АҢГЕМЕ

«Кайдасың сен, асылкеч Иллюзиям».
(Э.Межелайтис «Контрапункт»)

Күн нөшөрлөп жаап турду. Бүгүн басылчудай эмес. Уйпаланган сары жалбырактарды жаан суусу сабап жатты. Дарактардын көрүнүшү суз. Көчө ээн. Иңир кире баштады. Кеч күздүн жышаанын билдиргенсип, ага удаа батыштан муздак шамал сокту. Короонун бурчунда үйүлгөн отундарды эски таар менен жаап жүргөн Шайыргүл шамалдан ичиркене түштү белем, желкеге шыпырылган жүн жоолугун өйдө тартты да, анан үйүн карай бет алды. Нөшөр ого бетер күч алып, салааланат. Сууктун илеби келет. Быйыл кыш эрте түшчүдөй.

— Бала! — Босогодон аттай берип Шайыргүл кайнисин чакырды.

— Эмне жеңе?

— Аманбек келсе чай коюп ичкиле. Мен кырманга кеттим. Кеч кирип баратат. — Оозгу бөлмөдө жаткан эски ичикти жонуна жамынды да, анан көчөгө чыкты. Кырман бир топ узак эле. Түн уурданып кирип келатты. Жарым жолго жеткенде жогорку тараптан келаткан бирөөнүн карааны көрүндү. Аманбек болуп жүрбөсүн дедиби Шайыргүл четке ыктап, күтүп туруп калды.

— Шайыргүлсүңбү?— Корукчу Мамбет экен.

— Ийи, мен элемин, аке. Аманбек экен десем, силер белеңер?

— Мындай жаанда менден башка ким жүрсүн талаалап. Үйдөн барып чайланып албасам, бу күндүн түбү көрүнбөйт. Түнү суук болот окшойт.

— Аманбекти көрө алдыңарбы? — Шайыргүл ага арсар суроо катты. Мамбет корукчу келинди убайымдуу карап турду да, анан бир нерсе деп айтып ие жаздап токтолду.

Шайыргүл да аны сезди окшойт, ошондонбу, билмексен адам өңдүү мындай деп койду:

— Эртең менен ишке орношом деп шаарга кетти эле, али келе элек. Талаа-түздө көп жүрөсүз, көрдүңөрбү дегеним.

— Жок, көрө албадым.

Эки караан эки жакка бет алды.

Жаан ого бетер күч алып көнөктөйт. Кырмандын электр шамы, эч кыймылсыз турган эгин сапыргыч машиналардын көрүнүшү Шайыргүлгө суз сезилди. Түн күзөтүп, соксойгон, кыймылсыз мына ушул машиналарды кайтарып, огу жок мылтыгын жонуна илип, таң атканча өйдө-төмөи басып жүргөнү Шайыргүлгө такыр жакпачу. Жапжаш болуп кароолчулук иште жүргөнүн намыс көрчү. Анан кантсин, күтүлбөгөн ооруга чалдыгып, дарыланып чыккандан кийин ушул иш жеңилирээк деп бригадир көндүрбөдү беле. Эл менен жүрүп, эл менен иштеген Шайыргүл буга такыр көнө албай койду. Бирок айла канча, иштеш керек.

…Түнү менен уктабай, суукта сыртта кырманды аралап жүргөн Шайыргүл таңга маал катуу уктап кетти. Анан түш көрдү. Түшүндө Аманбекти айылдаштары чоң байгени жеңип алгансып, жабыла куттуктап жатышыптыр. «Өркөнүң өссүн, көп жаша, атанын уулу экенсиң» деген эле үндөр. Эмне үчүн куттуктап жатат аны — Шайыргүл түшүнгөн жок. Айтор, кубанычы койнуна батпаган Шайыргүлдүн сүйүнгөнүн айтпа. «Ичет! Элди жадатты, эч жерде иштебейт, аялынын мойнуна минип алган» дейсиңер. Мына көрдүңөрбү, Аманбекти!»— деп барбаңдап сүйүнүп алыптыр.

Ал ойгонгондо таң небак эле аткан экен. Ааламды биротоло чүмбөттөгөндөй тунарган кечеги булуттар сүрүлүп, күн ачылып келатыптыр. Кырмандын четинде соксоңдоп төрт-беш таранчы буудай чокуп жеп жүрүшөт. Аба али муздак эле. «Буюрса Аманбек ишке орношуптур. Ичкенин таштайт экен. Ылайым ошондой болсун!»— өз түшүн өзү жору, кудуңдап сүйүнүп алды ичинен Шайыргүл. Ушул оюна ишенди ал. Анан эртелеп үйүн карай бет алды. Демейде чүнчүп, коңшу-колоңдору, айылдаштары Аманбек жөнүндө дагы бир жаман сөз айтабы деп бүшүркөгөн Шайыргүлдүн бүгүн көңүлү тынч, ишин да өткөрүп берген жок, Аманбек келип жакшы жышаан угузчудай шашып алган. «Аманбек оңолуп, иштеп калса, курортко барып эс алып келем. Башкарма өзү айтпадыбы, дарыланыш керек деп. Сөзүнө турар. Бүтпөй жаткан кайсы ишибиз калыптыр. Эң негизгиси Аманбек ишине орношсо экен, ичкенин таштаса болду» — деп кыялга батып алат.

Үйүнүн босогосун аттаганда эле улагадан Аманбектин бут кийимин издеди Шайыргүл. Бирок көзүнө урунбады. Ошондонбу, маанайы пас боло калды: «Али келе элекпи? Койчу, кантип эле кайра ичип кетсин. Ишенбейм…»

Кечээ, эртең менен шаарга кетип жатып Аманбек «Ишке орношом, эл-журтка батпай калдым. Кам санаба, баары жайында болот» дебеди беле. Үстүндөгү кийимин тазалап, моюнуна галстук да салынып, ботинкасын бир топко майлап турганда Шайыргүлдүн сүйүнгөнүчү. Анан аны делдеңдетип, жакшылыкка жетеленгеничи. «Кеч болуп шаарда бирөөлөрдүкүнө түнөп калган го?..» деп өзүн жооткотту. Анан түндө келип, эртең менен эрте дагы бир жакка кеткендир дегенсип, Шайыргүл кызуу уйкуда жаткан Тилектешти ойготту:

— Я, бала, турчу, Аманбек келдиби? — Ал укчудай эмес, жактырбагансып булкунду да, дубал жакка оонап кетти.

— Я, бала дейм, Аманбек келдиби деп жатам?

— Жок, жеңе.

Шайыргүл шалдая түштү. Чын эле баары кайра башталабы? Үйдүн кутун учурган ызы-чуу. Коңшу-колоттун тынчын кетирген кыйкырык, сөгүүлөр. Анан сөөккө жеткен кычыткы сөздөр, ызага муундурган ой… Шайыргүл буларды эстегенде чочуп кетти. Ушунча чыдаган ага бу сапар чыдоо кыйын эле. Башкалардан өзгөчөлөнгөн тагдырына ызасы келе түштү. Ишенген адамы ушу Аманбек эмес беле. Ооруканадан жаңы чыгып келгенде атасы келип: «Балам, Аманбек оңолбой калды. Жарым жансың, карар кишиң жок. Алып кетейин үйгө» дегенде көшөрүп болбой койгоп. Ошондо Аманбекке ишенген. Эми да ызага жеңдирбешке аракет кылды. Дагы эле ишенип олтурду.

Көчөдө кыймыл көрүндү. Айылдын малы короолордон чыгарыла баштады. Кечээ эле жаандан жүдөп, бастырмаларда шүмүрөйүшкөн короздор чочугансып кыйкырып коюшат. Шайыргүл да үйдө олтура албай сыртка чыкты. Анын чыгышын эле күтүп тургансып, көчө тиктеген Эсенгулдун чаар бет бакжайган аялы үн катты:

— Кандай Шайыргүл, жакшысыңбы?

— Шүгүрчүлүк, жеңе. — Шайыргүл салкын жооп берип, кайра үйүн карай ашыкты. Бул айылдагы жаңылыктын баарын мына ушул аялдан сураса болот. Кайдан-жайдан экенин ким билсин, баары мына ушуга маалим. Анын үстүнө кээде, «Самаркандан саман учту десе, Самарканды жоо алыптыр» деп көбүртүп жибермей адети да бар. Ошондонбу, өзү Аманбектен санааркап, бүшүркөп турганда Шайыргүл аны менен сүйлөшүүгө көңүлү чаппады.

— Түндө радиодон биздин Керимкул чыгып сүйлөдү. — Эмне дээр экен дедиби бакжайган аял кулак түрдү. «Керимкул!» — Бул ысымды укканда токтой калды Шайыргүл. Аманбек менен тең өсүп, тең чоңойгон, анан экөө Фрунзеде чогуу окуган жигит көз алдына тартылды. Шайыргүл аны таануучу. Ичинде кызганыч жылт этти, эреркеген сезим мыжыды. Ошол күндөргө кайра баргысы келди. Бирок кеч болчу. Өткөн учурга кайрылууга мүмкүн эмес эле.

Турмуштун, тагдырдын нугун бурууга кимдин күчү жеткен? Эми ошону Шайыргүл өзгөртө алмак беле? Өзгөрткөндө эмне болмок? Шайыргүл муну мурда да ойлогон. Аны эч ким азгырган эмес, өзү тандабады беле Аманбекти. Керимкулдун таза сезимин да шакабалаган өзү болчу.

— Керимкулбу?..

— Ооба! Бир чоң мелдешке катышып, жеңип келиптир. Зыңкыйган жигит. Эсенгул экөөбүздүн сүйүнгөнүбүздү айтпа. Атанын уулу деп ушуну айт. — Анын өткөндөгү турмушун билген адамдай көз карашы кытмыр. Табалагандай түрү бар. Анын сөзүнүн төркүнүн түшүнгөн Шайыргүл эч сөз дебей үйүн карай бет алды. Бу сапар соңку кезде өзүн ойлондурган Керимкулдун жеңиши аны кубандырган жок, тескерисинче жини келип буулукту: «Өзү менен тең жүрүп, тең өскөн Керимкулду карачы. Акмак болбосо Аманбектин андан эмнеси кем эле. Ал окуган окууну таштап баса бербедиби. Сандалып үч жылдан бери ишсиз жүрөт. Канча иштин башын кармабады, жүрүп-жүрүп арактын айынан куулду. Такыр санда жок болуп калбадыбы. Кудайым ай, ушул аракка кайсы күнү тушукту».

Түшкө чейин Шайыргүл эч нерсенин башын бүтүрбөй, күңкүлдөп сүйлөнүп, бир чети бирөөгө жини келип, бир чети тагдырына чүнчүп кирип-чыгып жол карай берди. Негедир ушул саам аны Аманбек ишке орношуп келет деген ишеним биротоло багындырып алган эле. Мурда да бир нече ирет, ишке орношом деп кетип, кайра эле мас болуп келген күндөрү көп болгон. Бирок Шайыргүл бүгүн анын бирин да ойлогусу келбеди.

Түш ооп калган болчу. Шайыргүл кечээги жаан эзип кеткен кемегени эптеп оңдомуш болуп жаткан. Тилектеш мектепте эле. Бастырманын төрүндөгү эски таарды өйдө-төмөн булкуп, сары күчүк өзүнчө ырылдайт. Ушул учурда чарбактын каалгасынын карс-курс эткен үнү чыкты. Сары күчүк чоң дөбөттүн үнүн уккансып, бурчка кетенчиктеди. Бул эмне дегенсип Шайыргүл да сестейе калды.

— Шайыргүл, Шайыргүл кайдасың!..

— Аманбек!— анын үнүн уккан келин ордунан секирип турду.

«Аманбек келди! Узак мезгил бою сагыныч менен күткөн адам өңдүү жаш келин элире түштү. Өзүн жүдөткөн азыркы ойлор заматта жоголуп, жакшы жышаанды угууга ашыкты Шайыргүл. Сөзсүз өзү күткөндөй, өзү ойлогондой болот деп биротоло ишенди ал. Ал турмак наздануунун, эреркөөнүн жашыруун бир сезими ээлеп алды аны. Ошондонбу, этек-башын оңдонуп койду. Бирок ал күткөн нерсе кайда? Жалаң көйнөкчөн, тизесине чейин ылай, түнү бою талаада жатып чыккандай уйпаланган Аманбек үйгө кире бериштеги текчеде башын салаңдатып отурган эле. Чачтарына бирөө атайын сепкенсип, топурак болгон.

— Ия, Аманбек, бул эмне кылганың?! Ушубу сени күткөндөгүм. Ушубу сенин ишке орношконуң?!— Көзүнө жаш өзүнөн-өзү толо берди. Эрбейген өзүнүн, анан бу дүйнө асты-үстү болсо да сезбечү ылжыган күйөөсүнүн түрүн көрүп ызага муунду. Көкүрөктө кыжылдаган ал ыза жүрөктү жарып ийчүдөй болуп турду.

— Аманбек дейм, кана, сенин ишке орношконуң?! Кана?! — Эс-акылын жоготкон адамдай Шайыргүл аны ийнинен мыкчып, булкулдата берди.

— Коё бер дейм. Жолобо мага. Менин эч кимге керегим жок. Кеткиле баарыңар!— Уйпаланган чачын кош колдоп мыкчып, Аманбек өңгүрөп ыйлап отурду. — Келбегиле, өлтүрөм!

— Ушундан көрө өлгөнүм артык. — Келин ээ-жаа бербей агып жаткан жашын токтотууга кудурети келбей шалдайып отуруп калды.

— Өлгүң келген экен сенин, мен өлтүрөм сени. Мен! — Аманбек абаны чапчылап, ордунан тура калды да күү менен барып дубалга урунду. Кайра эт-бетинен кетти. — Мына, сага мына, мына! Боз бала жерди тепкилеп да, муштагылап да жатты. Ага Шайыргүлдүн боору оорудубу же жерге катуу жыгылды дедиби — үстүнө үйрүлө калды:

— Аманбек турчу! Алда кудай ай, бети-башыңды да жарып албадыңбы. Бу түгөнгүр аракты ичпесең өлөсүңбү.

— Жогол ары! Көзүмө көрүнбө!— Ордунан турду да темтеңдей басып, көчө тарапка бет алды. Сыйрылган мурдунун үстүнөн, чекесинен сызылып кан агып баратты. Тиштерин кычыратып, ээрдин бек тиштеп, жүзүндө каны суюлуп, көзү ой келди чабыттап бирөөгө ачуусу катуу келгендей. Эмелеки ылжыган түрү жок.

— Аманбек каякка?..

Жооп болбоду. Көчөгө атып чыкты. Ал жак ээн болчу. Коңшу-колоңдору анын мас болгондогу жоругун беш колдой билер эле. Жадап да бүтүшкөн. Алгач аны тынчтандырууга аракет жасашчу. Кээде какус-кукус да кылышты. Бирок кой деген кишиге асыла бермей өнөкөт тапты.

Көчө ээн болчу. Алчаңдап Аманбек гана кыйкырынып, ой келди сөгүнүп жатты. Жанында колунан тарткылап, күйбөгөн жери күл болуп Шайыргүл жүрдү. Келин аны кой деген сайын эсирерин жакшы билчү, бирок коңшу-колоңдорго тийип жаткан баш-аягы жок сөздөргө бети чымырады. Ушул саам Шайыргүл аны айланадагы бирөө-кара сазайын берип, тургус кылып сабап таштаса деп тиледи. Бирок андай адам жок эле. Коңшулары «күндөгү жоругунун бири, бакырып-бакырып тим болот, аралашып абийиримди жоготпоюн» деген окшойт. Аманбектин бийи бир топко созулуп басылды. Кагынып-сөгүнүп, бирөөлөргө кекенип кайра үйүн карай бет алды. Чарчадыбы, оозгу бөлмөдөгү эски темир керебетке жүздөмөсүнөн жыгылды. Бут кийимин чечүүгө да дарманы келгеи жок.

Босогодо томсоруп, ой-санаага чөмүлүп жалгыз Шайыргүл. Сары жалбырактар себеленип жатты. Тосмону бойлой кеткен арыктагы суу ээн баш адыраңдайт: анын азыр эч кимге кереги жок, түшүм жыйналып бүткөн. Айылдагылар небак эле огородун жыйнап алышкан. Шайыргүлдүн гана картошкасы казыла элек. Эрте жазда кайниси экөө эптеп элге окшоп, бир нерсе тигимиш болушкан. Жай бою Шайыргүл сыркоолоп жүрдү. Картошканы караганга да алы келбеди. Казайын деп эле чыгынат, бирок күч жок. Эми казып да кереги жоктой. Түптөрү катып, чөп басып кеткен, өзөктөрү талаада калган куурайдай ачаят.

Мындан саналуу жылдар мурун бул короого айылдагылардын баары суктанышчу. Анда кайнатасы Токтомураттын көзү тирүү. Жаздыр-күздүр, мейли, мээ кайнаткан ысык болсун, мейли, көңүлдү чүнчүткөн күзгү жаан болсун, Токтомураттын жаны тынбоочу. Анан калса оозуна чөп албас момун, сөздү учуру келгенде гана сүйлөгөн, иш десе ичкен ашын таштап ийген киши эмес беле. Жалгыз уулу Аманбек, келини Шайыргүл да ага ишенчү. Кийейин десе кийим, ичейин десе тамагы дайын. Шайыргүл да курбу-курдаштарынын кадырлуу адамы. Баары сыйлашчу аны. «Карачы, Токтомураттын келинин» дешип аны мисалга алышчу. Киши-кара, катын-калачтар да үйүнө көп келчү. Берекелүү үйдөн катын-калачтар чыкпайт деген чын окшобойбу. Токтомураттын алмасын уурдайбыз деп боз балдар түн күзөтүшчү. Көрсө, ал үйдүн куту ошол эрбейген абышка тура.

Шайыргүл коргонду аралап, кайнатасы бутактарды кесип, отунга майдалачу дөңгөчкө келип отурду. Чачылып жаткан отунду жыйноого да дити барбады. Коргондун ичи ээсиз калгандай эле. Токтомурат көз жумгандан бери алмалар бир да жолу буталбаптыр. Көзүнө жаш толуп чыкты. Намыс ызасын бук кылып турду, көз алдына эрбейген кайнатасынын элеси келди. Анан көзүн жумардын алдында айткан бул сөздөрүн эстеди:

— Аманбекти адам кылабыз деп акмак кылып алыптырбыз. Атанын уулу болбой калды. Өзүңө кара. Ага ишенбе, өзүңө-өзүң ишен. Жыйылган үй чачылбасын, балам. Чачуу жеңил, жыйноо оор. Өлүү оңой, жашоо кыйын. Акылдуу жансың. Тилектешке көз бол. Кайда жүрсөң да ага көз кырыңды сала жүр. Али жаш, ошент чырагым.

Көзүнөн жаш томолонуп кетти. Бирөө-карадан уялгандай эки жагын каранып алды. Короо ээн болчу. Анан солуктап ыйлап кирди. Ый күч ала берди. Ийиндери солкулдап жатты.

Шайыргүл Аманбектин окуусун таштап баса берип, анан шаарда иштей баштаганына анча намыстанган эмес. «Жаш эмеспи, окуу качпас, баш аякты жыйнап алсак күзүндө кайра барабыз, мен да тапшырам» деп ойлонду. Өжөрлөнүп намыска бек турган ал кичине жүдөй түшкөн кайнатасын да өзүнүн оюна ынандырды. Токтомурат абышка да бара-бара уулу минтип иштеп, келини үй ичин толтуруп кирип-чыкканына жетине албай сүйүнүп жүрдү. Шайыргүл келини да өзү тилек кылгандай бүлө эле. Баарын көз караштан сезип, сөз жуктурбайт. Бакыт деген ушу деп ойлочу өзүнчө чал, анан ичинен ыраазы болуп, тобо кылчу. Ошондой күндөрдүн биринде эч себепсиз эле Аманбек үйгө ичип келчү болду. Ичсе ичер, ал курактуунун баары эле ичип жатпайбы,- деп анча этибарга албады абышка. Бир гана Шайыргүл безеленди: «Ата, кой десеңиз, көп иччү болуп баратат».

— Көп чочулаба, балам, жолдош-жоролору бар. Бой тартып калбадыбы,—деп өзү жоопкотту келинин. — Бир-эки ууртагандан бузулуп кетмек беле?!

Бирок ошондо катуу ката кетиргенин кийин сезди абышка. Ал жүрүп өнөкөткө айланып кетти. Ошондо катуу айтып, какыс-кукус кылганда мүмкүн, мынчалыкка жетпес беле деп ойлонду. Анан Аманбек ичкиликке биротоло ооп, үйгө түнөбөй, айыл-апанын тынчын кетире баштаганда «аялы төрөбөй иче баштады» деген сөз тарады. «Андай эмей эле Шайыргүл Керимкулдан кат алыптыр. Экөө дагы эле үмүтүн үзүшө элек экен. Шайыргүл Фрунзеге барууга убадасын бериптир. Ошондон ичип жүрөт» деп Эсенгулдун чаар бет аялы айтып жүргөнүн кайниси айтып келген. Ошондо: «Ичсе өз акчасына ичип жүргөндүр. Силерден тыйын сураптырбы? Тим койсо жөн эле…» деп катын ушакка жини келген Шайыргүл ыза болгон.

Бирок бу сапар Шайыргүл катуу жаңылган эле. Аманбек шаарда ичкиликке тыйын сурап жүргөнүн кийин ишенимдүү эле кишилерден укпадыбы. Бирок ошондо да бул сөздөргө ишенбеди. Ага кече гана өзү ооруканада жатканда үйдөгү шырдакты сатып жибергенде ишенип отурбайбы.

…Короо жактан сары күчүктүн чолок-чолок үргөн үнү чыкты. Анан Карымшак абышканын далдайган карааны көрүндү. Демейде карс-карс күлүп, жайдары жүргөн Кармышактын жүзү каардуу. Үйгө кайрылбай түз эле Шайыргүл тарапка келатты.

— Бу эмне деген айбандык, Шайыргүл келиним?! Уругубузда ушундай бар беле?— Күү менен келген окшойт, чолок-чолок энтигет. — Чоң атасы, мени сыйлаганы ушубу Аманбектин? Кайда жүрөт ал жинди? Көз салар, карар-коёру жок деген экен да мени!

Шайыргүл эч нерсени түшүнө албады. Бир гана Карымшак абышканын катуу ачууланып алганын көрдү. Этек-жеңин белбеңдетип, аябай ызаага батып алган. Дирилдеген муунун токтото албай калч-калч этет.

— Эмне болду жарыктык? Деги тынччылыкпы, ата?

Бир балээ болгонун сезгенсип Шайыргүлдүн жүрөгү алып учат. Карымшак абышка шуу үшкүрдү да, жарыла элек дөңгөчкө көчүк басты.

— Мындай акмакчылыкты ким угуптур бу заманда. Ой тобо, бирөө айтса ишенбес элем.

— Деги эмне болду? Айтыңызчы?..

— Эмне болду? Эмне болду!.. Ал түндө Аманбек эшегимди уурдап барып, Кең-Булуңдагы бир чалга сатып жибериптир.

Жакыны өлдү деген кабарды уккандай Шайыргүл калчылдап кетти. Санаага чөмүлүп, кыпындай болсо да үмүт жышаанына ишенип олтурган ал чыга албас туңгуюкка эми накта кептелгенсиди.

— Кантип эле аке! Башкага ишенсем да буга ишенбейм. Ак сакалдуу адам калп айтмак беле. Тааныйт экен. Токтомураттын уулу деп отурат. Уялганымдан жети өмүрүм жерге кирди. Акчасын кайрып берип, «жаңылып калган окшойсуз» деп баса бердим. Ал оңбогур арак деп жүрүп өлөбү. Сураса деле алат эле го ошол акчаны. Аксакал башымдан аттап, атасынан улуу кишиге карыганда бут болгон бир котур эшекти түн күзөтүп уурдап, сатып жибергенине күйбөгөн жерим күл болуп турат. Баарынан да ал чалдын «Каке, өзүңдүн тукумуң, өзүңдүн балаң» деп какшыктап койгонун кантейин!

Шайыргүлдүн сөз кайрууга алы жок эле. Улуу кишинин алдында уялганынан башын көтөрүүгө кудурети жетпеди. Эмне деп сөз айтмак. Мындан өткөн кордук, мындан өткөн абийирсиздик болбос.

— Эми кантейин, ата. Оңолор, эсине келер деп жүрүп ушул күнгө туш болдум. Айла-амалым кетти. — Бул Шайыргүлдүн күйөөсүнө кыжыры шакардай кайнап, акыры эмне кылар айласы кеткенде айткан сөзү эле. Аны Шайыргүлдүн кейиштүү жүзүн, жүдөй түшкөн түрүн көрүп, анан мокок чыккан үнүн уккан Карымшак абышка да байкады. Чап жаактанып, беттеринде сызылган алгачкы барыштын пайда болгонун абышка эми көрдү. Жылдызы учуп чүнчүп, кыймылдашы да басмырт тартып калыптыр. Шаңкылдап, анча-мынчага моюн сунбаган келиндин мүнөзүнүн бир да жышааны байкалбайт.

— Аманбек деп жүрүп ушул күнгө тушуктуң. Бу дүйнөгө же сага түркүк болмок беле, көздөгөнүңдү беттеп басып кетсеңчи балам, кылчактаар балаңар болбогондон кийин. Мынча неге кыйналдың. — Абышканын көңүл жубатуу үчүн тапкан сөзү ушу болду. Жүрөгү кысылып, сөз сүйлөөгө алы келбей ызага муунуп, оңолор деп тилек кылган Шайыргүл өзүнө мындай ой миң ирет келгенин Карымшак абышкадан жашырып турду.

— Уят менен абийирден айрылдык, ата. Акчаңыздын ордуна бастырманын үстүндөгү бедени алыңыз. Аны жээр малыбыздын да акырына чыктык. Жок десеңиз ал макоону сотко бериңиз. Мен да жадап бүттүм.

— Ок, антпе, Шайыргүл. Мага сенин эч нерсеңдин кереги жок. Аманбек өз атын булгаса да, ата атын булгабасын! Атайын келип айтайын дегеним ушул. Сенин көзүң турганда, сага айтпаганда кимге айтабыз,— деди да Карымшак абышка этек-жеңин күбүнүп, көчөнү карай бет алды.

Жалгыз калган Шайыргүл жаш баладай өксүп ыйлап жатты. Тагдырына таарынды. Ушунча жылдан бери айылдагы келиндерге окшоп чеке жылытып оюн-шоокко барбаганына, элге окшоп тиричилик, турмуш тууралуу күйөөсү менен сырдаша албаганына ызаланды. «Бүгүн ичпей келсе экен, чаң чыгарып коңшу-колоңдун тынчын албаса экен» деп көчө күзөткөн күндөрүн эстегенде өзүнө-өзү жини келди. Баарын таштап дайынсыз бир жакка басып кеткиси келди, өткөндөрүн унутууну ойлоду. «Көр оокат кайда жүрсөм да өтөр. Аманбек деп жүрүп көргөнүм ушубу. Эл-журттун бетин карай албай калганымча тентип кеткеним жакшы. Эшек уурдайт деген эмне. Ушул кордукту, ушул күндү көргөнчө ач кулактан тынч кулак бир жакка жоголгонум жакшы. Шаарга барам. Тагдыр дагы бирөөгө жолуктурар». Шайыргүл ушул чечимин туура деп тапты. Бирин-экин эмерегин түйүп, сыртка бет алды. Оозгу үйдө уктап жаткан Аманбектин кечки салкындан чыйрыккан түрүн, жүдөмүш жүзүн, иретсиз өскөн сакал-муруттан даана көрүнүп турган, көгөргөн эрдин көргөндө ага боору ачый түштү. Үстүнө жууркан жапты. Бир азга убайымдуу карап турду да, анан сыртка чыкты.

Чоң-Арыктагы ээнбаш аккан суунун шары угулат. Шайыргүл арт жагын карабаска аракет кылды. Түйүнчөгүн колтуктап, Чоң-Арыкты бойлой кеткен жалгыз аяк жолдо тез-тез адымдап бара жатты. Батыштан соккон шамал этек-жеңди жулкулдатат. Сууктун илеби келет. Кыштын алгачкы жышааны. Айыл менен шаарды бөлүп турчу көпүрөгө келгенде токтой калды. Мына эми түнкү автобус менен эртең чоочун эл, чоочун жерге жетет. Ызы-чуудан, Аманбекти соо келсе экен деп күткөн күндөн кутулат. Айтор, өз башына өзү ээ. Тунжурап созулуп жаткан кыштакка көз жүгүрттү. Кыштак ичинде күндөгү тиричилик кайталанып, эч кимдин аны менен иши жоктой. Кээде гана үргөн иттердин, анан шуулдап өткөн машиналардын добушу угулат. Кээ бир үйлөрдүн морунан обологон боз түтүн көзгө даана көрүнөт. Обочодо отурган Шайыргүлгө баары алаканга салгандай көз алдынан өтө берди. Ана, өзү жашаган үй. Өмүрүнүн эң жылуу, эң кыйын учуру өткөн боз там. Бактылуу учурлардын жана ызага алдырган күндөрдүн күбөсү болгон өзүнүн үйү. Күндүр-түндүр үмүт менен наристе күткөн жылуу төшөгү. Бир үйдүн ээси кылып, берекесин аябаган куттуу очогу. Ана, Аманбек оңолор деген үмүткө толгон боз там.

Келин болуп келгенден ушул күнгө чейинки өткөн өмүр жылт-жулт этип көрүнө берди. Ал күндөрдүн таттуулугу, ай! Канчалык көңүлү калгансыса да керектүү бөлүгү ошол жерде калгансып ачышты. Өткөн күндөрдү эстеп эреркеп кетти ал. Ушул саам ага ошол боз там дүйнөдөгү эң кымбат, эң ыйык нерсе катары сезилди. Ошол боз там менен өзүн туташтырган көзгө көрүнбөгөн белгисиз бир жип бардай туюлду. Анын ар бир кычыгы, ичиндеги ар бир эмерек, оозгу бөлмөдө эч нерсени сезбей уктап жаткан күйөөсү, төрдө илинген кайнатасынын сүрөтү даана көрүндү. Ал турмак аны менен катарлаш илинген эски өрүк комуз да күүгө келгенсиди. Күү уламдан-улам бийиктей берди. Анын ар бир кайрыктары жүрөк кылдарын күүгө салып жатты. Ага кошул-ташыл Чоң-Арыктын ээнбаш аккан суусунун шары улам албууттанып угулат. Күү улам бийиктеп, сүрдүү Беш-Таш тоосунун аскаларына тийип жаңырып жаткансыды. «Тагдырдан качып кайда баратасың?» дегенсип боз тамдын көрүнүшү суз. Шайыргүл отурган ордунан тура калды. «Тилектештин күнү не болот, катыгүн!» Көзү жашылданып алган: «боз тамды таштап каякка бармакмын!». Шайыргүлдү өзүн мыжыган ызадан, чүнчүүдөн жогору турган башка бир сезим жеңип баратты. Ал дагы эле Аманбектен түңүлбөө, ага ишенүү сезими эле. Аманбексиз өз турмушун ушул саам элестете албады. Ал үчүн өмүрүндөгү эң кымбат адам Аманбек экенин сезди. Көрсө, мына ушу ыйык сезим аны ысыкка да, суукка да чыдоого дем болуп турган окшобойбу. Ушул ой, ушул сезим заматта делебесин козгоп ийди. Анан мөгдүрөгөн санаркоону, аракка алдырган күйөөсүнө болгон ызаны өркөчтөнгөн суунун шары, өзүнүн өмүрү болуп калган боз тамдагы куттуу очок, эмелеки сезимди көкөлөткөн өрүк комуздун күүсү жеңип кетти. Тиричилик менен өмүрдүн өзү ойлогондой кара мүртөс, бир беткей эмес экенине ынанган Шайыргүл кечки шоокумга кумарланып отура берди.

Иңир кире баштады. Жылт-жулт этип кыштактагы үйлөрдүн жарыгы жанды. Корукчу Мамбет төмөндөн келаткан караанды көрүп атынын жүрүшүн акырындатты.

— Шайыргүлсүңбү?

— Ийи, мен элемин.

— Кырмангабы?

— Жок, үйгө баратам, аке.

— Чайланып албасам күн суук болчудай. — Ар жолу жолугушканда айтчу сөзүн кайталап, Мамбет корукчу «чү» деп атына коомай камчы таштады.

Кеч күүгүмдө Шайыргүлдүн эрбейген карааны куурай баскан картошка огородун бойлой, али жарыгы күйө элек үдү карай бара жатты. Жыл бою үйүн көрбөй сагынып калган адамдай ал караан шашып алган.

One Reply to “Касым Кушубеков: Үмүт”

  1. Абыдан сонун чыгарма турбайбы. Кушубеков деген жазуучуну биринчи жолу окугандагым ушул болду. Мындай белгисиз авторлордун сонун аңгемесин таап чыккан Олжокеге баракелди!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.