«А» дан «Я» га чейин

(Тил сөздүк)

Автордон: Бул ыр эмес, балдарга сөз үйрөтүү үчүн оюн ыкмасына салынып жасалган атайын тил сөздүк. Муну бала бакчалардын тарбиячылары, мектеп мугалимдери, кыргыз — орус тилдерине арналып өткөрүлчү ар кандай иш — чаралардын уюштуруучулары колдонмо катары пайдаланса болот деген ойдобуз. Эскерте кетчү жагдай, айрым сөздөрдүн котормолоруна макул болбогондор уйкаштыгын бузбай туруп тууралап алышса болот.

Агит деген — үгүт болот.

Апатия — күйүт болот.

Баба деген — аял болот,

Балбес деген жаман болот.

Весть деген — кабар болот,

Ветер деген — шамал болот.

Глубокий — терең болот,

Глухой деген — керең болот.

Долго десе — узак, алыс.

Долг деген бул — карыз, карыз.

Дармоедди — пенде дейбиз.

Еле, еле — араң, араң.

Ехидный — кер какшыкчыл (жаман, жаман).

Желоб деген — кобул болот.

Жеманится — чоюл болот.

Заплата — жамак болот,

Заключить — камак болот.

Источник — булак болот,

Иней деген — бубак болот.

Крепкий деген — бекем болот,

Красноречивий — чечен болот.

Лихородка — безгек болот,

Лифт деген — тезжет болот.

Мутовка деген — чалгыч болот,

Мята деген — жалбыз болот.

Обложение — салынуу,

Обиахнуться — жагынуу.

Патока — шире,

Подвода — кире.

Развинченный — шалдыраган,

Развязный — калжыраган.

Сбиться — адашуу,

Сближение — жанашуу.

Тереть — жышуу, укалоо,

Травля — ушактоо, ызалоо.

Удар — урунуу, согунуу, кулануу,

Удваиваться — көбөйүү, куралуу, улануу.

Фиктивный — калп, анткор, жалган.

Физический — ал — күч, дарман.

Хлыщ деген — көйрөң мүнөз,

Хлюпик деген —“өлгөн” мүнөз.

Цвет деген — өң, түс, ыраң,

Циник деген — бетпак, “жылан”.

Чаша деген — чөйчөк, аяк,

Чаять деген — үмүт санак.

Шумовка бул — депкир, кепкир,

Шумиха бул — уу — чуу мезгил.

Эпос — элдик жомок болот,

Эмаль деген — боёк болот.

Юмор — күлкү, шаттык экен,

Юность деген — жаштык экен.

Ягдташ — мерген баштык болот,

Ячмень — арпа, аштык болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.