Кыргыз эл жомогу: Мүнүшкөр

Илгери-илгери он жети жашар мүнүшкөр бир байдын үйүнө келип консо бир бүркүт турат. Эртең менен бай байбичеси экөө желеге бээ байлайлы деп кетишет. Бала бүркүткө карап: — Кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийипсиң,- деп сүйлөнөт. Анын сөзүн угуп калган бир бала байга барып: — Үйдөгү конок бала бүркүттү «кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийип калыпсың» деп жатат,- дейт. Бай балага келип: —  Бүркүттү таптап бергин,- дейт. —  Бүркүттү таптоону билбеймин,- дейт бала. […]

Абдувахаб Мониев: «Манасты» коюп англис тилин үйрөнүп, латын арибине өтөлү

Окурмандарыбызга публицист, “Генерал Ысакбек – мекенчил демилге” коомдук фондунун директору Абдувахаб Мониевдин коомдук талкууга салар маегин сунуштайбыз. Талаш-тартыштарга жем таштаар бул маекке карата “РухЭш” сайты баардык тараптардын көзкарашын чагылдырууга даяр… – Абдувахаб, жакында президент Сооронбай Жээнбеков «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Коомчулукта ага байланыштуу түрдүү пикир айтылууда. Улут маселеси, «Манас» эпосу тууралуу сенин көпчүлүктөн башкачараак көз караштагы макалаларды жазып жүргөнүңдү билебиз. Ошонон улам «Манас» академиясынын ачылышы тууралуу оюңду уксак?.. – «Ушундай жарлык чыкты» дегенди окуганымда […]

Эзоп: Катының башка эрге көз артпасын үчүн анын көзүн дайыма өзүң кызартып тур

Варлам ШАЛАМОВ (1907-1982), орус жазуучусу Баардык революцияны дилетанттар жасайт. ♦ ♦ ♦ Евгений ШВАРЦ (1896-1958), орус драматургу Ажыдаардан кутулуштун жалгыз жолу – ажыдаар өзүң тарапта да болуш керек. ♦ ♦ ♦ Арнольд ШЁНБЕРГ (1874-1951), австриялык композитор Чыныгы искусство көпчүлүккө арналбайт, көпчүлүк үчүн жаралган искусство искусство эмес. ♦ ♦ ♦ Иоганн Фридрих ШИЛЛЕР (1759-1805), немис акыны жана драматург Жүрөгүндө жарык жанган адамдын жүзүндө да жарык бар. *   *   * Намыстын куну – өмүрдөн кымбат. *   *   * Эң күчтүү жеңиш – […]

Шайлообек Дүйшеев: «А» дан «Я» га чейин (2-сабак)

(Тил сөздүк) <<<<< 1-САБАК — Кана балдар, кайталайбыз, “Кайта” деген—вновь болот, Калп, жалган сөз—ложь болот. Кан деген сөз—кровь болот, Каш дегениң—вровь болот. Бектемиров, бери кара? Безгек деген—дрожь болот, Шак-шак этсе—хлоп болот. Маңдай, чеке—лоб болот, Мөөнөт деген—срок болот. Сөздөгү муун—слог болот, Сөлкөбайың—грош болот. Бөлчөк деген—дробь болот, Ордобаев жөн отургун! Отун деген—дров болот. Үңкүр деген—грот болот, Флот деген—флот болот. Нары десең—прочь болот, Молотабыт—гроб болот. Момолойлор—крот болот, Орозбаев оозуң ачпа, Ооз деген—рот болот. Сколько? дейт—канчаны, Спина дейт—арканы. Эми балдар келгиле, Бир орусча, бир […]

Харуки Мураками: Отуз эки жаштагы Day tripper[1]

АҢГЕМЕ Мен — отуз экидемин, кыз болсо — он сегизде. Ой токтотуп айырмасын эстей калсаң, көзүң караңгылай түшөт. Мен – болгону отуз экидемин, кыз болсо — эчак эле он сегизге чыккан…  Мына, эми башка кеп. Биз экөөбүз доспуз деп айтсак жарашат. Ашык-кеми жок. Мен үйлөнгөнмүн, аялым бар, анын болсо — алты жигити бар. Жигиттери  менен ал жөн күндөрү жолугушуп турат, мени менен айына бир жолу – жекшемби күнү. Калган жекшемби күндөрү үйүндө телевизор тиктеп олтурат. Ал телевизор тиктеп отурганда – […]