Сулайман Рысбаев: Манжалары жок чебер жазгыч

Аңгеме-жомок Илгери-илгери кооз жана сулуу жазуу боюнча атагы алыска кеткен Теңиз аттуу бир адам болуптур. Аны падыша алтын сарайына чакыртып алат да, сарайын кооздотот, мечиттерине, чайканаларына, түрдүү мунараларына кооз-кооз сүрөттөрдү тарттырат, сулуу жазууларды жаздырат. Падыша ал үчүн Теңизге көп маяна төлөп, өзүнөн алыс кетирбейт, башка бардык сүрөтчү жана жазгычтарды кызматтан бошотот. Теңиздин жазган ажайып жазуулары жана керемет сүрөттөрү менен падышанын да атагы алыска кетип, даңазасы артат. Мындай абал Теңизден башка сүрөтчүлөр менен жазгычтардын көчөдө жумушсуз калышуусуна алып келет. Алар бул […]

«Окей» радиосунун журналисти Канат Алманбетовго ислам-фанаттарынын тынымсыз коркутуулары эмнеге күчөдү?

Бул тууралуу маалыматты “РухЭш” сайтына журналист Канат Алманбетов өзү билдирди жана бул боюнча тиешелүү күч түзүмдөрүнө расмий түрдө арыз-кат жолдогонун кошумчалады. Ислам-фанаттарынын коркутуп-үркүткөнү боюнча кесиптешибиз мындайча баяндайт: Урматтуу калайык калк! Баарыңыздарга жакшылык каалап, бир маселени ортого салгым келип турат. Мен журналистмин. Жаңы жыл алдында христианчылыктагы протестант агымындагылар Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдашат. Кыргыздардын арасында да Иса пайгамбарга ишенгендердин бар экендиги жаңылык эмес.  Эмесе, мен ошол майрамга утурлай бул агымдын бир өкүлүн студияга чакырып, “Кыргыздар эмне үчүн Иса пайгамбардын туулган күнүн […]

«Замандаш» ассоциациясынын мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу боюнча билдирүүсү

«Кыргызстандыктардын эл аралык конгресси жана мекендештердин Замандаш” ассоциациясы республикадан чыгып кетип жаткан кыргызстандыктардын өмүрүн милдеттүү түрдө 300 сомго камсыздандыруу полисин киргизүү боюнча акыркы кездеги коомчулуктагы демилгеге байланыштуу төмөнкүдөй билдирүү жасайт: Ассоциация 2003-жылы Кыргызстандын эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, ошол убакыттан бери ушул ишти үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жатат. Ошол жылдардан бери чет жерде каза болгон жарандарыбызды (“жүк 200”) Кыргызстанга жеткирүү боюнча мекендештерибиз бизге дайыма кайрылып келишет. Биз диаспоралык уюмдар менен биргеликте, өлкөбүздүн бийлигине чет жерлерде каза болгон жарандар менен мекендештерибиздин […]

Александр Куприн: Ажаат ачкан догдур

АҢГЕМЕ Бул аңгеме ойдон чыгарылган жок. Бул окуялар мындан отуз жыл илгери Киев шаарында чындыгында эле болуп өткөн, мен сөз кыла турган үй-бүлөнүн эсинде ал окуянын ар бир көз ирмеми ыйык нерседей сакталып, ушул убакытка чейин унутулбай айтылып келет. Мен болгону, ал оозеки аңгемени кагаз бетине түшүрүп, кейипкерлердин атын өзгөртүп койдум. – Гриш, а Гриш! Карасаң, торопойду… Күлүп жатат… ал күлүп жатат. Оозун карасаң, оозунда чөп жүрөт!.. Мына сага! Тамак-аш саткан дүкөндүн чоң айнек витринасынын алдында, катуу сууктан үшүп, айласыздан […]

Таалайбек Абдиев: «Жыпар аӊкып, жез бурап…» же эмне үчүн жез буруксуйт?

Азыркы кыргыз тилинде жыпар сөзү 1. аӊкыган жакшы жыт; 2. жыты аӊкыган, жыты жакшы, жакшы жыттуу деген зат атоочтук жана сын атоочтук маанилерди туюндурат (Кыргыз тилинин сөздүгү 2010:520). Көп учурда антропоним катары да колдонулат. Бул жөнүндө кыргыз ысымдарын изилдеген белгилүү окумуштуу Ш. Жапаров мындай дейт: «Жыпар кыргыз жашаган аймактын бардык жеринде (бүгүнкү күндө кыз баланын ысымы катары) кездешет. Анын мотиви жыттуу, жагымдуу, сүйкүмдүү, жылдызы жанган кыз болсун деген тилек менен байланышкан» (Жапаров 2004:71). Мындан тышкары бул сөз жыпар самын, жыпар […]

Шайлообек Дүйшеев: «А» дан «Я» га чейин (3-4-5-сабактар)

(Тил сөздүк) <<<<< 1-САБАК <<<<< 2-САБАК Айнек алкак—рама, Аңгек деген—яма. Мастан деген—яга, Сүйрөгүчтөр—тяга, Жаракатың—рана. Уурдалганды—кража, Ным дегениң—влага. Күчаланы—брага. Кана, дагы кимдер айтат? —Общежитие? —Жатакана. —Соттолгон жай? —Жазакана. —Кичик чөмүч? —Ковшик болот. —Жаан-чачынчы? —Дождик болот. —Младенец? —Бөбөк болот. -А зайчонок? —Бөжөк болот. —Чужой деген? —Бөлөк болот. —А бөйрөкчү? —Почка да. —Чекит деген? —Точка да. —Колыбель как? —Бешик болот. —Отверстие? —Тешик болот. —Остатки пищи? —Кешик болот. —А двер как? -Окно, эже? —Терезе эмес, Текебаев, Дверь деген –эшик болот. —“Бел?” дегенди эмне дейбиз? […]

Людмила Молдалиева: Я — Кыргызка

Написать об этом меня подтолкнула рубрика «Наши за рубежом» на сайте АКИпресс,  в которой  с большой гордостью печатаются достижения и восхищения наших бывших и настоящих соотечественников  обучающихся и работающих за рубежом. Недавно была опубликована статья молодого врача, уроженца Иссык-Куля, который пишет о том, как он посадил своего педагога за взятки, уехал по российской программе работать врачом в Сибирь и получил там полмиллиона рублей подъемных.  С ним вместе уехали еще девять врачей. Там у них все сложилось прекрасно: высокая зарплата, квартира, […]

Антония Буицца: Курбулар (конкурска №27)

АҢГЕМЕ -1- —  Саат канча болду? —  Тогуздан он беш мүнөт өтүп кетти. — Кандай кылалы? Заказ кыла берелиби? — Ооба, ошентели. Менимче, ансыз деле көпкө чейин күтүп калдык. — Ченг! Бизге үч каппуччино менен үч бриош! Ар жекшемби сайын бир топ жашка келип калган ушул үч кемпир чогулуп, тегеректеп олтуруп кетчү кичинекей үстөлдүн жанына тааныш официанты бир заматта пайда болду. — Бриоштун кайсынысын каалайсыздар? — Кандайын алалы, кыздар, баарынын тең ичинде эч нерсеси жок жөнөкөй эле  болсунбу? Карла витринанын […]