Бир элдин тили сөзгө бай болсо жана аны толук кандуу пайдалана алса, анда ал тилди шартсыз түрдө бай тил деп айтса болот. Тили бай элдин руху бийик, дымагы көтөрүңкү келет. Кылымдарды карыткан кыргыз тили да бай тилдердин катарынан орун алууга акылуу. Болгону биз кыргыз тилинин бай көрөңгөсүнүн чыпчыргасын коротпой, ошол эле мезгилде анын ички мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып аны байытып, өз жашообузда ырааттуу колдонуу менен бирге, келечек муунга мурастап берүү милдетибиз бар.

Тилдин байышы ички жана тышкы эки булак аркылуу иш жүзүнө ашат. Тышкы булак менен баюу чет тил сөздөрүнүн эсебинен болсо, ички булак менен баюу тилдин угутунун дареметине жараша, морфологиялык, лексикалык кайра жасалуулардан, диалект сөздөрүнүн адабий тилге кирип иштиктүү колдонулушунан ж.б.у.с. жактардан болот. Тилдин байышына салым кошкон дагы бир булак — котормо булагы болуп эсептелет. Бирок котормону түздөн-түз эле тилдин байышына салым кошот деп айтуу кыйын. Котормо тилдин байышына салым кошушу үчүн оболу котормо тилинин ички даремети күчтүү болушу керек. Ошондо гана котормо аркылуу тилди ырааттуу байытса болот.

Филолог катары кыргыз адабий тилинин казынасына сөз жыйноо милдети биздин мойнубузда десек да жаңылбайбыз. Кайсы бир сөздүн адабий тилден орун алышына, бул ааламда өз озуйпасын аткарышына жол ачуу филологдордун тилге кошкон салымы болуп эсептелет. Биз макалабызда жалпы кыргыз адабий тилинин сөздүк корунда жок, бирок кытай кыргыздарынын басма сөзүнөн орун алып, адабий тилдин ар кандай стилдик катмарларында ырааттуу колдонулуп жүргөн эки сөздү окурмандарга тааныштырууну туура көрдүк.

  1. Суугалдак. Оболу суугалдактын эмне экенин тааныштырып өтөлү. Суугалдак – сууда өсүүчү өсүмдүктөрдүн бир түрү. Гүл ачып, урук байлайт, тамыры, сабагы, жалбырагы, желекчеси, мурутчасы болот. Суугалдак тынч, агынсыз, тайыз сууда, тагыраагы, көл, көлчүк, саздактарда өсөт. Аталган өсүмдүк орус тилинде «лотос», кытай тилинде «хы-хуа» (héhuā) деп аталат. Эми бул сөздүн морфологиясына келсек, «суу+к/галдак». Гүл сууда өскөн үчүн «суу» сөзү алынган, «г/алдак» сөзү болсо «кызгалдак», «саргалдак» сыяктуу гүлдөрдүн атынан келген. Бул сөз Кытайда кыргыз cөздүктөрүнөн кадимкидей орун алган. Алып айтсак, эң беделдүү сөздүктөрдүн катарында турган «Ханзуча-кыргызча сөздүккө» киргизилген. Суугалдакты боордош казак тилинде «шамгүл», «лотос» деп атаса, уйгур тилинде «нилупэр» деп айтылат. Суугалдак көркөм поэзиялардан да орун алган:

Туңгуюк ойлорду чуу жандап,
Тунарык тумандар бууга алдап.
Көзүңдөй элестейт келатсам,
Көлдөгү жайнаган суугалдак.
Сүйрөкөй сынакка сүрүндүк,
Сүйүүнү сүйө албай туу кармап.
(«Кабарың күтө берип», Зуура Бейшеналы кызы)

Шык издеп суу жээгине барам чабып,
Сыр төгүп ак кагазга каламды алып.
Суу үстүн көрккө бөлөп сен турасың,
Суугалдак өскөн өңдүү мага арналып.
(«Суугалдактан алган сезим», Маметорозо Калбиет уулу)

Суугалдак сөзүнүн көркөм адабий стилде кадимкидей орун алып, окурмандын эстетикалык табитине таасир бере алган сөздөр кыргыз тилинин адабий лексикасына киргизилгени жакшы болот деген ойдобуз.

  1. Каргалдак. Бийик тоолордо өсө турган сөңгөктүү өсүмдүк. Деңиз деңгээлинен болжолу 4800-5800м бийиктеги жар таштарга, кар сызыгына жакын корумдуктарга өскөн мындай гүлдүн тамыры, сөңгөгү, жалбырактары болот. Сыйдам, кабатталган көп жалбырагы бар. Аталган өсүмдүк орус тилинде «соссюрея», кытай тилинде «шөлиан» (xuělián) аталат. Эми бул сөздүн морфологиясына келсек, «кар+к/галдак». Гүл карда өскөн үчүн «кар» сөзү алынган, «г\алдак» сөзү болсо «кызгалдак», «саргалдак» сыяктуу гүлдөрдүн атынан келген. Бул сөз да Кытайда кыргыз cөздүктөрүндө кездешет. Ага мисал катары ошол эле биз айтып өткөн «Ханзуча-кыргызча сөздүктү» көрсөтүүгө болот. (караңыз, Ханзуча-кыргызча сөздүк./Түз.: ШУАР Улуттар тил-жазуу кызмат комитети. Баш. Түз.: М.Ө. Кармыштегин. Б.:Шинжаң эл басмасы, 1999. 940-б.). Каргалдак боордош казак тилинде «каргалдак», уйгур тилинде «кар лэйлиси» деп айтылат. Суугалдакка окшош эле каргалдакты да ыр саптарынын арасынан жолуктурса болот:

Сени таппай сенделип барган жагым,
Себеп таппайм мынчалык армандадым.
Көп күттүргөн сулуунун көз жашындай,
Көп күттүрүп келсең-ээ, Каргалдагым!
(«Каргалдагым», Зуура Бейшеналы кызы)

Кыргыз адабий тилинин лексикасын байытуунун бардык жолдорун караштырып, бирин-экин болсо да сөздөрдү кошо берүүнүн мааниси чоң. Сөздү да карап, багып, бапестеп тургандан өнүп-өсөт. Жогорку эки сөздү кыргыз адабий тилинин лексикасына сунуштап жатып, белгилүү котормочу, чыгаан окумуштуу Эрнис Турсунов агайдын «тил байыса котормодон байыйт» деген сөзү эрксизден эске келет. Демек, тилибизди байытууда ар бир филологдун жоопкерчилиги чоң. Байыбаган тил сөзсүз жакырланат. Ал үчүн тилибизди байытуунун ар кандай жолдорун караштыруубуз жана ошого жараша аракет кылганыбыз дурус экенин ар бир филолог билет.

Англичандар өздөрүнө: «Шылкыйбай, көөдөнүңдү керип жүргүн! Сенин тилиң Шекспирдин, Вольт Витмандын тили!» дешсе, орустар өздөрүнө: «Сыймыктан! Сен Пушкин сүйлөгөн тилдин ээсисиң!» дешет. А биз кыргыздар да өзүбүзгө: «Көтөр башыңды! Сен Манастын, Айтматовдун тилинде сүйлөгөн элсиң!» деп айткыбыз келет.

Дабыт Абылбары уулу,

Бээжин Борбордук улуттар университетинин PhD-докторанты

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.