Тынчтыкбек Алтымышев: Келбеген кемпир-чал

Бакканга жаралгандай мүнөзүңөр, Багууга такыр көнбөй жүрөсүңөр… Бир күндүк алыс жакта жашасам да, Баары бир ойлогонум бир өзүңөр… Апкетүүгө канча жолу тырыштым?! Болбодуңар, чоңун салып уруштун… Жылуу, жайлуу ушул биздин шаардан Неси жыргал ээн сарайда туруштун?! Кел дедим кыргыздын чоң калаасына, А бирок бүлүк салдым санаасына: “Тоолордун салкын жели демим, — деди, — Чыдабайм дубалдардын арасына. Кааласам басам, жатам, турамын, — дейт, Калааңда эмне жумуш кыламын, — дейт. Ат жалы мени аман алып жүрөт, Айрылсам аттан – көздү жумамын, — […]

Татьяна Набатникова: Сүйлө, Мария! (Конкурска №25)

АҢГЕМЕ Кээ бир түндөрү уйкум качып, жалгы-ы-з, ойлонуп жата берчү болдум. Э-хе-хе-хей! – ичимден кыйкырам. Анын дабышы сырдуу түндө улам барган сайын катуулап, жаӊырып, анан акырындык менен басаӊдап, караӊгы түнгө сиӊип кеткендей жок болот. Бир кезде тээ качанкы мөлтүрөгөн жаштыгымдагы бир кызык окуя эсиме түштү. Анда бүтүрүү кечеси болуп жаткан эле. Ал жактан бир да жанга байкатпай, акырын чыгып кеттик. Ал мотоциклин айдап чыкты, а мен аппак көйнөгүм менен анын коляскасына отуруп алып, айылдан, адамдардан, жанган оттордон, жада калса чыккан […]