АҢГЕМЕ

— Тай алып бер, атаке, — деп Абыл көптөн бери атасына айтып жүрүүчү эле. Абылдын сөзүнө атасы көп кулак салбай жүрдү.

Бир күнү тай минип жүргөн балдарды керүп, Абылдын ичи кызыды.

— Тай алып бер! — деп атасына асыла берди.

— Макул, балам, жаз чыксын. Сен мектептен бошогон кезде, мен тайыңды даяр кылып коёмун. Ага чейин сен жакшылап окуй бер, — деди атасы.

Жаз чыгып, Абыл мектептен бошоду:

— Баягы тайды эмне кылдың, атаке? — деп Абыл сурай кетти.

— Ал тайың даяр, талаага айдап койдум, чоңоюп калды, — деди атасы.

“Талаага кайдан тай өнсүн? Атам мени алдаган экен” — деп Абыл жүрдү.

— Жүр, балам, тайыңды сугарып, багып келели, — деп бир күнү атасы Абылды ээрчитип чыкты. Абыл аң-таң болуп жүрүп отурду.

— Мына, балам, сенин жорго тайың, — деп жаңыдан өнүп жаткан тарууну көрсөттү.

— Бул таруу го? — деди Абыл.

— Тарууну баксак, күзүндө тай болуп калат, — деди атасы.

Абыл тайга ишенгенин койду.

Таруу баксак, кыйын чыкты. Күз болгондо, тарууну Абыл өзү орду. Тарууну жыйнап, кырманга салып бастырышты. Таруу кап, кап болуп калды. Бозочулар таруунун баасын асманга чыгарып жиберишти. Койчуман эки кап таруусун бир тору жорго тайга сатты.

— Мына, балам, баягы талаага айдап койгон тайың деди атасы.

Талаага тай өнөрүнө Абыл ошондо ишенди…

Макал: «Даның болсо ороодо, малың сыйбас корооңдо».

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.