Роза Отунбаева: Креативдүү индустрия музейлерден башталат

Туризм өлкөнүн ички дүң продукциясына 5 пайыздык киреше алып келет, бул чек эмес, башталышы десек туура болчудай. Бийликтин “Ачык асман” жөнүндөгү чечими да буга кол кабыш кылмакчы: кыймылдардын интенсивдүүлүгү көбөйөт, адамдардын, жүктөрдүн ички жана эл аралык каттоолору күчөйт. Бүгүн эле Кыргызстан: кышкысын жана жайкысын кыска мөөнөттүү эс алууну, трекингдерди жана хайкингдерди (узун жана кыска багыттуу жөө туризми), лыжа туризмин сунуштаган  ар кандай мартабалуу туристтик рейтингдердин катарына кирүүдө. Азырынча башкы аргумент биздин республиканын жаратылышы, жайгашышы жана орду болууда. Өлкөнүн туристтик рейтингине […]

Кыргыз эл жомогу: Төлгөчү

Илгери бир кедей болгон экен. Бир күнү аялы: —  Сен эркексиңби, бир жерден ичерге тамак, киерге кийим таап келсең боло. Агартып көйнөк кийбесем, алгылыктуу оокат ичпесем, качанкыга чейин эле эч нерсеге жетинбей, жорудай болуп жүрөмүн,- деп күйөөсүн жемелейт. — Мен кайдан оокат таап келейин, бирөөлөр мага оокатын бекер бербесе, эмне кыл дейсиң. Айтчы, кандай кылайын? – дейт күйөөсү. Аялы күйөөсүнө бир жоолук менен кырк кумалак берди да, ушуларды алып эки жолдун кошулган бурчуна барып олтургун. Жоолукту алдыңа жайып койгун, кырк […]

Ырысбай Абдыраимов: Жугуштуу дарт

АҢГЕМЕ Терезе-каалгасы күн чыгышты караган дарылоо мекемесинин маңдайына жеткиче орто бойлуу, кызыл жүздүү киши кыңк эткен жок. Ал өзүнөн мурда ыргып түшүп, машинанын алдыңкы каалгасын ачып, жан-жагынан сүйөгөн катчысына алдан тайгандай бой таштады. Күн кызып, теребел үп тартып, ыраңындай кара күрмөгө чүмкөнүп, эт-бетинен тер куюлуп атса да, ооз-мурунун жүндүү моюн орогучу менен кымтыланып алган. Кеңсесине баратканда алдынан чыккандарга салам айтып же алардын саламына кур дегенде баш ийкеп да койбой, урушкан душманынан бетер сүзө качыргандай түр менен ооруканага баш бакса, ойлогон […]

«РухЭшти» колдоо акциясы эл өкүлү Таабалды Тиллаевден Улан Примовго өттү

Рухий коом агартуу багытында адабият, маданият жаатында алгылыктуу иштерин жүргүзүп келе жаткан “РухЭш” сайтын колдоо максатында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз баштап берген эстафета демилгесин колдоого өз тилектештигин билдирген эл өкүлү Бактыбек Раимкуловдун мага ишеним менен тапшырган эстафетасын кесиптешим жана саясаттагы тилектешим Улан Пиримовго өткөрүп бермекчимин. Жана аталган саамалыктын шарты боюнча “РухЭш” сайтынын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине 3000 сом салымымды жөнөттүм. Аталган сайттын адабият, маданият, илим-билим жаатындагы аракеттерине Жогорку Кеңештин өкүлдөрү да кайдыгер карабай тургандыгыбызды билдирем. Ошондой […]

Сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөнүүнүн уландысы

1- жана 2-сабактар>>>>> 3 Эч нерсени көз жаздымда калтырбаңыз жана ар тараптуулукка умтулуңуз. Адамдын ишмердүүлүгүндөгү ар бир чөйрөдө көргөндү, укканды, окуганды ж.б.  сынчыл баалоого умтулуу зарыл. Так мына ушуну профессионалдуу сынчыл ой жүгүртүү деп атаса болот. Сиз уккан-көргөндүн жана окугандын баарынан шектенип туруңуз. Бирок шектенбей турган нерселер да экенин унутпаңыз. Маселен, динге тиешелүү нерселер эч качан шек туудурбайт жана талкуу жаратпайт. Бирок бул жерде да сынчыл ой жүгүртүүгө аракет кылган адамдар бар. 4 Адамды эмес, алардын ойлорун жана иштерин сынчыл […]

Саади Ширази: Тонолгон соодагер

ИКАЯ Бир күнү бир соодагер соода-сатык кылмакка башка бир өлкөгө барган экен. Өлкөдө тартипсиздик орун алгандыктан бул соодагер тоноочуларга кабылат. Тоноочулар соодагерди ур-токмокко алышып, кербениндеги болгон мал-мүлкүнөн ажыратып, өз ара бөлүп алышат. Тонолгон соодагер өзү сыяктуу жараланган жардамчысына бурулуп мындай дейт: — Бул өлкөдө коопсуздук жок. Өзүнүн өлкөсүндө коопсуздукту камсыздай албаган падыша, жакшы падыша боло албайт. Коопсуздугу камсыздалбаган өлкөгө чет өлкөлүктөр да, соодагерлер да кире албайт. Ал өлкөдөгү калк бейпилсиздикте жашайт. Бир падыша дүңгүрөгөн атак-даңкка ээ болууну кааласа, соодагерлер жана […]

Виктор Астафьев: Индия (конкурска №20)

АҢГЕМЕ Күндөрдүн биринде Саша Краюшкина төрөлгөн жана жашаган шаар – Канавинскиде өрт болду.  Шаардагы эң чоң “Универмаг” деген аталышы жаңыдан элге сиңе баштаган дүкөн өрттөнүп кетти. Өрт болгон жерге милиционерлер төрт күн катары менен шаардык тергөөчү жана облустан чакырылган адам, канаевдиктер айткандай, — өзгөчө маанилүү иштер боюнча прокурордон бөлөк эч кимди киргизбей жатты. Төрт күндөн кийин түнкүсүн жамгыр жаап, мончо жыттанган, кара күйүк чычала устундарды жылаңачтап, өрттөн калган акыр-чикир, көөнү жууп кетти. Мурдагы канавинскилик универмаг турган жер күйүк, чирик жыттанып, […]

Бурулкан Карагулова: Турса

АҢГЕМЕ Ушу сөздүн кандай жазылышын билбей койдум. Труса, трусий, турсий, турси же трусик… кандай айтса деле түшүнүктүү боло берет, айтор шымдын ичинен кийген кыска ыштандын окуясын жазайын дегем. Аны мага Зарина  айтып берип атат: — Арыраакта жашаган бир келиндин күйөөсү үйүндө жатып эле өлүп калды. Ыраса боорубуз ооруду. Келин иймейгенден иймейген, бөлбүрөгөн неме эле, ого бетер болбой калды шайы кетип. Эшигине жакын жерден күндө өтөбүз, себеби, жолубуз ушундай. Эшик алдындагы тартылган зымда кийинчерээк бир эркек турсий илинип туруп калчу болду. […]