АҢГЕМЕ

Таң. Саат 6:30. Жадыраган жаз мезгилинин келип калган учуру. Кар толук кете элек болсо да, анын астынан жаңы өсүп келе жаткан жашыл чөптөр бул көлөкө жерлерде жашынып, эриген тондун ылайы менен аралаш ала-була карлардын көзгө жагымсыз айыбын жашырып, жерге башкача бир кооздук берип турат. Көңүл көкөлөткөн көктөмдүн алгачкы күндөрүндөгү бул көрүнүшкө кошул-ташыл куштардын назик, чуру-чуу болсо да кулакка жагымдуу сайрагандары бул күндөрдүн көркүн дагы да арттырууда.

Жаздын келгенин кабарлаган бул жагымдуу үндөр таттуу уйкуда жаткан Мырзайымды ойготуп жиберди. Ал 5-класстын окуучусу. Мектепте мыкты окуп, үлгулүү жүрүм-туруму менен башкалардан айырмаланып турган тырышчаак кыз. Танкы көнүгүүлөрүн жасаган соң, тамактанып, китеп кабындагы бүгүнкү мектепке алып барчу китеп-дептерлеринин толуктугун текшерип, сыртка чыкты. Мээримдин үйү тарапка бурулду.

Мээрим – Мырзайымдын балалыктан берки досу. Ал да Мырзайымдан кем калышпаган алдынкы окуучулардын бири. Экөө ынак достордон, ар дайым эгиз козудай ээрчишип жүрүшөт. Чогуу ойношот, үй тапшырмаларын биргеликте аткарышат, үй жумуштарын бирге жасашат. Мээрим үйүндө жалгыз кыз. Атасы менен бирге жашайт. Аты — Жаныш. Соо жүргөн күнү аз болот. Атасы кечинде келип ызы-чуу салгандыктан, кеч жатып, уктап калып, сабакка кечигип барат же такыр бара албай калат. Байкуш апасы Сабира үй-бүлө деген ыйык очокту сактап калуу үчүн ичкич күйөөсүнө, анын кыял-жоруктарына чыдап жашап келет. Мээрим акыркы күндөрү аябай жүдөп жүрөт. Мурдагы таза, тыкан, тырышчаак Мээрим жок. Көңүлү суз болуп, баштагы жадыраган карагаттай көздөрү күндөн күнгө соолуп барат. Апасы жепирейген эски үйдү оңдоп, жашоолорун абад кылыш үчүн Росссияга жумуш издеп кеткенине 1 ай болду.

Мына бүгүн да күндөгүдөй Мырзайым курбусун ойготкону келди.

“Мэ-эри-им. Мээри-им. Дагы уктап калдынбы?!” Жооп болбогон соң эски жыгач эшикти акырын ачып үйгө кирди. Атасы сырткы бөлмөдө коңурук тартып уктап жаткан экен. Кыязы күндөгүдөй ичип келген го. Мээрим болсо ички бөлмөдө бүрүшүп уктап жатыптыр. Досу киргенде чочуп ойгонду. Бат-баттан кийинди. Сыртка чыгышты. Мырзайымдын атасы жумушка баратыптыр. Кыздарды көрө калып токтоп, мектепке чейин экөөнү авто-унаасына салып алды. “Ата жакшы болбодубу, сабакка кеч калабыз го деп ойлогом”, — деп Мырзайым кудуңдап сүйүнүп баратты.

Мектепке жеткенде кызына да, Мээримге да “пирожки алып жегиле” деп акча берди. Мээрим аяш атасынын жылуу мамилесине ыраазы болуп, досунун бактысына суктанды.

Сабак башталды. 1-сабак адабий окуу эле. Кыздар бираз кечигип калышты. Мырзайым бул сабакты аябай жакшы көрөт, китеп көп окуганынан болсо керек. Жадагалса чоңдор араң түшүнгөн проза, көлөмдүү чыгармаларды да окуйт. Анан да чыгармадагы бүткүл окуяларды досуна айтып берип экөө чогуу талкуулашат.

Экөө класска кирип келгенде Аскат Мээримди жалооруй карады. Мээрим да аны карап жылмайды. Эх, балалык таза, аруу сезим! Аскат менен Мээрим бири-бирин жактырат. Жакында 8-Мартта Аскаттан кызыл гүл алган. Достору күлүп шылдыңдаганынан улам уялып кызарып кетсе да, өзгөчө бакытка бөлөнгөн. Гүл соолуп калса да азыркыга чейин үйүндө сактап жүрөт. Балалык аруу сезиминин талкаланышын, бул кичинекей бактысынын да көпкө узабашын Мээрим биле албады…

Сабак бүтүп, эки курбу аркы-беркини сүйлөшүп үйлөрүнө жөнөштү.

─  Мээрим, кечээ да атаң ичип келген го, э?

─ Ооба,- көңүлү чөгө түштү,- Андан мурун үйгө таежем келип кеткен. “Апаң жакшы иштеп  жүрөт” деп мени апам менен сүйлөштүрдү. Үйгө азык-түлүк, таттуулардан ала келиптир.

─ Атаң келгенче жалгыз коркконуң жокпу? Эгер корксоң биздин үйгө келип тур.

─ Жок. Сен мага сарсанаа болбой эле кой, — деп коркконун жашырды, — баары жайында.

Мээрим үйгө келгенде атасы жаңы эле уйкудан турган. Ичи күйүп, алапайын таппай, бөлмөдө ары-бери басып, балдызы алып келген баштыктарды оодарып жүргөн. Мээримди көрүп:

─ Ырас эле келбедиңби,- деп күңкүлдөп койду, – чай кой.

Экөө олтуруп чогуу чай ичишти. Атасы ордунан туруп сыртка жөнөдү.

─ Ата, кайда баратасың? Бүгүн эртерээк келчи, сураныч. Өзүм жалгыз үйдө коркуп атамын.

─ Эмнеден коркмок элең? Өз үйүнөн да киши коркчу беле?- деп чыгып кетти.

Мээрим үйдү жыйнап, тазалап чыкты. Өзүнө өзү “эми өзүмдү колго алайын, сабактарымды жакшы окуюн. Апам айтты го, жакында көп акча менен келет. Анан үй салабыз, машина алабыз, атам да ичпей калат. Баары жакшы болот” деп кайра-кайра айтып, ар түрдүү кыял кура баштады. Анан Аскатты эстеди…

Атасын күтүп олтуруп акыры уктап калды.

Саат 12:30. Атасы мас болуп келди. Ички бөлмөдө китеп кучактап жаткан кызын көрүп, акырын кирип барды. Эркектик ышкы козгоп, көптөн бери махабат кумарына бата элек, аял жытын сагынган Жаныш кызын өөп-жыттап, чачтарын сылады. Мээрим арак жытынан, каруулуу колдор денесин сыйпалап атканын сезип, ойгонуп кетти.

─ Ата, эмне кылып атасыз?

─ Коркпо, кызым, оюн ойноп атабыз. Коркпо, — деп мыйыгынан жылмайды.

Мээрим тыбырчылап, бошонууга аракет кылып жатты. Дырт… Атасы таежеси алып келген көйнөктү айрыды… Жеткинчек кыздын ичке, ачуу кыйкырыгы бир жаңырды. Атасы оозун баса калды.  Кыздын аянычтуу, атасынын зөөкүр көрүнүшү, бир тарапта кызыл гүлдүн сүрөттөрү бар китептин жерде жатканы бөлмөдө картина болуп тартылып турду.

Эртеси күнү Мырзайым Мээримдин үйүнө келсе, эшик ачык. Сырткы бөлмөдө атасы жок. Ички бөлмөгө кирип уйпаланган Мээримди көрдү. “Мээрим, Мээрим”… Бетине чапкылады, булкулдатып көрдү, көзүн ачпайт. Төшөгүн ачканда канды көрүп коркуп кетти. Эч нерсе түшүнө албады. Калчылдап үйүнө чуркап жөнөдү. Барып ата-энесин алып келди. Кошуналар да ызы-чуудан бат эле короого топтоло калышты. Атасы Мээримди көрүп, “Жаныш акмак, айбан” деп сүйлөнүп жатып кызды авто-унаасына салды. Райондук оорукананы көздөй айдады.

Мырзайым жол бою досу менен өткөргөн сонун күндөрүн, жагымдуу жылмаюусун эстеп баратты. Өзүн токтото албай, шолоктоп ыйлай баштады. “Бул эмнеси? Эмнеге Мээрим канга чыланган? Эмнеси бар болду экен?” Анан да атасынын кыйкырганын эстеди. Эмне болгонун түшүнгөнсүдү. Бирок акылы жетпей жатты. “Кантип эле? Бул эмне деген айбанчылык? Жок, айбанчылык да эмес. Андан да өткөн жаман нерсе. Анткени айбанаттар да өз баласынын курсагын тойгузуп, коруйт.” Мээримдин апасы эсине түштү. “Балким апасы Россияга кетпегенде мындай иштер болмок эмес?!”

Мырзайым бардык нерсени бала кыял, таза сезимдери менен көпкө ойлонот. Балким жаштык кылып кээ бир нерселерге түшүнбөй жаткандыр. Бирок анын кээ бир ойлору чоңдордун  оюна эч бир келбеген чыгар.

Ал өзүнө-өзү сөз берип баратты. “Мен чоңойгондо заңгыратып эл көрсүн деп үй салбаймын. Чоң той-аш бербеймин. Адам баласы бул дүйнөгө жакшылык кылуу үчүн гана жаралган. Мен адамдарга кайрымдуулук кылам, жакшы иштерди көп жасаймын, эл-жер тааныймын. Өлөргө саналуу мүнөттөр калган кезде, мен жакшылык кылган адамдардын күлүп турган жүзүн эстеп, өзүмдү ушунчалык бактылуу сеземин. Адамдар кызык. Бири-бирине ачык сүйлөгөндөн коркушат, бири-биринен жакшы сөздөрүн аяшат, өз баласын  уруп-сабап, кол салышат. Адам баласынын жеткен чеги ушулбу? Жадагалса адамдар, бирөө кандай экендигин билмек түгүл, өзү кандай экендигин да билбейт, өзүн эч качан изилдеп бүтпөйт ко дейм..

Аңгыча  ооруканага келишти. Мээримди шашылыш түрдө жандандыруу бөлмөсүнө алып кирип кетишти…

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

7 Replies to “Махабат Акылбекова: Эрте соолуган гүл (конкурска)”

  1. Бугунку кундун актуалдуу проблемасын козгогон мыкты жазылыптыр,муну окуган ар бир киши ойлонбой койбойт го…озгочо таасир калтырды..))

  2. Жакшы жеткиликтуу жазылыптыр. Азыр биздин заманда мындай корунушор коп эле болуп жатпайбы.

  3. Азаматсын Махабат! Учурдагы жашоодо болуп жаткан корунуш, аябай таасирлендим

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.