(1-макала) 

(2-макала)

«Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоодо 3-орунду утуп алууга жетишип, 18 депутаттык орунга ээ болгон. Демек, бул партиянын акчалай мүмкүнчүлүгү КСДП менен «Республика-Ата Журттан» кийинки орунда десек болот. Акчалай мүмкүнчүлүгү дегенимдин себеби: Sputnik.kg сайтынын маалыматы боюнча (26.08.2015) бул партия 2010-жылдын 23-апрелинде түзүлүп, төрагасы болуп Шаршенбек Абдыкеримов шайланган.

Ал эми Шаршенбек Абдыкеримовдун өмүр таржымалында (Википедия) 2013-жылы «Кыргызстан» партиясын негиздеген деп жазылып жүрөт. Ушул акыркы  датаны ала турган болсок, негизделгенден кийинки эки жылдык убакыттагы ишмердүүлүгү ың-жыңсыз болуп келип эле, 2015-жылы парламенттик шайлоодо дүркүрөп чыга келгени «сооданын» эле жакшы болгонун каңкуулап турбайбы. Болбосо кечээ аты-жыты белгисиз партия мамлекетибиз менен дээрлик жашташ чоң тарыхы бар партиялар менен тең тайлашып, атургай 25 жылдан ашык өрнөктүү тарыхы бар «Ата Мекен» партиясынан алдыга озуп кеткени анын ишмердигинин жыйынтыгы деп айтууга ооз барбас. Бардыгы коомубуздун ал-абалын күзгүдөй чагылдырып турат – бийлик жана акча артыкчылыкка ээ.

«Керкисинде да, кемигинде да бар» демекчи, балээ добушту сатканда да, сатып алганда да бар. Мамлекеттин саясаты көпчүлүк атминерлердин, депутаттардын көз карашында шайлоодон шайлоого карай күүлөнүү менен жүрүп калганынын дагы бир айкын белгиси ушул эмеспи. Максат – эптеп колго бийлик тийгизүү да, каалагандай дөөлөт күтүп, шапар тебүү. Дагы бир тарабы: айрым байларга ишкердигин, мүлкүн коргоо үчүн да бийликтин бир бутагына илинүү керек.

Шаршенбек Абдыкеримов

Балким, байлыктын дөөлөтүнө карк болгон адамды эми напси бийликтин дөөлөтүнө куштарлантканынан да болор. Дагы бир жагдай: чындап эле дареметине, тажрыйбасына, билимине ишенип, өлкөнү өнүктүрсөм деген изги тилек менен бийликке умтулгандар жок дегенге болбос. Калдайган калың журттун уучу кантип куру болсун. Ошол ак ниеттүүлөр деле элдик шайлоо деген аты эле болбосо бийликке келүү соодалашуу менен болуп калганын билгендиктен ошол жолду колдонууга мажбур болору ырас.

Бул жагынан алганда, шайлоочу, мамлекеттин келечегин ойлобой, добушуңду арзыбаган акчага соодалаган сенин айыбың ат көтөргүс!

2015-жылы партиянын үгүт иштери жүрүп жатканда төрага катары Канат Исаев тааныштырылды. Шаршенбек Абдыкеримов партия түзүлгөндө төрагалыкка дайындалганын, анын өмүр таржымалында болсо, партияны негиздегени белгиленгенин жогоруда айтып өттүк. Шаршенбек Абдыкеримов да, Канат Исаев да парламенттин 5-чакырылышында «Республика» партиясынан депутат болушкан. Бул жагдай партия лидери көрүнөөдө бир, көмүскөөдө башка экен деген ойго салды. Анысынын го, ысык-суугу канчалык болот эле, жасаган, жасай турган иштери эсеп болот да. Кыясы, депутаттын бир мөөнөттүк тажрыйбасы аларга шайлоо өнөктүгүндө жеңишке жетүүнү жакшы үйрөткөн өңдүү. Парламентке келүүнүн максаты элдин камын ойлоо экенин, жалпы алып караганда «Кыргызстан» деле көрсөтө алган жок. Ага саясый абал жол бербейт деген каршы жооп болушу мүмкүн, саясый абалдын каршылыгына карабай күрөшкөн саналуу депутаттар аларга минтип актанууга моралдык укук бербейт деп айтууга толук акылуубуз.

Деген менен Канат Исаевдин бир катар иш-аракеттери аны ашмалтай болуп калган түзүмгө каршы күрөшчүл депутаттардын катарына кошууга негиз боло алат. «Республикадан» дагы бир партия «төрөлгөнүн» алыс ташталган арканбы деп болжоого болот эле. Иш жүзүндө анчалык ширелишкен биримдик байкалмак тургай, ойго келбеген оюндарга күбө болдук. Бу төрагалар ишеним арткан партиянын курамы аларды сызга отургузуп кеттиби же эмне болду? Канат Исаевдин жүрүм-туруму, фракциянын иш-аракети да эки ача ой жаратат. К.Исаевдин Жогорку Кеңештин трибунасынан сүйлөгөн сөздөрү чындыкка дал келип, ынанымдуу. Алсак, 2016-жылдын ноябрь айында: «Конституциянын гаранты – президент деп айтылат, президент өзү бузуп атса кантип гарант болот?» – деп, Атамбаевдин так маңдайына жалаңдаган кылыч сунгандай эле сүйлөгөн: Атамбаевди жана Өкмөттү негиздүү далилдерди келтирип, курч сынга алган.

Канат Исаев

Белгилей кетүү абзел, бийлик колунда турган ажого көптөр бөйпөңдөп турган чакта анын бул ишин эрдик деп саноого болот. Бул жагынан алганда Канат Исаев оомат оогон жакты көздөй оойм деп тымпыйып отурган кесиптештеринен ат чабым алдыга озуп чыгат. Ошондогу сөзүнүн соңунда келтирген статистикасы жооп кайтарам дегендин баарынын оозун жапкыдай болчу. 2000-жылы өлкөбүздүн бюджети Тажикстандыкынан эки эсе көп болгон болсо, ушул тапта алардыкы 500 миллионго көп экендигин белгилеп, 8 жыл граждандык согуш болгон өлкө бизден озуп кеткенин айткан.

Шайлоонун шайтан оюндары от алып, баарын элиртип турганда Бабановдун сары-жашыл түстүү шаан-шөкөтү бийликтин бүт бутагын мыкчый кармап турган Атамбаевди (Жээнбековду) да алдастатып турду окшойт. К.Исаевдин баягы Жогорку трибунадан сындаган сөзүнө териси жука Атамбаев терикпей калбайт эле, ыңгайлуу учурга “мылтыгын дүрмөттөп” койгон окшойт. Тополоң кылмакчы экен деген айып коюшуп, күтүүсүздөн Канат Исаевди камакка алышты. «Кыргызстан» партиясынын кызыгын ошондо көрүп алгыла. Канат Исаев бул убакта фракция жетекчиси эмес эле.

Ал президенттик шайлоого байланыштуу өз ыктыяры менен лидерликти өткөрүп бергендигин “Азаттыкка” маалымдаган. «Кыргызстан» партиясынан президенттикке көрсөтүлгөнү менен, шайлоого катышуунун эрежеси боюнча топтогон кол белгилеринин айрым бөлүгүн боршайком жарактан чыгарып, каттаган эмес. Көп өтпөй Канат Исаев Бабановдун талапкерлигин колдоорун маалымат каражаттары кабарлай башташты. Анан эле камалды…

Андан соң эң күчтүү атаандаш көрүп, Бабанов менен таймашкан бийлик анын көрүнүктүү тарапташы болгон Канат Исаевди – мурдагы лидерин камап койгонуна карабай, «Кыргызстан» парламенттик фракциясы бийликтин талапкери – Сооронбай Жээнбековду колдойбуз деп чыгышса болобу, кызыгың түшкүр! (Kloop.kg 15.09.2017) Ошентип, баштапкы лидери менен фракция курамы эки жакты карап калды.

Дамирбек Асылбек уулу

Бул көрүнүштүн көшөгөсүнүн артына баш бага албадык, бирок бир нерсе даана көрүндү: кырдаал фракцияны, дегеле партияны өзүн өзү дискредитация кылганга алпарды. Өзүнүн туруктуу принциби жок, жеке кызыкчылык менен гана бийликке умтулгандыктан, кандай болбосун бийликке ийкемдүүлүк кылган партия катары таанылып калышты, атаганат… «Аганы көрүп ини өсөт» болуп, ишмердиги жагынан «Республика-Ата Журттан» алыс узай алган жок, артта калса калгандыр. Партиянын жүүнүн оңой эмес бошотуп турган көрүнүш – бул уюшкан кылмыштуу топтор, контрабанда менен байланышы бар делип, фракциянын депутаттарынын аты аталып аткандыгы. Казакстандагы атайын иш-чарада контрабандалык ишке айыпталып кармалган эки кыргызстандыктын бири Жогорку Кеңештин депутаты болуп чыкканы эл аралык айдыңда Кыргызстандын беделине дагы бир катуу сокку урду!

Шайлоодо Жээнбековдун үгүт иштерине катышып жүргөн «Кыргызстан» фракциясынын так ушул депутаты — Дамирбек Асылбек уулу экени интернет айдыңынан маалым. Артынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген каңшаар жүргөн депутат кармалганынан көп өтпөй мандатынан кол жууду. Какаганга муштаган болуп, ошондой эле кылмышка байланышкан, Токмок шаарындагы чек ара бекетиндеги чырда да «Кыргызстан» партиясынын депутаты Урмат Самаевдин аты аталып, атургай аны да уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар деген имиштер айтылууда.

Чек арада болгон атышууга катышып жабырлангандардын бири «Чемпион» деген каймана атын белгилей, депутат Урмат Самаевдин атын атап, президентке кайрылган тасма интернетте жарыяланды. Коомчулукта Токмокто шаар башчы болуп эмгектенип калган Канат Исаевди партияга бандиттерди алып келген деп айыптагандар да бар. Депутат Урмат Самаев, фракциянын азыркы лидери Алмазбек Баатырбеков, Канат Исаев да көлөкө түшүрүп жаткан маалыматтарды төгүндөөгө аракет кылып атышканы менен, ушул тапта маалымат каражаттарында жарыяланган кабарлардын жүйөлөрү күчтүүлүк кылып аткансыйт. Мындай жагдайлар партияны так белинен мертинтип койгон өңдүү, боюн түзөп кете алабы, кандай болот, көрө жатарбыз…

Урмат Самаев

Баштапкы лидери Канат Исаев болгонун эске алсак, мурдагы фракциялар тууралуу айтылган «лидерине жараша фракциясы» деген мүнөздөмө тескерисинен түшүп калчудай ой калтырат.

Канат Исаев камалгандан кийин интернет айдыңына тараган тасмада анын штабдан бирөөгө 5000 сомдук купюр менен эки боо акча берип атканына күбө болдук. Сөз 1 млн сом жана 500дөй адам тууралуу жүрөт. Шайлоонун «соода» иштерин кичине айкындап алыш үчүн, миллионду 500гө бөлүп көрсөк, 2000ден тийип атат. Үгүтчүлөргө эмгек акы деген жүйө келтире турган болсо деле жетишердик ынанымдуу. Бул «Кыргызстан» партиясы гана эмес, дээрлик бардык партияларга мүнөздүү реалдуулук. Болгону аңдыгандарын колго түшүрүп алышты.

Мына ушул жагдай жана Канат Исаевдин камактан бошотулгандан кийин депутаттык ордуна кайтып келип, парламентте эң орчундуу тармак болуп саналган билим берүү системасындагы маселелерди, жол куруудагы ж. б. бир катар оркойгон коррупциялык иштерди негиздүү көтөрүп жаткандыгы беделин көтөрүп турат.

Партия лидерлерине байланышкан көңүл жубатарлык дагы бир жагдай бар. Көмүскөдөгү сымал лидери – Шаршенбек Абдыкеримовдун өмүр таржымалында анын заманбап талаптарга жооп бере алган «Билимкана» мектебинин камкорчулар кеңешинин мүчөсү экени жазылган. Көп тармактуу «Аю Холдинг» компаниясынын негиздөөчүсүнүн материалдык жактан кирешелүү ишмердүүлүк менен чектелбей, билим тармагын да колдоого алып атканы, албетте, мактоого арзыйт.

Ошентип, «Кыргызстан» фракциясынын деле оң-солун таразалай турган болсок, анчейин ишеним арттыра бербей калып турат. Шайлоочу, сен да өз добушуңду фракциянын актаган-актабаганын талдап, тиешелүү жыйынтык чыгарып атасың деп үмүттөнгүбүз келет. Эмки жолкусунда жети өлчөп бир кесерсиң.

Кийинки кезекте кесиптик чеберчилик жактан да, капчык жактан да салыштырмалуу үлкөндөр деп сыпатталган «Бир бол» фракциясы турат. Дүрбүнү аларга мелжеп туралы, көргөн-билгенибизди жакынкы аралыкта ортого салабыз, башкаларга да баам сала жүрүңүз, окурман.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.