длугачты апрелдин он бешине чейин көзүн тазалоо керек.

Саша сырттан көз албай башын ийкеди, жанагы качкан итти кубалашкан жок, жайына коюшту. Ушул учурда ага мээсинин тээ бир терең түпкүрүнөн кокусунан бир үрөй учурган ой ачылып чыга келди: желдет болгон неме, эртедир кечтир өзү курмандыкка айланат тура…

Бүгүн эртең менен ал кесибинин пайдалуулугун эсептеп, анын башка кесиптен айырмасы жок деп санаасын тындырып атпадыбы беле. Куюндай сапырылган ойлорун куратордун айтканы бузуп жиберди:

— Акча боюнча. Ишиңиз демейдегидей эле жакшы бааланат, — ички чөнтөгүнөн жүз долларлыктардын бир пачкасын сууруп чыгып столго таштады. – Бул даярдыкка гана. Ишти аткарганыңыздан кийин ушундан дагы экини аласыз…

Калыңдата тартылган парда, бөлмөнү күүгүмдөнткөн жарык, жумшак эмерек бул жердеги бейпилдикти көрсөтүп турганы менен чынында андай эмес эле.

Саша эки колун жаздана көз ирмебей шыпты тиктеп ойлуу жатты, дем алганы да билинбейт, бирок аны оор ойлор басканы жүзүнөн көрүнүп турду.

— Мен кете берейинби?

Бул үндү укканда Саша селт этип алды. Караса, керебеттин четинде кыз отурат, чын эле кечинде аны өзү алып келбеди беле, унутуп да калганына таң калды бир чети. Жапжаш кыз, жашы он сегизге да жете элек болсо керек. Көздөрү бакырайган бул кызды таң кала тиктегенинен кыз апкаарый да түштү.

Сойку эмес, көп жалаптын да бири эмес бул кыз. Кошуна үйдө турат. Кирип чыгып жүрүп таанычу, анан саламдашып калчу болушту. Чекист менен жолугушуудан кайтып келатып кызды шаардан жолуктурган, жеткирип коёюн деп машинесине салып алган эле.

Куратор менен болгон кептен кийин маанайы абдан чөгүңкү эле. Кебетеси серт бул шүмшүктүн өкүмдүү үнүнө караганда ага дайыма сойкуга жасагандай мамиле болорун Саша түшүнгөн. Айырмасы кайсы сойкудан? Аны деле ишке жалдап, анан акысын төлөп атышпайбы. Аны да жөн бербей: «Ишиңиздин акысы жакшы төлөнөт» деп көзгө сая баса айтып атышпайбы. Анүстүнө жанагы ээн талаада ырылдашып согушкан иттер, анан желдеттин өзү барып бир кезде курмандыкка айланат, сенден күчтүү, сенден ырайымсыз  бирөө чыгат да артыңан түшөт деген өзүнүн ою эсине түштү. Ого бетер көңүлү чөктү. Кызды машинесине салып сүйлөшүп келатып, бул кечте жалгыз боло албасын түшүндү.

Эмне кылса, түнкү клубга барсабы же ресторангабы?

Кыжылдаган адам болсо деле баары бир жанды кашайткан жалгыздыктан ал жакта деле арыла албайт, ошондуктан кызды батирге алып келгени.

Кыз кылыктанган деле жок, унчукпай макул болуп ээрчип келе берди, отурушту, шампандан ичти кыз, анан саат он бир болуп баратканын, үйүндөгүлөр кабатыр болорун, эртең ишинде оор күн болорун айтып жөнөй берди. Бирок жигиттин маанайы пас, такыр эле үңкүрөйүп калганын көрүп боору ооруду кыздын, аялдык аёо сезими күчтүүлүк кылдыбы, жигитти жалгыз таштагысы келбей калып калды.

Андан аркысы өзүнөн өзү эле болду: кыз төшөк салды, душка түшүп келди да акырын жанына келип жатып калды.

Бирок аял менен болгон кумарлуу жакындык деле Сашанын көңүлүн ачпады. Мындай өмүрүндө биринчи жолу болуп атканы. Жигит улам сапырылып келген оор ойлордон арыла албай түнү менен кыйналып чыкты…

— Олег, мен кете берейинби?

Жигит башын чайкады:

— Жок, бираз отура тур дагы…

Кыз көнгөн жок, бат эле кийинди да чачка такчусун оозуна тиштеген бойдон Сашага боор ооруй карап буларды айтты:

— Эмесе келишип алалы. Экөөбүздүн ортобузда болгон иш кокустук жөн гана. Сен мени издебейсиң, кезигишем деп тынчымды албайсың. Мен сени карап туруп боорум ооруганынан эле жаныңда калып калдым, өзүм да жалгыз болгум келбеди.

Саша таң калып карап калды, эмне деп атат бул кыз…

— Өткөн аптада менин тууганымды атып кетишти…- деп сөзүн улантты кыз. – Таламандын так тушунда, шаардын ортосунда атып кетишти. Ал бизнесмен болчу. Ага бирөөлөр келип мындан ары сени биз кайтарабыз, акчаны төлөй бер деп опузалашкан экен. Баш тарткан соң коркутуп үркүтө башташкан. Милицияга кайрылса уккусу да келбептир эч ким ал жакта.

— Ким атыптыр, табыштыбы?- кызыгып сурады Саша.

— Бандиттер да, ким атмак эле башка, — үшкүрдү кыз, анан кошуп койду. – Баары бир аларды да бирөө атат, кан коё бермек беле, дегеле андай болгон эмес.

Акыркы айтылган сөз анын денесин дүр эттирди.

Уландысы>>>>>

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.