Гүлдана Мурзакул: Ислам жана сынчыл ой жүгүртүү

Кыргызстанда канткенде «биз» жана «башкалар» деп коомду экиге бөлгөн диний фанатизмди токтотууга болот? Түркиядагы жаш кыргыз илим изилдөөчү Гүлдана Мурзакулдун макаласы. Сынчыл ой жүгүртүү – фанатизмге каршы чара Акыркы он жыл ичинде Кыргызстанда исламдан башка динге өткөндүгү үчүн токмоктолгон, үй-жайы өрттөлгөн же сөөгүнө мусулмандар көрүстөнүнөн жай берилбеген жарандар тууралуу маалыматтар чыга баштады. “Ислам мамлекети” сымал террористтик топторго кошулган кыргызстандыктар боюнча маалыматтар көбөйдү. Мындан сырткары соңку 10 жылда өздөрүн “патриот” деп атаган эркек кишилер Орусиядагы кыргыз кыздарды башка улуттун өкүлдөрү менен […]

Казак эл жомогу: Чабалекейдин куйругу эмнеге эки ачакей болуп калган

Илгери-илгери дүйнө жүзүн Айдахар деген коркунучтуу жылан башкарчу экен. Эки жүздүү чиркей ага кызмат кылат. Жылан чиркейди өзүнө чакырып: — Дүйнө жүзүн кыдырып учуп, болгон кыбыраган жандыктын канын татып, кимдики даамду экенин кайтып келип айтасың. Кимди көргөзсөң ошону жеп турам, — деди. Кожоюндун тапшырмасын аткарып, кайтып келатканда алдынан чабалекей кезикти. — Каяктан учуп келатасың?- деди. — Менин кожоюнумдун буйругу менен дүйнө жүзүн кыдырып, кимдин каны даамдуу экенин аныктап келатам,- деди чиркей. — Анан… эмнени билдиң? — Баарынан да, адамдын каны […]

Аркадий Аверченко: Индустриянын рыцары

АҢГЕМЕ Экөөбүздүн биринчи таанышуубуз, ал экинчи кабаттагы ижаралардын терезелеринин биринен, ошол учурда мен жашап жаткан биринчи кабаттагы бөлмөмдүн терезесинин жанынан учуп өтүп — таш жолго кулап түшкөн кезден башталды. Терезеден башымды чыгарып, ооруп калган жамбашын ушалап жаткан бейтааныш адамдан сылык сурадым: – Эч жериңиз ооруган жокпу? Балким жардамым тийип жүрбөсүн? – Кантип жардам керек болбосун? – деди ал мени жылмая карап, экинчи кабаттын терезеси жакка сөөмөйүн кесеп, башы менен ал тарапты көргөзүп койду. – Алибетте, жардам керек. – Андай болсо […]

Жетиген Асанбек: Өзүңөн көр, шайлоочу! (3-макала)

(1-макала)  (2-макала) «Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоодо 3-орунду утуп алууга жетишип, 18 депутаттык орунга ээ болгон. Демек, бул партиянын акчалай мүмкүнчүлүгү КСДП менен «Республика-Ата Журттан» кийинки орунда десек болот. Акчалай мүмкүнчүлүгү дегенимдин себеби: Sputnik.kg сайтынын маалыматы боюнча (26.08.2015) бул партия 2010-жылдын 23-апрелинде түзүлүп, төрагасы болуп Шаршенбек Абдыкеримов шайланган. Ал эми Шаршенбек Абдыкеримовдун өмүр таржымалында (Википедия) 2013-жылы «Кыргызстан» партиясын негиздеген деп жазылып жүрөт. Ушул акыркы  датаны ала турган болсок, негизделгенден кийинки эки жылдык убакыттагы ишмердүүлүгү ың-жыңсыз болуп келип эле, 2015-жылы парламенттик шайлоодо […]

ЖЫЛДЫЗЧА: Мага табылган «күйөө»

АҢГЕМЕ Жакшылык да, жамандык да кайтарылат экен… Бая күнү бир таанышымы байкабастан капа кылып алдым эле. Жакында башка бирөө мени капа кылып койду. Таарынычым тамга батпай, бултуюп олтурам. Узун бойлуу ап-арык, орто жаштан өткөн Өтүкчү бай-акеге таарынып олтурам! Мындан ары жылаңайлак калсам да ага экинчи барбайм, устаканасынын жанынан өтпөй, башка жак менен эле жумушума барып-келип жүрөм! ♦ ♦ ♦ — Сен мага дайыма Өтүкчү бай-аке деп эле кайрыла бер. Мен кол өнөрүм менен сыймыктанып жашап келатам… – деген жаңы таанышкан […]