Фарсы эл жомогу: Түлкү өзүн өзү алдаганы

Мындай окуя болду. Бир дыйкан жашаптыр, анын жакшы бакчасы бар экен. Эмгектенип, сонун түшүм өстүрдү. Бирок балээ болуп, жок жерден башына кайгы түштү. Түн кирсе болду, бир түлкү бакчага келет, бышкан коон-дарбыздарды кемирет, быша электерин жарып, а түгүл түбү менен жулуп да салат. Дыйкан түлкүнү кармайм деп эмне гана кылбады, бирок куу түлкү карматпады. Ороо казып коюп, үстүн бутак, чөп-чар менен жаап коюп түшүрө албады,  камырга уу салып койсо ага да тийген жок, жыттап көрүп жемек тургай айланып өттү. Такыр […]

Божена Немцова: Гонзиктин латын тилин үйрөнгөнү (конкурска №18)

АҢГЕМЕ “Ата, — деди бир күнү Гонзик атасына, — мындан ары карапайым адам болгум келбейт, мырза болгум келет”. “Эй, өгүз! Мени да кимдир-бирөө мартабасы улук мырза кылып койсун деп айтмакмын. Гонзик, мырза латын тилин билиши керек экенин сен билесиңби?” “Латын тили эмне болуп калыптыр? Дүйнө кезип, эл аралап, латын тилин бачым эле үйрөнүп алам.” “Эгер тил үйрөнүү ошончо эле жеңил деп ойлосоң, жөнө, үйрөнүп көрчү.” Гонза чөнтөктөрүнө челпектен толтуруп алып, латынча үйрөнүү үчүн дүйнө кезип жөнөдү. Ал дүйнө ушунчалык кенен […]

Турдубек Чокиев: Жаны кашайган жаратмандарга «атамекенчилердин» убадасы кана?!

Өлкөбүздөгү чыныгы профессионал Жаратмандардын башын кошуп турган Чыгармачыл союздардын мамлекеттик каржылоодон калганына чейрек кылымдан ашса да, Кудайга шүгүр, эптеп-септеп коломтолорунун оту өчпөй келе жатат. Анын негизги базасы катары Совет доору түптөп кеткен чыгармачыл союздар жана анын чыныгы таланттуу Жаратмандары – жазуучулар, композиторлор, сүрөтчүлөр, киночулар жана театр ишмерлери. Ошол замандын залкарлары Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Абдылас Малдыбаев, Калый Молдобасанов, Гапар Айтиев, Сүймөнкул Чокморов, Муратбек Рыскулов, Бүбүсара Бейшеналиева, Болот Миңжылкыев жана башка ондогон кыргыз искусствосунун нукура жылдыздарынын коломтодогу чоктору өчпөй, жылуулук берип […]

Кадыркул Өмүркулов: Эрте жаздагы чагылган

АҢГЕМЕ Берен буюмдарын салыштырып жатып, терезенин кууш калай тилчесинде бейкапар ары-бери басып, «гүү-гүү» деп коюп тумшугу менен канаттарын тазалап жаткан түгөй көгүчкөнгө байкоо салып турду. Терезенин жаактары ачык болгондуктан, бул канаттууларга көп керебеттүү жайдак бөлмөнүн ичи даана көрүнүшү мүмкүн эле. Берен терезенин түбүнө келип, аларга жакын, катар туруп калганда, көгүчкөндөр чочуп учуп кетпестен, кайра моюндарын кержең эттирип, ал тарапка баштарын бурушуп, алчадай кызыл көздөрүн ирмебей жоодурата тиктешет. Көгүчкөндөрдүн бейкут гүүлдөп, ары-бери басып жүрүшү Берендин чаалыккан дилине түшүнүксүз, кыжырдуу сезим пайда […]

Конфуцийдин канаттуу сөздөрү — турмуштун улуу сабактары

Ким ичи тар жана ач көз болбосо, ал бирөөгө эмне үчүн жамандык кылмак? *     *     * Эгерде пайда көрчү жерде милдетин ойлосо, коркунучка кабылган кезде өмүрүн кыйууга даяр болсо, алган нерселерин кайтарып берип, айткан сөзүнө бекем турса, мындай адамды телегейи тегиз мыкты адам деп айтса болот. *     *     * Жеңил келген ийгиликке ишенбе, оңой келген пайдага азгырылба. Шашсаң — максатыңа жетпейсиң, азга азгырылсаң — улуу иштерди жасай албайсың. *     *     * Адамдардын сени билбей калганына кайгырбай, сен адамдарды билбегениңе өкүн. […]