АҢГЕМЕ

-1-

—  Саат канча болду?

—  Тогуздан он беш мүнөт өтүп кетти.

— Кандай кылалы? Заказ кыла берелиби?

— Ооба, ошентели. Менимче, ансыз деле көпкө чейин күтүп калдык.

— Ченг! Бизге үч каппуччино менен үч бриош!

Ар жекшемби сайын бир топ жашка келип калган ушул үч кемпир чогулуп, тегеректеп олтуруп кетчү кичинекей үстөлдүн жанына тааныш официанты бир заматта пайда болду.

— Бриоштун кайсынысын каалайсыздар?

— Кандайын алалы, кыздар, баарынын тең ичинде эч нерсеси жок жөнөкөй эле  болсунбу?

Карла витринанын айнегинин артында Нутелла шоколады кошулган кичинекей таттуу нандардын тизилип турган катарын көзүнүн кыры менен кылчайып бир карап алды.

— Албетте… жөнөкөйүн эле.

Бул жоопто “Эми биз башкасын жей алмак белек?” дегендей бир өкүнүчтүн белгиси сезилип турду.

Кытай алардан алыстап,  дем алыш күнү өзгөчө  көбөйүп кетчү элдин арасына тез эле сиңип кетти. Ошол каппуччино менен бриошторду  чыгыштык адатына салып, ал тез эле алып келип бермек, бирок тигилердин бир топко чейин козголбой олтуруп каларын мурунтан эле билчү. Кемпирлер месса башталганча ушул жерде эле болушат, анан сыйынганы барып, ички дүйнөсүнө да диний азык толтура кетиш үчүн чиркөөнү көздөй жөнөшөт.

— Эмне кылалы, чалалыбы?

— 2-

Эмилия кичинекей сумкасынан смартфонун сууруп чыкканда, анысынан  беш-алты жашар баланын күнгө күйө түшкөн бултук бети көрүнө түштү.

— Кана, кимиңер айта аласыңар мага, мобу балакайым татынакай эмес деп?-  кемпир небересинин бажырайган сүрөтүн жылмая карап, беркилерге суроо узатты.

Балага болгон элжиреген сезимдерин жаадырышып, аягында анын  өтө эле толук көрүнгөн тулку боюна терс таасир  тийгизип койгон кемпирдин кызынын анча эмес ашпозчулук шыгына бир аз ичтери жылыбаганын  кыстара кетишти да, курбулар кайтадан эле өздөрүнүн дилеммасына кайрылышты.

— Менин чакыргым деле келген жери жок аны. Ушул жерге көп жылдан бери эле жекшемби сайын саат тогузда эртең мененки тамакка келип жүрөбүз. Эгер ал кечигип атса, демек,  мындан ары анын көңүлү жок экенин билдиргени да, кымбаттуум менин,- деп кайра жооп берди Карла.

— Эми жок дегенде бир жолу чалып көр да. Акыркы кездерде ал баягы Биче болбой калганын баарыбыз эле билебиз го. Энеси өлгөндөн бери эле ушинтип калбадыбы,- деп Лаура анын сөзүн бөлдү.

— Бир кызыктай эле болуп баратат, бирок мурун деле ушундай болчу. Ардагым, жамандык баарыбыздын эле башыбыздан өтпөдүбү. Ооруканага улам жаткызып, кайра чыгарып алып жүргөн күйөөм, күнү-түнү багууга муктаж картаң энем болбосо да, мен эле аныкынан жакшы күндөрдү баштан кечирип жүрүптүрмүнбү? Дивертикулитим[1] менен канча азап тарттым,- так жүргөндү жакшы көргөн Карла Лаура досуна каршы сүйлөп калды.

— Бирок эгер мен анын ордунда болсом, ошол алжыган тиран кемпирдин айынан эчак эле мээмен ажырап калмакмын.  Кыздар, моюнга алалычы, биз бир топ эле жашка келип калбадыкпы, баягыдай баарын эстеп жүрчү убагыбыз өттү, балким унутуп калган чыгар. Жаш эмес да эми, канчага чыгып калды, жетимиштен деле өтүп калса керек?- деп жиберди жанатан бери небересинин сүрөтүнөн көзүн албай тиктеп олтурган Эмилия башын көтөрө коюп, курбусун жактап.

— 3-

—  Өтпөгөндө анан, кымбаттуу досум. Жанагы бетиндеги шыбанган боёкторун алып салса эле билине түшөт  жетимиш эмес, жетимиш бештен ашып калганы. Ошол өтө эле боёнуп-жасанганы биз  курактууларга бир топ эле орунсуз жорук болуп атпайбы,-  деп коюп Лаура өзүнүн кызыл  түстөгү лак менен боёлгон кыпкыска тырмактарын карап койду.

— Боёнгону эле дейсиңерби! Анын көчөгө  чыккан кийимин карабайсыңарбы, чаарала болгон ачык түстөгү көйнөктөрдү кийип алат. Такыр эле кемпирге окшоп калсын деп жаткан жерим жок, бирок кудум эле клоун Арлекинге окшоп калып жатпайбы,-   өзүнүн Jackie O нукундай (Жаклин Кеннеди Оназиске салыштырды окшойт…)  зыгырдын буласынан тигилген көк көйнөгүнүн эки капталы тең чыпыйып жамбашына чапташып турган жерин  Карла да карап койду..

— Мен өз оюмду эле кайталайм:  баары ошол Биченин энеси өлгөндөн кийин башталды, ал экөөнүн жүрөктөрү чогуу кагып, жаны бирге эмес беле? Өкүнүп да калдым, кайдан азгыра  койдум экен аны, жаңы  бир кызыктуу нерселерге алаксысын деп ойлогом да. Жанагы искусство деген немеңер жакшы деле таасир бербейт турбайбы,- жеке пикирин бербей, психолог да боло калып, диллетанттык бүтүмүн чыгара салды Лаура.

—  Албетте, сен ойлогонсуң да, ал Каритастагы сенин кайрымдуулук  ишиңе кол кабыш кылып, эки шишти кармап алып, сокмо согуп кирет деп, аның болсо кисти кармап, сүрөт тарта баштады,-  Карла Лаура досун күнөөлөп калды.

— Каритас болсо эмне экен, биздин куракта волонтариаттык кылууну соопчулук деп коёт, эл менен баарлашасың, бир аз да болсо телевизордон оолактайсың, муктаждарга жардам көрсөтөсүң. Мага окшогон небереси жокторго бул иш майдай эле жагат,-  деп  Лаура улутунуп койду да, өзүнүн кайрымдуулук ишин жактай баштады.

—  Сага го, макул. Биченин неберелери бар да,-  Карла аны тактап койду да, кайра эле тиги таттуу печеньелерден көзү өтүп,  заказын алмаштырсамбы деген ойго кетти.

—  Иши кылып, мурда күнү Габриге жолуктум,-  Эмилия үнүн акырын чыгарып  берки экөөнү алмак-салмак тиктей, бир сыйра тегеректеги элге да  көз чаптыра  коюп,  анан шыбырай баштады.

— 4-

Жекшемби күнү  зериккенин жазып алганы келген тиги экөө мындай  калемпир себилген ушактын башталышын  күтүп эле турушкансыды.

-Ага да  энеси башкача  сезилип атыптыр. “Апам мурдагысындай болбой калды”- дебедиби. Силер билесиңерби, ал балдарды такыр баккысы келбей калыптыр, “сүрөт тартышым керек”, — дей берет экен. Мага Габри ушинтип айтпадыбы,-  деп сөзүн улады Эмилия.

Мындай сөздөн кийин бир саамга жымжырт боло түшүштү.

— Апей, чын эле ошентип айттыбы? Анда бул бир топ эле оор ахыбалга келип калган экен. Эгер таенеси балдарды да баккысы келбей калса, демек, чындап эле бир мандеми бар анын,- тигилердин бири сүйлөп жиберди.

— Андан да башкасын айтайынчы. Габриела  энесин неврологго  көргөзгөнү алып барат экен, бул кырдаалдын акыры аягына чыгам деди,- беркилердин кызыга кулак салып калганына маашырлана түшкөн Эмилия сөзүн улантты.

— Туура, эгер ахыбалы ошондой болуп атса, ырас эле кылат.

—  А бирок Биче макул болуптурбу, барат бекен?

— Ким билсин…

Үчөө алмак-салмак суроо берип баштаганда:

— Кутман таң, кыздар, намасте! Мени көпкө күтүп калдыңарбы?- деген үн чыкты.

Индиянын сарисине оронуп, бутуна кайыштан сандал кийген курбусу алардын жанына күтүлбөгөн жерден пайда болгонун көргөндө, тигилердин сөздөрү ооздорунан түшүп калды.

— Биче, келдиңби акыры!

Тиги аял болсо демин араңдан зорго ичине катып, сыр билгизбей, столдун  четиндеги  бош турган акыркы  орундукту көздөй басты. Багалектери кенен, одалискалардыкына окшош түрлүү боёкторго боёлгон шымды кийип, анысы аз келгенсип, ар түркүн мончокторду да бырыш баскан мойнуна тагып алыптыр. Күн көрбөгөн бетин боёп алганы алтымыш эмес, жетимиште экенин ачык эле билгизип турат. Чачын кыпкыска кестирип, көпкөк кылып боётуп да алыптыр.

— Биче, чачыңды эмне кылып алгансың?

— 5-

—  Сонун көрүнөт бекен? Боётуп көрсөм эмне болмок эле деп ойлодум, алгач кара кочкул  жашыл түс менен көк түстүн кайсынысына боёсом деп бир топко ойлондум, анан көккө боётуп салдым, анткени бул жандуураак көрүнөт экен,- Биче жайдары сымал жообун узатты.

— Эмне мынча кеч келдиң?- деп сурады Карла, дагы эле досунун чачынан көзүн албай.

— Билесиңби, искусство мени азгырганда,  убакытты  ушинтип унутуп калам. Тамашалап жатам, кечээ кечинде бир аз иш кылдым эле, эртең менен  сааттын шыңгараганын укпай калыптырмын.

— Анчалык кеч жаткандай, түндө эмне кылдың эле? Алиге биз биле элек  сырың бар го?- деп сурады Эмилия өзүнүн кызыга түшкөнүн жашыргысы да келбестен.

Биче күлүп калды.

-Тилекке каршы эч кандай романтика жок. Бир сүрөт өнөрканасы менен көргөзмөгө баргам, аяктан кечке кармалып калдык. Баса, Лаура, сага  чексиз ыраазычылыгымды айтып түгөтө  албай жүрөм, мени сүрөт тартуу өнөрүнө кызыктырып, колума кисти карматканыңа.

—  Синьора Беатриче, сизге эмне алып келейин?-  Столдун жанына Ченг кайра пайда болуп, каппуччинолор менен бриошторду коюштуруп калды.

— Жок дегенде бирөө атымды толук айтпадыбы. Рахмат, Ченг! Көк чай менен тетиги Нутелла кошулган печеньени алып келип берчи!

Татынакай жигит да! Ушул барды ал өз колуна өткөзүп алгандан бери  бул жер кооз да, арзан да болуп калды,- официант алыстап баратканда, Биче анын артынан жылмая карап кобурап калды.

— Габри кандай жүрөт?- Эмилия курбусунун кытайды мактаган сөзүн токтотуп, кайра өзүн көбүрөөк кызыктырган аргументке кайрылганга шашты.

Биченин жүзүнө бир аз көлөкө түшкөнсүп, түнөрө түштү:

-Ал мага бир аз жини келип жүрөт, балдарын карап бербейт деп.

— Эмне окуя болуп кетти эле?

— Мен ага балдарды күндө түштөн кийин карап бере албайм, бир жумада бир эле күн багып берем дегем.

— 6-

— Антип айтканга кандай себеп болду анчалык? Эгер менин эки неберем болсо, аларды өпкүлөп атып, жанын коймок эмесмин,-  деп бурк этти Лаура.

— Мен аларды абдан жакшы көрөм. Кызым менен күйөө балама да бир аз эс кирип, ата-энелик милдети бар экенин билишсе дейм. Жумуштарында  азыраак иштеп, үй бүлөсүнө көбүрөк көңүл бурганга алардын шарты бар, эгер каалашса. Эмнеси болсо да, мен ушундай деп чечтим. Анын үстүнө,  алдыга максат кылып койгон бир мүшөк проектилерим бар, аларды аткарыш  үчүн көп  убакыт өзүмө керек болуп жатат,- ал өзү менен өзү сүйлөшкөндөй сезилип, оркоюп сөөгү да көрүнүп калган билегинде чогуусу менен тагылып жүргөн бир нече билерикти шылдыратып ойноп жаттып, ошол замат ордунан турду да, курбуларынан көзүн ала качып, жылмайыңкы  үчөөнү тең кучактап калды.

— Бирок кымбаттуум,  эгер ушул курагыбызда таенелик, чоң энелик милдетибизди аткарбасак, биздин андан башка кандай эрмегибиз бар?- деди алардын бирөөсү.

—  Абдан көп нерселер бар!-  деп коюп, Биче чай менен печенье көтөрүп келген кытайдын кыймыл-аракетин карап, алаксып кетти:

-Нутелланы секстен да  жакшы көрөм!

— Ай,  бул эмне дегениң, Биче? Менин кымбаттуум, биздин жашка келгенде секс деген сөз —  бул адамдын эркек-аял деген жынысын гана билдирип калат!- Карла курбусуна жылмая сүйлөдү.

— Сөзсүз эле андай болушу шарт эмес! Бирок теманы башкага буралычы, силердин сүттөн ак кулагыңардын үшүн алгым келбей турат. Кана, кимиңер мени менен “Прерафаэлитилердин”[2] көргөзмөсүнө  барасыңар?

— Качан?

— Эмки айдын аяк ченинде болот. Жүргүлө, кыздар, кечке эле кемпир болуп жүрө бересиңерби?

— 7-

— Мен искусствоңду  жакшы  түшүнө бербейм  да,-  деп Карла көп деле каршылык көрсөтпөгөн сыяктанды.

— Дал ошонусу менен кызык! Кел, чогуу баралы, канча убакыттан бери эч жерге бара элекпиз экөөбүз, көрөсүң го, абдан кызыктуу болот.

-Убакыт  да жакындап калды окшойт. Кыздар,  олтура берип кечигип калбайлы, месса башталганы калыптыр,- деди Эмилия соткасын карап.

-Эми мага таарынбайт  болушуңар керек, силер менен чогуу бүгүнкү “беттешүүгө” барбай эле койсом, кандай дейсиңер? Дон Чезаре деле билип калды го, менин анча-мынча спортчу католик болуп калганымды,- деген бойдон Биче ордунан кыймылдап да койгон жок.

— Анча-мынча спортчу? Бул сөзүңдү  эстеп калышым керек экен,- Лаура ордунан козголуп баратып, курбусунун бетинен өөп коштошту.

— Намасте, кымбаттууларым! Келээрки жекшембиде көрүшөбүз.

Берки үчөө акчаларын төлөп, бардан сыртка чыгышты. Туш тарабына тең күн чайыттай тийип, көлөкө жери калбаган аянтта ээрчишип, өзүнөн алыстап кетип бараткан үч силуэтти  Биче карап олтуруп калганда,  боёлгон чачтарын жактырбай сүйлөгөн  Карланын сөздөрү, Эмилиянын мурдун чүйүрө жемелегени,  болор-болбостун баарына аралаша берген Лауранын киришчээктиги кулагына кайрадан жаңыра түштү.

Бир үшкүрүп алды: дагы бир топко чейин ага чыдамкайлык жана убакыт керек экен, бирок акыры курбуларын жашоонун кызыгына кайрадан кайтарууга кудурети жетчүдөй сезилди.

Чайдан жай баракат ууртап коюп, капысынан  бир заматта тынчый түшкөн бардын  жымжырттыгына  мына магдырай баштаганда, аянттан  бери карай шашпай басып келаткан арык чырай Паблонун түспөлү Биченин көзүнө  чалдыга түштү.

“Мунун аты чын эле Паблобу, же талантына жараша коюп алган каймана атыбы?..”

Акыры бир күнү анын татуаж жасаган өнөрканасына барышты ойлоп жүргөн, балким эртең деле барып калмак… Анын жасаган татуаждары Беатричеге жагып жүрөт, дал ушул учурда бирди жасатып алганга мүмкүнчүлүк пайда болду окшойт: кичинекей эле бир нерсени, терең мааниси бар татуажды сол билегине жасатып ала койсочу? Мисалы, Омдун символун тарттырганы деле жакшы идея болмок…

Бирок  Пабло өз оюнда  ага сүрөт эмес,  толук бир сүйлөмдү жазганы келе жаткан: “Паровоз бүрккөн буу”[3].

Итальян тилинен которгон Миргүл ӨМҮРАЛИЕВА

[1] Жоон ичегидеги шишиктер.

[2] Рафаэлге чейин чыккан сүрөтчүлөр.

[3]Луижи Пиранделлонун “Паровоздун  ышкырыгы” аттуу новелласына байланыштуу тема.

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.