“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

№5 дилбаян

Жамийланын образына жана бул сөзүнө токтолгум келет: “Бирок мен айыптуу белем?.. Сенде да айып жок… ” Кыялымда аны менен сүйлөшөм:

– Жамийла, эгерде сен алтындай болгон чоң апаңды аяп, кадырман карыя чоң атаңдын куудай болгон сакалын сыйлап, ушунчалык сага жакын чолпондой жанган кайниң Сейитти аяп, алардын намысын ойлоп, айылдагы бирге турган элден айбыгып Садык менен түбөлүккө жашап калганыңда бактысыз болуп калат белең?.. Себеби ал сени эч качан бактылуу кыла албайт эле. Сен ошону ойлоп, өзүң жактырган жигит Данияр менен кеткениңди колдоп, кылган ишиңди туура деп ойлойм.

– Сейит, айтканына мен да кошулам.

– “Коркпо Жамийла, алыс жолдон, сен турмуштан таалай жолун таптың”

Даниярдын образына токтолгум келет. Анын үнү дагы да чыйралып күчөй берди. Ошондо шаңшып созолонгон үнүн гана эмес, Даниярдын обонунда болгон жалын менен чексиз мээрим адамды таң калтырып жакасын карматты. Данияр чыныгы кебелбес, журөгүнө чоң сүйүү алып жүргөн адам – “жигит” деп эсептейм. Данияр – мага жашоодогу үлгү.

Садык менен да диалогго чыккым келет.

– Садык сиз минтип айткан элеңиз: “Ой, мен айтпай жүрдүм беле. Мына, эми бүт Олжобай атасына шермендечилик болбодубу? Бол, аттангыла! Жеткен эле жерден тентиген ит, чала казакты жыга чаппасам атым өчсүн! Мейли, он жыл мойнумда, бирок көрүнгөнгө Олжобайдын катындарын талоонго бербейбиз. Аттан, жигиттер, кеттик. Кайда узайт дейсиңер”. Мен бул сөзүңүзгө кошула албайм. Туура, сиз мында өз уругуңуздун намысын ойлоп, жигиттик кылдым деп жатасыз. Менин оюмча, бул жигиттик эмес, махабатка тайкы карайсыз. Туура, мен деле мекенди коргоймун, эмгектенип ата-энемдин кадырлаган баласымын жана №22 Сабир Төрөшев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусумун.

Мага Жамийла повестиндеги анча деле активдүү катышпаган Чоң апанын образы жагат. Ага мындай деп айткым келет:

– Чоң апа, сиз ушунчалык кайраттуу, адилеттүү адамсыз. Сиз Жамийланы өзүңүзгө орун басар кылуу максатыңыз бар болчу. Бирок тагдыр Жамийланы буюрган эмес экен. Жамийла кетип калды. Чоң апа, сизди Сейит да, Жамийла да унутпайт.

Өзүмдү Сейиттей сезип, анын сөздөрүн айткым келет: “Жамийла, менин алтын Жамийлам. Сен кеткенде башыңды бийик көтөрүп кылчайбай, тайманбай кең талаа менен кеткенсиң. Азыр да ошондойсуңбу, азыр да жол баскандан чаалыкпайсыңбы? Же чарчаган күндөрүң болобу, жаным Жамийла. Эгерде андай болсо алсыздыкка берилбе, Даниярды медер кылып жөлөн! Ошондо Данияр баягыдай сүйүү, жер, жарык дүйнө, турмуш жөнүндөгү деңиздей төгүлгөн жалындуу обонун салып берсин. Коркпо, Жамийла, алыс жолдон, сенин жолуң таалай жолу, андан күмөн санаба!”

“Көрсө, Жамийла менин эң жакын адамым, алгачкы тун сүйүүм арналган кымбат адамым экен. Аны мен азыр гана туюп олтурам. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө түпөйүл ойлор эзип, ушундай болоорун сезип жүргөм. Экөөнүн бир жолдо бой тирешип, үй-бүлө күтөрүн дилимден баамдаганмын. Эгерде менде болуп калса түрдүү боёк, экөөнүн баскан издерин, андан ары уланган казактын жалгыз аяк жолун тартар элем.

Август түнүн көз алдыма элестетсем, Даниярдын ырлары кулагыма жаңырат. Артыңардан баргым келет, бирок эмнегедир баса албайм, бутум шилтенбейт, бакыт тилеп кала берем. Ошондо кең талаа гүлдөп, биздин август түнүндөгү чагылгандуу добул төгүп берсин.

Чыңгыз Айтматовдун каармандарынан махабатка, эмгекке, жашоого, улууну урматтого жана сүйүүгө көз карашта болууга, жакшы сапаттарын алуу менен мени алга умтулууга үндөйт. Чыңгыз Айтматовдун “Адам үчүн эң кыйыны бул күн сайын адам болуу” деген сөзү – мен үчүн ураан.

“Жамийла” повестиндеги каармандарды талдап, өзүмдү алардын ордуна коюп, мага кандай таасир бергендигин, кайсы сапаттары жаккандыгы же тескерисинче жакпагандыгын чагылдырдым. Улуу жазуучунун бул повести аркылуу адамдын адамдык бийиктикке умтулуусу, адам табиятынын жаңы дүйнөсүнө улам ачылып таанып билүүгө, ой чабытымы өстүрүүгө, эрктүүлүккө, кайраттуулукка, туруктуулукка жана каармандарга сын-пикир айтууга тарбияландым.

“Чыңгыз Айтматов – эне тилдин Манасы”

Кадимки Манас “үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап” кыргызды бир эл, бир журт кылгандай эмгек кылган, аалам алпы Чыңгыз Айтматов менен сыймыктанам!

Кыргыздын улуу Чыңгызы,
Асманда жанган жылдызы.
Көрүнбөй кыргыз жатканда,
Көтөрүп чыктың асманга.
Байкалбай кыргыз жатканда,
Бажырай жандың асманга,
Аларды тааныйт а түгүл,
Америка да, таштар да.

Алмазбек уулу Бексултан

Ош облусу, Алай району, Жошолу айылы, №22 Сабир Торошев атындагы орто мектебинин 9-классында окуйт

https://www.youtube.com/watch?v=ebqw05kpzRE

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.