“Жайлоо – өнүгүү борборлору”, “365 күн жомок” китептеринин автор-түзүүчүсү, “Үч жаштан кийин кеч” китебинин котормочусу, педагог Асылбек Жоодонбеков менен өспүрүм балдардын көйгөйлөрү, алардын инсандык өнүгүүсү, ата-эне менен балдардын алакасы, ата-энелик маданият  туурасында маектештик.

— Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына карасак: массалык маалымат каражаттарында балдар маселеси эки учурда гана чагылдырылган экен. Биринчиси – ийгиликке жеткенде, экинчиси – зордук-зомбулукка кабылып, аянычтуу тагдырга туш болгондо… Балдардын башка маселелери көз жаздымда калып жаткандай…

– Бул жагдайды азыркы тапта оң, терс болсо да сенсациялык материал куугандык менен  түшүндүрүүгө болот. Адамдардын аёо сезимин козгоп, эмоционалдык реакциясын билдирүүлөрүнө умтулуу. Тилекке каршы, көпчүлүк медианын табияты азыр ушундай болууда. Андан тышкары учурда саясый, укук темаларында маалыматтар көп. Балдарга билим берүү, алардын өсүп-өнүгүүсү, ата-эненин бала тарбиялоодогу педагогикалык маданиятын, курактык психология, салыштырмалуу педагогика, алардын башка өлкөлөрдөгү абалын, кемчиликтерин, артыкчылыктарын чагылдырган маалыматтар жетишсиз. Эми гана кыргызча анимациялар бирин-серин жасала баштады. Бирок дале жетишсиз. Бүгүнкү күндө мектеп жашындагы балдардын саны республика боюнча 1 миллион 300 миңге жакын. Ошондуктан бул тармакта журналисттер, адистер, социалдык педагогдор болобу – талбастан иштөөнү уланта беришибиз керек.

— Бүгүнкү күндө адам техниканы эмес, техника адамды башкарып калды. Өспүрүмдөр түрдүү гаджеттер менен чоңоюп жатышат. Өздөрүн издөөдө кризиске кабылып, ата-энеси менен пикир келише албаган  балдар көп….

– Өспүрүм курактагы балдардын ата-эне, чөйрө, билим берүү мекемелери менен келишпестиктеринин көп учурап жатышы абалдын абдан курч экендигинен кабар берет. Өспүрүм курактагы балдарда эмне себептен көйгөйлөр көп чыгууда? Ата-энелер балдарына кенже курагында жакшы көңүл бурбаса, ата-эне менен баланын ортосунда гармония, өз ара түшүнүүчүлүк жок болсо, ата-эне балага түшүнүү менен мамиле жасагандын ордуна өз оюн таңуулоо жолун тандап алса, анда эртеби-кечпи өз ара түшүнбөстүктөр сөзсүз чыгат. “Менин айтканымды кыласың! Менин дегенимден чыкпайсың!” деген сенектикке, атаандаштыкка, чыңалууга алып бара турган жол. Өзгөчө балада мектепке бара баштагандан тартып, 14-15 жашка чейин чөйрөнүн таасири күчтүү болот.

Эгер бала үйдөн гармония, жылуулук, өз ара түшүнүүчүлүккө ээ боло албаса, сыртка чыгып, чөйрөдөн жылуулук издейт. Өзүңүздөр билгендей, чөйрө дайыма эле идеалдуу боло бербейт.  Ошондуктан бүгүнкү күндө ата-эне чөйрөдөн да күчтүүрөк болушу керек. Ата-эне качан чөйрөдөн күчтүү болот? Ата-эненин бала менен болгон мамилесинде сырдашуу болсо, өз ара түшүнүүчүлүк болсо бала чөйрөнүн таасири астында калбайт. Ал эми үй-бүлөдө гармония, бакубатчылык, өз ара түшүнүүчүлүк жок болсо – бала өзүн көбүрөк эшикте эркин сезет да, терс чөйрөнүн таасири астында калат. Бул ата-эне үчүн  өтө маанилүү милдеттердин бири деп айтар элем.

— Өнүккөн өлкөлөрдө балдарды кенедейинен тартып улуттук дух менен бирге инсандык баалуулуктар менен чоңойтушат экен. Алсак, жапондордун ритуалдары. Инсандык баалуулуктарга сугарылган мекенчил баланы кантип өстүрө алабыз?

– Менин пикиримде, балдарды өнүктүрүүдө негизги принцип адамзаттын буга чейин жетишилген баалуулуктарына басым жасалыш керек. Ата-эне катарында балдарыбыздын өзгөчөлүгүн, мүмкүнчүлүктөрүн, үйрөнүү стилдерин, темпераментин жана башка өзгөчөлүктөрүн таанып, багыттай билүүбүз зарыл. Муну ата-энелик сабаттуулук же маданияттуулук деп атасак болот. Ал эми ар бир үй-бүлөгө таандык дүйнө тааным, улутка, динге тиешелүү баалуулуктар чоңдордун жашоо образына ылайыкташып, акырындап калыптана берет. Биз ата-эне катары адамдык жалпы баалуулуктарга басым жасаганыбыз туура болот.

Көпчүлүк учурда өзүбүздүн улутту гана башкалардан жогору коюп, динди гана мактап-жактап төбөгө чыгарып, башканын баарын жокко чыгара берсек, тилекке каршы, балада ошол нерсе калыптанып калат. Анан бала башка баалуулуктардын баарын жерип калат. Улуттук баалуулуктарыбыз менен катар дүйнөлүк баалуулуктарды өзүбүзгө сиңирсек, балдарыбыз башка улуттагы, диндеги, түстөгү адамдар менен тил табыша алат. Өлкөбүздүн өнүгүшү менен катар дүйнөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошо алат. Биз айланадагыларды душман көрбөстөн, өнөктөш катары көрүп, керек болсо алар билгенден көп нерсе билгенге жана жасаганга үйрөнүшүбүз зарыл.

— Баланын чөйрөсү өтө маанилүү эмеспи. Кыргыз тилдүү мектепте окуган балдар  орус тилдүү мектепте окуган балдарга караганда өз ойлорун ачык айта алышпайт. Өздөрүн көрсөтүүдө тартынчаак келишет. Ушул оркойгон нерсени кантип тең салмактоого болот?

– Кыргыз коомундагы ары кызыктуу, ары тартышмалуу суроо ушул. Мен дагы айылдан кыргыз мектепти бүткөм. Дегеле мени бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 2300гө жакын мектептердин ортосундагы кыргыз тилдүү мектептер, орус тилдүү мектептер деген атаандаштык мамиле канааттандырбайт. Азыр дүйнө көп тилдик билим берүүгө баратат. Демек, мектептерибизде бир эле убакта балдарыбыз кеминде үч тилде эркин сүйлөп, сабактар үч тилде өтсө, атаганат. Бирок дагы эле биз баягы эски советтик аң сезимден чыга албай, кыргыз тил жана орус тил менен чектелип калдык. Бирок дүйнө чарпында өнүгөм деген адам үчүн орус, кыргыз тилинен тышкары сөзсүз түрдө дүйнөлүк тилдерди өздөштүрүш керек. Бүгүнкү күндө өтө зарыл илимий маалыматтар англис, кытай, немис тили сыяктуу тилдерде. Сиздин сурооңуз үй-бүлөлүк баалуулуктарга көбүрөк байланышкан. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө балдарды адептүү кылабыз деген ой менен балдарга өз оюн таңуулап, балдарды авторитардык стил менен чоңойтушат. Бул ата-эненин айтканы мыйзам, талашсыз, дайыма туура деген принцип менен ишке ашат. Ата-эне да адам, андан да кемчилик кетиши мүмкүн деген нерсе кабылданбайт. Натыйжада, балдардын коркоктугу, тартынчаактыгы айрым үй-бүлөлөрдө адептүүлүк деп кабылданып калган. Чындыгында ал коркоктук, тартынчаактык. Андай балдар коомдо өзүн алып жүрүүдө кыйналышат. Чечим чыгарууда, үй-бүлө курууда ата-энесинин көзүн караган балдар болуп жетилет. Бул менин оюмча туура эмес.

Менин жеке пикиримде, учурда ата-эне катарында балдардын ички мүмкүнчүлүгүн ачышыбыз, ойготушубуз керек. Демек, аны таанып билүүгө, курактык психологиясын билүүгө, ошонун негизинде баланын ички потенциалын ачып, баланын гүлдөп, өсүп-өнүгүшүнө шарт түзүшүбүз керек. Ушундай шартта бала өз оюн эркин айтканга, өзүн эркин алып жүргөнгө үйрөнөт. Ушуну кээ бир ата-энелер тартипсиздик көрүп, улууга өйдө карап жатат деп түшүнүшү мүмкүн. Жок. Улууга өйдө караган жок. Мында бала өзүн таанууга, өз пикирин айтууга, өз пикирин тигил же бул адамга билдирүүгө, аны далилдөөгө үйрөнүп жатпайбы. Демек, бул учурда баланын өзүн өзү өстүрүүгө, өзүн өзү таанууга, башка адамдар менен тил табышууда, иш табууда, коомдо өзүн табууда эң сонун көрсөткүч болуп саналат. Ошондуктан биз бүгүнкү күндө ата-эне катарында дагы бир ирет айтам, өз оюбузду таңуулабай, алардын ички мүмкүнчүлүктөрүн ачууга аракеттенишибиз керек. Ал үчүн бир эле биологиялык ата-эне болбостон, биз рухий ата-эне болууну үйрөнүшүбүз кажет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда саясый-укуктук аң-сезим көтөрүлүп калды. Бизде педогогикалык аң-сезим көтөрүлүшү керек. Ошондуктан, ата-энелер биз чочубастан эле ата-эне болууну үйрөнүшүбүз керек. Ата-эне болгонду үйрөнсөк, биздин балдарыбыз менен болгон мамилебизде өз ара түшүнүүчүлүк болот.

— Жапон жазуучусунун “Үч жаштан кийин кеч” деген китебин которгонсуз. Баланы кантип эрте өнүктүрүүгө болот?

– “Sony” корпорациясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканун китеби өлкөбүздө абдан жакшы кабылданды. Кээде мага үй-бүлө кура элек жаштар, жаңы эле үй-бүлө курган замандаштарыбыз бул китепти окуп, жакшы таасир алышканы тууралуу көп эле айтып калышат.  Дүйнөдө азыркы күндө жакынкы кырк жылдан бери кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча абдан чоң бир кыймыл бар. 1960-70-ж-ж. аягында Жапонияда да ушундай аракеттер башталган. Өнүккөн Европа мамлекеттеринде да абал ушундай. Ошонун таасирин караңыз, учурда Данияда түрмөлөр бош калды. Демек, укук бузуучулар жок. Эми ошол жерде убактылуу мигранттар жашап жатат. Мунун себеби, алардын мындан 50 жыл мурун балдарды тарбиялоо иш-аркетинин акыбети, ийгилиги.  Демек, алар жаштарга инвестиция салуу менен туура багыт берүүдө.

Ал эми тескерисинче, мына биздин көз карандысыздыкты алгандан бери жакынкы 30 жылда Кыргызстанда ушунчалык оор жагдайларды өткөрдүк. Жаштар кароосуз калды. Билим берүүнүн сапаты төмөндөдү. Ата-энелер күнүмдүк муктаждыктарын канааттандыруу үчүн баласын эң мыкты болсо чоң апасына калтырып, айласы кетсе туугандарына, досторуна, кошунасына таштап кетип жатат. Ушунун натыйжасында бүгүнкү күндө Кыргызстанда абакта отурган 11 миңден ашуун адам бар. Түрмөлөргө адам батпай жатат. Анын бирден бир себеби, ошол кыйынчылыктарды көргөн балдардын алды отузга чыкты. Ошолордун арасында укук бузуучулук күч. Ошондуктан бүгүнкү күндө баланы эрте курактан баштап өнүктүрүү ата-эне, коом, бала үчүн абдан маанилүү. Себеби ошол эле Масару Ибуканын китебинде жана башка дүйнөлүк абройлуу иликтөөлөрдө баланын нерв клеткалары, анын инсандык калыптанышында алгачкы үч жашка чейинки мезгил экендиги кайра-кайра тастыкталып отурат. Ата-энелер канчалык баланы кенже курактан тартып өнүктүрсөк, аны менен гана тим болбостон, балага кылган мамилебизди өзгөртсөк, жакшыртсак мындан 20 жылдан кийин алар толук кандуу жаран болгондо ошол балдардын үзүрүн көрөбүз. Ошол балдар бактылуу болот. Эң негизгиси, өзүн өзү толук реализациялайт. Ички мүмкүнчүлүктөрү ачылат. 20-30га чыгып калган укук бузуучуларды оң жолго салууга караганда, балдарды өз алдынча өнүктүрүү, алардын ички мүмкүнчүлүктөрүн ачуу алда канча жеңил жана  пайдалуу.

– Университеттеги социалдык психология сабагы эске түштү. Бир ирет кылмыш кылып түрмөгө отурган адамдын ал жактан тарбияланып-тарбияланбоо маселесин талкууладык эле. Абактан чыгып кайра  эле кылмышка барган учурлар көп…

– Абактарды түзөтүүчү колониялар деп коёт. Ал жакта да абдан аянычтуу, кейиштүү абал да.  Тилекке каршы, бүгүнкү күндө түрмөдө колдонулган жаргондор балдар арасында көп колдонулуп кетти. Бул да жакшы көрүнүш эмес.

– Бүгүнкү жаш үй-бүлөлөрдүн бала тарбиялоодогу эң негизги милдети эмне? 

– Эң негизгиси – жаштар үй-бүлө куруу чечимин өздөрү кабыл алышы керек. Үй-бүлө курууга психологиялык, инсандык, маалыматтык, моралдык, керек болсо материалдык жактан даяр болгондо гана үй-бүлө курушу керек. Азыркы күндө айрым дин ишмерлеринин таасиринен болобу, ата-эненин пикиринен уламбы, мектепти  бүтүп-бүтпөй турмуш кургандар көп. Бул абдан аянычтуу. Анткени алар моралдык, психологиялык, инсандык жактан даяр эмес. Жыйынтыгында, өздөрүн да кыйнап, үй-бүлөнү да кыйнап, ортодо баланы да кыйнап коюп жатат. Ошондуктан үй-бүлө курууга кайдыгер мамиле кылбай, өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылышыбыз керек. Жаштар үй-бүлөнү жөн эле аял алуу же кыздар турмушка чыгуу үчүн гана курбашы керек. Эки жаш үй-бүлө курууда, бирге өмүр сүрүүдө, керек болсо бири-бирине так эрежелерди коюп, такташып алышса андан жакшы.

– “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” долбоорунун алкагында региондорго чыгып балдарга китеп окудуңуздар. Бүгүнкү күндө ата-энелердин балдарга китеп окуттура албашынын  себеби эмнеде?

– “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” долбоору бир гана Кыргызстанда эмес, жалпы дүйнөдө кеңири таралган практика. Билсеңиздер, Барака Обама президент кезинде жаңы жыл сайын балдарга сөзсүз түрдө китеп окуп берчү. Башка өлкөлөрдө да кеңири таралган тажрыйба. Бул тажрыйбаны биздин өлкөбүздө “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эларалык коомдук  фонду түзүлгөндөн баштап эле ишке ашырып келе жатат. Долбоордун алкагында саясатчылар, жылдыздар аймактарга барып китеп окушту. Өзүбүз дагы бир нече аймактарга кыдырып, мүмкүнчүлүк болсо эле балдар менен жолугуп келебиз. Долбоордун максаты – ата-энелерди балдардын китеп окуусуна кызыктыруу. Бир эле жолку көрүнүш катары эмес, балдарга китеп окууну салттуу, системалуу адатка айландыруу. Үй-бүлөдө балдарга китеп окууну калыптандырсак. Күндө ошого көңүл бурулса деген максат.

Акыркы мезгилде бул жакшы жанданып жатат. Балдарга китеп окуттуруунун негизги эрежеси — биз ата-эне катарында балдарды китеп окууга мажбурлабашыбыз керек. Демек, үй-бүлөдө китеп окуу — жагымдуу бир иш-чарага айланышы керек. Ата-эне катары күнүгө бир маал балдарга китеп окусак, бала ошону көрүп отуруп, бара-бара балада китеп окуу маданияты калыптанат. Китеп окуунун мындай кызыктуу жолдору бар. Китеп окуп жатып, балаңыз абдан кичинекей болсо, жомоктогу каармандарды тууроо. Сүрөттөрдү окшоштуруп тартуу. Ошонун бардыгы баланы китеп окууга кызыктырат. Андан тышкары, китеп окуунун жакшы жолу китепти балдар менен чогуу тандоо. Балдарды китеп дүкөнгө ээрчитип баруу. Айрым үй-бүлөлөр китеп окуш керек деп, баланын жашына туура келбеген китептерди тааңуулай берсе, анда кызыкпайт. Баланын жаш курагына жараша китеп тандаш керек. Кичинекей балдар үчүн китептин тышы катуу, сүрөттөргө толгон түрү ыңгайлуу.

– Үй-бүлөлөрдүн бала тарбиялоодогу аксаган нерселери эмнелер?

– Башта айтып кеткендей, эң негизгиси – жаштар үй-бүлө куруу чечимин өздөрү кабыл алышы керек. Анан эптеп эле үй-бүлө курбаш керек. Өзгөчө бул кыздарга тиешелүү. Өмүрлүк жар кийим тандагандай же буюм тандагандай нерсе эмес. Өмүрлүк жар – тигил дүйнөгө кеткичекти сени менен бирге боло турган адам. Ошондуктан аял киши да, эркек киши да абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек. Баш кошоордо бири-бирине болгон сезимдер да маанилүү. Экинчиден, көп чечимдерди үй-бүлө болгондон кийин  чогуу чыгарыш керек. Эгоизм, “мен, мен” деген түшүнүк жоголуш керек. Өзүбүздүн улуттук баалуулуктар менен дүйнөлүк үй-бүлө куруу баалуулуктарын жуурулуштурушубуз зарыл. Биздеги салттык көз караштар айрым учурда эскирет. Айрым биздин салттык туура эмес көз караштарыбызды талкуулап, ага сын менен карап, кереги жокторун четке кагышыбыз керек. Алсак, “Калк айтса, калп айтпайт” деген макал бар. Ошол эле учурда “Эл оозунда элек жок” деген макалдарыбыз да бар. Мында эки салттык көз караш бири-бирине таптакыр коошпойт.  Ошондуктан буларга акыл менен карап, жети өлчөп бир кесишибиз керек.

— Бүгүнкү күндө айрым балдар мектеп курагында өзүн таппай ата-энесинин, досторунун таасири астында, алардын айткандары менен окуу жайга тапшырышат. Демек, бала өзүн таба электе жашоосундагы эң маанилүү чечимди кабыл алып жатат. Ушул маселени кантип чечсек болот?

– Туура суроо. Дегеле адамдын өзү-өзү издөөсү, “мен киммин” деген суроону берүүсү жашоодо өз максатын табууда аябай маанилүү суроолордун бири. “Мен киммин?” деген суроону берүү мектептен башталат. Айрымдары бул суроону 7-8-класстан тартып бере баштаса, айрымдар студент болуп да өзүн таппаган учурлар бар. Бул ата-энелердин, билим берүү мекемелеринин балдарга практикалык кеңештерди бере албагандыгынан болууда. Ошондуктан балдардын өзүн-өзү табуу, өзүн-өзү таануу процесси – мектепти бүтүп жатканда балада аныкталып калыш керек. Бала ата-энесинин, мугалимдеринин айтканынан чыкпаса, алардын көзүн караса, анда мектеп дагы, ата-эне дагы утулушта.  Учурда мен жогорку класстагы улан-кыздарга сабак берип жатам. Ал мектептеги балдарга абдан ыраазы болом. Дээрлик көпчүлүгү өз багыттарын, өзүнүн ким экендигин, эмнеге жөндөмдүү экендигин билишет. Бирок массалык түрдө алганда биздин билим берүү системабыз баягы эле Советтер союзундагыдай жаттама маалыматтар менен гана чектелет. Ошондуктан ата-эненин аракети баланын өзүн-өзү таануусуна көмөктөшүү. Бала кенже курактан тартып ата-энеге суроо бере баштайт. Бардык нерсеге болгон кызыгуу көбөйөт. Алардын суроолорун толук кандуу жооптошубуз керек. Андан кийин баланын кызыгуусуна байкаш керек. Мисалы, жапондордо мындай методика бар. Бала бакчаларда балдардын астына бир канча оюнчуктарды коюп коёт да, балага байкоо жүргүзүшөт. Бул көрүнүш бир канча айга созулат. Мында балдардын эмнеге кызыккандыгы, жакындыгы билинет. Эмне жөнүндө сүйлөйт? Кандай оюндарды ойнойт? Эмне иштерди аткарат? Демек, болжолдуу баланын кызыгуусун  ата-энелер, мугалимдер байкоо жүргүзүү менен аныктаса болот. Ошентип алар кызыгуусун табат.

Кыргызстанда акыркы мезгилде балдар ийримдерге катышып жатат. Мына ошол ийримдерге бергенде ата-эне “менин досум ушул ийримге кызын берип жатыптыр же мен бийчи болбой калдым эле” деп жеке амбициясын канааттандырыш үчүн эмес, баланын кызыгуусу барбы, ошол педагог баланы ача алабы — мына ушул нерсеге басым жасаса, баланы ачкан болобуз. Албетте, негизги сабактардан тышкары кошумча ийримдерге берүү жакшы нерсе. Бирок эң маанилүүсү – баланы таанып-билүү менен баланын жөндөмдүүлүктөрүн таануу. Жыйынтыгында, мектепти бүтүп жатканда бала салыштырмалуу түрдө өзүн таанып-билип калат. Ал эми тааныбай калса, ата-эне, мектеп бала менен жетиштүү деңгээлде иш алып барбай калды деп кескин айта алабыз.

– Ары пайдалуу, ары кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык! Балдардын ички жөндөмүн ачып жүрө бериңиз! Ишиңизге ийгиликтер!

Маектешкен Жанара КАДЕНОВА

 

2 Replies to “Асылбек Жоодонбеков «ата-эне болгонду үйрөнүшүбүз керек» дейт”

  1. Чынында абыдан маанилүү сөздөрдү айтыптыр. Муну турмушта колдонгонду үйрөнгөн кыргыз көп болсо экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.