Кичинекей бакыт атасынан:

— Сүйүү каякка кетет? — деп сурады.

Атасы:

— Ал өлүп баратат, — деп жооп берди да: — балам, адамдар бар нерсени барктап, баалап сүйө алышпайт.

— Чоңойгондо адамдарга жардам берем!- деп ойлонду кичинекей Бакыт.

Жылдар өтүп, Бакыт жетилип чоңойду. Өзүнүн убадасын эстен чыгарбай, бар күчүн жумшап адамдарга жардам бергиси келди. Бирок адамдар аны сезбеди. Акырындык менен чоң Бакыт кичирейип, алсыз боло баштады. Таптакыр жок болуп кеткенден коркуп, дартына дабаа издеп, алыскы сапарга чыкты. Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, Бакыт жолунан эч кимди жолуктура албады. Өзүн аябай дармансыз сезип, эс алууга токтоду. Чоң бактын түбүнө жаңы эле кыйшая жатып,  көзү илине берерде бирөөнүн басып келаткан дабышын укту. Көзүн ачып: кийими жыртылган, чачы ирээтсиз, таяк сүйөнгөн, жылаңайлак кемпирди көрдү.

— Отуруп эс алыңыз, аябагандай чарчаптырсыз го. Күч топтош үчүн тыным алышыңыз керек,- деди Бакыт.

Өтө чарчаган кемпирдин жаны жер тартып турду. Бир аз эс алган соң, жолоочу өз тагдырын баяндап баштады:

— Мен дагы да болсо жашмын го, бирок мени картаң, алсыз сезишкени кандай өкүнүчтүү! Болбосо менин атым – Сүйүү!

— Демек, Сүйүү деген сиз болосузбу?! — таңгала сурады Бакыт. – Бирок мага баардык дүйнө жүзүндөгү сулуу, эң жакшы сезимдердин бири Сүйүү деп айтышты эле го!

Сүйүү кунт коюп карап, суроо узатты:

— А өзүңдүн атың ким?

— Бакыт.

— Көрсө ушундай беле? Мага да өтө сулуу болоруңду айтышпады беле, – тамтыгы кеткен кийиминен күзгү алып сунду.

Бакыт күзгүдөн өзүнүн жүзүн көрүп, өксүп ыйлап жиберди.

Сүйүү ага жакын отуруп, аяр кучактады да:

— Тагдыр да, таш боор адамдар да бизди эмне гана кылышпады? — деди улутуна.

— Эч нерсе эмес! Эч нерсе… Эгерде экөөбүз бири-бирибизге такай кам көрсөк, бат эле сулуу болуп, жашарып чыга келебиз.

Бакыт менен Сүйүү чоң бактын түбүндө мындан ары эч качан бири-биринен ажырагыс болуп, макулдук табышты. Ошондон бери, эгер кимдир-бирөөнүн жашоосунан Сүйүү кетсе, Бакыт да аны ээрчип кетер болуптур. Ал экөө жалгыздап бөлүнбөйт дейт. А адамдар аны аңдабайт экенбиз…

Которгон Айтбүбү ОРУНБАЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.