Португал эл жомогу: Сыйкырдуу чоор

Бир шаарда жашаган адамдын сыйкырдуу чоору бар экен. Чоорду уккан ким болбосун токтоно албай бийлей баштайт дейт. Бир күнү чопо идиш жүктөгөн эшегин жетелеп бир соодагер өтүп баратыптыр. Аны байкабай тиги киши чоорун ойной салбаспы. Аны уккан соодагер эшеги менен кошулуп бийлеп кирет. Ушунчалык секирип бийлешкен экен, чопо идиштери сынып калыптыр. Соодагер чоорчуну ойногонуңду токтот деп суранып, кыйкырса да идиштерден майда сыныктар гана калганча ойной берет. Идиштери сынып зыян тарткан байкуш  соодагер сотко арызданып барды.  Сот чоорчуну өзүнө чакырат: — […]

Омор Султанов: Ысык-Көлдүн санжыргасынан ажырайбызбы?

Талкуу иретинде Ысык-Көлдүн барк-маанисин кыргыз баласына түшүндүрүп отуруунун кажети жок. Аны чоң-кичине дебей көрүп-билип турат. Жаратылыш бизге ыроолоп койгон бир касиеттүү санжырга, түгөнгүс байлык, дөөлөт. Эзелки замандан бери буга көз арткан көп болгон. Сандаган баштар кесилип, агын суудай кан аккан экен. Кыргыз баласы үчүн көрүп эле койсо көкүрөк, көзү тойгон руханий да байлык. Илгери да ошондой болгон, азыр дагы ошондогудай. Укум-тукумдун сөөлөтү. Илгеркилер касиетинен чочулап көлгө боюн салбаганы көп нерседен кабар берет. Садагасы кетейин деп, сыртынан эле жалбаргандар канча болгон, […]

Валентина Осеева: «Эмне үчүн?» (конкурска №19)

АҢГЕМЕ Ашканада экөөбүз эле болчубуз — мен жана Бум. Мен үстөлдүн астында салаңдаган  буттарымды ары-бери ала качып, а Бум менин жылаңаяк сороңдогон согончогуму кубалап, акырын тиштегилеп ойноп кирди. Ал жетип тиштеген сайын кытыгым келип, каткырып аттым. Үстөлдүн үстү жагында атамдын жакында эле апам экөөбүз чоңойттуруп келген чоң сүрөтү илинип турган. Атам ал сүрөтүндө көңүлү ачык, жадырап-жайнап сонун түшүптүр. Бирок Бум экөөбүз ойноп, мен олтургучка олтуруп алып, үстөлдүн четин кармап ары-бери чайпала баштаганымда атам эмнегедир мага карап башын чайкагандай сезилди… — […]

Айдана Эрмекбаева: Ата (конкурска)

АҢГЕМЕ Жаздын акыркы айы. Жаан шатырап өтсө да күн ысык болуп булуттар тез тарады. Жаандан кийинки чөптүн жыты бир керемет! Кайра-кайра искеп алгыӊ келет. Аба ырайы жылуу болгондуктан ашканадагы ачык айнектен жел уруп турду. Урматтын үйүндө бүгүн күндөгүдөй бака-шака болуп үй-бүлөсү менен кечки тамак үстүндө отурушту. Ал маӊдайында турган чакан үй-бүлөсү менен бактылуу өмүр сүрүп жатканына ыраазы. Жаш болсо да Урматтын башынан эмнелер гана өтпөдү. Өлүмгө тарткан ооруга жолукту, атасы таштап кетти, энеси эрте көз жумду. Азыр болсо жанында он […]

Валерий Карышев: Александр Солоник – мафиянын киллери

1-2-главалары>>>> 3-4-главалары>>>> 5-6-7-главалары>>>> 8-9-главалар>>>> 10-11-12-главалар>>>> 13-14-15-16-17-18-главалар 19-глава Memento more — өлүмдү унутпа. Блатнойлордун денесине чегилген ушул көөнө латын сөзү жалданма киллердин азыркы абалына абдан куп келишип турду. Өлүм адамда ар кандай буйткадан күтүп турат, аны күндө көрүп жүргөн кадимки эле почточу, акыр-чикир салынчу челекти айланчыктап көгөрүп тоңгон, кебетеси киши карагыс бомуж же машинени кайсы бир эрежени буздуң деп токтоткон гаишник сержант деле алып келиши ыктымал. Memento more — өлүмдү унутпа. Муну ар бир мүнөтү бычактын кырында турган атайын борбордун бүтүрүүчүсү […]

Аскаралы Ражабалиев: Топозчу

АҢГЕМЕ «Ырыс алды— ынтымак» (Кыргыз эл макалы) Кожешкен жери мурда эл жашаган конуш болчу. Алтымышынчы жылдардагы хрущевдук эл көчөрүүнүн шарданы менен андагы түптүү эл түзгө көчүрүлгөн. Биякка машина жол жок. Куш өтө алгыс эгиз тоолорду тең жара тилип аккан дарыяны бойлой ат-эшек менен жүрүп отуруп, эки-үч күн дегенде жетесиң. Эптеп жетип алсаң, жаның тынч алып, түздөгү кым-куут, ызы-чуудан алыс сергип каласың. Бирин-экин адам жолукпаса, көзүңө урунганы тоолор, арча-кайың, көк шибер; кулагыңды сүйүнткөн дарыянын күн-түн «жаңырган «шау-шуусу». Элүү чакырымча келген созок […]