Кыргыз эл жомогу: «Арман ай»

Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле «арман ай» деп жүрчү экен. Бул карыянын топ бузар курдашы болуптур. Бир күнү ошол курдашы: — Сен дайыма эле «арман ай» деп жүрөсүң, эмнеге арман кыласың? Бала-чакаң бар, төрт түлүгүң шайма-шай,- деген экен. Ошондо карыя: — Менин арманымды уга турган болсоң балдарыма айткын, элди чакырып тамак берсин, арманымды ошондо айтам,- дейт. Курдашы карыянын айтканын анын балдарына айтат. Балдары бээ союп элге тамак берет. Ошондо карыя: — Мен жашымдан жетим калган элем. Жыйырма жашымдан […]

Аман Саспаев: Хадизат

АҢГЕМЕ I Дем алыш күнү. Китеп окуу тажатып жиберди. Саат үчтөрдө жаныбыздагы кинотеатрга барууну ойлоп кийине баштадык. Асыресе, Москванын ачык асманы мени кызыктырды. Күн бөтөнчө ысык. Ага карабастан, чыкыраган суук терезелерге балдырган жалбырактарын тартып үлгүргөн. Мындай учур көп колго тие бербейт. Киного барбаса да көчөлөрдө аязга каарылып, ары-бери басуу кишини эс алдырат. Жаңыдан колума ачкычты ала бергенимде эшик кагылды. – Кириңиз. Эшиктен күржүйгөн күрөң жигит саал тартына кирди да менин фамилиямды этип, ошол же башка экенимди сурады. — Дал үстүнөн […]

Элдин суроо-талабы боюнча «Кентавр» тасмасы кайрадан көрсөтүлөт!

 Кино ышкыбоздорунун суроо-талаптары боюнча 28-февралдан тарта “Ала-Тоо” кинотеатрында режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кентавр” фильми кайрадан прокатка чыгат! “Кентавр” – Кудайды издөө жана элдик салттарды сактап калууга жан үрөгөн адам туурасындагы фильм. Бул ат адамдын канатына айланган адам менен жылкынын метафизикалык байланышы жөнүндөгү баян. Фильм Берлинде өткөн Эларалык кинофестивалда эларалык автордук кино федерациясынын CICAE сыйлыгына жана дүйнө жүзү боюнча башка сыйлыктарга татыган. 

Дилазык: Акылман карыя

ИКАЯ Жаш балдар бир карыя жашаган үйдүн терезеси тушунда күнүгө кечинде ойношор эле. Оюндары ызы-чуу, кыйкырык коштоп, карыянын тынчын алчу. Акыры тажатышты. Күндөрдүн биринде карыя балдарды өзүнө чакырып алып: – Чүрпөлөрүм, кулак салгыла! Мага балдардын бактылуу жүзү, шаңдуу күлкүлөрү абдан жагат. Ошондуктан, эртең да ушул жерге келип ойноп берсеңер, ар бириңерге элүү сомдон берем, — деди. Эртеси балдар келип шаңдуу, күрү-күү түшүп, кулак кужурун алып аябай ойношту. Карыя айткан акчасын берип жатып, эртең да төлөп берерин эскертти. Кийинки күнү балдар […]

Эсенбай Нурушев: Нация и ее главная идея   

Есть ли у нас национальная идея? И что это такое вообще? Скажем сразу: четкого, однозначного и исчерпывающего научного содержания этот термин не имеет нигде, в том числе и на Западе, где не особо ломают голову над этой проблемой. Иллюзии идеологий Многие из нас путают национальную идею с идеей-правительницей, то есть, идеологией. В ней обычно нуждаются идеократические режимы, сущность которых Николай Бердяев определил как «обратная теократия». В такой системе идеология играет роль государственной «религии», ее постулаты будет толковать высшие инстанции, партийные […]

«Учур адабиятынын дүбүртү» конкурсуна катышуучуларга эскертүү!

Жаш калемгерлерге чыгармачылык атаандаштык түзүп, учур адабиятынын жаңы дүбүрт, жаңы ысымдарын жамы журтка таанытуу максатында 18 жаштан 35 жашка чейинки адабияттын жаш ышкыбоздору арасында республика боюнча конкурс жарыяладык эле. Арийне, аталган конкурстун Жобосунда көркөм поэзия, чакан аңгемелер кабыл алынарын эскерткенибизге карабастан, калемгерлердин кара таандай каптаган агымы күндөн күнгө күчөп, «РухЭш» сайтынын электрондук почтасына жамак деңгээлинен ашпаган ыр-пырларын жөнөткөн авторлор күндөн күнгө арбып барат… Ушундан улам калыстар курамынын чектөөлөрү менен ruheshsaity@gmail.com электрондук дарегине келип түшкөн материалдардын арасынан көркөмдүк талаптарга жооп берген […]

Владимир Солоухин: Тоголок токочтун кайгысы

АҢГЕМЕ Биз түнкүсүн тумбочкаларды жакчубуз. Жатаканабыздын чатырында андай эски тумбочкалар толтура болчу. Алар деле өтө эскирип керектен чыгып калган эмес, биздин керебетибиздин жанында турган тумбочкалардан айырмасы жок,— оор, көгүш сыр менен сырдалган, ичи жука фанер менен текчелерге бөлүнүп, пайдаланууга али жарактуу эле. Алар жөн гана азырынча ашык болуп, колдонулбай жатчу. Жатаканабыздын суугунан таң аткыча жылый албай калтырап үшүп чыкчубуз. Бир жолу Толька Рябов шыптын алдындагы эптеп сары жарык чыгарымыш болгон кырк шамдын күчү бар лампочканы өчүрбөй уктаптыр. Эртең менен биз […]

Акматбек Султан: Өксүксүз өмүр сүргөн акын барбы? (конкурска)

ЖАЗДЫГЫМА Айылдан ала келген камыш жаздык, Арман кууп ата журттан алысташтык. Санаага толгон башка жөлөк болдуң, Сен менен өттү далай нагыз жаштык. Камыш жаздык, Калкына кызмат кылсын нагыз жаштык. Өзүңө терим сиңди, жашым тамды, Өмүрдү өксүтүүгө акым барбы!? Өз элге жарыгымды чачкым келет, Өчүрбөй алоолонтуп асыл жанды. Жашым тамды, Өксүксүз өмүр сүргөн акын барбы?.. Атамдын жат боломбу чарбагына, Апамдын ит тийбесин каймагына. Чиркешкен кербен азап түнөп калды, чыдай көр эми баштын салмагына. Айлымдан ала келген энчим жаздык, Ардактап мурас кылам […]