АҢГЕМЕ

Кээ бир түндөрү уйкум качып, жалгы-ы-з, ойлонуп жата берчү болдум.

Э-хе-хе-хей! – ичимден кыйкырам. Анын дабышы сырдуу түндө улам барган сайын катуулап, жаӊырып, анан акырындык менен басаӊдап, караӊгы түнгө сиӊип кеткендей жок болот.

Бир кезде тээ качанкы мөлтүрөгөн жаштыгымдагы бир кызык окуя эсиме түштү. Анда бүтүрүү кечеси болуп жаткан эле. Ал жактан бир да жанга байкатпай, акырын чыгып кеттик. Ал мотоциклин айдап чыкты, а мен аппак көйнөгүм менен анын коляскасына отуруп алып, айылдан, адамдардан, жанган оттордон, жада калса чыккан үндөрдөн да алыстап кете бердик. Майрамдык жайды таштап, коюу түнгө багыт алып кирип келе жаткандан бери бирибиз да ооз ачпадык. Негедир тилибиз буулуп калгандай… деги эле сөздүн да кереги  жоктой эле…

Жолубуз узак болду. Бир маалда мени калтырак басты. Жок, жок, үшүгөндөн эмес, кандайдыр бир табышмактуу сырдан коркуп калтырап чыктым.  Айылдан бир топ узап барып  токтодук.  Айлана жымжырт боло түштү. Кулак-мурун кескендей тынчтык өкүм сүрүп турду. Экөөбүз теӊ мотоциклден түшпөй, ошол мотоциклдин жарык нуру менен бирге, батискафтын ичине отуруп алып,  бүткүл космостун түбүнө чөгүп кеткен сымал, жада калса бармактарыбыздын учун да  кыймылдатпай, отура бердик. Караӊгы түндө мотоциклдин жарыгы менен бөлүнгөн  мейкиндик гана бизге тиешелүүдөй сезилди. Экөөбүз теӊ ушу отурган тейде үлүлдөн бетер ороло бүрүшүп, караӊгы жакка көз чаптыргандан сестенгенсип, жарык жерди гана тиктейбиз.

Бир маалда мындай жымжырттыкты  өзүм бузушум керек экенин сездим. Мотоциклдин коляскасынан акырын түшүп, караӊгыны талааны көздөй басышым керек эле. Ал болсо мени козгоого акысы да жок болчу. Бардыгы менин гана эрким менен болушу керек эле.

Бирок негедир, анте албадым, тартынып турдум.

Ал жарык менен караӊгынын чегин ажыратып туруш үчүн, менин тартынганым караӊгыда сезилбей калышы үчүн жарыкты өчүрбөй турганын сездим. Албетте, мындайда караӊгы түн гана жардамга келмек. Анын мага берген жардамы ушул гана болду. Калгандын бардыгын мен өзүм жасамакмын (бул адилет жана туура болмок).

Бирок менин эрким ага жете бербеди. Мен коляскага жөлөнүп, ал болсо ээрде отура берди. Ошентип  көпкө чейин үн жок, сөз жок, өз-өзүнчө жалгыздап тура бердик. Бирге болуш үчүн алга кадам ташташыбыз, бири-бирибизге жакындашыбыз керек эле… Чындыгында, сүйүү, баягы уламышта айтылгандай, бир күнү   ыйык бир курмандыкты талап кылат эмеспи…

…Бир туугандары ээн талаага таштап кеткен Иванды Ногай куш айылына жеткирмекчи болот, ал үчүн куш Ивандан жолду карай жеп барыш үчүн эт топтоп алуусун талап кылат. Иван каз-өрдөктөрдөн бир топ атып алып, аларды эки чанага толтура салат да, Ногай куштун эки ийнине коюп, өзү кыр аркасына минип, учуп жөнөшөт.  Ошентип, учуп бараткан Ногай куш жолду карай башын артка буруп, Ивандын колунан этти жеп кете берет. Бир маалда эт да түгөнөт.  Куш ач көз тумшугун улам Иванды көздөй буруп, эт сурай берет. Аргасы куруган Иван эми өзүнүн бир санынан кесип, Ногайдын оозуна салат. Антпесе, жерине жете алчудай эмес.  Анан экинчи санынан, жеткени аз калганда төшүндөгү этинен кесип берет. Ошентип, өз денесинин ооруганына карабай, үйүнө жетиш үчүн курмандыкка барган экен.

Азыр ушу тапта дал ошондой курмандык керек эле.

А мен колясканы бекем кармап, коркуп отура бердим. Ал түшүндү окшойт, тереӊ үшкүрдү да, мотоциклди от алдырды. Аалам жандана түштү – кыймылдаткычтын дырылдаган үнү, жорткон жел, айылдан жанган жарыктар – мунун бардыгы кандайдыр бир деӊгээлде менин жан дүйнөмө тынчтык алып келгендей болду.

Ошентип, эртеси экөөбүз эки башка жакка кеттик, ошол бойдон көрүшкөн да жокпуз. Мен аны кийин бир топ издедим, кат да жаздым, бирок изин таба албадым. Кийинчерээк,  аны издеш үчүн мурдагыга караганда акчам да, убактым да  болгон учурда, ортодо өткөн мезгил менин өӊүмдү өзгөртүп койгонун, баягы кыз кезимдеги ажарым өчкөнүн сездим да, мени мурда жаш кезимде кандай көрсө, ошо бойдон эсинде калайын деп чечтим. Экинчиден, анын үй-бүлөсү бардыр… бактылуудур (менин  сүйүктүүмдүн үй-бүлөсүн бакыттан башка эмне күтмөк эле?)

Ооба, мен кура албаган бакыт…

Жок дегенде, эки адамдын бири ошол бакыттын рецебин билиши керек экен. Экинчиси андан үйрөнүп алмак. Бирок күйөөм экөөбүз теӊ аны билбептирбиз.

Коля Бутько байке гравитация жөнүндө өз теориясын иштеп чыккан. Ал мурдагы теорияга эч ынанбайт. Ал боюнча нерселер бири-бирине тартылышпастан, тескерисинче, түртүлүшөт экен. Алардын ар бири күчүн курчутуп, бири-бирин кыса баштайт да, бири экинчисине каршылык көрсөтөт.  Ошол сыяктуу эле Күн менен Жылдыздардын басымына Жердин өзүнүн каршылык күчү бар. А биз, адамдар, бул күрөшкө чыккан эки күчтүн ортосундагы оптималдуу шартта турабыз. Бирок бардык жерде эле андай эмес. Анын ою боюнча Бермуд үч бурчтугундагы Жер алсыз болгондуктан, мындай каршылык күчтүн негизинде чуӊкур пайда болгон. Ал эми Апеннинде каршылыктын кубаттуу күчү болгон магнит кендеринин калыӊ катмары жатат, алар  суудан нерселерди тыгындыны тээп салгандай эле жогору карай жепжеӊил түртүп салат дейт. Ошондой эле Жердин үстүндөгү нерселердин салмагы сутканын убактысына жараша: түнкүгө караганда күндүз Күндүн басымы кошулган сайын салмак көбөйө берет («Коля байке, сиз аны өзүӊүз текшерип көрдүӊүз беле?» —  «Жок, азырынча текшере элекмин, убакыт жок»).

Бирок ал айтып бергендердин ичинен нерселер бири-биринин күчү менен  эсептешип келип, ортолорунан, Коля байке өзү айткандай, «аралыктын квадратын» белгилеп туруп, бири-бирине чыдай алгыдай (дипломаттык) абал таба аларлыгы тууралуу теориясы мага абдан жагат. Дал  ушул «аралыктын квадраты» мен үчүн өтө баалуу эле. Ал адамдарга карата да ушундай иштейт экен. Дал ошол чыдамдуу болгон аралыктын квадраты – бири экинчисине азыраак залал келтирүүчү өз ара күчтөрдүн теӊ салмагы. Мындай аралыкты мен никем буюрган күйөөм менен кура албадым.  Бейиши болгур, ал о дүйнө кеткен.

Ал эми броундун кыймылынын хаосун Коля байке башкача түшүндүрөт, мынча көп бөлүкчөлөр бардыгы үчүн чыдамдуу болгон «квадрат» таба албагандыктан, өмүр бою түртүшүп жүрө беришет дейт.

Мындай карап көрсөм, адамдардын көпчүлүгү эле ошол броун кыймылындай экен.

Коля байкенин теориясында көптөгөн баалуу нерселер бар – алсак, суунун киришинин жана тартылышынын себебин түшүндүрүп берет, Меркурийдин орбитасын негиздегенге киришкен, ошондой эле түбөлүк жүрүүчү кыймылдаткычты – өз салмагы менен айланып жүрүүчү дөӊгөлөктү да сунуштайт. Ал өзү сынамакка жасап көргөн дөӊгөлөгү, албетте, тоодон ылдый гана түшөт, аны колго жасалган технологиянын кемчилиги менен түшүндүрөт, ал үчүн заводдон технология алдыра албай келе жатканын айтат, кайда жазбасын, кайда кайрылбасын – эч ким көӊүл бурбайт экен.

Азыркыга чейин биздин айылдагы жыйым-теримдерге кайсы бир окуу жайдан физиктер келсе деп күтөт. Алар келсе элеби: бурчка такап, «жайында Жер Күнгө жакындаса, анда жай бардык континентке бирдей келбейби, эмне үчүн түштүк жарым шарына башка учурда, түндүк жарым шарына башка учурда кезектешип келет? Кантип эле Жердин огунун эӊкейиши Жер менен Күндүн ортосундагы орбиталдык аралыктын айырмасын жаба алсын? – деп сурагысы бар.

Ошентип, Коля байке суроолоруна жооп таба албай кыйналып жүрөт, ал эми физиктердин биз жакка келе турган түрү да жок, бизге гуманитарийлер көп келет. А Коля байке физиктерге өзү бара албайт. Мына, мен деле өз бактым үчүн каалаган адамыма баралбай койбодумбу, анан жөн эле кызыккан нерсеси үчүн ал жакка ким барсын?..

Ошо кезде мен чечкиндүү болсом (бардыгына түкүрүп салып, бет алган жагыма аны издеп кете берсем болмок), булчуӊдар машыгуудан кубаттангандай эле, мен дагы бир тепкичке күчтүүрөк болмокмун деп эсептейм. Же андан да эрте… бутум баскандан тартып эле күчтүү болсом эмне…

Балким, биздин бардык балакетибиз балалык кезибизден башталар… Ошо кезден калыптанып жүрүп отурар… Менин маркум күйөөмдү эле алып көрөлүчү. Өзүӊөр деле карап көрсөӊөр… Ал төрөлгөндө ата-энесинин кубанычында чек жок, атын Рома коюшуптур. Ата-эненин тилеги эмне болмок эле, баласына бардык шартты түзүп берүүнү эӊсешет. Бирок кайда-а-н? Тилектин бардыгы эле ишке аша бербесин бардыгыбыз билебиз да… Атасы соттолуп кетиптир. Ал учурда көпчүлүгүндө эле ушундай болчу. Апасы үстүндө үйү жок калат. Баласын багыш үчүн ары урунат, бери урунат.

Чымчык да баласын коргойт эмеспи. Ошо сыяктуу, караан туткан жалгыз уулунун келечегинен, тагдырынан корккон апасы анын ар бир кадамын көз жаздымда калтырбайт. Баскан-турганына, ар бир кыймылына көз салат. Бардык нерсеге тыюу салат. Кээде өзүн кармана албай, уулуна кыйкырып да жиберген күндөрү болуптур…

Ошентип Ромочка «болбойт» деген чекте өсө берди. Үч жашка толуп, айлана-чөйрөнү таанып калганда,  апасы «болбойт» деп жүргөн баягылардын бардыгы «БОЛОТ» экендигин түшүндү. Ал гана эмес ошол «болбойт» деген тыюунун  ачылышында кулак угуп, көз көрбөгөн ырахат бар экендигин сезет. Ал жанагы эле ядердик энергиядай: жөнөкөй эле зат, күйүүчү оокат эмес, — бирок аны ороп чулгап койсо тура берет да, көөп отуруп, жарылганда, эпкинине эч ким туруштук бере албайт. Менин кайненем да дал ошондой эле, бейиши болгур! Анда адамга жарык бере турган эч нерсеси жок болчу — таланты да, акылы да, билгичтиги да жок эле. Бирок өмүр бою аны менен кошо калыптанып калган «болбойт» деген тыюу күчү жылжып чыгып отуруп, ири атомдук козу карынга айланган да, дал ошол козу карындан менин маркум күйөөм өсүп чыккан. Ошол тарбиясы менен жүргөн ал,  кийин өз алдынча үй-бүлө күтүп, энесинен эркиндикке чыккан соӊ  эч нерседен өзүн кармана албады. Мен да аны сактай албадым. Эч нерсеси жок туруп, бийиктикке секиргиси келчү. Бирок секириш үчүн максат, аракет, эмгек  керек эле да. Ары урунуп, бери урунуп жүрүп, акыры жарым-жартылай  жинди болуп калды. Анын бул абалынан коркуп, кызыбызды апама берип койдум.

Чыр чыгарганга канчалык аракет кылбасын, мен унчукпай коёр элем, себеби мени менен ажылдашып урушса энергия алаарын сезчүмүн. Мени өлтүрөм деп да чыкты. Ошентип ал психологиялык жактан жапа чеге баштады. Калтырап-титиреп чыкчу. Элестетсеӊиз. Бир түнү мени тиктеп турганын сезип,  чочуп ойгонуп кеттим. Бир колу менен ээгин тиреп, экинчи колун керебеттен ары таштап коюп, таштай катып, айнектей көз караш менен мени тиктеп жатыптыр. Жүрөгүм оозума тыгыла түштү…

Бирок мени өлтүргөнгө күчү жетпеди. Ал анын кыялы гана болчу. Тегеректеги ар түрдүү кылмыштар тууралуу мага тынбай айтар эле. Көрсө, анын жарымын өзү ойлоп таап, жарымын ашыра айтып койчу экен. Ошентип, ОЮНАН ЧЫГАРГАНДАР менен жашачу. Кийинки күндөрү ал үчүн арактын да кызыгы кете баштаган. Иче берет, иче берет – чегин билбейт. Аны «жүрөгүм үшүп» карап отура берип, өзүм дагы оорулуу болуп калдым. Ошо бизде «аралыктын квадраты» жоктугуна өкүндүм. Теледен сүйлөп жаткан психиатордун айтымы боюнча, ден соолук үчүн жагымдуу ишиӊден сырткары, жакшы үй-бүлө болушу керек экен… А бизде жакшы үй-бүлө жок эле да. Кийинчерээк мен анын жанымда болгонун каалабай, өлүп калышын тилеп жүрдүм.

Коркуп кеттиӊизби? Ооба, мен дагы оюман чыгаргандарым менен жашап калгам…

Ойлорумду ушунчалык бышырсам керек, бардыгы топтолуп жүрө берип, жүрө берип, бир күнү ишке ашты. Жумшак камырды канчалык узак ийлей берсеӊ, катуу болуп калган сыяктуу, менин канча жылдан бери ойлоп келе жаткандарым материалдашып, ишке ашты. Күнүгө тынбай арак иче берип, отузунчу күнү асынып алды. Катуу уктап кетиптирмин, ойгонсом – асынып турат. Дал ушул жерге асынып калыптыр.

Ошондогу абалымды айтпай эле коёюн, баары бир анын силерге кереги да жок.

Жашырбайм, бир топ убакыт өткөндөн кийин баягы жүрөгүмдү кыйнаган нерсе жоголуп кеткендей болду. Кенен дем алып, бактылуу боло баштадым. Жинди экенмин, ошол кездери абалымды жашыра да албаптырмын. Жашоо керемет! —  деп бардыгына эле айта берипмин (Азыр алардын бардыгын чогултуп алып, ошол кездеги кубанычтан ойлонбой сүйлөгөндөрүмдүн бардыгын артка кайтарып алсам кана!?). Ал айткандарымдын бардыгы канчалык коркунучка алып келерин, ошол кезде эч бир сезбептирмин, ойлобоптурмун дагы.

Акыркы күндөрү ал менин түшүмө көп кирчү болду. Көптөгөн адамдардын арасынан мени көрбөгөндөй сезилет, бирок чындыгында, мага бир жаман нерсе жасаганга даярданып жаткандай… Ары бурулуп кетсем эле, кол салчудай… Чочуп ойгонуп кетем – түшүм экенине кубанып, калтырап, титирей баштайм. Жүрөгүм дүкүлдөп согуп калат. Андан кийин бир топ убакыт өзүмө келе албай, кыйналып, аны жакшы сөз менен эстээрге эч нерсеси жок экенин  сезем.

Маркумдар тууралуу жаман сөз айтпаш керектигин билем, бирок чындыгына келгенде, анте албайбыз да. Эмоционалдык абалда туруп, чындыгын айтып коёбуз. Кесепетин сезгибиз да, түшүнгүбүз да, мойнубузга алгыбыз да келбейт.

Шылдыӊдап жатсаӊыз керек? Түшүнөм сизди… Бардыгыбыз билимдүү болгонубуз менен, мындайга келгенде турмуш чындыгы бардыгыбызды жеӊип коёт. Түшкө ишенүүнүн өзү күлкүлүү. Коля байке да түшкө ишенчү эмес. Албетте, анын «самокат дөӊгөлөгү, аралыктын квадраты – турмуш чындыгына жакын, алар материалдык кубулуштар, ал эми түш, адепсиз акылсыздыктын жыйынтыгы.

Андан башка менин түшүмө дагы бир адам, баягы-ы күндөн бери жаштыгымда из калтырган сүйүктүүм кире берчү болду.  Канча убакыт өтсө да ага болгон сезимим өчпөй, унутулбай келет.

Түн болгонсуйт. Колхоз жыйналышынан кийин жалгыз калып, ээн  коридордо баратсам, ал мени бир бөлмөдө күтүп тургансыйт. Ичинде керебет турат. Кубанып кеттим. Эмне, мыскылдагыӊар барбы? Мыскылдай бергиле. Мейли. Бирок бир маалда кайдан-жайдан белгисиз адамдар, алардын жанында маркум күйөөм да пайда боло калат. Негедир мен аларды кууй албайм, куугандан уялам, анткени ал күйөөм да. А менин сүйүктүүм болсо мени күтүп турат, чечим чыгарса экен дегенсийт, бирок биздин талаш-тартышыбыздын убакыты узарган сайын кездешүүбүздүн үмүтү өчүп, аны менен бирге анын карааны да өчүп бара жаткандай… бир маалда көздөн кайым болуп, бөлмө ээн калды.

Же болбосо мен шаарга бара жаткансыйм, ичи толо биздин айылдын эли, бир маалда колхоздогу көлмөнүн жээгинде чатыр тигилип турганын көргөнсүйм, жанында – менин сүйүктүүм мени тиктеп тургансыйт. Бул жакка мен үчүн гана келгенин ошо көз карашынан сезгенсийм. Бирок мен элден уялып автобусту токтото албагансыйм, анымды сезген сүйүктүүмдүн элеси  өчүп  барып, жок болуп кетет. Кетип баратып, артымдан кандайдыр бир коркунуч турганын сездим… бурулуп карасам, — О Кудайым ай! – менин так артымда каргыш тийгир  күйөөм көзү менен атып салчудай карап отуруптур, анын ар жагында энеси да мени жеп жиберчүдөй карап отурат. Мени курчап алышкандай сезилди. Тура калып, түшө качкым келди, бирок элден тартынгансыйм. Далыма урган канжарды сезип, отура бергенсийм. Коркуп жатып, ойгонуп кеттим.

Анан кайра эле баягыдай ойлонбостон ар кимге: Кудай жалгап, ырас эле өлүп калыптыр, акмак десе, бүгүн түшүмдө аз жерден союп коё жаздады дей бериптирмин.

Ошентип бир күнү менин ушинтип айта бергенимден улам, ал түшүмө андан бетер каардуу болуп кире берерин сезип калдым. Ошентип экөөбүздүн ортобуздагы жек көрүү толо берди. Ооба, бири-бирибизге болгон жек көрүү жөнүндө айтып жатам. Анын духу азап чегип ары-бери урунуп жүргөндөй, жөн жүрбөй өч алып жүргөндөй сезилди (эгер ал анте алса; эгер биз – башка дүйнөгө өсүп чыгып, анын ширесин шимирип ичкендей бутактуу нерв болсок).

Маркум түшүӊө күндө кирип, артыӊдан калбай ээрчип алаар болсо, чиркөөгө барып кайыр-садага таратыш керек деген түшүнүк бар эмеспи. Бирок мен мындайларга ишенбейм да, ага ишениш мен үчүн уят – баягы жаштык кезде мотоциклдин коляскасынан түшүп баруу мен үчүн кандай уят, кандай коркунучтуу, автобусту токтотуп түшүп барып, чатырдын жанында турган сүйүктүүмдүн кучагына жыгылуу, жек көргөн күйөөмдү таштап басып кетүү мага канчалык уят болсо, бул жоромолго ишенүү да мен үчүн ошончолук уят болуп турат. Ойлоп көрсөм, мен өмүр бою кандайдыр бир нерсенин туткунунда жашап келиптирмин. Тагдырымды өзүм башкарбай, тепсендиде калбашым үчүн тагдыр мени башкарып келиптир. Эми ошол «адептүүлүк» ишенимине баш ийгим барбы? Кайсы ишенимге баш ийерин ар ким өзү тандайт. Бирок шаарга барып, чиркөөнүн алдынан кайыр-садага берип  жатканымды эч бир элестете албайм, андан көрө, жоголуп кеткеним жакшы.

Ооба, алсыздыгыман, чечкинсиздигимен ушинтип жүрөм. Ырас эле сүйүктүүм деле мени издебей коюптур. Мен киммин, чечкинсиз бир байкушмун да. Ал мени баягыда эле түшүнсө керек.

Эзме күйөөмдүн көзү өткөнүнө эки жыл болсо да, жеӊилдей албай, күн өткөн сайын денем оорлоп, чарчап-чаалыгып барам. Бир карасам, ойноп-күлүп жыргай турган учурум экен. Жаш кезимде басып баратканым же учуп баратканым билинбей, ушунчалык жеӊил жүрчү элем. Руханий жан дүйнөм мени алга жетелеп бараткандай болчу. Анчалык энергия кайдан келчү — билбейм…

Азырчы? Азыр салмак кошпосом деле, ушунчалык оор тарта баштадым. Тамак-аш, ремонт, олжо тууралуу эле ойлонуп калдым, жөө басып үйгө жеткенче ушунчалык чарчайм, бутумду тарта албай келип диванга кулайм да, уйкуга кетем. Уйкум да канбай калчу болду. Күндүз да уктагыдай убакыт беришсе кана…

Эми минтип ашказан жарасы, операция, веналардын кеӊейиши… деги койчу.. бир оорунун артынан экинчиси келе баштады. Жана кадимки эле механизмдей, иштеп-иштеп, бир күнү бир нерсеси сынып калгандай, аны оӊдосо, экинчи жери сынып… ошентип кете берет тура…

Мен эми чуркамак турсун, араӊ басчу болдум.

Оюма эмне келди, билесиӊерби? Ооба, ооба, анын арбагы мени жөн койбой жатат. Сүйүктүүм менен бир болууга мүмкүндүк бербегени аз келгенсип, эми минтип кысымга алып, жолумду тороп салды. Өч алып жатат. Ооба, мойнума алам, өзүм да алсызмын. Алсыздыгымды айтып эле жатпайымбы. Ушундай адамдар болот: жолу шыдыр болуп, күчү ашып-ташып турат. Мындайларды кысымга да ала албайсыӊ. Бутун кенен таштап жашашат. А менин эч нерсеге эрким жетпейт. Ал эзүүчүм менен эмнеге ушунча жашап келдиӊ деп сурайттырсыӊар. Баарыбыз эле «балким» дегенди жакшы көрөт  эмеспизби… мен дагы дал ошондой… балким эртеӊ оӊолуп кетер, балким эртеӊ жакшы болор, бул жумада тынч болбодубу, эртеӊ да ушундай тынчыйт деп үмүттөнө берчүмүн.

Чындыгында, өзгөрүүдөн коркчумун. Таарынбагыла, силердин шаарды жаман көрөм. Бирок эч жакка да кеткен эмесмин. Коля байкенин «аралыктын квадратын» эстесек… Жер атмосферанын кыртышын алып жүргөндөй эле, адам тегерегине кысылбаган, ага кенен мейкиндик керек болгон, мисалы, айылга барып, көчөдө бассаӊ, сенин «аралык квадратыӊ» өзү каалагандай кенен жайгашып алгандай,  өз күчүңдүн зонасын алып жүрөт. Ал эми шаарда андай эмес, ал «квадратыӊ» менен эч ким эсептешпейт, жада калса ага орун да бөлүнгөн эмес. Көчөдө кысылы-ы-ып басасыӊ, трамвайга батысыӊбы, жокпу, эч кимдин иши жок, баягы» квадрат» бүрүшүп-чүрүшүп калган, анан.. ошентип ал адам акырында инфаркт болот. Эмнегедир, шаардын мен ошол кысылып, чүрүшүп калган квадраттардын чыйылдагын уккансый берем.

А бизде, айылда, тыптынч.

Ошондуктан күйөөмө чыдап жүрө берсем керек.

Ии баса, эӊ кызыгы – Коля байке такыр оорубайт. Энергиясы ушунчалык ашып-ташып турат дейсиӊ. «Коля байке, ден-соолугуӊ кандай? – деп сурусаӊ, «Ооруган  — акылсыздык» — деп жооп берет дайыма. Басышы да тыӊ.

А мен кичине кезимдеги сүрөтүмдү карап көрсөм – көздөрүм нефти сыяктуу  коюу, каректерим толук. Азырчы? Азыр? Көзүмдүн оту өчүп, дайра сыяктуу соолуп бара жатыптыр. Мына, менин болгон экологиям.

Бир күнү менин жашоомду өзгөрткөн окуя болду. Автобустун ичи караӊгы болчу. Мындайда адамдар биринин бетин бири карап, жашын аныктап отурмак беле. Көзү күйүп турса эле болду да. Автобус эки шаардын ортосунда чоочун аймакта бараткан. Аялдамадан бир бала түшүп, жаныма отурду. Колунда буюму жок, бир гана эмгек китепчесин кармап алыптыр. Отурган соӊ аны ачып, өз эрки менен бошогонуна көз жүгүртүп, чөнтөгүнө салып койду да, кандайдыр бир эрдик жасаган кишидей, тегерете карап койду. Жүзүнөн чечкиндүүлүгүн байкап, эмгек китепчесинин бети тез эле толуп каларын сезип турдум. Авотобусубуз ордунан козголду. Менин отургучумдун жөлөнгүчү артка жантайбагандыктан, ал орун алмашып отурууну сунуштады. Мен анын мындай берешен сунушун кабыл албадым. Сезимтал көрүнөт, жүзү менен ыраазычылыгын билдирди да, ордуна кенен кесири чоюлуп эс алсын дегенсип, арткы бош орундуктарга кетип калды.

Кийинки аялдамадан бир азга түшүп, чылым чегип алды да, кайра кирип келатып, мени бир чети олуттуу, бир чети аягандай көз карашы менен карап өттү. Ошентип автобус караӊгы түндө кайрадан узу-у-н жолго түштү. Карга чөмүлгөн айылдар автобустун жарыгынан үрүл-бүрүл көрүнүп баратты. Жүргүнчүлөр автобустун кыймылдаткычынын бир калыпта күрүлдөгөн үнүнө чөмүлгөнсүп, уктап баратышат. Артымдагы орундукта отурган эки түрмөчү гана эркиндик жөнүндө, конвой жөнүндө, түрмөдө «кызыл балык» аталган томатка чыланган консервалар жөнүндө, кыйылган токойлор, анан өзүлөрүнүн авто-унаалары жөнүндө тынбай сүйлөшүп баратышты. Менин түшүнүгүмдө, алардын бири эсептен чыгарылган тракторду калыбына келтирип, көпкө чейин айдаптыр, бирок кийин кимдир-бирөөлөрдүн кесепетинен бузулуп, жарабай  калган экен. Тракторун аябай жакшы көрөрүн, түрмөдө жүргөндө да адам бойдон калгандыгын, андыктан бир нерсени жакшы көрүшү керектигин саймедиреп баратты.

Уйку-соо ортосунда бараткан элем, бир маалда баягы жигит автобустун караӊгы салонунан алдыга жылып, айдоочуга жетти да, бир нерсе дегендей болду. Айдоочу унаанын ылдамдыгын азайтып барып токтоду. Автобустун ичиндеги жарыкты күйгүзүп, баягы жигитти түшүрүп койду. Жигит мен тараптагы терезенин жанынан өтүп баратып, кандайдыр бир жан дүйнөмдү козгогон сырдуу көз караш менен акыркы жолу карап өтүп, кар койнундагы кайсы бир айылды көрсөтүп турган багытка бет алды.

Автобус ордунан козголду, ичиндеги жарык өчтү, жүргүнчүлөр уйкудан ойгонбой кете берди. А менин каным кызып, жүрөгүм алып-уча баштады. Бул көз караш жөн эмес эле. Жүрөгүнөн от жалындатып, көзү менен мени бир челип өттү. Өткөндө да кандай дейсиз, жоопсуз туӊгуюкка чачып өтпөдүбү… Билесизби, радиосигналга бүткүл электр станциянын кубаттуулугун коротуп, аны кайра кайрылбагыдай кылып мупмуздак космоско учуруп жибергендей болду да. Чынында ошондой болбодубу. Өтүп кеткен жаштыгыма, кездешпеген күндөрүбүзгө, арналбаган сүйүүлөрүбүзгө арманда болгондур, балким.

Анын ошол кайталангыс, мен үчүн өтө баалуу да, өтө жалындуу да көз карашы жан дүйнөмдү өрттөп кетти. Ширенке пайда болгонго чейин адамдар оттук менен от жандырып, аны өчүрбөй бири бирине өткөрүп берген сыяктуу, ал жигит жалынды мага өткөрүп берип кеткендей болду. Ошентип, менде мурда болуп көрбөгөндөй жалын пайда болду: мен анын бир көз карашынан эле жылыдым, жүрөгүм туйлап, толкунданып да чыктым… Дал ошол мүнөттөрдө сүйүүнүн күчүн сездим, жашоого кубат алдым.

Андан кийин эмне болду дебейсиӊерби… Андан кийин маркум күйөөмдүн элеси мени жайыма койгондугун сездим, бардык азаптарды унутуп, жаным жай ала түштү.

Муну кандай түшүнсөм болот? Бир эле көз карашы менен маркум күйөөмдүн элесин кубалап жибергенге бейтааныш жигиттин кудурети жеттиби? Ооба, ошондой болду окшойт.

Анан… анан… акырындык менен оорум да жоголду. Жада калса такыр эле оорубаган, соо кишидей чыга келдим. Албетте, ишенсеӊиз да, ишенбесеӊиз да өз эркиӊиз. Эми минтип дүйнөм кеӊейип, эркин дем алып, жер үстүндө басып эмес, каалгып учуп жүргөндөй абалдамын.

А тиги жигит менин жашоомо чоӊ бурулуш жасап кеткенин билбей да калды. Бирок мен эми эмне кылышты жакшы билем. Уйкусуз түндөрү  болгон сүйүүмдү, ага коротулбаган күчүмдү, дараметимди бир байламга топтоп алып, ал нурду, оюмду эс-тутумумда канчадан бери сактап келе жаткан жаш кезимдеги сүйүүмдү көздөй жөнөтөм.

Э-хе-хе-хе-хееей!

Эми бул жөн гана чакырык эмес, бул — чакырыкка болгон жооп.

Алыста, алыста, кайда экенин да билбейм, билгенге да кызыкпайм, бирок ал эртеӊ менен бактысы да, күчү да ашып-ташып турганын сезип, ойгоноруна ишенем.

Орусчадан которгон Бурулсун Бабашева

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.