Илгери-илгери он жети жашар мүнүшкөр бир байдын үйүнө келип консо бир бүркүт турат. Эртең менен бай байбичеси экөө желеге бээ байлайлы деп кетишет. Бала бүркүткө карап:

— Кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийипсиң,- деп сүйлөнөт.

Анын сөзүн угуп калган бир бала байга барып:

— Үйдөгү конок бала бүркүттү «кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийип калыпсың» деп жатат,- дейт.

Бай балага келип:

—  Бүркүттү таптап бергин,- дейт.

—  Бүркүттү таптоону билбеймин,- дейт бала.

—  Балам, ушул бүркүттү таптап берсең, кызымды сага беремин,- дейт бай.

Ошондо бала макул болуп:

— Эки жыл туу калган бээ тап, бир боз үй тиктирип коюңуз, ал үйдүн ичинде эч нерсе болбосун, ага бүркүттү коёмун жана бээни союп этин киргиземин,- дейт.

Муну ккан бай эки жыл туу калган бээни алып келет жана бир үйдү тиктирип даярдайт, үйдүн ичине эч нерсе койдурбайт.

Бала бээни сойдурат, аны бүтүн үйгө киргиздирет. Бүркүттү да кийирип, байлабай бош коёт. Ал чыгып кетпей турган кылып үйдү жылчыгы жок бекитет. Ошентип бүркүттү камап коёт да, кээде гана суу берип коюп жүрөт. Бүркүт бээнин этин жеп бүтүп, семизинен басалбай калат. Бала: «Басалбай калган бүркүт таптоого оңой болот» деп таптай баштайт. Бир ай таптагандан кийин аны түлкүгө салуу үчүн алып чыгат.

Бир топ киши менен бала кыдырып жүрсө, бир кара түлкү чыга качат да, бүркүттү көрө салып тиктеп туруп калат, ал жөн түлкү эмес калтар экен. Бала бүркүттүн томогосун башынан алат да, бирок бүркүттө калтарга салбай, томогосун кайра кийгизип коёт. Бала менен бирге жүргөн кишилер: «Бүркүттү эмне салбайт?» деп таң калышат.

Бала бүркүттү томогосун дагы башынан шыпырып алып, бүркүттү салбай, томогосун кайра кийгизип коёт. Баланын жолдоштору «бул бала бүркүтүн эмне салбайт, калтарды бизге ыраа көрбөй турат ко» деп наалышат.

Бала томогону алып бүркүттү шилтейт. Бүркүт калтарга карабай асманга кетет. Калтар болсо алдыңкы эки бутун көтөрүп асманды тиктеп калат. Бүркүт өтө бийик көтөрүлүп, карааны көзгө көрүнбөй, үлбүлдөп калган кезде шукшурулуп тик сайылып келип, калтарды башынан мыкчый кармап көккө көтөрүлдү да, жерге таштап жиберди. Калтарды алышкандан кийин жолдоштору:

— Эки жолу бүркүттүн томогосун алдың, бирок салбадың, үчүнчү жолу гана салдың, мунун себеби кандай?- деп сурашат.

—  Биринчи жолу асыл менен асыл кантип беттешет деп, бүркүттү калтарга салууга колум барбады. Экинчи жолу асылды асыл кантип кыят деп, салууга колум барбады, үчүнчүсүндө тобокел деп чымырканып туруп бүркүтүмдү коё бердим, бүркүттүн асманга бийик чыкканынын себеби, ал канчалык бийик көтөрүлсө, ошончолук тиктей берип түлкүнүн көзүнө жаш толот, качырып келаткан бүркүттү көрбөй калат. Акчекир деген бүркүт ушул,- деди бала.

Эл: «Чынында байдын кызы балага ылайык экен» дешип, баланы үйлөндүрүп-жайландырып коюшкан экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.