Жаш калемгерлерге чыгармачылык атаандаштык түзүп, учур адабиятынын жаңы дүбүрт, жаңы ысымдарын жамы журтка таанытуу максатында 18 жаштан 35 жашка чейинки адабияттын жаш ышкыбоздору арасында республика боюнча конкурс жарыяладык эле. Арийне, аталган конкурстун Жобосунда көркөм поэзия, чакан аңгемелер кабыл алынарын эскерткенибизге карабастан, калемгерлердин кара таандай каптаган агымы күндөн күнгө күчөп, «РухЭш» сайтынын электрондук почтасына жамак деңгээлинен ашпаган ыр-пырларын жөнөткөн авторлор күндөн күнгө арбып барат…

Ушундан улам калыстар курамынын чектөөлөрү менен ruheshsaity@gmail.com электрондук дарегине келип түшкөн материалдардын арасынан көркөмдүк талаптарга жооп берген чыгармаларды гана ылгап жарыялоо чечимине токтолдук. Андыктан, чыгармачылыктын түйшүгүн оңой олтоң санаган айланайын жолуң болгур жаштар, мындан арыны карай «РухЭш» сайты калыстар курамынын талабына жооп берген гана чыгармаларды жарыяламакчы. О.э. ӨҢҮ – кыргызча тамгалары жок жөнөтүлгөн материалдар конкурска кабыл алынбай тургандыгын эскертебиз!

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

2 Replies to “«Учур адабиятынын дүбүртү» конкурсуна катышуучуларга эскертүү!”

  1. Жакшы экен, ошондо буга чейин жиберилген чыгармалар дагы кайра баштан иргелет да ээ…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.