Чүщ-щ… эч кимге айтмай жок: Чоңдор үчүн кыска жомоктор!

Орус-француз биргелешкен мекенди сүйүү жөнүндөгү жомогу Абышка Дюбуанын үч уулу бар болчу: улуусу Жак, ортончусу Жюль жана кенже уулу жинди Жан. Алар чоңоюшуп, үйлөнүүгө да мезгил келип жетет. Алар жааларын алып Елисей талаасына чыгышты. Биринчи аткан Жактын жебеси Улуттук чогулуштун депутатына барып тийди, бирок анын күйөөсү бар болучу. Жюлдун огу кечилге тийди, ага үйлөнүүгө дин жол бербейт эле. А жинди Жандын жебеси бакага тийди, ал да түз тийбей аны жарадар гана кылды. Бака өзүнүн каныша экендигин, элчиликте визага кезек чоң […]

Олжобай Шакир: Кечээги темене канат акшумкарлар бүгүн алгыр куш

“Саргара жортсоң, кызарта бөртөсүң” Элдик макал. Ийгиликтин ээси көп деген ушу го. Бүгүн жалпы жамы журттун сыймыгы артып туру. А мындай сыймык, мындай ийгиликтин башатын жаратуу саналуу гана адамдын колунан келмек. Жалпы улуттук сыймыкты жаратуу бир адамдын деле колунан келерин айтылуу Аскар Салымбековдун мисалынан көрсөк болот бүгүн. Канча жылдап кыргыз футболун ирдентүү мүшкүлүн тартып келген жок. Анын кыргыз футболчулары дүйнөлүк аренада ат салышууга качандыр бир убакта мүмкүнчүлүгү болоруна чечекейи чеч болуп келгенин билебиз. А айрымдарыбыз муну кур кыялдай элестеттик. Ырасында, […]

Кыргыз эл жомогу: Үч ууру

Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул уурулар сөзгө келип, бири-бири менен таанышышат. Биринчи ууру: —  Мен жанда жок уурумун,- дейт. Экинчи ууру: —  Мен жанда жок баатырмын, — дейт. Үчүнчү ууру: — Мен жанда жок ченчимин. Мен отун бар деген жерде отун, суу бар деген жерде суу, эл бар деген жерде эл бар, кыскасы, бар деп айткандарымдын баары бар, баарын караңгы, жарыкта болсун жазбай табам,- дейт. Ошентип узак жол жүрүшөт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир […]

Бахтияр Шаматов: «Мен баарын билем»

АҢГЕМЕ 90-жылдардын ортосунда жумушум жок калып, мобул эле Жаш гвардия гүлбагындагы эмгек биржасына чыгып иштеп жүрдүм. Бул жерде не деген гана кишилер жок, не деген талкаланган тагдырлар жок… Гүлбактын аймагы өзүнчө ээленип, бөлүнүп калыптыр, Москва көчөсүнө чейинки тээ өйдө жагында отургандар жалаң кесипкөй курулушчулар, булар шаардагы СМУ, ПМК сыяктуу советтик курулуш уюмдарында иштеп, анан эгемендик заманда алардын көбү жабылып, жумушсуз калган шаар тургундары. Булар берки ылдый жактагыларды дымактуу карап, анчалык тогото беришпейт. Андан берирек, орто ченде жумуш күтүп отургандар «келгин […]