Африка элдеринин жомогу: Маймыл, жылан жана коён 

Сото уруусунун болмушу Илгери, илгери жаныбарлар да кишилердей эле сүйлөшкөн убакта бир маймыл жашаптыр. Бир күн тамак таап, өзөк жалгаганга бирдеме издеп чыгат. Дөбөгө чыгып, күн чубакта какталып жаткан ташты оодарып, алдынан толгон курт-кумурска, коңуздарды таап, жакшылап курсагын тойгузду. Дагы жөнөдү. Бара берет. Бир аздан кийин дагы бир таш көрөт. Алдында басылып олчойгон жылан жатыптыр, араң эле жаны бар. Жылан маймылга жалынып сурана баштады: — О, атамдын баласы, бир боорум, бул ташты оодарып, мени бошотуп кой. Жардамыңды аяй көрбө! Маймыл […]

Касым Тыныстанов: Талаага тай өнүптүр

АҢГЕМЕ — Тай алып бер, атаке, — деп Абыл көптөн бери атасына айтып жүрүүчү эле. Абылдын сөзүнө атасы көп кулак салбай жүрдү. Бир күнү тай минип жүргөн балдарды керүп, Абылдын ичи кызыды. — Тай алып бер! — деп атасына асыла берди. — Макул, балам, жаз чыксын. Сен мектептен бошогон кезде, мен тайыңды даяр кылып коёмун. Ага чейин сен жакшылап окуй бер, — деди атасы. Жаз чыгып, Абыл мектептен бошоду: — Баягы тайды эмне кылдың, атаке? — деп Абыл сурай кетти. […]

Айсалкын Сооронбаева: Өрүктөр гүлдөгөн маалда

АҢГЕМЕ — Алоо, кандайсың, уулум? — Жакшы, апа. Өзүңүз жакшы жүрөсүзбү? — Ооба, мен жакшы жүрөм. Бүгүн сенин туулган күнүң эмеспи. Туулган күнүң менен куттуктайын деп чалбадымбы. Туулган күнүң күт болсун! Бактылуу, таалайлуу, ыймандуу жигит бол, Кудайым өмүрүңө береке берсин, уулум. — Рахмат, апа. — Берекем менин. Туулган күнүңдө биз жок мостоюп калдың го дейм? — Апоов… — Оов, балам… — Качан келесиз? — Ыя? — Качан келесиз дейим, келесизби? — Барам уулум. Туулган күнүңө барам деп жүрдүм эле ишим […]

Жаралуу сырды ачпа!

Асылбек Исмаилов жумшак юморго ширелген мыкты аңгемелердин, ойчул поэзиянын чебери эле. Театр күйөрмандарына анын пьесалары жакчу. Чыгармачылыкка өзгөчө жоопкерчилик менен караган автор бапыратып жаза бергенди жактырбаган, сөз баркын өзгөчө урматтаган сүрөткер болчу. Бүгүн биз жазуучунун “Асыранды” аңгемесин чогуу окуйбуз. Бу тагдырдын ташпиши пенде баласынын алдына эчен сыноолорду жайып, толгон-токой тоскоолдорунан өткөрөт. Адам баарына чыдап, азап-тозогуна айласы жок көнүп, барга-жокко күйүп-бышпай, өмүр көчү улам арылаган сайын болгонго каниет кылып, баарына токпейил карап, жашоо-турмуштун арабасын тарта берет экен. Ал күнү таң бүркөө, […]

Дилазык: Сүйүү жана Бакыт жөнүндө уламыш

Кичинекей бакыт атасынан: — Сүйүү каякка кетет? — деп сурады. Атасы: — Ал өлүп баратат, — деп жооп берди да: — балам, адамдар бар нерсени барктап, баалап сүйө алышпайт. — Чоңойгондо адамдарга жардам берем!- деп ойлонду кичинекей Бакыт. Жылдар өтүп, Бакыт жетилип чоңойду. Өзүнүн убадасын эстен чыгарбай, бар күчүн жумшап адамдарга жардам бергиси келди. Бирок адамдар аны сезбеди. Акырындык менен чоң Бакыт кичирейип, алсыз боло баштады. Таптакыр жок болуп кеткенден коркуп, дартына дабаа издеп, алыскы сапарга чыкты. Аз жүрдүбү, көп […]

Татыктуу малайлар менен кулдарды сыйлоо жөнүндө

“Сиасет-намэ”. Низам ал-Мулк (1018-1092) Отуз алтынчы бап Кызматын кынтыксыз жакшы аткарган ар бир малайды өз учурунда алкоо жана сыйлоо керек. Кимде ким тегин жерден же жаңылышып осол иш кылса, кулдар кызматын ынтаа коюп аткаруусу үчүн, аны жасаган жосунуна жараша жазалоо абзел; кылмышкер жазадан коркуп, бардык иш талаптагыдай аткарыла баштайт. Икая. Хашимит[1] бала кайдадыр бир жерде чогулган элди таарынтып коёт; алар баланын атасына барып даттанышат. Атасы уулун жазаламак болот. Баласы: “Ата! Мен акылым жок болгондуктан кылмыш жасадым. Мени жазалаба, сен акыл-эстүү […]

Бейшебай Усубалиев: Өкүрүк

АҢГЕМЕ Алакандай бул айыл нелерге гана күбө болбогон. Айылдын ортосунда бейиттер бар. Анын туш тарабы тосмолонгон. Мурда ачык болчу, курчалганына эки-үч жыл эле болду. Буга баары сүйүнүштү, төтөн карылардын кубанычы койнуна батпай жүрдү. «Эми ишке жарадыңар,— дешчү алар,— болбосо, тебелеп-тепсеп… Бул малдан да ыйман качты…» Мурда эмне үчүн тосмолонбой келгендигин жана тосуу малдын ыйманына байланыштуубу же жокпу — муну эч ким деле: билбейт. Айтор, бир жылы эле бейиттерди тосуу керек, арбактарды сыйлоо керек деп айыл дүрбөп калыптыр. Ошентсе да бул […]