Дин жолунда жүргөн такыба адам кечинде кудай үйүнө сыйынууга баратып, эски дубалдагы кичинекей жылчыкты байкап калат. Жакын барып тешиктен шыкаалап, огороддун баш жагындагы бакчада кыз менен баланын сүйүү кумарына батып жатканын көрөт. Кудай үйүнө келип, көргөнүн төкпөй-чачпай ошол жердеги топко айтат. Алар кыз менен баланы чакыртышып, кылган күнөөлөрү үчүн ташбараңга алып өлтүрүшөт.

Убакыт өтүп, күндөрдүн биринде баягы көрүнүш дагы кайталанат. Бирок бул жолкусунда аны үй-жайы жок бир селсаяк байкайт. Ал дагы сүйүшкөн эки жашты көрөт. Эмне кылышты билбейт. Ошол эле убакта экөөнүн айыбын ачкысы келбеди. Себеби, экөөнү эл билсе эмне күтүп турганы белгилүү эле ага. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, нараактагы кичине үймө топурак менен кумга заара ушатып, аны камырдай ийлейт да дубалдын жылчыгын бүтөп, андан ары жолун улайт.

Убакыт келип, тагдырдын жазмышы менен дин жолунда жүргөн такыба адам да, селсаяк да бир күндө каза таап, жерге берилет. Көп өтпөй бейтааныш адамдар келишип, айыл тургундарынан:

– Жакын арада бир адам каза болуптур, үйүн көргөзүп бересиздерби? – деп суранышат. Эл ошол замат дин жолунда жүргөн такыба адам жөнүндө сөз болуп жатканын баамдап, маркумдун үйүнө барар жолду көргөзүштү.

Бирок тиги бейтааныш адамдар:

– Жок, ал киши эмес. Дагы бир киши кайтыш болгон, бизге ошонун үйү керек, – дешти.

Айыл тургундары ким жөнүндө кеп болгонуна баштары катып, кыйладан кийин, баягы селсаякты эстешти. Анын жашай турган там-ташы жок үчүн мүрзөсүнө ээрчитип барышты. Бейтааныш адамдар селсаякты эскерип, дуба кылып өз жолдоруна түшөр кезде айыл тургундары токтотту:

– Берки дин жолунда жүргөн такыба адам эле, а селсаяк кудайга жага турган эмне иш кылыптыр? – деп таңгала сурашты.

Ошондо бейтааныш адамдар өздөрүн тааныштырып, селсаяктын кандай балээ болбосун – жаманды жашырып, аны жакшы нукка бура турган касиетке ээ адам болгонун кеп кылышты.

Которгон Айтбүбү ОРУНБАЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.