“Бешкемпирден” алган таасирибиз чоң болчу… Мына эми, жарык өчүп, тасма башталганы жатат. Фильмдин алгачкы агымында эле тасмадан абдыкалыковдук тарта билүү ыкма-каражаттары  сезиле баштады…

“Бешкемпирден” алган таасирибиз чоң болчу… Фильмдин баш-аягын көрүп, жыйынтыктай келгенде, бул фильм да мына ошол “Бешкемпирдин” уландысы – анын экинчи бөлүгүндөй таасир калтырат. Себеби, “Үйүң кайда, үлүл?”, “Селкинчек”, “Бешкемпир”, “Маймыл” – режиссер тасмадан-тасмага, фильмден-фильмге өтүп-көчкөн сайын көтөргөнү, көкөйүңдөгү чагылдырып тартканы – болгону бир гана тема. Балдардын, өспүрүмдөрдүн дүйнөсү.

Өзгөчө эркек баланын жан дүйнө жетилүүсү, дүйнө таанымы. XX кылымдагы психоанализдик окуунун “атасы” Зигмунд Шоломович ачкандай, ошол өспүрүм дүйнөсүн өзөк аспектиден – баланын балакатка жетилүүсүндө, баланын адам катары калыптануусунда анын жыныстык кумар-умтулуулары менен изденүүлөрү турмушуна өз мөөрүн басары, машакатка салып издентээри, доминанттуулук (басымдуулук) кылары жөнүндө. Кыскасы, Адам табияты жөнүндө. Жок, бул ошол Актан режиссёрдун Фрейддин теорияларын окуп үйрөнүп алып, кино тартууда мына ошол билгендерин практикалап колдонуп жаткандагы көрүнүш эмес…

“Өзүбүздү карап туруп, өзгөлөрдү түшүнөбүз, өзгөлөрдү түшүнүп жатып, өзүбүздү аңдап-билебиз”- деп философ Сартр айткандай, бул кадимки эле Актан Арым Кубаттын жүрүп кеткен балалыгына кайрылып, ошол узакка созулган бала мезгилиндеги – жашоо-өмүрүндөгү өзүн өзү издөөсү, таанып билүүсү. Ошол бала кездеги көкөйүндө калган субъективдүү изденүү-табылгалары менен, изденүү тактарын объективдештирип, кино тасмага, кинообразга, киноокуяга айландырып берип жаткандагысы. Дагы тагыраак айтсак, Актан Абдыкалыков өз балалыгын таптакыр унута албаган адам. Андан да күчөтүп айтсак, балалыгын өзүндө сактап калган, ошондон улам балдар дүйнөсүн жакшы түшүнгөн адам. Демек, Актандын кино тасмаларынын баарында тең автобиографиялуулуктун кайсы бир элементтери канча бир процентте өкүм сүрөт.

“Бешкемпирден” алган таасирибиз чоң болчу… Бул фильм да ошонун уландысы…

Адам табияты – табышмак. Аалам-табышмактын адам-табышмакка  ошол башталыштын башында эле салып берген инстинкт-кумар-умтулуусу кези келген сайын баланын өз табиятында бар экенин билгизип, өзүнөн кайра-кайра кабар берип турса, бала ошол нерсенин өзү эмне экендигин түшүнө албай бушайман болуп, дендароо тартат… Баланын табиятындагы мына ошол кол менен кармалгыс, сөз менен жеткире алгыс табышмактуу нерсенин табиятын режиссёр кинонун тили, кинонун каражаттары менен куп гана кармап, көзгө көрсөтүп, сезимге жеткирип бере алган; башкача айтканда, символдук каражаттар аркылуу маңызына жетип ачып берген. Ошол эпизод-деталдарга, монтаж-компоновкаларга көңүл буралы:

Жарык болуп, күн шооласы тийип турса дагы бала бөлмөдө уктап жатат. Жок, уктаган жок, ал ойдун, кыялдын кучагында жатат… Бир убакта баланын колу өзүнөн өзү эле белинен ылдый көздөй жылып түшүп, жан жерине жакындап баратканын экрандан чоң планда алып көрсөтөт. Бала баш көтөрүп алып карай баштайт. Эми бала оодарылып кеткенин көрөбүз… (баланын канында ойногон, тулабоюнда чатыраган ошол улуу кумардын денеси менен акыл-сезимин өрт болуп каптап, ташкын болуп жайпап, үйөр болуп алып кеткендегиси). Эми эпизод башка бир көрүнүшкө алмашат, башкача айтканда, дал ошол бөлмөгө күтүлгүс жерден кайдан-жайдан кандайдыр бир канаттуу, кооз куш-үкүлүү үпүп учуп кирип, кайра чыгып кетүүгө жылчык таппай, чыга албай далбастайт. Кокусунан камалып калган капас-бөлмөнү таштап, терезенин сыртындагы гүүлдөгөн жандуу дүйнөгө – эңсеген эркиндигине кайрадан бат эле  аралашкысы келип, нурлуу терезеге кайра-кайра урунуп, барпырай берет. Бала эми ордунан туруп барып, ошол кушту терезеден тутуп алып, сыртка – жарыкка алып чыгып; кызыгып да, таң калып да, үңүлүп окуп, изилдеп жаткансып анын кооз канаттарын колдору менен чоюп карай берет да, аягында учурат…

Баланын жан дүйнөсүнө да капысынан сүйүү кушу конду. Жарыкчылыкка умтулуп, кайра-кайра терезедеги айнектерге урунуп далбас урган үпүп куш сыңары, жашоо кумарын ойготкон жан дүйнөсүндөгү сүйүү кушунун барпырап далбас урууларын бейаң түрүндө сезип калган бала, анын маани-маңызын чындап эле тереңден түшүнгүсү келген…

Фильмде үпүп куш, кооз канаттуу сүйүүнүн символу катары берилет; качан баланын жан дүйнөсүндө жакшы көрүү сезими ойгонсо, экранда кооз канаттуу же үкүлүү үпүп пайда болот да, көрөрмандардын аң-сезимине айласыз ассоциативдүү образдарды чакырууга аргасыз кылат. Ошондон кийин Гарсиа Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылы” романын айласыз эске түшүрөсүң, анда качан каармандын сүйүүсү ойгонордо, автор сары көпөлөктөрдү сүрөттөп, калкылдатып учура баштайт. Фильмдин негизги сюжеттик линиясы ак-каралуу тасмада тартылып, көрсөтүлүп жаткан болсо, качан символдук образдарды көрсөтүүдө түстүү кадрлар менен бөлүп көрсөтөт. Бул режиссёр тарабынан жакшы табылган ыкмалардын бири.

“Бешкемпирден” алган таасирибиз чоң болчу… “Бешкемпир” өспүрүм баланын жан дүйнөсү жөнүндө болсо, “Маймылда” башкы каармандын жашы өзгөрөт – түк муруту жаңы гана кылтыйып, боз кертик – боз улан курагына айланган жигиттин ички изденүүлөрүнө арналат. Каармандардын жаш курактарынын өзгөчөлүгүнөн алып караганда да, “Маймыл” – “Бешкемпирдин” уландысы. Адам өмүрүнүн ырааттуу айлампасы менен ала турган болсок, өспүрүм кезден кийин эле, боз улан жигиттик курак башталат эмеспи. Ошол үчүн тасма башталганда эле (дубалдын узатасын бойлото чийилип-жазылган тамгалар, адам аттары, ар кыл сүрөттөр, — койчу, эмнелер гана жок, бул дубалда – көр жердин баары бар, баары батырылып тартылган сүрөт-чиймелүү дубалды камера узатасынан шашпай изилдеп, көрөрмандын көз кырына бардыгын салып өткөн, ошонун фонунда фильмдин титри жазылган монтаж-бөлүктү эске албаганда); аскерге даярдык катарында комиссия боз уландарды текшерүүдөн өткөзүп жаткан экспозициялык эпизодго туш болобуз – кумурскадай котологон боз кертик уландар бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө чымын-куюн болуп өтүшүп, врачтарга ден-соолуктарын текшерттиришүүдө, алардын арасында биздин каарман да бар. Ооба, алар денелик (физиологиялык) жактан жетилишти. А жан-дүйнө (психологиялык) жактанчы?.. Боз уландын дал ошол психологиялык жактан жетилүүсүнүн лирикалык, романтикалык, атүгүл трагедиялык-поэтикалык кардиограммасы “Маймылда” кылдат изилденет.

“Бешкемпирден” алган таасирибиз чоң болчу…

“Бешкемпир” гармония жөнүндөгү фильм… “Бешкемпирде” режиссёр аң-сезимдүү түрдө фильмдин экспозициясы менен финалына — башы менен аягына өзгөчө басым жасагандыгы баамдалат; тактап айтканда, фильмге кызыктуу башталыш ойлоп таба алган да, фильмдин аягын да адаттан тыш табылга менен ойдогудай жыйынтыктай алган.

Мына ошол башталыш менен аякталыш тасмада гармония жөнүндөгү идеяны шарттап турат, башкача айтканда, гармония жөнүндөгү түшүнүктү көрөрманга каймана түрүндө – мындай бир символдук-метафоралык мааниде туюнтат. Сый коноктор келгенде алдыга салынуучу кыргыздын кадимки эле курак төшөгү. Фильм башталар менен мына ошол курак төшөктү камера узатасынан – башынан аягына чейин шашпай жылдырып көрсөтөт. Жөн көрсөтпөйт, экрандын тыш жагынан үпүп куштун сайраган үнү менен удаалаш алып көрсөтөт, кийинки көрүнүшүндө ошол төшөктү бүтүндөй фону менен камера алыстан алып көрсөтөт. Бир аздан кийин айылдын белдүү беш кемпири төшөккө келип отурушуп, асыранды баланы бешикке бөлөө жөрөлгөсүн жасашат.

Ошол беш кемпирдин урматына лирикалык каармандын – таштанды баланын ысмы Бешкемпир деп аталат. Кемпирлер балага ысым беришип, бешикке бөлөр жөрөлгөсүн жасашып, өз алдынча статуска ээ кылып чакан бир социалдык топко (микросоциумга) баланы өз ысмы менен кошуп жатышып, бөлөнөр бешиктин баш жагын көтөрүп, ырымы катары “Оңбу, оңбу?…” деп үн чыгара суроо салышкандары, алардын ымыркай баланын келечек-тагдырына, болочок турмушуна оңчулук, жакшылык, шайкештик жашоо каалашкан – шайма-шай гармония тилешкен бейаң түрүндөгү алгачкы шарапалары болсо; — кинодо дал ушул адам жашоосунун гармониясы жөнүндөгү идеянын эң алгачкы проекцияланган символдук көрүнүшү – кыргыздын кадимки эле курак төшөгү болчу (курак төшөк гармониянын символу).

Көрсө, кыргыздардын күндөлүк жашоо турмушунда урунуп жүргөн буюму курак төшөгүндө гармонияны шарттап туруучу белгилер бар экен; ар кандай геометриялык фигуралардан турган чүпүрөк-кесиндилердин бири-бирине ылайык келе тургандай, түстөрү да шайма-шай түшкүдөй жайгаштырыла куралышы курак төшөктүн өңүн кызыл-тазыл кызгалдактай кулпурта, бар жагынан гүлдөтө ачып, анан ошо көрүнүшкө, кооздукка үпүп куштун сайраганы кошул-ташыл кошулса – мезгил жагынан жаратылыштын да жайдары кези – жай саратан учуру экендигин билгизип; ушулардын баары өзүнөн өзү убактылуу бейгамдыкты жаратып, көрөрмандын туюму ассоциативдүү сезимдерден улам ошол эле мезгилде экранда убактылуу гармония жаралганын да кошо туят. Дал ушул көрүнүш алгачкы эпизоддогу гармония жөнүндөгү идеянын символдук көрүнүшүн, анын ичкеридеги маани-маңызын көтөрүп туруучу табылга.

Гармония жөнүндөгү табылга-идеяны режиссёр фильмдин финалында эң бир ажайып көрүнүшүндө биротоло аягына чыгарат.  Деги адам баласы түбөлүк гармонияга кантип ээ болот?.. Түбөлүк гармонияны кантип табат?.. Адамзаттын улуу жазмасында (Библия-Куран) айтылгандай; аял эркектин кабыргасынан жаралган. Ошол үчүн эркек аялды издегени издеген. Ошол үчүн экөө табышуунун аягында бир жуп дене болушат, — бир денеге, бир дилге айланышат. Актан Арым Кубаттын “Бешкемпиринде” да ушул сюжет айтылат; бирок башка окуя башкача маанай менен…

“Аял-эркектин тең жарымы” (ушундай аталыштагы кытай жазуучусунун баяны бар); качан эркек өзүнө жылдызы келишкен аял затын тапканда, эркек менен аялдын ортосунда жакшы көрүү сезими ойгонгондо – сүйүү мамилеси козголгондо; эркек менен аялдын алакасы күүгө келгенде гармония жаралса керек?! Ошонун каймана мааниси фильмде – кызыл-тазыл курак төшөктүн фонунда кыз менен баланын (аял менен эркектин) колдору “илмек” оюнун ойноп жаткандыгын көрсөтөт (психология боюнча адам жашоосунун баары оюн эмеспи…) эки учу бириктирилген жипти баланын колунан кыздын колу, кыздын колунан баланын колу чебер илип алып, алмашкан сайын жип ар түркүн форма жаратып, айкеш-шайкеш түшөт…

Дал ушул көрүнүштү Нурлан Нышановдун комуз күүсү да ого бетер ыргагына, күчүнө келтирип, көрөрманга экспрессивдүү, эмоцианалдуу маанайда таасир бере тургандай абалда, фильм да көтөрүңкү маанайда аяктайт.

Кыргызстан маданияты №8 (1506) сентябрь, 2002

Абдмиталип Мурзакметов: Сүйүү магиясы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.