Аман САСПАЕВ: Жылуулук…

АҢГЕМЕ Келин баланы жакшы көргөнүмөн, өзүмдүн кыздарыма деген мээримимди ага арнаган учурларым көп. Туугандарымдын үйүндө болсо да, ушундай бир эби кыйышып турган бүлөнүн жашап турушу эмнегедир боюма жылуу кан чурката берүүчү. Кокус ал үйгө барып калганымда, биздей карттардын алдынан ийменип мындай боло бергенинин өзү көп келиндин колунан келе бербес. Айталык, мен өңдүү карт педагогдор буга кантип ыраазы болбосун! Асмандан түшкөн периштедей болгон бул келин асиресе чай куюп отурганда, монтоюп, кичине баласын алдына алып, бакыракай көздөрү менен жоош гана карап коюп, […]

Александр Куприн: Демир-Кая

Чыгыш легендасы Жел жок. Бүгүн деңиз үстүндө түнөп калганга туура келет окшойт. Жээкке чейин отуз чакырымдай. Эки мачталуу фелюга[1] улам бир капталына жай  чайпалып, ным болгон парус шалбырайт. Кайыкты боз туман  чүмкөп, жылдыз да, асман да, деңиз да, түн да көрүнбөйт. Биз да жарык жаккан жокпуз. Кир, жылаң айлак, фелюганын кары капитаны Сеид-Аблы, акырын, шашпай, басмырт, колдураган үнү менен, мен чын жүрөгүмдөн ишенип аткан байыркы окуяны кеп салып жатат. Анткени түн адаттан тыш жым-жырт, астыбызда көрүнбөгөн деңиз, биз туман  чулганып, […]

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок

Йе, Жокем, улагабызды аттап кирип келчү элең. Кирсең эле көзүң жалтактап турат дайым. Бир кишинин алдында деле, көптүн алдында деле тартынып, кысынып турганыңды туяр элем. Өзүң айтмакчы “жер карама мүнөз” элең. “Бирөөгө тике карап сүйлөй албайм” деп, өз сырыңды да өзүң жакшы билчүсүң. Ооба, мага берген интервьюңда ушинтип ымандай сырыңды айтканың бар. Ал эмес ошол жер карамалыгыңдан улам – журналистикага аралашып жүрбөймүнбү дегендей ойду кыйыткансың. Көп мааниде айтылган чындык эле бул сөзүң… Сүйлөсөң да, жазсаң да ушинетип кабат ойлорду туюнтат […]

Бахтияр Шаматов: Дөңгөлөк жылдар

<<<<<< Башы Документтерибизди шыпылдата жазып, мөөрүн басты да, эки кагазды колубузга карматты. Бул эмне десек, ушу кагаз менен түз эле жумушка кирише бересиңер деди. Анан иштин шартын, канча айлык алаарыбыздан өйдө шашпай түшүндүрдү. Мен аны угуп отуруп, жумуш ушул жакын эле ортодо болсо керек деп ойлогом, бир маалда жанагы катындын «на работу вас заберут завтра, вертолетом полетите с утра» дегени кулагыма кирип келгенде жүрөгүм болк дей түштү. Менин бул абалымды байкады окшойт «да не переживайте вы, все будет хорошо, за […]

Аскаралы Ражабалиев: Сагыныч кушу

АҢГЕМЕ «Сүйүү — адам жашоосунун маңызы» (Уольт Уитмен) Балалык жомоктуу дүйнөм, анан кичик Зарташ айылында башталган ууз сүйүүм өмүр шеригимдей жүрөгүмдүн бир четинен түнөк таап, жашап кала берди түбөлүк. Сегизинчи класста окучумун. Айылдын орто ченинде болчу менин эркектана пенде экенимди өзүмө сездирген кыздын үйү. Бир жолу апам атама минтти: — Атасы, биякка караңыз.. — И, карадым?… — Кыздуу үйдү аңдымайы эрте башталды го, уулуңуздун, — деген апам күлүп. — О-го, шундайбы? — деген атам да жылмая берип, кызыл буудай өңү […]

Бакуда… 20 жылдан кийин табылган көз айнек

Көрүнбөй кыргыз жатканда, Көтөрүп чыктың асманга. Байкалбай кыргыз жатканда, Бажырай жандың асманда. Аларды тааныйт а бүгүн, Америкада таштар да. Карбалас Бакиров Тээ 1980-жылдардын соңунда Чыке Азербайжандын борбору Бакуга барып, андагы китеп дүкөндөрүнүн биринде окурмандарга кол тамга берип жатып, көз айнегин унутуп кетиптир. Ошол дүкөндүн сатуучусу арадан 20 жыл өткөндөн кийин кыргыз жазуучусу кайрадан Бакуга келгенин телевизордон көрүп, ошончо көп жылдар кастарлап сактап, катып жүргөн көз айнекти жолугушуулардын бирине сыймыктануу менен алып келип бериптир. Ага чын дилинен ыраазы болгон Чыке жаңыдан […]

Евгений Пермяктын алакандай аңгемелеринен

Мурун жана тил жөнүндө Катянын эки көзү, эки кулагы, эки колу, эки буту бар болчу, мурду менен тили эле жалгыздан экен. – Чоң эне, айтсаңыз, – дейт Катя, – эмне үчүн бардыгы экиден, а эмне үчүн мурун менен тил бирден эле? – Йе, кагылайын неберем, – деп жооп берет чоң энеси,– сен көбүрөк көрүп, көбүрөк угуп, көбүрөк иш жасап, көбүрөк басып, анан аз сүйлөп, мурдуңду кереги жок жерге тыга бербесин деп ошондой жараткан. Түшүндүңбү? Шашма бычак Митя таякча жасамакчы болуп, […]

Куба эл жомогу: Макоо жигит жана ыйык Антоний

Бир макоо жигит сулуу кызды акылдан адаша сүйүп калды. Бирок кыз аны карап да койгон жок. Айласы кеткен жигит досунан кеңеш сурады. — Анын эмне кыйынчылыгы бар! Чиркөөгө баргын да ыйык Антонийге сыйынып, “эгер кызды сүйгүзсөң алдыңа келип чоң шам жагам”-  деп убадаңды бер. Буга ынанган жигит чиркөөгө барып, ыйык Антонийдин чоң айкелинин алдына чөгөлөп жакшылап сыйынып, келген максатын айтты: — Ыйык Антоний ата, эгер мен сүйгөн кыз мага жакшы мамиле кылса алдыңа момундай соң шам жагам! – деп бир […]

Нускат Манкушева: Дүрбөлөң ойлорумдан кутулайын (конкурска)

СҮЙҮҮ БАГЫ Сүйүү багы багың ачам дедиңби, Күтпөй жүрсөм күн көтөрүп келдиңби? Кучак-кучак гүл үстүңө жыгылдым, Гүлзарыңда мурда көрбөй жүрдүмбү? Үстүмдөгү чечем кабат муңумду, Үзүп салдым жүгөн болгон курумду. Поэзия туу көтөрүп баратам, Из калтырып кетейин деп жугумдуу. *     *     * Чырмалып ойлорумдун желесине, Чыгалбай түшүп кеттим тереңине. Чуу салып, кайдан келдиң кызарган чок, Чыйрыгам жылына албай илебиңе. Кабынан сууруп алдың жүрөгүмдү, Капыстан тузак жайып түнөгүмө. Кадалып туруп алды тагдыр өңдүү, Капилет атылган жаа жүрөгүмдө. Дүрмөтүң кызыл чоктон октоп алган, […]

Фазиль Искандер: Гераклдын он үчүнчү эрдиги

АҢГЕМЕ Мен мектеп жылдарынан бери билген математиктердин бардыгы шалаакы, эрки бош жана бир аз даанышман адамдар эле. Ошондуктан, Пифагордун шымынын кай тарабын алба – бирдей дешип айтып жүрүшкөндөрүн туптуура дегенге эч ооз барбайт. Балким, Пифагордун өзүнүн шымы ошондой болсо болгондур, бирок анын жолун жолдоочулар ал жөнүндө унутуп коюшкандай, андыктан өзүлөрүнүн сырткы келбеттерине көп көңүл бурушчу эмес. Ошентсе да, биздин мектепте башкаларга окшобогон математик бар эле. Аны эрки бош, шалаакы деп айтканга болбойт эле. Даанышмандыгы барбы, жокпу — мен азыр аны […]

Фредерик Браун: Эгер душман арбыса

АҢГЕМЕ Сэнгстрем «Дарыкана» деген көрнөгү бар үйгө баш бакты. Мында ырай-жороюна караганда жөнөкөй, кай курактарга келип калганы билинбеген адамдан башка жан жок эле. Ал, ушул үйдүн кожоюну — дарыгер болучу. Үнүн пас чыгара ага кайрылды: — Менин угушума караганда… — деп келатып, кимдир-бирөөлөр булуң-буйткада турбады бекен деген кыязда айланага көз чаптырып өттү. Экөөнөн башка жан жок экенине көзү жетти. Антсе деле үнүн жанагыдан пас чыгарды: — Сизде адамдын организминде изин калтырбай турган уу бар экен… Дарыгер «ооба» дегендей башын ийкеди. […]

Эрмек Үмөтов: Аманат

АҢГЕМЕ Ал дүйнөдөгү бардык адамдардын мүшкүлүн, кайгы-капасын алла таала өзүнө чогултуп берип салгандай, жанын коёрго жер таппай, он эки канат керилген боз үйдүн төрүндө катар-катар жумшактап салынган мамык төшөк үстүндө чабалактап олтурду. Чынында эле ошончолук көйгөйгө батуунун жөнү бар эле. Жаңы бийлик баарын алды. Опусчулар миңдеген баш мал-келин мындай кой, жадакалса жамынган жууркан-төшөгүнө, чай ичкен чыны-чайнегине чейин эсепке киргизишип, акыры үй-бүлөсү, бала-чакасы менен Оренбургга жер оодаруу боюнча кызыл бийликтин чечимин аткарууга эртең таңга маал жолго чыгууга беш жашик араба да […]