АҢГЕМЕ

Жакшылык да, жамандык да кайтарылат экен…

Бая күнү бир таанышымы байкабастан капа кылып алдым эле. Жакында башка бирөө мени капа кылып койду. Таарынычым тамга батпай, бултуюп олтурам. Узун бойлуу ап-арык, орто жаштан өткөн Өтүкчү бай-акеге таарынып олтурам! Мындан ары жылаңайлак калсам да ага экинчи барбайм, устаканасынын жанынан өтпөй, башка жак менен эле жумушума барып-келип жүрөм!

♦ ♦ ♦

— Сен мага дайыма Өтүкчү бай-аке деп эле кайрыла бер. Мен кол өнөрүм менен сыймыктанып жашап келатам… – деген жаңы таанышкан кезде, сөөмөйү менен бут кийимдерди тигүүчү кол машинасын көргөзүп. Ошентип эскерткенден бери өзү айткандай кайрылам.

— Өтүкчү бай-аке!

♦ ♦ ♦

Сапатына карап сатып алсам деле, санына карап сатып алсам деле бут кийимдеримдин такалары чолоюп сынып же тамандары бат эле айрылып калат. Ал сынык, айрыктарымды оңдоп-түздөп, жамачусун жамап берип жүргөн Өтүкчү бай-акем акыркы жылдары кол эмгеги үчүн менден акча албай калган. Мурда-мурда, жакындан тааныш эмес кезде, мага “боору ооруй электе” ар бир эмгегин 100-200-300 сомго баалачу.

♦ ♦ ♦

Мен бир нече айга алыс кетип кайра келгем…

Кайрадан, Өтүкчү бай-акемдин устаканасына бир нече бут кийимдеримди оңдотуу үчүн барып калдым. Кыйшайган, жешилген бут кийимдерим да көбөйүп калыптыр.

Кудайдын буйругу менен эле го дейм… Өтүкчү бай-акем бул барышымда башкача кабыл алды!

— Ой, барсыңбы?! Жоголуп кеттиң го? Үй жагыңдан да такыр карааныңды көрө албай койдум, акмалап карап жүрдүм, жымжырт… Деги өзү аман-эсен болду бекен деп ичимден чочулап, бу таз, такырайган башым менен көп ойлондум. Адам баласынын ою күлүк болот турбайбы, ушинтип бирибиз кетип, бирибиз калып калабызбы деп… Жалгыз бой бир байкуштун бут кийимдерин бекер эле оңдоп берсем болмок деп зээним кейип, өкүнүп жүргөм да! Мастык менен бир-эки таанышыма сени жоктоп ийдим ойшойт, айтканым элес-булас эле эсте калыптыр, а бирок, кимдерге айтканым эсимде жок, кашайып. Мейли, кайра жакшы болду, узак жашайт экенсиң!

Ушинтип бакылдап, бапылдап тосуп алды. Бирок жанагыл сөздөрү үрөйүмдү учурду! Чын эле мен “башка бир дүйнөгө” кетип калгансып… Анан, ал жактан да “жөн келбей” бут кийимдеримди көтөрүп келип алгансып… Дендароо абалында туруп калдым.

— Олтур, олтурбайсыңбы, эмне эле алайасың эле, алайсың? Мен сени көргөнгө кубанып турам! Келе, колуңдагыны салкыйтпай бери берчи, жарым кап болуп кеткен го?! – деп иш орду болгон олтургучуна олтуруп атып менин колумдагы, чын эле “жарым кап” болуп көрүнгөн баштыгымды тартып алып алдына төгүп салды.

Көптөн бери чогулуп калган жараксыз бут кийимдеримдин баарын жайнатып алып келип алганыма ыңгайсыз болдум. Анын үстүнө Өтүкчү бай-акем мени башка бир дүйнөгө кетти деп “жоктоп” жүрсө! Мен бир күнү эле кайра “бар болуп” калсам, ого бетер уялат экенсиң…

— Баарын бүгүн же эртең жамап-жазгайм деп шашылбаңыз. Четинен, кичинеден оңдой бериңиз. Азыр кийгенге бир туфлим бар, — деп шыбырагансып айттым.

— Үнүң араң эле чыгып калыптыр да… Мен жип-шуу, ийне, кайчы, шибеге, темене кармап бала кезимден бери иштеп  жүрөм. Бир да жолу сендей бут кийимди жаман кийген, тез эле жарактан чыгарып салган жанды көргөн эмесмин. Кудай мени кечирсин, ашыкча айтсам… Сени жоготуп алганда сен жөнүндө өтө катуу ойлондум. Мен биерде олтуруп бир жумада таап койчу акчаны – сен байкуш бир айда араң-араң таап жүрүпсүң да! Ошону  эстеп алып ичим эзиле өкүнүп, мас болгондо өкүрүп да жүргөм! Мындан ары акчасыз, бекер эле оңдоп берип жүрөм. Эч кысынбай алып келе бер! Түшүндүң да…

— Коюңузчу, булар үчүн эмгегиңизге төлөп коёюн, кийинкилерин деле бекер оңдой бересиз, – дедим, менде кубанычтуу маанай пайда болгонун билдире.

— Кой, кой! Айттымбы? Айттым! Дедимби? Дедим! “Жашасын Өтүкчү бай-акем” деп койсоң да болот! Сен үчүн бир нерсе тапкам…

— Эмнени таптыңыз?

— Бирок, кийбейсиң да, уялып же кийишиң да мүмкүндүр… Анын үстүнө, эл деген сени жомокто да жок, шумдук бир окуянын ээси кылып ташташат. Болбосо сага темирден эле ширетип туруп, төрт мезгилге төрт башка бут кийимдерди ылайыктап жасап бермекмин. Минтип кыйналбайт элең, кыш келгенде кышкысын кийип, жаз келгенде жазгысын кийип коюп жүрө бермексиң!

Төрт мезгилге ылайыктап, төрт башка темирден ширетилген бут кийимдеримди элестетип турган мен күлүп жибердим: баары кооз темирден жасалган, элде жок оймолор-чиймелер менен кооздолгон, адам аттуунун бири карабай суктанып караган, “тык-тык” деп баскан сайын жигиттердин жүрөгүнө “тийишип” турган, “темир бут кийимдерим” да заматта жалт-жулт этип маңдайымда туруп калышкандай болду…

Көрсө, алар көңүлүмдү шаңкайтып ачуу үчүн көз алдыма тартылышыптыр…

♦ ♦ ♦

Мурда жөн эле Өтүкчү бай-аке болсо… Ошентип, мага жан тартып, жардамдуу болгондон бери менин Өтүкчү бай-акем (!) болуп калган. Бирок дайыма эле бут кийимдеримди акысыз оңдото бергенге жүзүм чыдабады. Меймандан же дагы башка бир жактан келатканда колумда чак-чак, боорсок, нандын түрлөрүнөн болсо анда үйүмө жетпейт. Өтүкчү бай-акеме “чай менен ичип алыңыз” деп берип келем. Эгерде, колумда узак убакытка чейин бузулбай турчу өрүк как, алма, жаңгак, мандариндер болсо анда үйгө алып келип “такам сынып калчу күнгө” сактап коём.

Өтүкчү бай-акемдин устаканасы мен жашаган үйгө жакын жайгашкан. Күндүзү иштеп, түндөсү түнөгөн үй-жайы деле ошол жер экенин билем.

♦ ♦ ♦

Дем алыш күнү, эрте менен күтүүсүздөн тереземди черткилеп Өтүкчү бай-акем келип калыптыр. Болгондо да эки бөлмөлүү үйүмдүн мен жаткан жагындагы терезени черткилеп турат! Кызык көрүнүш! Бул бөлмөдө уктаарымды кайдан билет? Үйүмдү го билет, биз сыяктуу эле анын устаканасы менен менин үйүм “тааныш”, өтө жакын болбосо да маңдай-тескей “карашып” турушат.

Минтип келчү эмес эле, эмнеге келди экен?

Уктап тургандагы кебетем менен эле саксайган боюнча  тереземе басып бардым.

— Апей, ботом, эми турдуңбу? Ойготуп алдым окшойт, бүгүн дем алыш күн, бошсуң да ээ? – деди, тынчсызданып тургандай.

— Бош элемин, сизге жардам керекпи? – дедим чын дилим менен. Кайсыл бир ишине мен да бекер жардам берейин деп ойлодум, уйкусуроом да ачылып кетти.

— Бош болсоң бол анда, тез жууна кал, жүр, чык, бачым… Сен барбасаң, тигил чал жанымды сууруп алат!

— Ал ким экен? Сиз ким жөнүндө мага айтып жатасыз? – азыраак ачуум башталып барып токтоп калды.

— Баягыл чал, баягыл чалчы… Бир жолу бир нерсеңди, минеңди эле унутуп атам, сен алганы мага баргансың, ошондо олтурган. Көргөнсүң!

— Эсимде жок. Барайын анан эмне кылам?

— Ой-ой… Маңызданбай эле бара берчи эми! Сага көзү түшүп, ашык болуп калыптыр деп жатам! Кыйытып эле келген сайын сени сурамжылай берчү эле. Бүгүн таң ата электе келип алыптыр. Басчы эми, барып таанышып, аркы-беркини сүйлөшүп койчу. Барбасаң жанымды тынч койбойт. Болчу эми… – деп акыры жалдырап сурана баштады.

— Көзү түшкөндөргө эле бара беришим, тааныша беришим керекпи? – деп кыйыктана баштадым.

— Кокуйгүн о-о-оо, жок дегенде мени сыйлап барып койчу. Андан кийин дагы көрөсүңөр, териңди сыйрып салмак беле! Ал чал карыганы менен демдүү-күчтүү! Уулдары үйлөнүп, кыздарынын бири калбай күйөөгө тийип кетишкен. Жалгыз жашайт, аял кылып алам десе макул боло бер! Чал да! Өлөт жакында же бир күнү. Өзү деле кыйралаңдап араң басып жүрөт. Өлсө… заматта сага чогулткан бүткүл дүнүйөсү анан үйү калат! Бол эми, чыкпайсыңбы? Кичи пейилдик кылып, мени сыйлап чыкчы эми, жүрчү эми, менин шагымды сындырбачы…

♦ ♦ ♦

Чал – дегени эмнеси? Жагымсыз сөз! Мен болсом “чал” дебестен – “улуу киши”, же “карыя”, же “аксакалдуу адам” демекмин…

Мактап жүргөн Өтүкчү бай-акемдин тили да, ою да жаман окшойт?..

Дүнүйө жөнүндө да кеп салып жиберди. О-оо дүнүйө! Ким бирөөгө барктуу, ким бирөөгө баркы жок болуп келе жаткан дүнүйө! Кайсыл кылымдан баштап адамдардын көзүнө “көрүнө” баштадың экен? Сага болгон кээ бир адамдардын ашынган кызыкчылыгы кайсыл кылымдарда токтоор экен?!

Ал кишинин өлүмү жөнүндө да кеп салып жиберди… Өлүм – өзү гана билсе керек, кимге жана кайсыл убакта барарын…

Жашоонун ачуу-таттуусун кан тамырдай таратып турган сөз, сен кээде калемпирдей ачуусуң да!..

Жогорудагы ойлор дагы чымын-куюн болуп акыл-эсиме бир заматта кирип, бир заматта айланып чыгып кетишти…

♦ ♦ ♦

Бут кийимдеримдин таманы жешилип же такасы түшкөндө тыкыйтып кадап, тыкылдатып жолго салган ким эле? Албетте, Өтүкчү бай-акем! Биринчи жолу суранып жатса, айтканын аткарышым керек…

Жүзүмдү эптеп-септеп эле  чайкап койдум. Жеңил көйнөгүм менен эле түндө уктап калган экенмин, ошол бойдон желпилдеп ээрчип жөнөдүм. Узуну менен туурасы зоопарктагы арстанды кармаган темир тордой устаканасына бат эле жетип бардык.

Өтүкчү бай-акем кирип эле өз ордуна “шып” олтура калып, жанындагы жашиктен эркек кишинин килейген бут кийимин сууруп чыгып, чоң теменеси менен жамап баштады. Бизге “ортомчулук” кылганы менен тааныштырганды унутуп койду. Маңдай жагында олтурган бир караанды караган эмесмин. Атайын эле карабай, киргенден эле Өтүкчү бай-акемин  шыпылдап иштеп баштаган колун карап, тикемен-тик туруп алгам.

— Сулуу карындаш, жаныман жай албайсызбы, сиздей сулуулар жылуу орунга олтуруш керек… – деп тигил караан ары жылды. Ал жылып кеткен орунга олтурдум.

— Арыбаңыз… – деп жүзүнө тигилдим. Жапалдаш бойлуу, кары киши экен.

Суюк ак чачынан, ак кашынан, бубак баскансыган кирпиктеринен мен кыш мезгилин көрдүм… Ойноктогон кара көздөрүнөн жаз мезгилин көрдүм…

— Сиз чакырдыңыз беле? – дедим, акырын эле.

— Чакыргам… Жаман иш кылдымбы? – мени олурая карады.

— Жаман эмес, айтаар сөзүңүздү айта бериңиз. Кулак сизде…

— Айтам, айтпагандачы! Бүгүн чыгындым, өзүм шар сүйлөгөндү жактырам, сени көргөндөн бери уйкум качып… “Кой, Бабахун, — дедим өзүмө, — бар, айт”, — дедим. Бүгүн анан бу иничекке таң заардан келип сырымды билдирдим. Иничегим түшүндү, түшүнгөнү – колдогону да… Туурабы ыя?! – деп иничегин суроолуу карап, мага жакын жылып келип олтурду. Бир колу белиме айланып келип “жабышып” калды, “жабышканын” акырын ары алып койдум.

— Сиз канча жашка келип калдыңыз эле? – деп тартына сурадым. Башында ала-була топусу бар экенин ошондо көрдүм. Андай топуну биздин элдин уулдары кийишпейт.

— Жетимиш беште элемин, араң эле… – деди.

— Мен сизден кырк жашка кичүү турбаймынбы! – деп чочуганымды билгизе сүйлөдүм.

— Кырк жашка кичүү болгонуң кайра мага жакшы да! Какый-кокуй белим, тизем деп ооруп жатып калбайсың, карындаш! – деп карсылдап күлүп алды. Күлкүсү кары кишинин күлкүсүндөй эмес. Же карылар минтип күлбөсө керек эле…

— Сизге го жакшы экен… А-а-аа магачы? – деп жообуна кызыктым.

— Сага кереги не! Курсагың ток, кийимиң жыртык болбосо эле болду да! Дагы сага эмне керек эле?

Бизди жолугуштуруп жаткан “ортомчубуз” өйдө да карабай, сөзгө да кошулбай, бизди заматта эле тааныбай калгансып, жанагыл колундагы бут кийимди жамоо, сырдоо, майлоо менен гана убара. Бирок сүйлөшкөн сөзүбүзгө кулак салып, кызыкка батып жаткандай, эмне болуп кетишээр экен дегенсип…

— Эч нерсенин деле кереги жок, уят ко… – деп башымды жерге салдым.

— Эхе-хе… Уят, уят дегенди кашек-машектин баарын жеген уй да жебейт. Эй, айтчы мага, уят деген өзү деги барбы? Сен көрдүң беле? Көрсөң көргөзчү мага кармалап… Кана, кана? Уят деген бул, бул… Уят деген бул тамгалардан куралган болбогон эле сөз! Уят деген жумуру уяда да жок, анан кайда болмок эле? – деп ызырынып, бутумдун учунан чачыма чейин карап айтып бүттү.

Кары кишинин уят жөнүндөгү “түшүндүрмөсү” мени мындай таасирге салды: жердин үстү бүт топурак менен суу аралашкан баткак, ылай, балчык! Кары киши экөөбүз ошол балчыкка батып, башыбызды соройтуп чыгарып алып ботала жүзүбүз менен сүйлөшүп жаткандайбыз…

Кайым айтышпай кыска, бир сүйлөм менен кутулайын деп чечтим. Кары экенин баса көрсөтүп айткым келген жок, жашы улуулап калганы үчүн бир да адамды келекелеп, шылдыңдагым келбейт. Кайра сыйлагым келет!.. Мен да карылыкка жетип, карышым мүмкүн…

— Менин табитиме сиз ылайык эмессиз… – дедим мостоюп, чечкиндүү…

— Деле гой, деле гой… менден кыйын сага ким ылайык экен?! Жооп берчи!

— Иши кылып… Сизден башкасы…

— Деле гой, сенден жаш, мөлтүрөгөн мөл булактай кыздар менден картаңдарга катын болуп жатканын билбейсиңби? Билээсиң балээдей эле! Калп эле жасакерленип жатасың… – кары кишинин жана эле жайнап турган жүзүндөгү “температурасы” тилине өтүп кеткендей болду. Мен да күйүп-бышып чыдабай кеттим.

— Сиз да жооп бериңизчи! Баардык эле кыздар, келиндер окшош болот бекен?

— Эй-эй дейм, деле гой, мунун кыйындыгын… Так төбөңө конгон алтын кушту азыр учуруп жибергени турасың! – текеберлене, мени келекелегенсип, үнүн бийик чыгарып сүйлөй баштады.

— Канакей төбөмдөгү алтын куш!?! – деп жинине ого бетер тийейин деп төбө чачымды ушалап-ушалап анан уйпалап жибердим.

— Мына мен, менмин алтын куш! – деп колу менен өз көкүрөгүн өзү муштагылап “алтын куш” экенин мага көргөздү.

Андан ары айтышып, өз оюмду далилдегенге эрким жеткен жок, ордуман турдум да устакананын эшигин ачып, “тарс” эттире катуу жаап чыгып кеттим. Экөө ичинде калып калышты.

Он-он беш кадам аттаганымдан кийин эле “кыйч” деп устакананын эшиги кайра ачылды.

— Эй, эй, эй катын! Эй деп жатам… – деген тигил кары кишинин кыйкырыгы чыкты.

Артымды да карабай, укпагандай, бир калыпта жайыраак басып өз жолум менен кете бердим.

— Ээ катын, деле гой, жыртык бутуңду жаматып ушул жерден чыкпай кал! Мага түкүрдүңбү?! Түкүрүгүң мага болсо, түптүү жара сага чыксын! Уктуңбу дейм, эй! Уктуң, уктуң! Калп эле укмаксан болуп кетип жатасың! Керең болуп кал! Жакшылык көрбөй кал, кыркка чыкпай кыйрап кал! Чөө, чөкө таан, эй чөкө таан…

Мен үйүмө жетип, бутумду чечип эле ичке кирип кеттим. Артымдан айтылып калган түркүн, түрү шумдук каргыштар дагы канча убакытка созулду экен?

29-июль. 2006-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.