Фарсы эл жомогу: Тил кылычтан жаман жаралайт

Илгери бир отунчу болуптур. Токойдун четиндеги жаман там үйдө аялы экөө жашаган экен. Күнүгө балтасын көтөрүп алып токойго отун кыйганы жөнөйт. Бир күнү токойдон ырылдаган, онтогон үндү угуп калды. Эмне болду деп барып караса, буту шишип баса албай калган чоӊ арстанды көрдү. Отунчу кайраттанып, ага жакын басып барды. Анда арстан кишиче сүйлөп жиберди: — Адамдын баласы, мени угуп турчу, таманыма тикенек кирип ириӊдеп, бастырбай калды. Жакшылык кылып тикенекти сууруп салчы! Ал эӊкейип тикенекти сууруп, таманын тазалап берди. Ошондон кийин экөө […]

Жамалбек Ырсалиев: Эне

ЭССЕ Энем ооруп калды. Осмон деген аяш атамдын коюн айдашып жайлоого жеткиришкени кеттим. Эки түнөп, жүк көчүргөн машина менен кайра артка кайттым. Чийлүү-Колот деген жерге жеткенде айдоочудан “токтоп койсоңуз” деп сурандым. Темирбек деген байке эле, Теки деп эркелеткен атынан чакырылып, азыркыга чейин эле айылдын эркеси. Токтоду. Чуркап эле тоонун бетинен кучагыма толтура ышкын терип келдим. Өзүм да жебедим. Текиге да ооз тийгизбедим. “Энеме алып барам, ышкын жесе айыгат” деп жүрөм, бала кыялым да. Айылга жеткенде үйгө чейин жеткизбестен бир чакырымдай […]

Абдил Шерматов: Кыргыз киносу «Көк Бөрү» туурасында сөз

Кыргыз киносу дегенде оюңа оболу анын классикалык үлгүлөрүн жараткан Т.Океевдин, Б.Шамшиевдин, Г.Базаровдун фильмдери эске түшөт. Ошолордогу образдардан таасир алган өзүнчө бир муун торолуп, топко кошулду. Азыр болсо кыргыз киносу кризиске учурап, мурдагыдай мыкты фильмдер тартылбай калды дегендер көп. Анан ошондой ойго күүлөнүп алып, капитализм деген заман келгенин, ал өзү менен кошо капиталисттик экономикалык мамилелерге негизделген баалуулуктар системасын ала келгенин эске албай жатышат. Эгерде маселени ушундай өңүттөн карасак, кино тартуу өнөрү да өндүрүштүк мамилелер менен шартталат, тагыраак айтканда, фильм тартуу, аны […]

Кытайдан кат: Эки сөз тууралуу эки ооз сөз

Бир элдин тили сөзгө бай болсо жана аны толук кандуу пайдалана алса, анда ал тилди шартсыз түрдө бай тил деп айтса болот. Тили бай элдин руху бийик, дымагы көтөрүңкү келет. Кылымдарды карыткан кыргыз тили да бай тилдердин катарынан орун алууга акылуу. Болгону биз кыргыз тилинин бай көрөңгөсүнүн чыпчыргасын коротпой, ошол эле мезгилде анын ички мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып аны байытып, өз жашообузда ырааттуу колдонуу менен бирге, келечек муунга мурастап берүү милдетибиз бар. Тилдин байышы ички жана тышкы эки булак аркылуу иш жүзүнө […]

Нурзат Абдыжапарова: Курчуп, мокоп кылычтай сууруласың (конкурска)

Өмүр жолоочусу Көчө бойлоп келе жатып баягы Кезиктирдим бир жолоочу адамды. Көздөрүнөн көрүп турдум мууң-кайгы, Кайгы-капа көп чеккен го сыягы. Жол өзөндөп келе жатып жанагы Жолуктурдум бир жолоочу адамды. Оор үшкүрүп, терең ойго баткан соң Аста басып кайра жолун улады. Тыкыр басып келе жатып талааны, Тээ алыстан көрүп калдым караанды. Теңдеш келип секин баскан кадамдар Төмөнкүдөй айтып калды баянды: Тирүүлүктүн түмөн тартып түйшүгүн, Тагдырыма топук кылган кишимин. Сансыз күнгө арнап күчүм, баралым, Үзүрүнү көрсөм деймин ишимин. Мен бир пенде адал […]

Роза Отунбаева: Капчыгы калыңдардын көзүн кызарткан тарыхый жайлар

Биз Кыргызстанда жашагандар, өз өлкөбүзгө, шаарыбызга, айылыбызга болгон сүйүүбүздү, алардын көрүнүшүн жакшыртууга кошкон салымыбызды көрсөткөнгө сараңбыз. Өзүнүн жашап турган жерин, көчөсүн, шаарын бьютификациялоо, сөзмө сөз айтканда, «кооздондуруу» ишин көптөгөн өлкөлөрдө жигердүүлүк жана кылдат табит менен жасашат жана анын баары бизге көздү кубандыргыдай кооз, камкордук менен каралганын байкоого болот. Талаш жок, бизде деле анча-мынча иштер жасалып жаткансыйт, бирок мунун баарын жүз эсе жакшылап жасоого да болот эле!     Муну жасоо үчүн сөзсүз эле «ишембилик» уюштуруунун кажети жок. Пландаштырганды үйрөнүп, план-идея ойлоп […]