Олжобай Шакир: Кыргыз бийлигинин аброю эмне үчүн төмөн?

2015-жылкы парламенттик шайлоо өнөктүгү күүсүндө турган маалда маданият тармагындагы алгылыктуу иштери менен элге төбөсү көрүнгөн Садык Шер-Нияздын саясатка аттануусуна биз – жалпы чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жапырт колдоо көрсөтүп, кубаттап турдук эле. Маданият жаатында сөзү менен эмес, жасаган иши менен жамы журттун көзүнө илинген Садык Шер-Нияз өңдүү маданият өкүлдөрү эл өкүлү болуп шайланып калса эле адабият, маданият жаатындагы чечилбеген түйүндүү маселелер Жогорку Кеңештин трибунасынан көтөрүп, мыйзам базасындагы чийки алешемдиктер жоюлар деген ишинимдер күч эле. Ошол күү менен “Ата Мекен” партиясынын ошол […]

Корей эл жомогу: Жолборс кандайча курмадан коркту

Кечке аң уулап жолу болбогон ачка жолборс түн киргенде айылга түшүп келип, четтеги жаман алачыкты көрөт. Ал жактан алсыз аялдын үнү менен жаш баланын ыйлаганын угуп, акыры курсак кампайтат экемин деп сүйүнүп кетет, жаланып да жиберет. Эки-үч секирсе эле жеткидей жакын аралыкка келип токтой калып кулак түрөт. — Уктай кой, балам уктай кой, апакеңди кыйнабай, — деп бешик ырын кыңылдап, үнүн баспай ыйлап жаткан баласын сооротуунун жан алакетине түшкөн аялдын жалынганы эшитилет. Ал ансайын бала чырылдап ыйлаганда энеси аны коркутканга […]

Касым Тыныстановдун балдар үчүн жазган чыгармаларынан

ТЕРГӨӨ Бир келиндин алты кайнагасы бар экен. Биринин аты — Субан, экинчиси — Камышпай, үчүнчүсү — Карышкыр, төртүнчүсү — Койлубай, бешинчиси — Бычакбай, алтынчысынын аты Бүлөөбай экен. Келин кой кайтарып жүргөндө, бир коюн камыш менен суунун ортосуна карышкыр басып калыптыр. Келин коркуп кетип, үйүнө адам чакырмакчы болуптур. «Койду суу менен камыштын ортосунда карышкыр жеп жатат, бычакты бүлөөгө бүлөй чап!» — деп кыйкырайын десе – кайнагаларынын аттары айтылып кеткидей. Айласы кеткенден кийин, келин минтип кыйкырыптыр: Шуудураманын нары жагында, шаркыраманын бери жагында, […]

Объявлен очередной конкурс малых грантов на реализацию расследовательских проектов

 ВТОРНИК ЯНВАРЬ 22ND, 2019 КОНКУРСЫ, ГРАНТЫ, ОБЪЯВЛЕНИЯ 0 КОММЕНТАРИЕВ ОФ «Фонд расследовательской журналистики» в рамках проекта «Развитие расследовательской журналистики в КР» реализуемого при поддержке Фонда «Сорос-Кыргызстан» объявляет очередной конкурс малых грантов на реализацию расследовательских проектов. Цель малых грантов – Развитие и популяризация практики журналисткого расследования в КР через поддержку расследовательских проектов, направленных на освещение фактов раскрытия и пресечения коррупционных правонарушений и противоправных явлений. Расследовательские проекты должны быть направлены на раскрытие и проникновение в суть конкретной и актуальной  социальной, экономической и правовой проблемы в […]

Рысбек Эшматов: «Маймыл» ээрчиткен «Бешкемпир»

“Бешкемпирден” алган таасирибиз чоң болчу… Мына эми, жарык өчүп, тасма башталганы жатат. Фильмдин алгачкы агымында эле тасмадан абдыкалыковдук тарта билүү ыкма-каражаттары  сезиле баштады… “Бешкемпирден” алган таасирибиз чоң болчу… Фильмдин баш-аягын көрүп, жыйынтыктай келгенде, бул фильм да мына ошол “Бешкемпирдин” уландысы – анын экинчи бөлүгүндөй таасир калтырат. Себеби, “Үйүң кайда, үлүл?”, “Селкинчек”, “Бешкемпир”, “Маймыл” – режиссер тасмадан-тасмага, фильмден-фильмге өтүп-көчкөн сайын көтөргөнү, көкөйүңдөгү чагылдырып тартканы – болгону бир гана тема. Балдардын, өспүрүмдөрдүн дүйнөсү. Өзгөчө эркек баланын жан дүйнө жетилүүсү, дүйнө таанымы. XX […]

Дилазык: Жаманды жашырып, жакшыны ашыруу тууралуу уламыш

Дин жолунда жүргөн такыба адам кечинде кудай үйүнө сыйынууга баратып, эски дубалдагы кичинекей жылчыкты байкап калат. Жакын барып тешиктен шыкаалап, огороддун баш жагындагы бакчада кыз менен баланын сүйүү кумарына батып жатканын көрөт. Кудай үйүнө келип, көргөнүн төкпөй-чачпай ошол жердеги топко айтат. Алар кыз менен баланы чакыртышып, кылган күнөөлөрү үчүн ташбараңга алып өлтүрүшөт. Убакыт өтүп, күндөрдүн биринде баягы көрүнүш дагы кайталанат. Бирок бул жолкусунда аны үй-жайы жок бир селсаяк байкайт. Ал дагы сүйүшкөн эки жашты көрөт. Эмне кылышты билбейт. Ошол эле […]

Абдиламит Матисаков: Күйөө бала

АҢГЕМЕ Уулу апасын көргөнү келди. Алыс жерде сагыныч да тургузчудай эмес. Институтту бүткөндөн шаарда иштейт, айылга аз каттайт. Айылдын жазын көрсөм деп дегдеген менен быйыл да чолосу тийген жок. Эски сүрөттөй качаңкы көргөн байчечекейин эмдигиче эстейт… Кийинки күндөрү апасынан кат сейрек тартты. Келсе да, кызынын же күйөө баласынын эмес, бөтөн бирөөнүн колу менен жазылат. Кырмызы сыя менен жазган неме кат аягына «Бүажар апаңыздан» деп кичүүлүк ызаат билдирип койгонучу… «Көрүнгөнгө жаздырып, сөзү батпай баратса да, кызы менен күйөө баласын күтө турбайбы…»— […]