Былтыр 2018-жылы Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленди, анткени 1878-жылы 29-апрелде Токмок уездинин мекемелери Токмоктон Пишпекке көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу ага шаар статусу берилген экен. Ушуга таянуу менен Совет мезгилинде 1978-жылы Пишпек-Фрунзе шаарынын 100 жылдыгы белгиленип, шаарыбыз Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Шаардын андан мурунку тарыхына сереп салсак, 1825-жылы Кокон хандыгы бул жерге Пишпек чебин курган жана аны 1862-жылы ноябрда орус аскерлери басып алып, чеп талкаланып жок болгон. Көп өтпөй эле анын ордуна базар пайда болуп, ал 1868-жылы Пишпек кыштагына айланган.

Андан мурун бул жерде эмне болгон? Бул боюнча Александр Тузов 2009-жылы 6-февралда «Вечерний Бишкек» гезитинде жарыяланган «Украденное прошлое» деген макаласында кенен тарыхый маалыматтарды берген. Анын маалыматы боюнча 629-645-жылдары Орто жана Борбордук Азияны, Индияны кыдырып чыккан буддист монах Сюань Цзан Суйаб шаарынын (азыркы Токмок шаарынын жанындагы Ак-Бешим айылы) күн батыш жагында ондогон шаарлар бар экенин жазган. Ал эми орто кылымдардагы араб тарыхчылары жазып кеткен Чүй өрөөнүндөгү Жул шаары, археологдордун ою боюнча, азыркы Чыгыш автовокзалынын жанында (Кузнечная крепость) болгон.

Бишкектин эң биринчи мэри Илья Федорович Терентьевтин үйү

Мындан тышкары, ошол эле араб тарыхчылары Бишкектин түштүк-чыгыш жагындагы Кара-Жыгачта тарсалардын (несториан христиандардын) Тарсакент деген шаары болгонун жазып кетишкен. Журналист ушундай бир топ жүйөлүү далилдерди келтирген соӊ орундуу суроону койгон: Шаарыбыздын ушундай бай тарыхы турса, эмне үчүн биз аны кечээги эле 1878-жыл менен чектеп жатабыз? Ал белгилүү археолог, профессор В.Горячеванын пикирине таянуу менен Бишкек шаарынын 1500 жылдык тарыхы бар экенин жана бул курулай эле сөз эмес экенин, буга далил боло ала турган археологиялык материалдар бар экенин жазган. Журналисттин бул пикирине толук кошулуу менен биз бул чакан макалабызда Бишкек шаарынын аты жөнүндө оюбузду айткыбыз келет.

Пишпек-Фрунзе-Бишкек шаар атынын эмнеден улам келип чыккандыгы, тарыхчы Д.Сапаралиев белгилегендей, шаарыбыз шаар статусун алгандан бери эле талаш болуп келатат. Ал өзүнүн «Бишкек – счастливая гора» деген макаласында шаардын баштапкы аты Бишкек экенин тарыхый далилдерге таянуу менен далилдеген жана анын этимологиясы боюнча айтылган ой-пикирлерге кеӊири токтолгон. Анын баарын кайталап отуруунун кереги жок болгондуктан, жогорудагы макалага таянуу менен урунтуу учурларын гана айта кетели.

Адатта, борбордун атын жөнөкөй эле кымыз бышкан буюм – бишкек менен байланыштырышат. Бирок мындай этимологияны «бишкек – это мутовка, с помощью которой взбалтывают кумыс» деп тамашалаган чет элдиктер мындай турсун, кыргыздар өздөрү да көп жактыра беришпейт. Мисалы, Д.Сапаралиев белгилегендей, белгилүү адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев буга 1970-жылдары эле каршы чыккан экен.

Белгилүү топонимист Э.М.Мурзаевдин маалыматы боюнча 1963-жылы Э.Койчубаев деген киши «Пишпек» топоними «пиш» (беш) жана «пек» (бийик) деген эки сөздөн турарын, ошентип, «беш чоку» же «беш тоо» деген маанини билдирерин айтыптыр. Бирок бул божомолду адистер колдошпоптур.

Географ С.Умурзаков «Пишпек» деген топоним иран-согду тилдериндеги сөздөрдүн айкашынан турат, «тоонун этеги» деген маанини билдирет деп божомолдойт. Дагы бир географ Т.Эшенкулов профессор С.Сыдыковдун пикирин ортого салып, шаардын аты ойрот тилиндеги биштек «жалгыз тоо» деген сөзгө барып такаларын айтат. Бирок бул пикирлер да адистердин колдоосуна ээ боло алган жок.

Солдон оңго Бишкектин биринчи мэри — Илья Федорович Терентьев

С.Аттокуров, Э.Борбиев сыяктуу айрым изилдөөчүлөр Бишкек шаарынын аты кадимки эле «беш» жана «бек» деген кыргыз сөздөрүнөн келип чыккандыгын айтышат.

Бишкек шаарынын аты XVIII кылымда ушул жерде жашап өткөн атактуу баатыр Бишкектен калган деген аӊыз да айткан оозго жарашканы менен тарыхый далилдин жоктугунан улам ишеним туудура бербейт.

Ал эми профессор Д.Сапаралиевдин ою боюнча, Бишкектин аты перс тилиндеги пиш «алды, алдыӊкы бөлүк» жана кух «тоо» деген сөздөрдүн айкашынан туруп, «куттуу тоо» деген маанини билдирет. Окумуштуу бул жерде жашаган байыркы элдер азыркы Байтик тоосуна барып, ар түрдүү ырым-жырымдарды аткарып, майрамдарды өткөргөндүктөн, бул тоону ыйык деп эсептешип, «Пишкух» «бактылуу, куттуу тоо» деп аташса керек деп божомолдойт.

Бирок бул пикир да тилдик жагынан аксайт. Биринчиден, эгер бул топонимдин курамында кух «тоо» деген перс сөзү чын эле бар болсо, анда ал «кек» эмес, Алайкуу (< Алай+кух) деген топонимдегидей «куу» болуп өзгөрүп, «Бишкуу» болуп калыш керек эле. Экинчиден, «бактылуу» деген маани, автор өзү белгилегендей, пиш деген сөзгө эмес, анын туундусу болгон пишани «бешене» деген сөзгө таандык. Андай болгондо, «бактылуу тоо» деген маанини туюндуруш үчүн «пишкух» эмес, «пишани кух» деп айтыш керек болот. Бул болсо, көрүнүп тургандай, Бишкек дегенге дегеле коошпойт.

Көрүнүп тургандай, жогорудагы божомолдор ынанымдуу эмес, анткени тарыхый, тилдик, этнографиялык далилдер аз же жокко эсе. Ушундан улам борбор шаарыбыздын аты мурунтан айтылып келгендей, чын эле кымыз бышкан бишкек менен байланыштуу болуп жүрбөсүн деген ой туулат.

Тилдик өӊүттөн карай турган болсок, быш деген этиш түрк тилдеринин дээрлик бардыгынан кездешүүчү байыркы сөздөрдүн катарына кирет. Ал ошол байыркы мезгилдерде эле азыркыдай маанилерде колдонулган: 1. вариться, свариться; 2. зреть, поспевать (о растениях); 3. доводить до готовности эр кымыз бышты мужчина [встряхиванием] довел кумыс до готовности (Древнетюркский словарь 1969). Бул этишке этиштен атооч жасоочу – гак мүчөсүнүн жалганышы менен быш+гак > бишкек сөзү пайда болгон. Демек, бул куралдын да илгертен колдонулуп келаткандыгы талаш туудурбайт. Бирок бул куралдын аты кайдан жүрүп шаардын аты менен байланышып калган?

Тарыхка сереп салсак, өткөн кылымдын экинчи жарымында Кыргызстан Россиянын карамагына киргенден кийин жергиликтүү администрацияда иштеген орус улутунун өкүлдөрү Пишпек (азыркы Бишкек) шаарынын жанынан (азыркы Кара-Жыгач, Көк-Жар тараптан) несториан христиандардын көрүстөнүн табышкан. Анда крест чегилген таштар абдан көп болгон. Жергиликтүү эл бул жерди мурунтан иштетип жүргөндүктөн, кресттүү таштарды чогултуп коюшкан. Көрүстөн узуну 120, туурасы 60 саржан аянтты ээлеп турган. Н.Пантусов жана А.Фетисов мындагы 80ден ашуун мүрзөнү казышып, 611 ташты катташкан. Алардын эсеби боюнча, бул жерге 3 миӊден ашуун несториан көмүлгөн.

Мындай крест чегилген таштар мурун мындан да көп болгону шексиз, анткени жогоруда айтылгандай, Бишкектин Кара-Жыгач тарабында XII-XIV кылымдарда несториан христиандардын Тарсакент деген шаары болгон. Тарыхтан белгилүү болгондой, түрк-монгол элдери христиан динин кабыл алган элдерди тарса деп аташкан жана алардын ортосунда эч кандай деле диний касташуу болгон эмес. Ал турсун, «Манас» эпосунда алар кыргыздарга тилектеш эл катары сүрөттөлгөн учурлар да жок эмес:

Дүнүйө жүзү бузулган,
Суудай акты кызыл кан.
Кыргыз, тарса кыйла эл
Кызыл кан агып, болду сел (Курама вариант, 1. 157).

Талаадагы несториан кресттери чегилген мындай көп сандаган таштар жергиликтүү элдин көӊүлүн бурбай койгон эмес. Белгилүү болгондой, түрк тилдеринде, анын ичинде кыргыз тилинде крестти туюндурган төл сөз азыркыга чейин эле жок. Биз бул үчүн орус тилинен кирген крест деген сөздү колдонсок, Түркия түрктөрү перс тилинен өздөштүрүлгөн «хач» деген сөздү пайдаланышат. Ушундан улам бул жерде жашаган байыркы бабаларыбыз таштагы кресттерди күндөлүк турмушта колдонгон буюму кымыз бышкан бишкектин башына окшоштуруу менен адегенде таштарды Бишкек-Таш деп аташса керек. Кийинчерээк бул ат кыскарып, Бишкек деген жердин атына айланып кетсе керек деп божомолдоого болот. Ысык-Көлдөгү азыркы Тамга айылынын аты да мурун ташка чегилген тамгадан улам Тамга-Таш деп аталып жүрүп, кийинчерээк Тамга болуп кыскарып калганы да буга далил боло алат.

Ташка байланыштуу жер аттары Кыргызстандын башка аймактары сыяктуу эле Чүйдө да кездешет. Буга далил катары алыска барбай эле Бишкек шаарынын чыгышындагы Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылынын атын келтирсек болот. Бул айылдын аты да мурун ошол жерден көп кездешкен балбал таштардан улам коюлгандыгы айтылып жүрөт.

Албетте, бул аттын качан коюлгандыгын так айта албайбыз, бирок Кокон хандыгы бул жерге чеп салгандан канча кылым мурун эле бул жердин Бишкек деп аталып жүргөндүгү шексиз. Буга Д.Сапаралиев келтирген тарыхый маалыматтар да далил боло алат.

Жогоруда айтылгандардын негизинде биздин борбор шаарыбыздын тарыхы 140 жыл менен эле чектелбейт, анын кеминде 1500 жылдык тарыхы бар деп айтууга болот. Мындан тышкары, соӊку тарыхый, археологиялык изилдөөлөр түрк элдери, анын ичинде кыргыз эли жалаӊ эле көчмөн турмуш менен күн кечирбегенин, алардын курамына кирген айрым элдер кадимкидей отурукташып, дыйканчылык кылып, кол өнөрчүлүк менен алектенип келгенин далилдөөдө. Биз жалгыз эле байыркы Енисейдеги кыргыз каганатынын эмес, бул жерде кылымдар бою жашап келген карлук, чигил, йагма сыяктуу түрк элдеринин да мураскору экенибизди эстен чыгарбашыбыз керек.

Таалайбек Абдиев

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти

taalaykambar@gmail.com

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.