Таң үрөң-бараңда машине дыр дей түшүп, токтой калганда “Волганын” жанында шыңга бойлуу, көзү бакыракай сымбаттуу жигит турду. Дароо эле тааныдым. Таң атпай дагы алыс жолго кетип баратса керек. Өгүнү Түркияга, мурдараак Японияга, Кытайга барып келбеди беле. Бул жигиттин иши ошондой. Анын үстүнө азыркы шартта өнүккөн мамлекеттин иш-тажрыйбасы менен таанышып, аны өзүбүздүн турмушка колдонсок жаманбы? Барсын, көрсүн. Азыр балким Америкага же Германияга жөнөп жаткандыр. Баса, ал жактарга дагы барып келбеди беле. Индия, Францияга да барган. Ал жигит жөн эле туристерче эки колду чөнтөккө салып чыртыйып, дүр-дүйнө дүкөн, ресторандарды аралап кайра келет дейсиңби? Чолпонбек Базарбаев чет өлкөлөргө ишкердик мамиле түзүү боюнча барып жүрөт. Бүгүн дагы жөн баратпагандыр деген ой келди.

— Чолпонбек, дагы кайсы мамлекетти карай жол тарттың?

— Аа, эже, сизби? Мен бул жолу Токмок деген шаарга баратам. Карып калган апам, бөбөктөрүм кантти экен? Көптөн бери каттай албай… – деп кабатырлана түштү.

Демейде шайыр-шаңдуу жаркылдаган жигиттин кабагы бир аз салыңкы тарта калганынан улам мен андан энеге болгон баланын балтатым кусалыгын көрдүм. Эне менен баланын бири-бирине болгон боор толгоосу бир бөтөнчө экен го чиркин! Ичим жылый түштү. Чолпонбектин баласы Нурлан келинчек алып керилип турса да, минтип өз апасына өмөчөктөп толгонуп турганы жандүйнөмдү жайкы таңдай тазартып ийди. Чолпонбек дайыма ушундай. Апасына үзүлүп түшүп, көзүн карап, анын алдында бөтөнчө жароокер.

П.Чайковскийдин «Ак куу көлү» спектаклинен. ОДЕТТА-ОДИЛЛИЯ – Лилиана Кози («Ла Скала», Италия) ЗИГФРИД – СССР эл артисти Чолпонбек Базарбаев (фото 1977-ж.)

Чолпонбектин апасы Самар эже балдарымдын улуусу деп 18 жашар Чолпонбекти үйдүн туусу катары тутту. Каргадай болгон Чолпонбек атасы кайтыш болгондон кийин тагдырдын салганына баш ийип, бөбөктөрүнө баш-көз болууга өттү.

Жумабек, Кубан, Кудайберген жана жакынкы эле жылдарда өмүрдөн эрте учкан кайран бала Руслан деген инилерине камкордук көрүп, баарын жогорку окуу жайлардан окутту. Ушул бөжүрөгөн бөбөктөрүнүн бири калбай Чолпонбектин колунда болду, окушту, үйлөнүштү. Анан ар кимиси өз түтүнүн булатып, ушул үйдөн уядан учуп чыккан балапандай туш-тушка тарашты. Кыркка жашы жетип-жетпей жесир калган энесин аядыбы, айтор турмуштун ачуу даамын эрте таткан Чолпонбек бир туугандарына кароо болду. Өзү атасына эркелеп, эркеликке тойбой турар чакта минтип оор түйшүк башына түштү. Жаш жигиттин жүрөгүндө энени, бир туугандарды айоо сезими алоо жанды. Чолпонбектин уулдары Таалай менен Нурлан да чоң энесинин оозунан илеп чыга электе илбериңки чуркап, эмне кылалы апаке деп турушат.

“Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт”,- деген ушул. Көргөн өскөнү өрнөктүү. Кошуналарына да ийилип саламдашып, ден-соолук, ал-жайынан бери сурап, кызматыңа даяр турган балдарга кантип ичиң эзилбейт.

А.Адандын «Жизель» балетиндеги биринчи актыдагы Па-де-де. ЖИЗЕЛЬ – СССР эл артисти Айсулуу Токомбаева , АЛЬБЕРТ –  СССР эл артисти Чолпонбек Базарбаев (фото 1980-ж.)

Чолпонбектин ысымы кыргыздын кыйырынан ашып, башка боордош элдерге, чет мамлекеттерге чейин белгилүү болуп таанылып турган кези. Мындай урмат-сыйга, кадыр-баркка өз мээнети менен жетти. Отуз жаштын кырынан өтүп-өтпөй Кыргыз ССРинин, анан СССРдин эл артисти деген наамга татыктуу болду. Жаш жигиттин башына келип конгон бакыт эмей  эмне бул. Анан калса бий өнөрү табигый ийкемдигинен тышкары, жан терин чыгарган тынымсыз эмгекти, чыдамкайлыкты, темирдей эркти талап кыларын ким билбейт. Жөнөкөй көзгө байкалбаган, бир караганга кызык жана кооз көрүнгөн сыйкырдуу бий өнөрүндө биз түшүнө албаган, ал тургай баалай да албаган терең сыр жашырынып жатпайбы. Ал сыр ар бир жүрөктү толкундантып, кайра-кайра адамдын көргүсүн келтирип, көргөн сайын ажайып башка дүйнөгө туш келтире берет.

Кыргыз балетин Чолпонбексиз элестетүү кыйын. Анын жараткан образдары өзүнүн ысымына уйкаш. Чолпондой балбылдап сахнанын көркүн чыгарып келген. Мен анын “Спартактагы”, “Ак куу көлүндөгү”, “Баядеркадагы”, “Дон Кихоттогу”, “Чолпонбайдагы”, “Кармень” сиютадагы “Саманчынын жолундагы” жана башка көптөгөн балеттердеги жараткан образдарын ар дайым сагынам. Ушундай учурларда Чолпонбек жараткан “Жизелдеги” Альберттин образын эстей берем. Анын сулуу да, эстүү да, боорукер жана кайраттуу элеси Чолпонбекти көчөдөн же үйдөн көргөндө жарк этип көз алдыга тартыла калар эле. Адамдын сезимин арбаган ал жараткан көркөм дүйнө, назик сезим, аруу сүйүү жомок түрүндө болсо да музыканын ыргагы менен кошо каалгып, бийчилердин укмуштай чебер кыймылына аралашып өзүңдү унутуп, алар менен кошо жүргөндөй болосуң. Бир саамга болсо да көр тиричиликтин түйшүгү эстен чыгып, өнөрдүн күчүнө таазим этесиң.

СССР эл артисти Вахтанг Кикабидзе менен Ч.Базарбаев. (фото 1996-ж.)

Чынында эле биз жашаган турмуштун өзү да жомоктон тургандай сезилет. Болбосо адам эмне үчүн кайгырат, эмне үчүн сүйүнөт? Кайгы-азапка малынып, кубаныч-сүйүүнү ээрчип азап чегебиз. “Жизелди” көргөн сайын турмуштун ушул жарык жана көлөкө жагы улам кайра эске келип, терең ойго чөмүлөр элем. Ушундан улам бир окуя эсиме түшөт.

Ошондо эл өзүнүн бир таланттуу уулунун өнөрүнө таазим этүүгө келишкен. Чогулган элдин көптүгүнөн театрдын фоэсинен өтө албайсың. Бирок бүгүн шаңдуу музыка да жок. Элдин жүзү да кандайдыр бир бөтөнчө. Сыйкырдуу жымжырттык өкүм сүрүп турган. Сахнага Чолпонбек чыга калганда гана зал деңиздин толкунундай жанданып, кол чабуулар жерди дүңгүрөтүп жибергендей болду. 1991-жылдын декабрь айы болчу. Чолпонбек Базарбаевдин бенефиси өтүп жаткан эле. Бул аземге Москва, Душанбе, Алма-Ата, Ашхабад, Ташкенттен келген балет өнөрүнүн билермандары Чолпонбек Базарбаевдин талантын, адамкерчилигин көкөлөтө мактап жатышты. Мактоо да татыктуу ээсине жарашат тура. Чолпонбектин талантына таазим эткен адамдардын оюндагысы айтылып жаткандай залдагы эл уу-дуу болду. Ар ким жакшы каалоосун айтууга ашыкканы менен кезек жетер эмес. Бул чоң жыйындан дагы бир жолу элдин кумдан алтынды иргегендей чыныгы талантты кол тийгизбей ыйык тутуп аздектери дагы бир жолу айкын болду. Чолпонбек жаңы гана кырктын кырынан ашкан кези эле ошондо.

РСФСР эмгек сиңирген артисти, белгилүү актёр Савелий Крамаров менен. 1972-ж.

— Театрдын босогосу менен төрүнүн аралыгы адамдын өмүрү өткүчө баскыдай узак жана убаралуу жол экен, — дейт Чолпонбектин жубайы Надя. — Чолпонбек экөөбүздүн курсагыбыз тоё тамак ичкенибиз кийин эле болду десе таң кала түшөм. Силердин таң кала турган жөнүңөр бар. Тагдырын балетке байлаган кишинин турмушу бөтөнчө татаал. Үч маал бир чай чыны шорподон башка тамак ичүүгө болбойт. Напсини агыта берсек толуп, этиң оордоп кетүү кокунучу бар. Ошондуктан тамактын түрлөрүнө шилекей чууруп турса да напсини тыюуга туура келет. Балет деген ушуну талап кылат. Бул биринчи жагы болсо, экинчиден театр менен үйдүн жолунан башка жакка бурулууга чама келбейт. Эртеден кечке чейин үйдөн да, театрдан да жонтериңди нөшөрлөтүп, ооба, кадимкидей эле нөшөрлөтүп бир эле кыймылыңды миң ирет кайталап көнүгүүлөрдү өткөрмөй. Ансыз ийгиликке жетүү кыйын.

Бир жолку окуяны эскерип, Надя көзүнөн жаш акканча күлдү.

– Аа, эже, — дейт. – Азыр күлкү болуп калды. Ал кезде мен күлүп жаткан нерсе Чолпонбектин тагдырын чече турган иш болчу. Ал мындайча болгон эле. – Күлкүсүн токтотуп Надя кадимкидей мостоё калды. – Бир жолу Чолпонбекке чоң ишеним жүктөлүп, башкы роль берилди. Ошол ролдогу бийдин бир кайрыгын келтире албай Чолпонбектин эси ооду. Театрдан да, үйдөн да баягы бийдин бир кайрыгын, бир тактысын миң жолу кайталады. Акыры эки-үч күндүк жадабаган көнүгүүдөн кийин иш ордуна келди. Чолпонбек экөөбүз алтын тапкандай кубандык. Ошондогу уйкусуз түндөр ай. Бар чарчоону унутуп эртеңки үмүт менен жашадык.

Опера-балет театрына ишке алынган 1966-жыл өмүрүбүздөгү унутулгус күн эле. Өз көзүбүзгө өзүбүз ишенбейбиз. Республикадагы бирден бир чоң театрда иштейт деген эмне. Бул жерде кандай гана адамдар иштейт болду экен дечү элек. Эми өзүбүз сыйкырдуу алтын сарайдын босогосун аттаганда, болгондо да ушул театрдын эмгек коллективинин бир мүчөсү катары өзүбүздү сезгенде – канчалык сүрдөө, жоопкерчилик толкундатканын бүгүн ойлой калсам да денем чымырайт, – дейт Надя.

Мына ушундай эмгектен кийин гана Чолпонбек Чолпон жылдыздай жаркырап жамы журтка тааныла баштады. Көрсө, таланттын көркүн эмгек чыгарат экен. Чолпонбекти жаштыктын жалындуу күчү, табигат берген таланттын сыйкыры же түн уйку, күндүз тынчтык бербеген жүрөгүнүн түрс-түрсүлү менен кошо каккан балетти сүйүүсү колдодубу, анын жараткан образдары сахнанын көркүнө айланды. Ал сахнага чыккан күндөр театр үчүн да, көрөрмандар үчүн да майрам эле.

Жубайы Надя менен.

Мурда СССРдин бирдиги бар кезде бүткүл Союз боюнча күлүккө тең күлүктү тандагандай искусство чеберлеринин таланттуулары, өтө чыгаандары сынактан өтүп иргелип, тандалып – чет өлкөлөргө фестивалдарга, маданият күндөрүндө өтүүчү аземине катышууга жиберилер эле. Мындай тандалма топтордо топ жарып, таланты менен көзгө көрүнүп, Чолпонбек Базарбаев далай элдин алкоосуна татып, далай жердин элине кыргыздын атын чыгарып келди. Скандинавия, Аравия өлкөлөрүндө кыргыз жигитине, анын талантына дуулдата кол чаап суктангандары тууралуу канчалаган газеталардан, журналдардан окуп билип кубандык.

Чиркин, убакыт деген кандай тез өтөт. Кечээги эле жаш жигит, бүгүн салабаттуу бир чоң уюмдун жетекчиси да болуп келди. Ал жетекчи катары жогорку деңгээлде өтүүчү жыйындарда чыгып сүйлөгөн сөздөрүнүн терең мазмундуулугун угуп отуруп ыраазы болуп, алкышыңды айтчусуң.

СССР эл артисти Юрий Соломин менен. (фото 1996-ж.)

Дарактын тамыры канчалык терең кетсе, бийик өскөн сыяктуу; Чолпонбектин ата-теги, таяке-тайы нарктуу жер эле. Атасы Базарбай кыргыздын биринчи интеллигенттеринен болгон. Кайран киши дүйнөдөн эртерээк өтүп кеткен экен. Жубайы Самар эже жаш аялмет алты баланы жетимдин киймин кийгизбей, курсагын ачырбай, эч нерседен кем кылбай чоңойткону – эр жигиттей кайраттуулугу эмеспи. Самар эже өзү түз сүйлөгөн, оргу-баргыны жактырбаган зымпыйган эстүү киши. Жогорку билимдүү. Математикадан мугалим. Эл агартуунун отличниги деген ардактуу наамдын ээси. Азыр ардактуу эс алууда. Математиктер да поэзияны түшүнөт беле деген бир күдүк ой бар элде. Көрсө, адамдын назик сезими кесипке байланышпайт экен. Самар эже кыргыз акындарынын жаңы чыккан китептерин, “Ала-Тоо”, “Кыргызстан маданияты” жана башка адабий газет-журнал, китептерди калтырбай окуйт. Жөн эле окубай, жакшысына жакшы, жаманына жаман деп баа берип, анча-мынча чабал сынчылардан чыйрак талдап, чыгарманын даамын татып, тамырын тартып окуйт.

Россиянын эл артисти опера жана эстрада ырчысы Николай Басков менен. (фото 1996-ж.)

Байкап көрсөм, Чолпонбектин талантынын тамырынын бир учу ушул апасы жактан чыккансыйт. Көргөн-өскөнү жакшы деп элде бекеринен айтылбаса керек. Какыраган чөлдө бозоргон кум, жайкалган жашыл өзөндө миң түркүн гүл өскөн сыяктуу, нарктуу үй-бүлөдөн өсүп, таланттуу элден тамыр алган өнөр ээсинин атагы тоо суусундай ташкындап, Кыргыз искусствосун кыйла өлкөгө таанытып келгени бекер эмес. Чолпонбек Базарбаевдин мындан ары коомдук иштеги уюштургуч жетекчилик ишкердиги да бир таланттын өтөөсүнө чыгарын анын атын, аброюн мурдагыдан беш бетер көкөлөтүп көрсөткөн. Булактын жанынан дагы бир булак атылып чыккандай, эки өнөрдү тең аздектеген жигит кыргыз искусствосун дагы өркүндөтүү үчүн жан аябай эмгектенип келе жатканда шум ажал колдон жулуп кеткенине кейидик.

Субайылда АБДЫКАДЫРОВА

“Кыргызстан маданияты” №2 (1513) январь, 2003

 

One Reply to “Сахнанын Чолпону эле Чолпонбек”

  1. Чолпонбек агай кыргыздын туусун көтөргөн аксакал болмок бүгүн. Мындай инсан кылымда чанда келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.