КИЧИНЕКЕЙ АКЫЛМАН

Бир бай Сайрага куда түшмөкчү болуп, Койчуманга сөз салды. Койчуман болгон жок. Башка эл азгырып, Койчуманды жолдон чыгарды. Койчуман малга кызыгып, кудалашмакчы болду. Абыл менен Айшанын күчү келген жок. Абыл менен Айша канчалык тырышса да, Койчуман элдин бузуку тилине ээрчиди. Аз күндө мал келмек болду.

Бир күнү Абыл атасына айтты:

— Атаке, атаке! Мени жакшы көрөсүңбү, Сайраны жакшы көрөсүңбү?

— Атага баланын алалыгы жок. Экөөңдү бирдей көрөмүн, балам, — деди атасы.

— Ушул сөзүңдү унутпа, атаке, — деп Абыл жүгүрүп кетти.

Кудалар келер күнү Абыл дагы атасына келип:

— Атаке, атаке! Мени сатар белең? Бир бай көп акчага бала сатып алат экен, — деди.

— Ачка өлсөм дагы сени сатпай калайын, балам, байдын акчасы курусун, — деп атасы Абылдын бетинен өптү.

— Мени сатпаганда, Сайраны эмне үчүн сатканы жатасың? Атага баланын алалыгы жок дебедиң беле, атаке? — деди Абыл.

Койчуман абдан кызарып кетти. Кызын сатуу абдан жаман иш экенин түшүндү. Иштейин деп жаткан ишинин ката экенин билди. Мал айдап келген кудаларды бакандап кууп жиберди.

Макал: «Асыл таштан чыгат, акыл жаштан чыгат».

БИЛИМ — ТҮГӨНБӨС БАЙЛЫК

Бир кишинин эки баласы болду… Атасы улуу баласын жакшы көрдү. Энчинин баарын улуу баласына бермек болду.

Энеси эки баласын тең жакшы көрдү. Энчини экөөнө тең бөлүп бермек болду. Байы катынынын тилине көнгөн жок. Катынын урду. Катын таяктан качып, бир кара чийдин түбүнө барып, ыйлап отурду.

Жолдон өтүп бара жаткан жолоочу катынды көрдү:

— Эмне үчүн ыйлайсың? — деп сурады.

Катын жай-маанисин айтты.

Жолоочу аңгемеге түшүнгөн соң, катынга айтты:

— Сиз бекер ыйлабаңыз! Кичи балаңызды окууга жибериңиз. Билим — түгөнбөс байлык дейт. Атанын дөөлөтү колдун кириндей. Бат эле жоголот.

Катын жолоочунун сөзүнө макул болду. Баласын ыраакы жерге окууга жиберди.

Бала көп жылы тырышып окуду. Түрдүү сонун өнөр үйрөндү. Өнөрү аркасында бай болду. Агасы ата дөөлөтүнө мас болуп жүрүп, өнөрдөн куру кол калды. Ата дөөлөтү бат эле бүттү. Абдан жарды болду. Акыры инисине жалынып, тамак сурап калды.

Макал: «Энеге баланын алалыгы жок. Билим — түгөнбөс байлык».

ТАШТАНДЫ ИТ

Бир байдын короочу ити бар эле. Ал короого жат адамды жолотчу эмес. Короого келген карышкырдын такымын далай жулган.

Ит картайды, ооздон тиш, буттан күч кетти. Көз жакшы көрбөй калды. Ит түндөп короого үрүштү койду. Иттен күч-кубат кеткен соң, байдын пейили кошо кетти. Итке тамак берүүнү бай токтотту. Карды ачкан соң, ит ылаажысыздан уурулукка кирди.

Ит ууру болуп кеткенден кийин, байдын ачуусу келди. Итти ээрчитип барып, бай сууга таштамакчы болду.

Итти бай сууга ыргытты. Ит суудан сүзүп чыгып келип, шыйпактап, кыңшылап, байдын бутуна жыгылды. Бай иттин мойнуна чоң таш байлап, сууну көздөй сүйрөдү. Ит тырмышты эле, бай иттин башын таш менен жарды. Иттин эси ооду. Бай итти жар башынан сууга ыргытты. Итти сууга ыргытканда, жардын башы жемирилип кетип, бай сууга бирге кулады.

Бай калың кийими менен суу үстүндө сүзө алган жок. Байдын айласы куруп, суу түбүнө кете турган болду. Бай жандан түңүлдү. Байдын ичине суу толуп кетип, дем алышка чамасы келбей калды. Бай сууга агып жөнөдү.

Айтор, бир себеп менен ит байлаган таштан бошонду. Ит суу үстүндө агып бара жаткан байды көрдү. Жарылган башка карабай, байды карай жөнөдү. Ит байды узатпай эле жетти, этектен тиштеди. Суунун шары менен талашып-тартышып жүрүп, бечара ит байды кургакка сүйрөп чыкты. Оозу-мурдунан суу кетип, бай эссиз болуп. жатты.

Бир оокумда бай эсине келди. Башында канга боёлуп, чочоюп отурган итти көрдү. Бай итти кучактап алып, ыйлады. Итке иштеген кечиримсиз катасын мойнуна алды. Бай итти үйүнө алпарып, мамыкка ороп бакты.

Макал: «Наадандын кылган кастыгын, жакшылык менен жеңип ал».

КАЛПЫЧЫ

Абыл окуган мектепте Жапай дегек бала бар эле. Жапай сабагына жакшылап көңүл коюучу эмес. Бир күнү Жапай окуштан зерикти. Окуп жаткан теңтуштарын алдап, бир желиктирейин деп ойлоду.

— Мектептин коюна карышкыр тийди! — деп Жапай балдарга кыйкырып кирип келди.

Балдар дүрбөп, койду карай жөнөштү. Койдо карышкырдын жыты да жок экен. Жапай:

– Калп айттым, калпагымды жалпайттым, — деп күлдү.

Башка бир күнү мектептин коюна чындап карышкыр тийди, Карышкырдын койго тийгенин Жапай көрдү:

— Койго карышкыр тийди, — деп Жапай теңтуштарына айтты.

— Калп айтасың, калпычы! — деп балдар ишенген жок. Койду карышкыр тойгонунча жеп кете берди.

Мындан кийин балдар аны « калпычы» деп атады. Жапайдын сөзүнө балдар ишенгенди койду. Эл жыйналган жерде да балдар Жапайдын атынан айтпай, «калпычы» деп чакыра турган болушту. Жапайдын ары келип ыйлады.

Бир күнү Абыл Жапайга айтты:

— Сен теңтуштарыңдын алдына түш. Мындан кийин эч кимди алдап калп айтпа. Сени балдар «калпычы» атабасын.

Жапай Абылдын сөзүн макул көрдү. Теңтуштарынын жыйналып турган жеринде Жапай кечирим сурады:

— Теңтуштар, менин айыбымды кечиргиле! Мындан кийин калп айтканымды коёюн, — деп сүйлөп келе жатып жашып, ыйлап жиберди.

— Кечтик, кечтик! — деп балдар кыйкырды. Жапай теңтуштарынын баары менен кол алышты.

Мындан кийин Жапай калп айткан жок. Теңтуштары Жапайдын «калпычы» деген атын таштады.

Макал: «Бир жолу калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң».

СОНУН ҮЙ

Балдар, бир сонун үй бар, аны көргөнүңөр барбы? Ал үй эң сонун үй. Ал үйдүн тегирмени да бар. Тамак бышыра турган ашканасы да бар. Үйдүн ичи иймек-чиймек жол. Кызматкерлер бул жол менен үйдүн бардык бурчуна тамак ташып жеткизип турат. Пул үйдүн ичин башкарып турган ээси бар.

Ал күндүр-түндүр уктабайт. Тык-тык жүрүп, бардык кызматкерлердин баарын жумшап турат.

Бул сонун үйдүн эки түндүгү бар. Күндүз түндүк жабуусу ачылып, түндө жабылып турат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.