ТЕРГӨӨ

Бир келиндин алты кайнагасы бар экен. Биринин аты — Субан, экинчиси — Камышпай, үчүнчүсү — Карышкыр, төртүнчүсү — Койлубай, бешинчиси — Бычакбай, алтынчысынын аты Бүлөөбай экен.

Келин кой кайтарып жүргөндө, бир коюн камыш менен суунун ортосуна карышкыр басып калыптыр. Келин коркуп кетип, үйүнө адам чакырмакчы болуптур. «Койду суу менен камыштын ортосунда карышкыр жеп жатат, бычакты бүлөөгө бүлөй чап!» — деп кыйкырайын десе – кайнагаларынын аттары айтылып кеткидей. Айласы кеткенден кийин, келин минтип кыйкырыптыр:

Шуудураманын нары жагында, шаркыраманын бери жагында, улума маараманы жеп жатат. Суурманы сууруп алып, жанымага жаный чап!

АРПА МЕНЕН БУУДАЙ

— Жүр, буудай, алтын чыккан жерге барып өсөлү, — деди арпа.

— Мурутуңуз узун болгону менен, акылың кыска экен, арпам! Биз эмне үчүн алтынды издеп барабыз, алтын бизге өзү келет, — деди буудай.

«Арпа, буудай аш болот, алтын, күмүш — таш болот» — деген кыргыз макалы бар. Арпа, буудайың көп болсо, алтын өзү келет.

МАЛДАРДЫН ТАЛАШЫ

Бир күнү малдардын ортосунан талаш чыкты. Ар кимиси өзүнүн адамга керектүүлүгүн айтышты.

— Менсиз кыргыздын көрөр күнү жок. Мен араба ордуна жүк тартамын. Менин жүнүм болбосо, кыргыз жылаңач калар эле, — деп төө керектүүлүгүн сүйлөдү.

— Жок, сенден мен артыкмын. Мен адамдын канатымын. Мен кара кызматты да баарыдан артык кыламын. Менин этим, сүтүм эң керектүү. Менин сүтүмдөн жасалган кымыз бардык ооруну айыктырат. Менсиз көрөр күн жок, — деди жылкы.

— Менин этим, сүтүм болбосо, кыргыз күн көрө албайт, — деп уй да керектүүлүгүн сүйлөдү.

— Сүтүм менен этим мындай турсун, менин жүнүм болбосо, кыргыз үйсүз калат. Мен кыргызга майда акчадаймын, — деди кой.

Эчки да себебин айтты.

Булар чатакташып, кожоюнуна барышты. Ким керектүү саган? — деп сурашты.

— Баарыңар керектүүсүңөр. Баарыңдын керегиңер бар үчүн, багып жатамын, — деп таратып жиберди.

МЕКТЕПТЕ БАЛДАР ТАРТИБИ

Абыл окуган мектепте тартип жок эле. Сабак маалында балдар тарсылдатып ойной берүүчү. Балдар бирин-бири жаман сөз менен сөгүшүүдөн да кайтуучу эмес.

— Балдар, мектепте тартипти өзүңөр түзөгүлө эми, — деп бир күнү мугалим айтты.

Балдар тартип түзөмөк болушуп, өз ара жыйын кылышты. Жыйынды алып баруу үчүн, жыйын баштык кылып Абылды шайлашты. Абыл сөз сүйлөй турган балдарга кезек менен сөз берип турду. Балдардын бир катары сүйлөп бүткөн соң, Абыл кол көтөргө салды. Кол көтөргөн жак көпчүлүк болгон соң, мындай токтом чыкты:

Кимде-ким сабак убактысында чуулдап, тынчтыкты кетирсе, жаман сөз менен бирөөнү бирөө сөксө, ошо баланы жолдошубуз деп санабайлы, ал бала менен бирге ойнобойлу.

Бул токтомдон кийин мектепте окуу жакшы жүрдү. Мектеп тартибин балдар өзү гана түзөй алат.

УУРУ

Шакирттер арасынан баки уурдалды. Бакини ким уурдаганы белгисиз болду. Баки уурдалганы мугалимге угулду. Мугалим абдан капа болуп, балдарга айтты:

— Артыкча мектеп баласынан ууру чыккан жакшы эмес. Мектеп ууру бала чыгарбайт. Өнөгөлүү бала чыгарат. Бу ууруну табуу керек. Өз араңдардан үч баланы комиссия кылып шайлагыла. Менин ууру табатурган мышыгым бар. Азыр алып келемин.

Балдар комиссияга баштык кылып Абылды шайлады. Мугалим менен комиссия болгон балдар окуучулардын баарын жылаңаяктап, катар тизди. Мугалим мышыгын алып келип, балдарга айтты:

— Азыр баарың көзүңдү жум. Мына бул мышык бакини уурдаган баланын балтырына жабышат.

Балдар көздөрүн жумду.

— Ал жабышты! — деп Абыл кыйкырды.

Бакини уурдаган бала бакырып, бакырып отура калды.

Бул бакини уурдаган бала Жаңыбай деген бала экен.

Балдардын баары:

— Уят! Уят! Ыза! Кордук! Кордук! — деп чуулдашты.

Жаңыбай кыпкызыл болуп, уялганынан ыйлай берди.

Мугалим Жаңыбайды үйүнө алып келип, теңтуштарынын алдына түшүрдү. Мындан кийин мектептен түк уурунун шеги билинген жок.

ЖЕТИМ

Абыл таң эртең балдардан мурун мектепке келди. Мектептин бир бурчунда томпойгон, бир жаман кементайга оролгон эме жатыптыр. Абыл шектенип, кементайды ачып карады. Кементайга оролгон бир арык бала жаткан экен. Баланын үстүндө үйрүп салар кийими жок. Баланын чачы өсүп кеткен. Бит деген неме көзүнөн куюлат. Шордуу бала кыштын ачуулу ызгарына чыдабай зиркилдейт.

— Сен кайдан жүргөн баласың? — деди Абыл.

— Мен жетим… Ата-эне жок менде, эки күндөн бери тамак ичпедим, багар-көрөр тууганым жок, — деп бала кылчылдады.

Абылдын балага боору ачыды. Абылдын көзүнөн жаш агып кетти.

— Жүр, бала, биздин үйгө. Сени бир туугандай кылып багып алайын, жүр! — деди Абыл.

Жетим балага тонун кийгизип, үйүнө алып, жылуу тамак ичирди. Үстүндөгү кийиминен балага чечип беришти Абыл. Бала аз күндөн кийин, биттен кутулуп, карды тоюп, тыңып кетти.

Жетим баланы ээрчитип жүрүп, Абыл өзүнүн мектебине киргизди. Жетим бала бат эле кат таанып, китеп окууга жарап калды.

Балдар, дүйнөдө жетимден шордуу бир жан жок. Жетим бала окуй албайт. Жетимдин карды тойбойт. Жетимдин кийими жок болуп, биттеп, сууктан үшүп, келтеден ооруп өлөт. Жетимди көргөн жерде маңдайынан сылап, эркелетип, багып-кагуу керек. Ар бир жаш жетимди аяп, Абылдан үлгү алып, байкуш жетимди окутуу керек.

One Reply to “Касым Тыныстановдун балдар үчүн жазган чыгармаларынан”

  1. Кыргыз адабиятынын казынасын казып чыгып аткан «РухЭш» сайтындагыларга бали

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.