Америка эл жомогу: Янкилер – ойлоп табуучулар

Бир ирет эки янкинин ортосунда абдан кызыктуу сүйлөшүү жүрдү. — Мистер Блитц, сиз уктуңузбу, нантекеттиктер жаңгак жасоочу станок ойлоп табышканын? — Чын элеби? Ал немеси кантип иштейт экен? — Жөпжөнөкөй! Жанагы эт туурагыч сыяктуу эле иштейт экен, чоң тешигине жаңгактын сөңгөгү менен бутактарын салып, бурагычын айлантканда биягындагы майда тешиктеринен жаңгактар тоголонуп түшө баштайт да, майда таарындылары болсо жүгөрү, буурчак, андан майдалары буудай менен тарууга айланып чыга келет экен, муну мен өз көзүм менен көрдүм. — Машина болбосоң коё кал! — […]

Лев Толстой: Балалыктын батылдыгы (конкурска №22)

АҢГЕМЕ — Өлтүргүлө!.. Атып таштагыла! Ушул жерден эле бул акмакты жайлагыла!… Өлтүргүлө дейм!.. Бул канкорду мууздап салгыла!.. Өлтүргүлө!.. Өлтүргүлө!.. – жарлаган элдин арасынан эркек-катындардын үндөрү тынбай жарылдап жатты. Калың эл байланган кишини көчө менен алып келатышкан эле. Ал бойлуу киши денесин түз кармап, бекем кадам шилтеп, башын бийик көтөрүп баратты. Келишимдүү жүзүндө тегеректеген элди жек көрүп турганы даана көрүнүп турду. Ал эл менен бийликтин кагылышында бийлик тарапта эле. Аны колго түшүрүп, өлтүргөнү аянтка алып баратышкан. “Эмне кылыш керек, ыя? Ар […]

Аскар Салымбеков: «Дордой» это самый масштабный и успешный проект в истории независимого Кыргызстана

— Уважаемый Аскар Мааткабылович, ежегодно мы издаем журнал «ТОП-200 Крупнейших компаний», но «Дордой» как холдинг в этом рейтинге не значится, хотя всем известно насколько это крупная компания для нашей экономики. Расскажите, что вы сами думаете про ваше детище? — 25 лет назад, когда в заброшенном болотистом месте на окраине Бишкека мы открыли рынок «Дордой», многие даже подумать не могли что он начнет быстро развиваться и за короткое время станет самым крупным в своем роде торгово-рыночным комплексом в Центральной Азии. Никто […]

Аскаралы Ражабалиев: Өкүм

АҢГЕМЕ «Адам үчүн эң кыйын нерсе — күн сайын адам болуу» (Чыңгыз Айтматов) Бүгүн Кара-Кыя айылы азалуу. Ыйга баткан жаш-кары дебей. Айылдын эң ызаттуу, эң кары адамы Токтомуш карыя дүйнө салды. «Кайран Токтоке, айылыбыздын эрмеги болчу!» деген эле адам. Таң заардан журт маркумдун короосунда. Алыс жактан келип аткан батачылардын аягы суюлар эмес. Бүт айыл өксүп-өксүп ыйлап аткандай. Элүүдөй эркек короодо таяк таянып, «Атам-ой! Акем-ой» деп өкүрүк салышса, ичкериде аялдар ыйы. Көп элдин бири болуп батага Айтол апа да келди. Тике […]

Айсалкын Сооронбаева: Жоголгон пулдун азабы

АҢГЕМЕ Күркүрөгөн күз айларынын биринде узакка созулган оорудан апамын иниси Аскарбек тагам дүйнө салып, талаа-түздөгү тууган-уруктар чогулуп ызы-чуу түшүп калдык. Тагамын аялы Гүлийпа тажеңем, тажияга керектөө үчүн эки бодо малын сатыш керек болуп, атама дайындаптыр. Атам таң үрүл-баралда мал базарга барып эки уйду сатып, акчасы колго тийери менен атты чаап, шашылыш үйгө келет. Атты короонун сыртындагы өрүккө байлай салып, шымынын чөнтөгүнө колун салса эле акчасы жок. Атам нарыдан-бери жан-жакыбелин сыйпалап, бир баскан жерин жүз басып издеп, таппаган соң эч кимге […]

Михаил Булгаков: Күрөөгө коюлган сүйүү (конкурска №21)

АҢГЕМЕ I. Ай астындагы караандар Станциядагы дабыштар басылды. Атүгүл жаны тынбаган паравоз какшанбай, орто жолдо уктап калгандай. Асмандагы айдын кубанычы койнуна батпай сүйүнүп, токойдун үстүнөн көрүндү эле, айлана-чөйрө жомоктогудай жашыл-ала түскө боёло түшкөнсүдү. Акациялардын жыпар жыты аңкып, баш айлантты, кайдандыр булбул сайраганы угулду… Жана башка ушул сыяктуу. Бадалдардын оймо-чийме көлөкөсүндө эки караан бири-бирине жабышып, айдын жарыгында анда-санда бир караандын топчусу “жарк-журк” эте түшөт. — Калп айтпачы, кашайгыр, — деп шыбырады аялзаттын үнү. –  мени менен ойнойсуң да, таштап, басып алып […]