Таалайбек Максүтовдун бөбөктөргө арналган ырларынан

КИЧИНЕКЕЙ ЧАЛ КЕМПИР — Кетирейген баякы Тишиң түшүп, Калачы, Кичинекей чал болуп Калыпсың го, карачы? Калачыдай кызы бар, Суроо берди Алымга: — Кичинекей кемпирби, Анда кызың Жамыйла?! АЙГҮЛ КӨРГӨН АЖЫДААР Абдан узун, өңү чаар, Сойлоп барат «ажыдаар. «Айгүл көрдү даана аны Жаземдебей тааныды ал. … Айдын нуру чагылган, Чыбырчыктап агылган. Арыктын суусу эле ага Ажыдаар болуп таанылган. КҮЧҮКТҮН БОЖОМОЛУ Алгачкы кар жаап түндө, Аппак болгон айлана. Жаңы ойгонуп, күчүк чыкты Кепесинен жай гана. Аңырайып бир аз туруп, «Сүт төгүлүп калганбы?» […]

Таалайбек Абдиев: Бишкек шаарынын аты чын эле бишкек менен байланыштуубу?

Былтыр 2018-жылы Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленди, анткени 1878-жылы 29-апрелде Токмок уездинин мекемелери Токмоктон Пишпекке көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу ага шаар статусу берилген экен. Ушуга таянуу менен Совет мезгилинде 1978-жылы Пишпек-Фрунзе шаарынын 100 жылдыгы белгиленип, шаарыбыз Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Шаардын андан мурунку тарыхына сереп салсак, 1825-жылы Кокон хандыгы бул жерге Пишпек чебин курган жана аны 1862-жылы ноябрда орус аскерлери басып алып, чеп талкаланып жок болгон. Көп өтпөй эле анын ордуна базар пайда болуп, ал 1868-жылы Пишпек кыштагына айланган. Андан […]

Рысбек Эшматов: Адабий түштөрдүн сюжеттик, композициялык кызматы

Эпикалык чыгармалардын аягы бир жактуу бүтпөйт — ага көп жактуу көрүнүш мүнөздүү. Анткени чыгарманын финалы анын көркөм дүйнөсүн түзүп турган көптөгөн системалуу элементтердин биринен (мисалы, композициянын компоненти болгон пейзаждык сүрөттөөдөн, окуяны жайынча айтып өткөн автордук баяндоодон, эпизоддук көрүнүштөн, фабуланын чегинен тыш турган эпилогдук формадан ж. б.) туруп, аякталышы мүмкүн. Кээде чыгарманын финалына түштөр да туура келип калган учурлар арбын эле кездешет. Андай мезгилде чыгарма адабий түштөрдү сүрөттөө менен чегине чыгарылат. Азыноолак аңгемелери менен адабий журтчулукка таанымал болгон Орозбек Айтымбетовдун «Акыркы […]

Элмирбек Иманалиев: Дин дин эмес – жаратканды талашкан

Жашоонун көндүмүнөн алыс маган… Жан азык таттуу кыял, алсыз арман. Сүйүнүн атасы өлсө үчөө калат: 1. Ит — турмуш. 2. Жесир — жашоо. 3. Жетим — жалган. КОШ! Билбейм ызгаарыңбы?… Аптабыңбы?… Өчүрдүк сүйүү тамган ак жалынды. Бир кезде жерге түшүп келген элем Сагындым жалгыз учкан асманымды… Булагым таза калсын шыңгыр каккан. Турагым сага калсын жылдыз жаткан… Сагындым Күн, Айымды таңда, кечте Мен менен жалгыз чыгып жалгыз баткан… *     *     * Сабырымды сар санаа кыйганда  мен: «Бизге чейин дүйнөдө ыр бар» […]

Залкар Назарматов: Сүтак

АҢГЕМЕ Жайдын айлуу түндөрүнүн бири. Күндүз кечке чөп чөмөлөп эси оогон ал береги алачыктын түбүнө чалкалай жата кетти.  Каруусу талыкшып, булчуңдары чымырап ооруп атты. Бир колун желкесине жазданды да көзүн жума терең дем алды. Кечээ гана чабылып, жаңыдан кургап келаткан жапайы беденин жыты аңкып мурун жарат. Керээлден кечке кулак кужурун алган чегирткенин чырылдагы бир аз басаңдагандай. Аркы колоттон бытпылдык үнү жаңырат. Анын сайраганы бул адырларга кандайдыр жан киргизип тургансып, не бир сырдуу. Теребел үлп эткен желге ыргала каалгып, мемиреп, үргүлөйт. […]