1. Орус-француз биргелешкен мекенди сүйүү жөнүндөгү жомогу

Абышка Дюбуанын үч уулу бар болчу: улуусу Жак, ортончусу Жюль жана кенже уулу жинди Жан. Алар чоңоюшуп, үйлөнүүгө да мезгил келип жетет. Алар жааларын алып Елисей талаасына чыгышты. Биринчи аткан Жактын жебеси Улуттук чогулуштун депутатына барып тийди, бирок анын күйөөсү бар болучу. Жюлдун огу кечилге тийди, ага үйлөнүүгө дин жол бербейт эле. А жинди Жандын жебеси бакага тийди, ал да түз тийбей аны жарадар гана кылды. Бака өзүнүн каныша экендигин, элчиликте визага кезек чоң болгондуктан аны алыш үчүн эле бакага айланып алганын орус тилинде миң какшап айтып түшүндүрө албады, анткени Жан француз эле да. Ал баканы эски, унутулуп бара жаткан ыкма менен бышырып, бир ресторанга башкы ашпозчу болуп алды.

Тыянак: Кыздар, секет болоюндарым, тил алсаңар өзүңөрдүн көнгөн сазыңарда эле жүргүлө жана азырак чардагыла. Елисей талаасында суутуп койгон эч нерсе жок. А жиндилер өзүбүздө деле толуп жүрбөйбү.

  1. Аленушка менен иниси Иванушка жөнүндө элдик жомок

Илгери-илгери Аленушка иниси Иванушка экөө жашаптыр. Аленушка акылдуу, эмгекчил эле, а Иванушка аракеч болчу. Эжеси ага канча какшап айтпады дейсиң: «Иванушка, ичпечи, улакка айланып каласың!»  Бирок Иванушка анын айтканына кулак салып да койгон жок, болбой эле иче берди. Бир жолу ал дүкөнгө барып, колдон жасалган арактан алып ичти да, эки бутуна тура албай төрт буттап баратканын сезди. Аңгыча кайдан-жайдан шүмшүк карышкырлар чыга калышып:  «А… теке, эмне, тоё ичтиңби?» —деп аны мүйүздөн алышканда, ал төрт аягы асмандап жыгылып, ошону менен иши бүттү…

Аленушкага анын үйү мураска калды, анткени жамандыкты дайыма жакшылык жеңет эмеспи!

  1. Араб эл жомогу «Ильич жана Алладин»

Кайсы бир хандыкта Алладин аттуу адам жашаптыр. Ал таштандыдан эски жез чырак таап алып, аны тазаламакчы болот. Сүртө баштаганда чырактан жин чыга калат да, ага таазим кылып, каалаган тилегиңди аткарам дебейби. Андан кийинкиси түшүнүктүү да, кубанычы коюн-кончуна батпай сүйүнгөн Алладин карап турсунбу, келишкен хан сарай, келишимдүү каныша, алты жүзүнчү учак-килем жана ушу сыяктуу турмушка керектүү нерселерди алдырып алды. Кыскасы, андан кийин көйгөй деген нерсе бар экенин билбей жыргап жашай баштады. Бир жолу кашайып, аялын үйгө таштап, дүйнө кыдырып саякатка чыгып кеткен. Ошол учурда көчөдө бир киши кыйкырып жүрүптүр: «Эски чыракты жаңы чыракка алмашам»!

Кубанган аялы Алладиндин чырагын Ильичтин шамына алмашып жиберди. Андан кийин Алладин жаңы чыракты канча сүртпөсүн, андан Ильич чыгып, анын бир дагы каалоосун аткарган жок.

Мына ушинтип техникалык прогресс Азианын эскиге ишенген караңгылыгын жеңиптир.

  1. Куйрук жөнүндө

Бир жолу оңбогон куу түлкү абышканын араба толтура кармап келаткан балыгын уурдап алып жеп олтурган. Токойдон ач карышкыр чыгып андан балык сурайт:

— Түлкү, балыгыңдан берчи!

— Барып өзүң кармап же, — дейт түлкү.

— Кантип кармайм? Менин кайырмагым жок, — дейт карышкыр.

— Меники бар дейсиңби? — дейт анда куу түлкү, — мен куйругумду муздун оюгуна салып эле кармап алдым.

— Ой рахмат, жакшы акыл экен! — деп сүйүнгөн карышкыр түлкүнүн куйругун жулуп алып, дарыяга жөнөптүр.

  1. Абышка менен Алтын балык жөнүндө приморскийликтердин элдик жомогу

Көгөргөн деңиз боюнда абышка, кемпир жашаптыр. Бир күнү абышка деңизге келип торун ыргытты. Торун сууруп чыгып караса — чортон балык жүрөт.  «Бул кандай болуп кетти? — деп таң калат абышка. — Менимче, алтын балык түшүш керек эле да. Акыры, мен Емелямын го». «Сенин айтканың туура, – дейт чортон. — Биз алтын балык менен көптөн бери базарда бир багытта иштечүбүз. Жакында директорлор кеңешинин чечими менен окшош ишканаларды бириктирүү каралган», – чортон балык карт кекирип койду…

  1. Кадр саясатындагы катачылыктар жөнүндө Москванын тегерегиндеги шаарлардын биринин элдик жомогу

Өзүнүн айтканын бербеген поп жашаптыр. Анын өз иши, кардарлары жана бир жарым эс жардамчысы бар болчу. Иши жакшы эле жүрүп жаткан, жарым эс жардамчысы да тынымы жок иштечү, болгондо да бекер. Жарым эстиги ошо да. Бирок жарым эстин да чыдамы кетет экен.

— Кожоюн, — дейт бир күнү ал, — айлыгымды качан бересиң?

Анда поп ага мындай деп корсулдады:

— Жогол, сени шайтан алсын!

Жарым эс анын айтканын укту да, шайтанга барып тигинин купуя сырларын сатып жиберди. Шайтан поптун кардарларынын баарын азгырып кетти. Поптун иши жылбай, акыры ишин жабышка туура келди. Ал ошону көрмөк, ага сооп болду.

Ошондуктан, сызга олтуруп калганча тырышып жүрө бербей, кызмат кылган адамдардын эмгегин убагында төлөп туруш керек.

  1. Акылдуу кемпир жөнүндө Петербург элдик жомогу

Солдат армиядан кайтып келе жатты. Кеч кирип, ал бир үйдүн каалгасын кагып турду.

— Кожоюндар, — дейт ал, — кудай конокмун, түнөп кетейин дедим эле.

Ал үйдө сараң кемпир жашачу.

— Жатсаң жатып кет, — дейт ал, — бирок сага бере турган тамагым жок.

— Эч нерсе эмес, — дейт солдат, — мага балтаңыз болсо бериңиз, мен андан заматта ботко бышыра коём.

— Солдат, — дейт анда кемпир, — сен мени жинди деп турасыңбы?  Аны бышырып салсаң, мен отунду эмне менен жарам?

Ошентип солдат ачка жатыптыр. А баса, анын аты-жөнү Родион Раскольников эле.

  1. Акча жана ышкырык жөнүндө москвалыктардын элдик жомогу

Соловей-разбойник алтын-күмүш чогултмай болду. Ал Өлбөс Кощейге анын мал-мүлкүн кайтаруу боюнча өз кызматын сунуштады эле, ачуусу келген Кощей ага сыйкырын колдонуп, катуу сокку урганда, араң качып кутулду. Андан кийин Змей Горынычка барып, ага бир кезде көргөзгөн кызматтары үчүн акы төлөөсүн талап кылды. Ал акча бермек тургай жинденип, оозунан жалын бүрккөндө, каш-кирпигинен бери куйкаланып, өрттөнүп өлүп кала жаздады. Капаланып келе жатса астынан жезкемпир чыкты. Андан акча сурады эле, жезкемпир сөөк буту менен тепкенде көзүнөн от чагылышып, андан алыс кеткенче шашты. Озондоп ыйлап жибергенде жезкемпирдин ага боору ооруп, мындай кеңеш берди:

— Ылдый түшсөң, — дейт ал, — токойдун чети менен чоң жол өтөт, ошол жерде бактын арасында жашынып олтур да, киши көрсөң алыңдын жетишинче ышкыр. Ошондо тигилер сага акча таштап кетип турушат.

Соловей-разбойник анын акылман кеңешин угуп, чоң жолго чыкканы эч нерседен кем болгон жок. Орус жеринде гаишниктер ошентип пайда болуптур.

  1. Өлбөс Кощей жана сергек жашоо жөнүндөгү медициналык элдик жомок

Иван-падышанын уулу жинди бакага үйлөнүптүр… жок туура эмес айтып алыптырмын. Жинди Иван падышанын бакага айланган кызына үйлөнүп, ал аны чанып Кощей менен качып кетти. Ызаланган жинди Иван Кощейди издеп таап, аны менен сүйлөшмөк болду. Көп жүрдүбү, аз жүрдүбү, ал жезкемпирдикине келди.

— Азамат жигит, кайда баратасың? — деп сурады андан жезкемпир.

— Суу бербей же тамак бербей суракка алганың жарайбы? — дейт Иван.

— Даана жиндисиң го, — дейт жезкемпир. – Колуңду жуубасаң сага кантип тамак берем?

Иван колун жууп келип, жезкемпирге арманын айтып берди. Жезкемпир ага акылын айтты:

— Кощейдин өлүмү ийнеде, ийне жумуртканын ичинде, жумуртка өрдөктүн ичинде, ал эми өрдөк оорукананын 8-бөлмөсүндө керебеттин астында турат.

Иван ооруканага барып, 8-бөлмөдөн өрдөктү тапты, жумуртканы чагып, ийнени алды да ага Кощейди олтургузду.

Ошону менен Кощейдин иши бүттү. Наркомания эч кимди жакшылыкка алпарган эмес.

  1. Уйкудагы сулуу жөнүндө испан элдик жомогу

Илгери-илгери бир падыша канышасы менен жашаптыр. Алардын жалгыз кызы бар экен. Бир жолу алар оюн-зоок уюштуруп, ага ачуусу жаман, заардуу феядан башкасын калтырбай чакырышат, алар тигинин чакыртпай эле келерин билишкен. Айткандай эле ал чакыртпай келди да мындай деди: “Тойлоп жатасыңарбы? Кызыңар 18ге толгондон кийин, наркоманкага айланат, ашык дозаны сайынып алып, эсинен танат да, ошону менен ойгонбой жата берет. Ошондо кубанганыңарды көрөм!” Убакыт билинбей өтүп, кызы 18ге толот. Бардыгы баягы заардуу Феянын айтканындай болот. Кызынын кайгысынан падышанын үй-бүлөсү, кызматкерлери бардыгы тынчтандыруучу дары иче беришип, алар да толугу менен уйкуга кетишет.

Акырындап алардын ордосуна барчу жолдун баарына чытырман токой өсүп чыгат. Жүз жылдан кийин жакын жерден өтүп бараткан келишимдүү падышанын уулу, бул эмне болгон жер экенине кызыгат. Ага жергиликтүү эл жүз жыл мурда болуп өткөн окуяны айтып беришип, падышанын кызын дагы бир падышанын келишимдүү уулу өпсө ойгонорун кошумчалашат. Падышанын келишимдүү уулу эч тартынбай чытырман токойго кирди да, аттарына болгон алтын-күмүштү жүктөп алып чыгып кетти. Ал падышанын кызын өпкөн жок. Чындыгында эле, ага наркоманканын эмне кереги бар?

  1. Русалка жөнүндө Дания элинин жомогу

Деңиздин тереңинде Русалка жашаптыр. Бир жолу ал поп-жылдыз болгусу келди да, жезкемпирге жөнөдү.

— Бул каалооңду ишке ашырса болот, — деди жезкемпир, — бирок үнүңдү мага бересиң.

— Ала бер, — дейт русалочка, — анын мага эмне кереги бар? Андан көрө буттарымды узун, сулуу кылып бер.

— Окей, — деп макул болду жезкемпир, — билип кой, жакшылап чыга албай калсаң деңиз көбүгүнө айланасың.

Силер кандай деп ойлойсуңар, ал көбүккө айландыбы? Кайдан! Ал канча айдан бери хит-параддын астыңкы сабында келатат. Бул тилекке каршы, жомок эмес, жашоонун катаал  чындыгы…

  1. Саякатчы бака жөнүндө административтик элдик жомок

Сазда бир бака жашаптыр. Ал өзүнүн сазындагы ылайдан бөлөк эч нерсе көрө элек болчу. А кошуна өрдөктөр жыл сайын чет өлкөлөргө барып эс алып келишчү. Албетте, баканын деле башка жактарды көргүсү келчү, ошондуктан алар коңшуларына өзүн кошо ала кетишин суранып жатып макул кылды. Алар бакага чыбыктын ортосунан тиштетишип, эки четинен экөө тиштеп алып учуп жөнөштү. Ылдый жактан байкап турган көк кытан таң калып мындай деди:

— Карасаң, кандай акылдуу өрдөктөр! Кандай сонун ыкма ойлоп табышкан!

— Өрдөктөр эмес мен акылдуумун! — деп кыйкырган бака кулаган боюнча жерге түштү. Көк кытан аны оңой эле жеп салды.

Тыянак: бизде сөз эркиндиги бар дечи, бирок бийик учкуң келсе оозуңду басып, тынч жүр. Болбосо бирөөгө жем болосуң.

  1. Винни-Пух жана башкалар жөнүндө административдик элдик жомок

Бир жолу Винни-Пухту токойдо чарба башкаруучу кылып дайындашты. Ал өзүнө жардамчы кылып Иа-Иа менен Пятачокту алды. Жумуш кылууга Коёнекти коюшту, анткени ал баарынан акылдуу эле. Бирок Коёнек канчалык аракет кылбасын, Винни-Пухтун жетекчилигинин астында чарба иштери кыйроого туш болду. Винни-Пухту күнөөлөй баштады эле, ал өзүнүн жардамчыларын көргөздү:

— Мен эмне кыла алам? Жардамчыларымды карагылачы — бирөө эшек, бирөө чочко!

Иа менен Пятачокко келишти. Анда алар айтышат:

— Биз кантмек элек? Башчыбызды карабайсыңарбы — анын башы таарынды менен толтурулган!

Жыйынтыгында Кроликти кулакка чабышты. А калгандарын тумакка чабышты. Коёнектин терисинен жасалган тумакка. Бул жөнүндө “Акылдан азап” деген пьеса да жазышты.

  1. Темасы жок жомок

Падыша канышасы менен көк деңиздин боюнда жашачу. Көп жылдар бою бирге жашашты, бирок балалуу боло алышпады. Бир күнү падыша канышасына мындай деди:

— Сүйүктүүм, мага көмөч нан бышырып берчи!

— Сен эмне мээңден ажырап баратасыңбы? — дейт каныша. — Мен сага ашпозчу белем?

— Эх, сен, — дейт таарына түшкөн падыша, — мен сени эч нерсеси жок Золушка кезиңде алып, ичирдим-жедирдим, кийиндирдим, киши катарына коштум эле…

Жомок ушул жерден бүткөн жок. Жомок үйлөнгөндүн эртесинде эле бүткөн…

Интернеттен алып которгон Абийрбек Абыкаев

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.