Олжолуу чыгармачылык сапар

Азыркы мезгилдеги белгилүү жазуучу Касым Каимов элүүнчү жылдардын башында туңгуч аңгемелери менен көзгө көрүндү. Ал айрым жазуучулардай адегенде там-туң калем шилтеп, анан бара-бара тыңып кеткен жок, тек адабият майданына көп буйдалбай жана чайналбай шыдыр кирери менен дароо оозго алына баштады. Маселен, анын «Начальниктин кабагы», «Теке сүзгөндө», «Бөтөлкөдөгү киши» сыяктуу аңгемелери жарыяланары менен адабий чөйрөдө «дүңк» этип, окурмандар арасында зор ынтызарлык туудурган. Буга мен өзүм — ошо кездеги жөнөкөй адабият ышкыбозу — керт башым менен кепил боло алам. Биз, көркөм сөзгө кунту бар студенттер, а кездеги жаш жазуучу Касым Каимовдун туңгуч аңгемелерин бири-бирибизден талашып окуганбыз, анын жаңы чыгармаларын газета-журнал беттеринен сабырсызданып күткөнбүз, а тууралуу сүйлөгөн сөздөргө кулак төшөгөнбүз. Менин эсимде: кайсы бир адабий жыйында айтылуу Мидин акын доклад жасап, жаш жазуучунун алгачкы аңгемелерин көтөрө чалып мактаган; дагы бир талкууда адабиятка ышкыбоз медик Мидин Алиев (азыр нары профессор, нары жазуучу) «Бөтөлкөдөгү киши» аңгемесин өтө жогору баалап, алкоголизмге каршы үгүт-насаатта жүздөгөн жөнөкөй лекциядан көбүрөк пайда берерин айткан; а кездеги адабий сынчылардын чыгааны Кеңешбек Асаналиев бир сапар калк кашына чыгып сүйлөгөндө, Касым Каимов ар бир сөзүн куду аптека таразасына тарткандай таамай, өлчөмдүү, кылдат урунаарын далилдеген…

Деги Касым Каимов адабият майданына адеп киргенде эле төшөлгөн жазуучулардай көрүнгөн. Ошондо мага ал чебер аңгемечи катары сезилген. Бирок ошо туюмум анча туура эмес экенин мен кийинчерээк билдим. Көрсө, Касыкең чыгармачылык ишке жашынан эле кызыгып, кыркынчы жылдардын орто ченинде ыр жазып, атүгүл газета-журналдарга жарыялап жүргөн экен. Андан кийин көп жылдар журналисттик иш менен алек болуптур. Демек, ал омоктуу турмуштук тажырыйба, дурус адабий камылга жыйнап, жазуу өнөрүндө ары-бери урунуп, аздыр-көптүр такшалып алган соң көркөм чыгармачылыкка киришиптир да, ошо киришер замат айтарлык ийгиликке жетишиптир.

Касым Каимов окурмандар журтуна алгач куудул аңгемечи катары таанылбадыбы. Чынында да анын туңгуч аңгемелеринде назик юмор, тымызын какшык, жайдары күлкү арбын эле. Ал эми мындай күлкүлүү көркөм сөз көпчүлүктүн көңүлүнө өтө ынак келери да бештен белгилүү.

Өкүнө турган бир нерсе: кыргыз совет прозасында сатира менен юмор азыркыга чейин жарытылуу өөрчүй алган жок. Мунун себеби, менимче, жазуучуларыбыздын күлкүгө шыгы же кунту жоктугунда эместир. Ырас, чыныгы куудулдук дээри барлар реалдуу турмушта деле, көркөм сөз майданында деле кадам сайын жолуга бербейт. Бирок биздин прозада сатира менен юмор багытында ийгиликтүү иштей ала тургандар болгон. Тек алар өздөрүндөгү сейрек жөндөмгө анча маани бербей, жазган чыгармаларында өтө эле олуттуу болуп алышкан экен. Маселен, Мукай Элебаевдин замандаштары жазуучу турмушунда өтө шайыр киши болгонун, сүйлөсө эле күлдүрүп сүйлөгөнүн, атүгүл боор тырмап күлгүдөй оозеки аңгемелер айтып жүргөнүн эскеришет. Сыягы, Мукайдын табиятында куудулдук шык күчтүү болсо керек. Тилекке каршы, анын ошондой жөндөмү жазгандарынан таптакыр көрүнбөйт. Аңгемелери менен «Узак жолунда», ошондой эле ырларында Мукай өтө олуттуу, өтө салабаттуу.

Касым Каимовду калемдештери жакшы билет. Ал жөнөкөй шарттарда купшуңдап куудулдук деле кылбайт, тескерисинче, жибектей созулуп нускалуу жүрөт. Бирок анда нукура юмор бар, тек анын юмору тымызын, назик, жылма. Ал турмуштук көрүнүштөрдүн күлкүлүү жактарын астыртан кыраакы байкап, чыгармаларында күлкү келтире тургандай, жок эле дегенде жылмайта тургандай кылып чебер баяндап бере алат. Бул анын алгачкы аңгемелеринен эле ачык-айкын байкалган. Демек, Касым Каимов ошол аңгемелер менен кыргыз прозасынын күлкү жагынан кенемтесин, б. а. өксүбүрөөк турган жерин белгилүү даражада толтура алган. Ал аңгемелердин эл арасында бат эле кадыр-барк алып кетиши да бир эсептен дал ушул жагдай менен шартталган.

Алгачкы аңгемелерин кызыгып кабыл алган адабиятчылар да, окурмандар да Касым Каимовдон жаңы күлкүлүү чыгармалар күтүшкөн эле. Бирок жазуучу өз шыгынын бир эле жагы өөрчүп-өнүгүп, калган жактары басылып калышын каалаган жок. Ошол себептен ал назик лиризм менен каныккан, терең психологизмге негизделген, татаал драмалуу окуялардан турган аңгемелерди да жазып көрдү. Ал бу жагынан да айрым дурус ийгиликтерге (мисалы, «Токол» аңгемеси). жетишип, өзүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү кенен экенин, жазуучулук палитрасы карандай «юмористтик боёкторго» гана эмес, башка ар түркүн түстөргө да бай экенин далилдей алды. Ошентсе да анын ошол олуттуу аңгемелери, кыйла эле кызыктуу жана чебер жазылганына карабастан, баягы туңгуч күлкүлүү аңгемелериндей кадыр-барк ала алган жок, адабий чөйрөдө жана басма сөздө деле эсте калгыдай талаш-тартыштар же жаңылыктар туудурган жок. Мунун себебин мен мындан көрөм. Сыягы, адабиятчылар менен окурмандар алгачкы аңгемелери калтырган таасирден улам Касым Каимовду андан ары да жалаң юмористтик «амплуада» көргүсү келишип, анан жазуучу күтүлбөгөн башка манерада жазып чыкса, анысын саал тоң кабыл алышып, байкамаксанга салып коюшту сыяктанат. Анын үстүнө ошо кезде биздин көркөм прозада жаңы жазуучулардын арышы да жүрө баштаган эле.

Аңгеме жазуу жагынан дасыккан жазуучу кара сөздүн башка жанрларында да өз күчүн сынап көрдү. Ал көп жагынан ойдогудай чыкпай калган «Адашуу» повестин жаратты, көп жылдык убактысын «Атай» романы менен алышып өткөрдү. Айтылуу кыргыз музыкантынын өмүр жолун көркөм сүрөттөгөн «Атай» романы идеялык-эстетикалык табылгаларга жалпы жонунан анча деле жарды болгон жок, окурмандарды да кайдыгер калтырган жок. Кыргызча эки жолу басылып, орус жана казак тилдерине которулду.

«Атайдан» кийин Касым Каимов бир нече жыл бою чыгармачылык жагынан пассивдүү абалда жүрдү. Анткени ал ошо жылдары «Ала-Тоо» журналынын, «Кыргызфильм» студиясынын, «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын башкы редактору болуп иштеп, адабиятыбыз менен кинобуздун өнүп-өөрчүшү үчүн көп күч жумшады. Башкы редактордун кызматы бир чети ардактуу болсо, бир чети өтө жооптуу жана машакаттуу жумуш ко. Ошол себептүү чыгармачылык бир азга тыным болгондугу байкалат. Демек, Касыкеңдин бир мезгилде чыгармачылык активдүүлүгүн аздыр-көптүр басаңдатып ийгени кокусунан болбоптур.

Бирок ал ошо жылдары деле чыгармачылык жактан караманча куру кол калбай, тийип-качып жазып жүргөн экен. Буга ушул жыйнактагы жоон топ аңгеме айкын далил. Тек алар өз убагында адабий сындын баамына урунган эмес көрүнөт.

Кийинки төрт-беш жылдын аралыгында Касым Каимовдун чыгармачылык шыгы кайрадан жанданып, кескин өйдөлөп, берекесин төгө баштады. Бу жылдары ал өзүнүн көркөм жөндөмүнө жарашкан кыска прозалык жанрларга кайрылып, ар түркүн стилистикалык мүнөздөгү аңгемелерди арбытып жазды, жарыяланары менен адабий сындын назарына түшүп турган повесттер жаратты.

Бул дурус эле көлөмдүү жыйнак Касым Каимовдун чейрек кылымдай убакытта жазган тандамал чыгармаларынан куралган. Алар чогуусу менен автордун өнүп-өсүү жолун, жалпы чыгармачылык дидаарын, жазуучулук өзгөчөлүктөрүн таасын байкатат. Жыйнак баарынан мурда Касым Каимовдун сөз кадырын билген, сарамжалдуу сюжет курууга уста, жандуу образ түзгөнгө чебер, көп кырдуу аңгемечи экенин айгине кылат. Газета-журналдардын жана айрым китептердин беттеринде чыгып жүргөн аңгемелер бир китептин ичине чогулганда, жөн гана бараандуу көрүнүү менен чектелбейт; алар жазуучунун ушул багытта өтө жемиштүү иштеп, кыргыз аңгеме жанрына баамга толумдуу кошумча кошконун ачык маалымдайт.

Жыйнакка жазуучунун калеминен кийинки жылдары чыккан төрт повесть («Бири-бирине окшобогон күндөр», «Жигит баратат», «Кыш ыргактары», «Белгилүү эркек») да кирген. Булар Касым Каимовдун өз чыгармачылыгында алдыга карай жасаган чоң кадамы. Белгилүү прозаиктин мыкты аңгемелериндей сөзгө сараң, таамай деталдуу, муңайым юморлуу манерада жазылган ошол повесттерде ар кандай проблемалар коюлат, ар кыл турмуштук окуялар баяндалат, ар түркүн мүнөздөгү тагдырлар жана образдар сүрөттөлөт. Бирок баарына ортоктош бир касиет: алардагы сюжеттердин жандуу турмуштун өзүнөн сузулуп алынганы, образдардын оригиналдуу түзүлгөнү.

Кыргыз прозасын баштоочулардын чыгармаларында фольклордун таасири күчтүү экенин биздин адабиятчылар далилдеп жүрүшпөйбү. Ал эми азыркы жаш прозачылардын жазгандарында адабий-китептик таасирлер (литературщина) басымдуулук кылары да жашырын сыр эмес. Бактыга жараша, Касым Каимовдун повесттеринде фольклордук таасирдин да, адабий-китептик таасирдин да оркойгон белгилери көрүнбөйт. Эгер аларда чоң-кичине кемчиликтер бар болсо, ал кемчиликтердин келип чыгыш себеби таптакыр башка жакка барып такалат. Кайталап айтчу нерсе ушул: биринчи иретте турмуштук байкоолордун жана тажырыйба-билимдин негизинде жаралгандыктан, тиги төрт повестке оригиналдуулуктун тамгасы ачык басылган. Экинчи жактан, алар өсүп-өөрчүгөн эстетикалык маданияттын жана көркөм чеберчиликтин туундусу да болуп саналат.

Касым Каимовдун ушуга чейинки чыгармачылык сапары олжолуу болгонун кийинки жылдары айрыкча күч алганын, азыр да байсалдуу жүрүшүнөн жазбай баратканын айкын көрсөткөн бул жыйнак окурмандардын купулуна толуп, китеп текчесин көркүнө чыгарат деп айтууга кадыресе негиз бар.

Касым Каимовдун “Тандалма чыгармалар” китебине жазган Салижан Жигитовдун баш сөзү, “Кыргызстан басмасы!” Фрунзе – 1976

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.