Асылбек Жоодонбеков «ата-эне болгонду үйрөнүшүбүз керек» дейт

“Жайлоо – өнүгүү борборлору”, “365 күн жомок” китептеринин автор-түзүүчүсү, “Үч жаштан кийин кеч” китебинин котормочусу, педагог Асылбек Жоодонбеков менен өспүрүм балдардын көйгөйлөрү, алардын инсандык өнүгүүсү, ата-эне менен балдардын алакасы, ата-энелик маданият  туурасында маектештик. — Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына карасак: массалык маалымат каражаттарында балдар маселеси эки учурда гана чагылдырылган экен. Биринчиси – ийгиликке жеткенде, экинчиси – зордук-зомбулукка кабылып, аянычтуу тагдырга туш болгондо… Балдардын башка маселелери көз жаздымда калып жаткандай… – Бул жагдайды азыркы тапта оң, терс болсо да сенсациялык материал куугандык […]