Эсенбай Нурушев: Эл жана анын «машаяктары»

Байкап, көрүп эле жүрбөйбүзбү: саясый күрөштүн кылоосу курчуганда эл дайыма эки тараптын талашына түшөт. Оппозиция эл бийликке ишенбей калганын айтып, жер сабап кирет, алардын оппоненттери болсо, тескерисинче, элдин оппозицияны көрөйүн деген көзү жок деп ырастай баштайт. Ушундан улам эл, коом, элита тууралуу пикирин, көз карашын сурап, публицист жана адабиятчы Эсенбай Нурушевди сөзгө тарттык.  ЭЛ КИМГЕ ЭСТЕЛИК? — Эл, эл деп эле калабыз, деги эл деген өзү эмне? Аны кандай түшүнсө болот?  — Эл дегендин эми ар кандай түшүнүктөрү бар. Философияда, […]

Португал эл жомогу: Маймылдар

Кызыл топу саткан бир соодагер болуптур. Бир күнү токой аралап кардарларына жөнөйт. Күн аябай ысып, токойдо адам чыдагыс үп болуп турду. Чарчап, тердеген соодагер бактын түбүнө кыйшая кетти. Жалбырак арасынан күн тийип, баштан өтүп кетпесин деп кызыл топунун бирин кийип алды. Жүгүн жанына коюп, ыӊгайлана жатты да мемиреп уйкуга кетти. Бир топтон кийин уйкусу канып, сергип калыптыр. Турда да керилип-чоюлуп, кол сандыгын көтөрсө, анысы бош. Бир да топу калбаган. “Эмне балаа болуп кетти? Топуларымды ким уурдады? Эми ууруну кайдан табам?” […]

«РухЭш» сайтын колдоо акциясы Улан Примовдон Нодирбек Каримовго өттү

Жогорку Кеңештин депутаттары арасында адабият, маданият, илим-билим багытында алгылыктуу иштерин улантып келе жаткан “РухЭш” сайты көбүбүзгө жакшы тааныш жана мындай ишмердиги учур талабы экени талашсыз. Мындай гуманитардык багыттагы улуттук долбоор коомдук колдоолорго муктаж экендиги ырас. Ошондон улам “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз баштаган бул эстафета демилгесине парламент депутаттары да кайдыгер эмес экендигибизди билдирип, эстафетаны буга чейин улантып кела жаткандарды өзүм да чын ыкыласымдан кабыл алдым. “РухЭш” сайтынын улуттук адабиятыбызды өнүктүрүү багытында аракеттерин колдоо үчүн мен дагы аталган сайттын 0558 […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын арманы – Күү, арзуусу – Обон

Элибизде «Күүнүн башы – Камбаркан» деген уламыш айтылат: «Бир күнү Камбаркан аттуу адам тоо-таш кезип, аңчылык кылып жүрүп, чарчагандан бир дарактын түбүнө келип дем алып отурат. Бир маалда ал кандайдыр бир жагымдуу добушту эшитет. Айланасын караса, эч ким жок. Жагымдуу добуш бирде кубулжуп, бирде дирилдеп, бирде катуулап, кайра басайып, аңчынын сезимин кытыгылайт. Акыры добуш чыккан жакты боолголоп отуруп, ал добуш дарактын бийик бутагында илинип турган, кургап калган ичегинин желге термелген кыймылынан чыгып жатканын баамдайт. Ошентип, бул окуя комуздун жаралышына себеп […]

Жунай Мавлянов: Бекиш, сага эмне болду?

АҢГЕМЕ Бектен минген ат үйдүн эшигине куптан ченде келип токтоду. Колу-буту карышып калган ал кылчактап эки жагын каранды. Эч ким көрүнгөн жок. Жадегенде тиги фронтто жүргөн кезинде үйүн, жерин эстеген сайын жакындарына кошо көз алдына тартыла берчү Мойнок да алдынан үрүп чыкпады. Жолдон кыйналганбы, ансыз деле арык денеси ого бетер кичирейип, куту качып келаткан ал бу кезде жоокерди укмуштай тосо турган болгон айылдын кары-жашы дебей жабалактап чыга келсе, кантмек. Алардын ар бирине кол сунуп, жакшылап салам айтып, алик алганга азыркы […]

Дилазык: Дүйнө таануу

ИКАЯ Бир окумуштуу адам дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди чечүү менен алектенип, керээлдин кечке иш бөлмөсүндө заманбап, цивилизациялык жоопторду табуу менен баш катырып, убакыт өткөрөт. Күндөрдүн биринде жети жаштагы баласы атасынын кичине ойноп коюусун өтүнүп, иш бөлмөсүнө кирди. Глобалдуу маселелер менен баш катырып отурганда баласынан эптеп кутулуштун амалын кылып, ары жакта турган журналдан дүйнө жүзүнүн картасы түшүрүлгөн бир бетин айырып, бөлүкчөгө бөлүп-бөлүп: — Ме, балам, — деди, — сен кураштырган оюндарды жакшы көрөсүң го, бул жерде – тоо-таш, деңиз, […]

Касым Каимовдун чыгармачылыгы боюнча Салижан Жигитовдун баасы

Олжолуу чыгармачылык сапар Азыркы мезгилдеги белгилүү жазуучу Касым Каимов элүүнчү жылдардын башында туңгуч аңгемелери менен көзгө көрүндү. Ал айрым жазуучулардай адегенде там-туң калем шилтеп, анан бара-бара тыңып кеткен жок, тек адабият майданына көп буйдалбай жана чайналбай шыдыр кирери менен дароо оозго алына баштады. Маселен, анын «Начальниктин кабагы», «Теке сүзгөндө», «Бөтөлкөдөгү киши» сыяктуу аңгемелери жарыяланары менен адабий чөйрөдө «дүңк» этип, окурмандар арасында зор ынтызарлык туудурган. Буга мен өзүм — ошо кездеги жөнөкөй адабият ышкыбозу — керт башым менен кепил боло алам. […]