Турдукожоев кызмат үчүн кыргыз тил маселесин көтөрбөгөнүн айтты

Саналуу күндөр мурда публицист Жыргалбек Турдукожоевдин ЖК төрагасы менен Өкмөт башынын дарегине жолдонгон “Президент кол койгон ар бир мыйзамда ондогон, жүздөгөн каталар орун алууда” аттуу макаласын, андан соң КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н. Ишекеевге жазган Ачык катын жарыялаган элек. Бүгүн дал ошол маселе боюнча Жыргалбек Турдукожоевдин өзүн кепке тарттык… – Сиз мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башчысына, Жогорку Кеңештин төрагасына, Премьер-министрге жолдогон катыңыздан жооп болдубу? – Назаркул Ишекеевич өзү телефон чалып, улуттук комиссиянын ишинде көйгөйлөр […]

Фарсы эл жомогу: Чоң кумурска менен кичинекей кумурска

Бир күнү чоӊ кумурска кичине кумурскага  келип айтат экен: — Мени укчу, карызга бираз ун берип турасыӊбы? Эгин бышаары менен кайтарып берейин. Кичинекей кумурска жооп берди. — Мейли, берсе берейин, жүр мени менен, азырынча кудайга шүгүр, ун бар го. Ошентип экөө жөнөп калды. Чоӊ кумурска алдыда, кичинекейи артында. Бир убакта караса чоӊ кумурска алдыга бир топ алыстап кетиптир. Анда кичинекейи үн салат дейт: — Эй, досум, унду бере элек жатып сага жете албай баратам, карыз алгандан кийин кандай болот деп […]

Касым Каимов: Токол (шедевр)

АҢГЕМЕ Чала бышкан коондун сызыгындай тилкеленген, ээн боз адырдын этегиндеги чыбыр жолдо ээрчише бастырган эки жолоочу келатышты. Жолоочулардын аттары такалуу болсо да, ташыркаган сыяктуу бүжүрөшөт, «чү-чүлөп» камчы чабылганда гана лекилдеп басып, бир аздан кийин кайра илкишет; жолоочулар өздөрү да жазгы күндүн табына каалгышат; башы оогон жакка багыт алган дубаналарча эки жагын карашпай, тунжурашып ат жалын тиктешет. Бешинчи күн дегенде алар туулуп өскөн жеринин четине келишти. Өз жеринин касиети кандай! Чаалыккан аттар топуракты жыттаганда кубаттанып таноолорун бырпыратып, туягы менен жер чапчып, […]

Шербет Келдибекова: Жылтыр шаңы өчөт кездердин

ЖАЗ Жаз келди да, жадырады туш тарап, Жаңылыктай сергек нурга чайканып. Жапырт, жымжырт гүлдөп жатты алмалар, Таң калаарлык тааныш болуп кайтадан. А биз болсо чакан, күүгүм бөлмөгө, Чогулдук да, ырдап жаттык: «Жарыгым, Жок дегенде ушу жазда кайтсаң не, Күтө берип, күтө берип карыдык». Сыртта дүйнө акыл жеткис, эс жеткис, Эбегейсиз кереметке чөмүлүп… Аңкып жатты, чалкып жатты алма бак, Жаз ташкыны көзсүзгө да көрүнөт. А биз болсо үлпөт куруп… Эченчи Жаз келгенин каалабастан билүүнү: Жаңылыш деп узап жаткан кечтерди, Эңсеп жаттык […]

Жетиген Асанбек: Өзүңөн көр, шайлоочу! (2-макала)

1-макала >>>>> “Республика-Ата Журт” фракциясы депутаттарынын саны боюнча парламентте КСДПдан кийинки орунду, 120 орундун 28ин ээлеп отурушат. Демек, оңой эмес добушка, оңой эмес күчкө ээ. Иш жүзүндө парламенттин аткаруу бийлигинин иш-аракетин көзөмөлдөө милдетинде фракциянын жарытылуу, көзгө көрүнөр иши байкалбады. Макалабыздын биринчи бөлүгүндө айтылган «Лидерине жараша фракциясы» деген сөзүбүз бул фракцияга тийиштүү болобу? Талдап көрөлү. «Республика-Ата Журт» дегенде, саясаттан кеткендиги тууралуу өзү атайын билдирүү кылса дагы, көз алдыга порумдуу да, көзгө толумдуу да Өмүрбек Бабановдун бейнеси тартылат. Биринчи себебине токтолуп көрөлү, […]

Унсуралмаали Кайкавус: Кабуснаме (Акылмандыктын кенчи)

<<<< Башы ПАДЫШАГА УАЗИР БОЛУУНУН ЖОЛ ЖОБОСУ ЖӨНҮНДӨ Уулум, билгин, эгер ыкыбалың туура келип, уазир болуп калсаң, ишти талдай бил, аткарган иштериңдин эсебин бергенге үйрөн, элди ажырата бил. Ар ишти өз ыгына карай жүргүзө бил, өз бектериң менен чынчыл бол, өз бегиңе татыктуу сый-урмат көрсөт. Баарын эле өзүмө алайын дебе, анткени баарына жутунган адам куру кол калат деп айтылган эмеспи. Сага адамдар каалаганыңдын эле баарын бере беришпейт. Эгер бир нерсени убактылуу беришсе, кийин кустуруп алышат. Эгерде башында азга макул дешсе, […]